Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты № 171
"Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79- беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ж. Исаков |
долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., №5, 398-ст.) томөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: «Өкмөттүн мамлекеттик карыздын чоңдугун жана мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгынын белгиленген деңгээлин жогорулатууга алып келе турган мыйзамдардын долбооруна макулдук берүүгө жана демилгелөөгө укугу жок.»;
2) 23-беренесиндеги:
а) 4-бөлүктө «2» деген цифра «3» деген цифрага алмаштырылсын;
б) 5-бөлүктө «Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча» деген сөздөр алынып салынсын;
3) 27-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгы бюджеттик жыл үчүн ички дүң продуктунун 3 пайызынан ашпашы керек.»;
4) 37-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Социалдык фонд ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала жактыруусу менен карыз алууга укуктуу.»;
5) 59-беренесинин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Мамлекеттик карыздын чоңдугу ички дүң продуктунун 70 пайызынан ашпашы керек.»;
6) 71 -беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункту менен толукталсын:
«13-1) мамлекеттик карыздын чоңдугун жана мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгынын белгиленген деңгээлин сактоого мониторинг жүргүзөт;»;
7) 82-беренесиндеги:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
«8) мамлекеттик карыздын чоңдугун жана мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгынын белгиленген деңгээлин сактоо.»;
б) 5-бөлүктүн:
- 2-пунктунда:
«г») пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«г) мамлекеттик карыз боюнча болжолдор;»; '
төмөнкүдөй мазмундагы «д» пунктчасы менен толукталсын:
«д) мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгыньш, кирешелеринин, чыгымдарынын болжолу.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
«4) түзөтүүчү план.
Мамлекеттик карыздын чоңдугун ан жана мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин белгиленген тартыштык деңгээлинен четтеген учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзөтүүчү планды иштеп чыгат.
Түзөтүүчү план Өкмөт тарабынан бекитилет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) мамлекеттик карыздын чоңдугун ан жана мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштык деңгээлинен четтөө жоюлууга тийиш болгон мезгилдин аралыгын ;
2) четтөөнү жоюу үчүн аткарылууга зарыл болгон жылдык максаттуу көрсөткүчтөрдү;
3) мамлекеттик карыздын чоңдугунан жана мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин белгиленген тартыштык деңгээлинен четтөөнү жоюу үчүн зарыл болгон максаттарды жана чараларды.
Түзөтүүчү план четтөө табылган жылдан кийинки 3 жыл ичинде мамлекеттик карыздын чоңдугунан жана мамлекеттик башкаруу секторунун белгиленген тартыштык деңгээлинен четтөөлөрдү жоюуну камсыздайт.
Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгынын белгиленген денгээлинен, мамлекеттик карыздын чоңдугунан жана түзөтүүчү пландан четтөөлөрдү аныктоо тартиби, ошондой эле алардын мониторингин өткөрүү Өкмөт тарабынан бекитилет.»;
8) 89-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджеттик каражаттардын негизги тескөөчүлөрү (тескөөчүлөрү, алуучулары) боюнча бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору менен каралган чыгашалардын ведомстволук жана программалык классификациясы боюнча бюджеттик ассигнованиелердин көлөмдөрүнүн төмөндөшүнө төмөнкү учурларда жол берилет:
1) бюджеттик каражаттардын тийиштүү башкы тескөөчүсүнүн (тескөөчү, алуучу) уюштуруу-функционалдык түзүмүн өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алууда;
2) натыйжалуулугун баалоо жыйынтыгы боюнча бюджеттик каражаттардын ушул башкы тескөөчүсү (тескөөчү, алуучу) тарабынан ишке ашырылуучу, республикалык бюджеттен каржылануучу инвестициялык долбоорлорду жана иш-чараларды мөөнөтүнөн мурда аяктоо, токтотуу жөнүндө чечим кабыл алганда;
3) бир жолку социалдык-экономикалык маанидеги иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууда.»;
9) 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
10) 98-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 бөлүк менен толукталсын:
«1-1. Республикалык бюджеттин долбооруна Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр республикалык бюджеттин долбоорунда каралган тартыштыкты көбөйтпөшү керек.»;
11) 109-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«109-берене. Аткаруу процессинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын кайра бөлүштүрүү
1. Финансылык жыл ичинде кайра бөлүштүрүлгөн каражаттардын жалпы көлөмү бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү, тескөөчүсү, бюджеттик каражаттарды алуучулардын ар бири боюнча өзүнчө чыгымдардын жыйынды көлөмүнүн 5 пайызынан ашпашы керек, активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясынын беренесиндеги каражаттарды, ошондой эле чыгымдардын экономикалык классификациясынын: «эмгек акы» жана «коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тобун кошпогондо.
2. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү (тескөөчү) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына) Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчет берет.
3. Бюджеттерди аткаруу процессинде башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөр, алуучулар) каражаттарды бюджеттик программалардын ортосунда кайра бөлүштүрүүгө укугу жок.
4. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу процессинде белгиленген лимиттин чегинде кайра бөлүштүрүү ушул берененин 1-бөлугүнө ылайык бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылбайт.»;
12) 115-беренесинин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Бюджеттик параметрлердин өзгөрүүлөрү бекитилген бюджеттин тартыштыгын көбөйтүүгө алып келбеши керек жана төмөнкү учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) бюджеттик каражаттарды бекитилген бюджеттин чыгымдарынын чегинде кайра бөлүштүрүүдө;
2) бекитилген бюджеттен ашыкча түшкөн кошумча кирешелердин суммасына чыгымдарды көбөйтүүдө.»;
13) 126-беренесинин биринчи абзацында «бюджеттик параметрлер» деген сөздөрдүн алдында «мамлекеттик карыздын чоңдугу жана мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгы» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөту үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти