Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-апрели № 187
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Карашев А.А., Бакиров М.И., Жеенчороев М.К., Молдобекова Г.С., Нурбаев А.М., Строкова Е.Г., Турсунбаев А.А. тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Ж.Исаков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын « 6 » 04
№ 187 токтому менен жактырылган
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Карашев А.А., Бакиров М.И., Жеенчороев М.К., Молдобекова Г.С., Нурбаев A.M., Строкова Е.Г., Сулайманов А.Т., Турсунбаев А.А. тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карал чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй жыйынтыкка келди:
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарда окуган жана жождон кийин кесиптик билим алуучу студенттерге жеңилдетилген кредит берүүдө, кредиттин пайыздык ченеми Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик пайыздык ченеминен жогору болбойт жана кредиттин негизги суммасын төлөп баштоо студент окуусун аяктаганга чейин кийинкиге жылдырылат.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, социалдык жактан көмөк көрсөтүү үчүн кесиптик башталгыч, кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын студенттерине, окуп жаткандарга социалдык билим берүү кредиттери берилиши мүмкүн.
Белгилеп кетсек, Мыйзамда "социалдык билим берүү кредиттери" деген тушунук чечмеленген эмес.
Ал эми сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө болсо "студенттерге жеңилдетилген кредит берүү" деген баяндама бар.
Ушуга байланыштуу, кайчы пикирлерди пайда кылбоо максатында Мыйзамдын долбоорунда бирдей баяндаманы колдонуу керек же Мыйзамда "социалдык билим берүү кредиттери" деген түшүнүктү чечмелөө зарыл деп ойлойбуз.
Көңүл бура турган болсок, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө да, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 2-бөлүгүндө да жогорку кесиптик билим берүүчү жана жождон кийин кесиптик билим берүүчү мекемелерде окуп жаткан студенттерге женилдетилген кредит берүүчү субъект аныкталган эмес.
Ошондуктан мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында көрсөтүлгөндөй, Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда республикалык бюджеттен кошумча ассигнование бөлүү зарылдыгы жөнүндө маалымат эмнеге байланыштуу экени түшүнүксүз болуп жатат.
Бул боюнча, студенттерге жана окуучуларга жеңилдетилген кредит берүүнүн субъектисин адегенде мыйзам менен аныктап алуу керек деп ойлойбуз.
Жогоруда керсөтүлгөн кырдаалдарга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүн аткаруу кыйын болот, анткени билим берүүдөгү социалдык кредиттин механизми жеңилдетилген кредит берүүчү субъектинин езгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгашы керек.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде Кыргаз Республикасынын Өкмөтү билим берүүдөгү социалдык кредиттин механизмдери жөнүндө жобону иштеп чыгуусу зарыл экендиги каралган. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет деп аныктоо белгиленген.
Ал эми "Кыргаз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргаз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү ченемдик укуктук актылар артка карата колдонулбайт.
Бул мыйзам долбоору менен жеңилдетилген кредит берүүчү субъекти боло турган финансылык-кредиттик уюмдарга жаңы милдеттер жүктөлүп жаткандыктан, мыйзам долбооруна артка карата колдонулуучу күч берүүгө болбойт деп эсептейбиз.
Ошондой эле, "Билим берүү жөнүндө" Кыргаз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 2-бөлүгү диспозитивдик мүнезгө ээ жана жеңилдетилген кредит берүүчү субъектинин өз каалоосуна жараша ишке ашырылаарын белгилейбиз.
Бул айтылгандарды эске алганда, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр реалдуу позитивдүү натыйжа бербейт деп ойлойбуз, анткени бул ченемдин аткарылышы кредит берүүчү субъектинин дискрециялык укуктарына жараша болот.
Ошону менен бирге эле, азыркы учурда жогорку кесиптик билим берүү, системасында гуманитардык жана социалдык-экономикалык адистиктер жагына багыт алуу кыйла көбүрөөк, бул адистиктер боюнча окуп жаткан студенттердин контингенти студенттердин жалпы санынын 47% түзөт. Кадрларга муктаждык боюнча прогнозго ылайык, өнөр жай, курулуш, айыл чарба, транспорт жана байланыш, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактары кадрларга айрыкча муктаж. Андан тышкары, эмгек рыногунда жогорку билимдүү адистерге Караганда, жумушчулук кесиптеги адистер көбүрөөк керек.
Студенттерге негизги сумманы төлөөнү окуусун бүткөнгө чейин кийинкиге калтыруучу жеңилдетилген окуу кредитин берүүнү караган бул өзгөртүүлөрдү кабыл алганда, бул ченемди эмгек рыногунда керектелбеген адистиктер (экономикалык, юридикалык, эл аралык байланыш ж.б.) боюнча окуган студенттердин пайдаланып кетүү тобокелдиги бар, жана суроо-талаптын санына байланыштуу бул адистиктерге окутуунун акысы башка адистиктерге Караганда алда канча кымбат.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, билим алууга жеңилдетилген кредиттерди жождордо республика үчүн артыкчылыктуу адистиктер боюнча, мисалы, педагогика, айыл чарба, кен казуу өнөр жайы жагындагы адистиктерде контрактык негизде окуп жаткан студенттерге берүүнү караштыруу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Ушул айтылгандарды эске алуу менен мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө студенттердин кайсыл адистиктерине кредит берүү керек экендигин аныктоо укугун берүүчү ченем менен толуктоону сунуштайбыз.
Негиздеме-маалымкаттагы информацияга ылайык, Мыйзамдын долбооруна республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынат.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-белүгүнө ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтуүнү караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылоо булаты аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигине көңүлдү бурабыз.
Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25 жана 26-беренелерине ылайык, ченемдик укуктук актылардын долбоорунун негиздеме-маалымкатында каржылоо булагы боюнча маалымат болуусу зарыл жана ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актыларды каржылоо булагы аныкталганга чейин аларды кабыл алууга болбойт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга болот деп эсептейт.