Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 487 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-майы № 246
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Рсспубликасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1- берене
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине ("Эркин Too" гезити, 2015-жылдын 1-сентябры, № 83-84) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 141-беренесинде:
1 -бөлүгүндөгү "же жарандык авиация органы тарабынан берилген уруксаттын негизинде" деген сөздөр "же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган актынын негизинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүгү кучүн жоготту деп таанылсын;
б) 145-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"145-берене. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде "абанын бешинчи эркиндиги" укугу менен чет өлкөлүк аба кемелеринин учуулары
"Абанын бешинчи эркиндиги" укугу бир мамлекеттин экинчи мамлекетке үзгүлтүксүз эл аралык аба ташууларга карата биринчи мамлекеттин аймагында үчүнчү мамлекеттен же ага карай жүргүнчүлөрдү, кол жүктү, почта жана жүктөрдү түшүрүү жана бортко чыгаруу укугу же артыкчылыктары болуп эсептелет.
"Абанын бешинчи эркиндиги" укугун камсыздоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти