Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 409 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-февралы № 79
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2018-2020-жылдарга карата стратегиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2018-2020-жылдарга карата стратегиясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-октябрындагы № 532 "2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Тиркеме
2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу СТРАТЕГИЯСЫ
1. Киришүү
2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруунун максаттарын, милдеттерин жана багыттарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн орточо мөөнөттүү планын билдирет.
2. Мамлекеттик карызды башкаруунун максаттары
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мүмкүн болушунча эң аз сарптоолор жана тобокелдиктин акылга сыярлык деңгээли менен карыз алуу аркылуу каржылоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн керектөөлөрүн камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү;
- мамлекеттик карыздын туруктуулугун кармоо.
3. Стратегия камтыгандар
Ушул Стратегия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карызын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кепилденген карызды башкаруу маселелерин жөнгө салат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык органдарынын финансылык милдеттенмелери ушул Стратегиянын камтуу чөйрөсүнө кирбейт.
Ушул Стратегиянын чаралары жана максаттуу көрсөткүчтөрү 2016-2018-жылдарга каралган. Зарыл болгон учурда макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн, бюджеттик-салыктык саясат параметрлеринин өзгөрүшүн жана финансылык рыноктогу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жыл сайын Стратегияны жаңылоо жүргүзүлөт.
4. Тышкы карыз
Жаңы тышкы карыз алуулар экономикалык өсүшкө жана кедейликти кыскартууга өбөлгө түзүүчү кыйла артыкчылыктуу программаларга жана долбоорлорго гана колдонулат.
Жаңы мамлекеттик тышкы карыз алуулар зайымдардын жеңилдиктерин (грант-элемент) 35 пайыздык минималдуу деңгээлде сактоо менен ишке ашырылат.
Бир долбоорду каржылоо үчүн бир нече булактардан тышкы карыз алууларда тартылуучу бардык гранттарды жана зайымдык каражаттарды (бириктирилген грант-элемент) эске алуу менен жеңилдик деңгээлин эсептөөгө жол берилет. Бириктирилген грант элементтин мааниси 50 пайыздан кем болбошу керек.
Тышкы карыздын портфелин диферсификациялоо жана карыздын концентрациясы менен байланышкан потенциалдуу тобокелдиктерди кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тышкы карыз алуу процессинде бир кредитордун алдында мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынын 50 пайызынан ашпаган карыздын түзүлүшүнүн сандык чектелүүсүн жетекчиликке алат.
Мамлекеттик тышкы карыздын учурдагы өлчөмүн эске алуу менен жана потенциалдуу - жогорку чыгымдарды жана тобокелдиктерди болтурбоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик баалуу кагаздарды чет өлкөлүк валютада чыгаруу жана тышкы финансылык рыноктордо жайгаштыруу аркылуу карыздарды албайт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт.
5. Ички карыз
Мамлекеттик ички карыз алуулар баа түзүүнүн рыноктук механизмдери, атап айтканда аукциондор аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу гана жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн жалпы мөөнөтүн узартуу боюнча иш-чараларды төмөнкү жолдор менен улантат:
- мамлекеттик баалуу кагаздардын ар жылдык эмиссияларынын жалпы түзүмүндө мамлекеттик казыналык облигациялардын салыштырма салмагын көбөйтүү;
- 2 жылдан ашык жүгүртүү мөөнөтү бар казыналык облигацияларды сунуштоо.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт.
Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү каржылоо максаттары үчүн гана колдонулбастан, ошондой эле финансылык сектордун өнүгүшүнө маанилүү таасирин тийгизет, бизнести өнүктүрүү үчүн жеткиликтүү ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө алып келет. Бул максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик ички карыздарды башкаруу ачык-айкындуулук, жөнөкөйлүк жана өтүмдүүлүк принциптерин сактоо менен ишке ашырылат жана төмөнкүдөй иш-чараларды карайт:
- мамлекеттик баалуу кагаздарды кайта сатып алуу жана кайра сунуштоо операцияларын киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын пайдалануу менен кайтарым РЕПО операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
- эмиссия календарын үзгүлтүксүз жарыялап туруу (жыл сайын, квартал сайын, жана ай сайын);
- мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү маселелери боюнча рыноктун катышуучуларынын эмитент жана агент менен үзгүлтүксүз консультацияларын камсыздоо;
- мамлекеттик баалуу кагаздар жөнүндө калктын маалымдуулугун камсыздоо.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кепилдиктери
Тобокелдиктин жана аныксыздыктын жогорку деңгээли бар финансылык курал катары мамлекеттик кепилдиктин табиятын, ошондой эле өз кезегинде атаандаштыкты өнүктүрүүгө өбөлгө боло албаган мамлекеттик кепилдик тигил же бул ишкананын, мекеменин, адамдын кыйыр жана тандалма протекция каражаты катары чыгышы мүмкүн экендигин эске алуу менен, 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик кепилдиктерди бербейт.
7. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин жана талаптарын так сактайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик карыздын өлчөмүн, түзүмүн жана ал боюнча кадимки тобокелдиктерди үзгүлтүксүз контролдойт жана белгиленген эл аралык ченемдерге ылайык мамлекеттик карыздын туруктуулугунун индикаторлорун жана туруктуулуктун бардык бюджеттик индикаторлорун андан ары өркүндөтүүнү камсыздайт.
Тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун ортосундагы иш-аракеттерди координациялоо мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду каржылоо, бюджетти колдоо үчүн жаңы тышкы жана ички карыз алуулардын суммасы жана түзүмү тиркемеге ылайык Стратегиянын максаттуу көрсөткүчтөрү менен макулдашуусуна кепилдик түзүүгө мүмкүндүк берет.
Тиркемеси
2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясын ишке ашыруунун максаттуу КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
| 2016-ж. | 2017-ж. | 2018-ж. |
ИДПга(1) карата мамлекеттик карыздын келтирилген наркы(2) | 56%(3)дан ашык эмес | 56%(3)дан ашык эмес | 56%(3)дан ашык эмес |
ИДПга(1) карата мамлекеттик тышкы карыздын келтирилген наркы | 36%(4)дан ашык эмес | 36%(4)дан ашык эмес | 36%(4)дан ашык эмес |
Республикалык бюджеттин кирешелерине карата мамлекеттик тышкы карыздын келтирилген наркы | 250%(5)дан ашык эмес | 250%(5)дан ашык эмес | 250%(5)дан ашык эмес |
Республикалык бюджеттин кирешелерине карата мамлекеттик тышкы карызды тейлөө боюнча чыгымдар | 20%(6)дан ашык эмес | 20%(6)дан ашык эмес | 20%(6)дан ашык эмес |
Тышкы зайымдардын жеңилдиктеринин минималдуу деңгээли | 35% | 35% | 35% |
Бириктирилген грант-элементтин минималдуу мааниси | 50% | 50% | 50% |
Бир кредитордун алдындагы карыздын максималдуу суммасы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынан %) | 50%дан ашык эмес | 50%дан ашык эмес | 50%дан ашык эмес |
Мамлекеттик кепилдиктерди чыгаруу (сом) | 0 | 0 | 0 |
МБКларды аукциондук негизде жайгаштыруу | 100% | 100% | 100% |
Мамлекеттик баалуу кагаздардын жылдык эмиссияларынын жалпы түзүмүндө мамлекеттик казыналык облигациялардын салыштырма салмагы | Оң динамика | Оң динамика | Оң динамика |
Ички карызды төлөөнүн орточо мөөнөтү (жыл) | 1,4 кем эмес | 1,4 кем эмес | 1,4 кем эмес |
Мамлекеттик карыздын чет өлкөлүк валютада салыштырма салмагы | 95%дан ашык эмес | 95%дан ашык эмес | 95%дан ашык эмес |
Эскертүү:
(1) ИДПнын жана эмгек мигранттарынын акчалай которууларынын суммасы.
(2) арыздын келтирилген наркы азыркы учурга карата дисконттолгон карызды тейлөөнүн келечектеги финансылык агымдарынын наркы. Келтирилген нарк кредиттин учурдагы наркын көрсөтөт, ал кредит боюнча келечектеги пайыздарды кошкондо, келечекте кайтарылууга тийиш.
(3) көрсөткүчтүн мааниси сунуштама мүнөзгө ээ.
(4) диапазондо +1,8% четтөөгө жол берилет.
(5) диапазондо +12,5% четтөөгө жол берилет.
(6) диапазондо +1% четтөөгө жол берилет.