Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры № 581
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 581 токтому менен жактырылган |
2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө Келишимге берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишим (мындан ары - Келишим) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Келишимге кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет жана Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-декабрындагы № 562-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Келишимге 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында жана 2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары тарабынан кол коюлган.
Келишимдин максаты Евразия экономикалык бирлигинин бардык мейкиндигинде бажылык жөнгө салуунун бирдиктүү эрежесин камсыз кылуу болуп эсептелет.
Евразия экономикалык бирлигинде (мындан ары - Бирлик) Бирликтин Бажы кодексине жана Бирликтин укугун түзүүчү бажы укук мамилелерин жөнгө салган эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык, бирдиктүү бажылык жөнгө салууну жүзөгө ашыруу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 32-беренеси менен каралган.
Келишимдин тиркемеси болуп эсептелген Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси (мындан ары - Кодекс) Бирликтин ченемдик-укуктук базасынын негизги документтеринин бири болуп эсептелет.
Ал азыркы колдонуудагы Бажы бирлигинин Бажы кодексин (мындан ары - ББ КК) жана экономикалык интеграциянын - Бажы бирлигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алгачкы этаптарынын келишимдик-укуктук базасын калыптандыруу учурунда түзүлгөн бажылык жөнгө салуу маселеси боюнча айрым эл аралык келишимдерди алмаштырат.
Кодекси Бирликтеги бажылык жөнгө салууну макулдашуу жана бирдейлештирүү деңгээлин жогорулатат.
Документ Бирликтеги тышкы экономикалык иштин бажылык администрациялоо системасын "кагаздан" электрондук технологияга которууну мыйзамдуу түрдө бекитет. Мындай мамиле бизнестин ресурстарын олуттуу үнөмдөйт, бажылык формалдуулуктан өтүү процессин тездетет, ошондой эле чечимди кабыл алуунун бардык этаптарында - декларацияны каттагандан тартып товарларды чыгарууга чейин "адамдык факторду" иш жүзүндө жокко чыгарат.
Жаңы кодекс "бирдиктүү терезе" механизмин колдонуу менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн укуктук негизди түзүп, бул мамлекеттик контролдоочу органдардын маалыматтык системаны колдонуу менен өз ара кызматташуусуна мүмкүндүк берет. Бул механизм тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн жөнөкөйлөтүүлөрдүн бири болуп эсептелет, анткени аларда товарларга декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктоочу документтерди бажы органдарына көрсөтпөй коюуга мүмкүнчүлүгү болот, аларды бажы органдарынын маалыматтык өз ара кызматташуунун алкагында маалыматтык системадан алуусу мүмкүн болот.
Муну менен бирге, бажы органдары өз ара кызматташуунун алкагында маалыматтык системадан алууга мүмкүн болгон документтер бажы органдарынын расмий сайттарында туруктуу жарыяланып турат.
Бул ченем басымды бажы контролунан товарларды чыгаргандан кийинки этапка жылдыруу максатында киргизилген, бул бажылык тариздөөдө бизнестин чыгымдарын кыскартууга, ошондой эле товарларга декларацияны каттаган учурдан тартып 4 саатка чейин товарларды чыгаруу мөөнөтүн кыскартууга мүмкүндүк берет (азыркы учурда ББ БК ылайык 24 саат). Муну менен бирге, бажы декларациясын каттоо мөөнөтү бажы декларациясын тапшырган учурдан тартып бажы органынын жумушчу убактысынын 1 саатына чейин кыскартылган (колдонуудагы ББ БК ылайык 2 саатка чейин).
Аталгандан тышкары, айрым учурларда жазуу жүзүндө декларациялоону жүзөгө ашырууга жол берилет.
Ошондой эле, Кодексте төмөнкүлөргө карата товарлар чыгарылган күндөн кийинки айдын 10 күнүнөн кечиктирбестен кийин товарларга декларацияны тапшыруу менен декларацияны тапшырганга чейин чыгарууну жүзөгө ашыруу каралган:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу алкагында ташылып келген товарлар;
Комиссия тарабынан аныкталган чен белгилерге жооп берген юридикалык жактардын айрым категориялары тарабынан ташылып келген, Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмек боюнча товарлардын категориялары.
Мындан тышкары, бизнестин субъекттери үчүн Бирликтин Бажы кодексинде аныкталган оң жоболордун бири болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- камсыз кылуунун бир ыкмасын башка менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн кошо эсептегенде, бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эки же андан көп ыкмалары менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү;
- бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу товарларды чыгарган учурдан тартып 1 айдан ашык эмес мөөнөткө пайыздарын төлөө менен ички пайдалануу үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылган бардык товарларга карата берилет.
Ошондой эле айыл чарба багытындагы товарларды (себилүүчү жана тигилүүчү материалдарын, айыл чарба техникасын, асыл тукум мал чарбасынын субъекттери, асыл тукум продукциясы, жаныбарларды тоюттандыруу үчүн продукт) айыл чарба ишмердигин жүзөгө ашырган уюмдар тарабынан ташып кирген учурда, же мындай уюмдарга жеткирип берүүдө 6 айдан ашык эмес мөөнөткө пайыздарды төлөбөстөн бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же узартуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Бажы иши чөйрөсүндө ишмердикти жүзөгө ашырган жактар үчүн Кодексте бажы иши чөйрөсүндө ишмердикти жүзөгө ашырган жактар, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор жана эркин бажы зонасы жана эркин кампа бажы жол-жобосуна коюлган товарларды пайдаланган же ээлик кылган жактар тарабынан отчеттуулук берүү мүмкүнчүлүгү бажы органдын талабы менен гана каралган.
Бирликтин Бажы кодексине ылайык Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институту (ЫУЭО) мындан аркы өнүгүүгө бет алды, эми алар өзүлөрүнө берилген атайын жөнөкөйлөтүүлөргө ылайык категорияланат.
Кодексте ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун ишмердигинин түрүнө карата операторлорду үч типке бөлүү каралган - бул нерседен аларга берилүүчү жөнөкөйлөтүүлөр көз каранды. Жалпысынан операторлор үчүн жөнөкөйлөтүүлөрдүн тизмеги колдонуудагы кодекске салыштырмалуу эки эсе кеңейтилген.
Жалпысынан Бирликтин Бажы кодекси бажылык башкаруу сапатын жакшыртуу үчүн туура укуктук негизди камсыз кылууга, ыңгайлуу жана адилеттүү негизде бизнестин жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын балансын камсыз кылууга багытталган, ошондой эле бажылык администрациялоонун натыйжалуулугу үчүн зыян келтирбестен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы соодасын жүзөгө ашырууга жана транзиттик дареметти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Келишимди жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын кайра карап чыгууну талап кылат, анткени Бирликтин Бажы кодексине ылайык айрым бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуу Бирликке мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарынын деңгээлине киргизилген.
Мындан тышкары, Келишим социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.
Ошондой эле белгилеп кетчү нерсе, Бирликтин Бажы кодекси жөнүндө келишимдин күчүнө киришинин алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын ишке тартылган министрликтеринин жана ведомстволорунун тийиштүү жылга каралган республикалык бюджеттеги каражаттардын чегинде ишке ашырылат.