Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-январы № 63
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Исаков |
Тиркеме
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда аныкталган Кыргыз Республикасынын калкына кызмат көрсөтүү жана экономиканы өнүктүрүү муктаждыктарын камсыздай турган автомобиль жолдорунун жана куралмалардын долбоорлорун иштеп чыгууну жана өндүрүшкө киргизүүнү долбоорлоочу жана илимдин маселелерин иштеп чыгуучу орган болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин атынан Ишкананын уюштуруучусу болуп эсептелет. Ишкананын уюштуруучу документи ушул Устав болуп эсептелет.
3. Ишкананын ишин жалпы жетектөөнү жана координациялоону Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги (мындан ары - Министрлик) жүзөгө ашырат.
4. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, Ишкананын ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Ишкана өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы болот, Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачат, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталыштары жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган мөөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары болот.
6. Ишкана жарандык укуктарга ээ болот, мамлекеттин менчигинде турган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишканага чарба жүргүзүү укугуна бекитип берилген мүлккө ээ болот.
7. Ишкана толук чарбалык эсеп принциптеринде иштейт жана ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келишимдерди жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.
8. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: Государственное предприятие "Проектно-изыскательский институт "Кыргыздортранспроект" при Министерстве транспорта и дорог Кыргызскай Республики".
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызжолтрансдолбоор" ДИИ МИ
- расмий тилде: ГП ПИИ "Кыргыздортранспроект".
9. Ишкананын юридикалык дареги: 720020. Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Саманчин көчөсү, 6.
10. Ишкананын негизги максаты технологиялык адистигине ылайык жолдорду куруу жана консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча долбоорлоо жана башка техникалык документтерди иштеп чыгуу боюнча коммерциялык ишти жүзөгө ашыруу болуп эсептелет.
11. Ишкана өз ишин төмөнкү багыттарда жүзөгө ашырат:
- изилдөө жана долбоорлоо;
- илимий иш;
- консультациялык кызмат көрсөтүүлөр;
- долбоорлордун аткарылышын жана иштеп чыгарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө.
12. Ишкананын изилдөө жана долбоорлоо жаатындагы негизги функциялары төмөнкүлөр:
1) жоопкерчиликтин I деңгээлиндеги инженердик-геодезикалык изилдөөлөр:
- 1000 га чейинки аянтта топографиялык сүрөткө тартуулар;
- линиялык изилдөөлөр;
- геодезиялык бөлүштүрүү негизин түзүү;
2) жоопкерчиликтин II деңгээлиндеги инженердик-геологиялык изилдөөлөр:
- курулуш объектисинде инженердик-геологиялык жумуштар;
- топуракты жана сууну лабораториялык изилдөөлөр.
13. Жоопкерчиликтин I деңгээлиндеги физика-геологиялык процесстерди жана көрүнүштөрдү изилдөө жана баалоо боюнча жумуштар:
1) жоопкерчиликтин I деңгээлиндеги обьекттердин шаар куруу документтерин иштеп чыгуу:
- аймактык пландаштыруу (транспорттук инфраструктура);
- шаардык жана айылдык калк жайгашкан жерлердин генералдык пландары (транспорттук инфраструктура, көрктөндүрүү);
- инженердик инфраструктура жана аймактарды коргоо;
2) жоопкерчиликтин III деңгээлиндеги архитектуралык долбоорлоо:
- турак үйлөр, коомдук имараттар жана курулмалар, өндүрүштүк багыттагы объекттер;
3) курулуштук долбоорлоо жана конструкциялоо:
- жоопкерчиликтин III деңгээлиндеги өндүрүштүк багыттагы объекттер, турак үйлөр, коомдук имараттар жана курулмалар;
- жоопкерчиликтин II деңгээлиндеги инженердик курулмалар (галереялар, эстакадалар, таяныч дубалдар);
- жоопкерчиликтин I деңгээлиндеги көпүрөлөр, жолдор жана транспорттук курулуштар;
- жоопкерчиликтин II деңгээлиндеги гидротехникалык жана мелиоративдик курулмалар (плотиналар, дамбалар, каналдар ж.б.);
- конструкциялардын, имараттардын жана курулмалардын техникалык абалынын жоопкерчиликтин II деңгээлине изилдөө (транспорттук курулмаларды алардын иш жүзүндөгү абалын баалоо жана калыбына келтирүү жана күчөтүү боюнча корутундуларды жана сунуштарды берүү менен алдын ала изилдөө);
4) инженердик системаларды, тармактарды жана курулмаларды долбоорлоо;
5) жоопкерчиликтин III деңгээлиндеги ички жана тышкы системаларды, тармактарды жана курулмаларды долбоорлоо:
- бөлүштүрүүчү жабдуулар жана трансформатордук подстанциялар, электр өткөргүч линиялары, электр жабдуу (10 кВ);
- суу менен камсыздоо жана канализация;
- жылуулук тармактары;
- автоматташтыруу жана контролдоочу-өлчөөчү приборлор, аз ток өткөрүүчү түзүлүштөр;
6) долбоорлордун атайын бөлүмдөрүн иштеп чыгуу:
- айлана-чөйрөнү коргоо;
- курулушту уюштуруу;
- смета жана техника-экономикалык негиздеме.
