Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-февралы № 75
2018-жылдын 30-январында Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-рыноктук комплексинин аймагында болгон өрттүн кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө
2018-жылдын 30-январында Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-рыноктук комплексинин аймагында болгон өрттүн кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2018-жылдын 30-январында Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-рыноктук комплексинин аймагында болгон өрттүн натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) курамы, 1-тиркемеге ылайык;
- Комиссия жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.
2. Комиссия:
- 2018-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттери тарткан зыяндын өлчөмүн бааласын жана аныктасын;
- 2018-жылдын 30-январында Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-рыноктук комплексинин аймагында болгон өрттүн кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттеринин тизмесин бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги зыян тарткан Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттеринен документтерди кабыл алууну уюштурсун (тийиштүү жайларды, оргтехниканы берүү, консультация берүү үчүн телефондорду орнотуу менен ж.б.).
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Комиссия бекиткен тизмеге ылайык карыздын суммасына карата пайыздарды жана өнбөгөн калдыктын суммасы боюнча туумду эсептебестен Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине 2018-жылдын 1-февралындагы абал боюнча салыктык карызды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын же болбосо узартсын.
5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2018-жылдын 30-январында Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-рыноктук комплексинин аймагында болгон өрттүн кесепетинен экономикалык зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттеринин камсыздандыруу төгүмдөрү жана финансылык санкцияларына карата карыздын суммалары боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык каралган мөөнөткө банктык кепилдикти, күрөөнү жана кепилчиликти бербестен, мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын жана/же бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк берсин.
6. Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарына Комиссия бекиткен тизмеге киргизилген зыян тарткан Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттеринин кредиттик карыздарын реструктуризациялоо сунушталсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Исаков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы (макулдашуу боюнча);
"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
бизнес-ассоциациялардын, көз карандысыз баалоочулардын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).