Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 557
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- “Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ж.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1 - берене
Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2 - берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына билдирсин.
3 - берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2017-жылдын «13_»сентябрындагы
№ 557 токтому менен жактырылган
Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 61-6 буйругу менен жактырылган.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитета. Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган.
Бул Макулдашуу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер (мындан ары - Мүчө мамлекеттер) тарабынан экономиканын өнөр жай секторуна мамлекетгик колдоо көрсөтүүнүн ачыктыгын жана алдын ала айтуу мүмкүндүгүн жогорулатуу максатында, ошондой эле мүчө мамлекеттердин өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды берүү чөйрөсүндө, анын ичинде мүчө мамлекеттер тарабынан ишке ашырылган субсидияларды баалоодо транепаренггүү жана алдын ала болжолдоого мүмкүн болуучу чөйрө түзүү үчүн шарттарды камсыздоо максатында иштелип чыкты.
Макулдашуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Евразия экономикалык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) менен озгочо субсидияларды ыктыярдуу макулдашуунун жана Комиссия тарабынан тийиштүү чечимдерди кабыл алуунун тартибин;
- Комиссия тарабынан териштирүүлөрдүн тартибин (анын ичинде өзгөчө субсидияларды берүүнүн жана пайдалануунун шарттары, тартиби бузулган фактылар боюнча);
- Комиссияга өзгөчө субсидияларды берүүго боло тургандыгы же болбой тургандыгы жөнүндө чечимди кабыл алууга негиз боло турган критерийлерди (анын ичинде мучө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы түзүлгөн жана жаңы кооперациялык байланыштардын өнүгүшүн эске алганда).
- Макулдашууга ылайык мүчө мамлекеттер субсидияларга карата компенсациялык чараларды колдонбойт, аларды берүүнүн мөөнөттөрү, көлөмдерү жана шарттары Комиссия менен макулдашылган.
- Аталган Макулдашуу кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерди пайда кылбайт жана мамлекеттик бюджетке оорчулук алып келбейт.