14. Илимий иш жаатында Ишкананын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- жол курулушунда илимий жана эксперименталдык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө бирдиктүү илимий-техникалык стратегияны камсыздоо;
- жаңы курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды киргизүү;
- капиталдык курулуш боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгуу;
- жолдордогу жол курулушу, инженердик системалар жана курулмалар, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча илимий-техникалык жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу;
- жол курулушу жаатындагы илимдин жана техниканын жетишкендиктерин долбоорлоо аркылуу курулуш материалдарынын, конструкциялардын, инженердик системалардын жана курулмалардын өндүрүшүн жол курулушуна киргизүү;
- курулуш конструкцияларына, буюмдарда жана материалдарга арбитраждык сыноолорду жүргүзүү;
- илимий-техникалык консультациялык кызмат көрсөтүү;
- курулуш материалдарынын жана оңдоп-түзөө иштеринин долбоорлорунун аткарылышынын сапатын контролдоо жана көзөмөлдөө.
15. Ишкана өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- мамлекеттин, Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин жана Кыргыз Республиканын калкынын муктаждыктарына ылайык түз келишимдеринин (контракттарынын) негизинде аткарылган жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн аныктоого;
- мүлктү пайдаланууга жана башкарууга, милдеттенме алууга, сотто доогер жана жоопкер болууга;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте келишимдерди, контракттарды түзүүгө жана башка иш-аракетти аткарууну, анын ичинде жолдорду куруу үчүн долбоорлоо жана башка техникалык документтерди иштеп чыгууга тиешелүү маселелер боюнча кредиттик, векселдик жана банктык операцияларды жүзөгө ашырууга;
- жеке негизги каражаттарга ээ болууга жана улуттук жана чет элдик валюталардагы жүгүртүү каражаттарына ээ болууга.
16. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын балансында чагылдырылган башка мүлк түзөт.
17. Ишкананын киреше булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Ишкананын чарба жүргүзүүсүндө турган мүлк;
- Ишкананын ишинин натыйжасында алынган кирешелер (пайда);
- банктардын кредиттери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
18. Ишкананын башкаруусунда турган мүлктү Ишкана менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, күрөөгө коюуга, коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары салууга же башка жол менен тескөөгө укугу жок.
19. Ишкананын ишинен алынган бардык каражаттар мыйзамдарга ылайык белгиленген чегерүүлөр мамлекетке төлөнгөндөн кийин Ишкананын карамагына өтөт.
20. Ишкананы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте кызматка дайындаган жана кызматтан бошоткон башкы директор башкарат.
Башкы директор эки жылдык мөөнөткө дайындалат жана Министрлик менен түзүлгөн эмгек келишимине, ушул Уставга ылайык иш жүргүзөт.
21. Ишкананын башкы директору:
- мамлекеттик органдар, жеке жана юридикалык жактар менен иштешүүдө ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте Ишкананын кызыкчылыктарын ишеним катсыз көздөйт;
- Ишкананын атынан белгилүү иш-аракеттерди аткарууга ишеним кат берет;
- Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат, тапшырмаларды берет;
- Ишканага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жоопкерчилик алат;
- Башкы директордун орун басарларынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктеринин жана адистеринин, башкы инженердин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын, эмгек акы төлөө фонду жөнүндө жобону, чыгашалардын жалпы сметасын, отчётторду жана жылдык балансты Министрлик менен макулдашуу боюнча бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- Министрликтин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштурат жана камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке алуу, эмгек акы төлөө, сыйлоо жана материалдык жардам берүү тартибин жана шарттарын аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерине тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот.
22. Башкы директордун эки орун басары бар. Башкы директордун орун басарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
23. Башкы директордун орун басарлары Ишкананын компетенттүүлүгүнө тиешелүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышышат, Ишкананын ишин жетектөөнү башкы директор жана анын орун басарларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык өз укуктарынын чегинде жүзөгө ашырышат.
Башкы директор жок учурда анын милдеттерин башкы директордун орун басарларынын бири аткарат.
24. Ишкананын өнүгүүсүнүн багыттарын аныктоо, техникалык жана технологиялык кайра жабдуу маселелерин караштыруу, анын ишинин экономикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кеңеш берүү органы катары Ишкананын кызматтарынын жетекчилери, бөлүмдөрү жана профсоюз комитетинин кызматкерлеринен техника-экономикалык кеңеш түзүлөт. Техника-экономикалык кеңеш жөнүндө жобо Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилет.
25. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүзөгө ашырат.
Ишкана мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын финансы жана чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды берет. Бул маалыматтарды түзгөн жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын аныктыгына жоопкерчилик алышат.
26. Ишкана жыл сайын алдыдагы финансы жылына карата Ишкананын бюджетин иштеп чыгат жана Министрлик менен макулдашат жана аны тиешелүү финансы жылынын 1-мартынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна берет.
27. Ишкана Министрликке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна отчёттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин квартал сайын бюджеттин аткарылышы жана финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчет берет.
28. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү контролдоочу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
29. Ишкананы кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
30. Ишкананын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер, "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.