Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-майы № 229
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрун төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мамлексттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлеочүлөрду камсыздандыруу төгүмдврун кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндугу үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө
1- берене
Ушул Мыйзам мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтырууга жана колдоого, алардын Кыргыз Реепубликасынын Социалдык фондуна өткөн жылдардагы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын жоюуга, утурумдук төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө кызыкдар кылууга, дебитордук карыздарын азайтууга, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчулөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөө милдеттенмелеринен бошотууга 5 жылдык мораторийди киргизүүгө багытталган.
2- берене
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2018-жылдын 1-апрелине карата түзүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес телөгөндүгү үчүн эсептелген жана төлөнө турган финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөө милдеттенмелеринен бошотулат, алар төмөнкүдөй көлөмдөрдө жана учурларда эсептен чыгарылат:
1) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карызды 2019-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө толук жойгондо - 100 пайыз;
2) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карызды 2019-жылдын 1 -октябрына чейинки мөөнөттө толук жойгондо - 75 пайыз;
3) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карызды 2019-жылдын 31-декабрын кошкондогу мөөнөттө толук жойгондо - 50 пайыз;
4) юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалар жана жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна ээ болгон жеке жактар - камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карызды 2019-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө толук жойгондо - 100 пайыз көлөмдө.
2. Соттун чечими менен күчүнө кирген мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөө боюнча аткарылбаган милдеттенмелер ушул беренеде каралган тартипте жана мөөнөттө эсептен чыгарылат.
3. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жолу менен төлөөдөн бошотуу тартиби Кыргыз Реепубликасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3- берене
1. 2020-жылдын 1-апрелинен тартып мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу—төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес телөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөө милдеттенмелеринен бошотуута 5 жылдык мораторий кучүнө киргизилсин.
2. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзам кучүнө кирген күндөн тартып уч айлык меөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыны кабыл алсын;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти