Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 22-июну № 353
Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөө жана эсепке алуу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөөнү жана эсепке алууну тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 4, 47, 48, 70 жана 75-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөө жана эсепке алуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары менен макулдашып, Бирдиктүү депозиттик эсепте топтолгон, кайтарылып алынган каражаттардын калдыктарын тиешелүү бюджеттин кирешесине бир айлык мөөнөттө которсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 "Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |