Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну контролдоо, мониторингдөө жана баалоо
ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоонун мыйзамдык негиздерин жана шарттарын аныктайт (мындан ары - Тартип).
1. Контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоонун максаты болуп социалдык кызматтарды көрсөтүүдө кемчиликтерди өз убагында алдын алуу, аныктоо жана жоюу үчүн коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу деңгээлин объективдүү баалоону калыптандыруу эсептелет.
2. Контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоонун милдеттери төмөнкүлөр:
1) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо;
2) көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатынын социалдык кызматтардын минималдуу стандарттарынын талаптарына жана (же) мамлекеттик заказчынын талаптарына (бекитилген кызматтар стандарты жок болгон учурда) ылайыктуулугун баалоо;
3) кызмат алуучулардын социалдык кызматтардын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө канааттангандыгын баалоо;
4) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда проблемаларды, тоскоолдуктарды табуу;
5) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу процесстерин өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн сунуштарды жана рекомендацияларды чогултуу.
3. Мамлекеттик заказчы, ошондой эле контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары берилген тиешелүү мамлекеттик органдар жүзөгө ашырган коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук кылбашы керек.
2. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга контролду, мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону уюштуруу
4. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну жана гранттык каражаттарды пайдаланууну контролдоо мамлекеттик заказчы, ошондой эле көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары берилген тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.
5. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырылышын мамлекеттик заказчы өз алдынча же көз каранды эмес эксперттерди тартуу менен мониторингдейт.
Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну баалоо ушул Тартипте белгиленген долбоордун ишке ашырылышын баалоо индикаторуна ылайык жүргүзүлөт.
7. Ишке ашырылып жаткан коомдук пайдалуу долбоорду мониторингдөө жана баалоо техникалык тапшырмага ылайык жүргүзүлөт (ушул Тартипке 1-тиркеме). Техникалык тапшырмада төмөнкүлөр камтылышы керек:
1) коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышын мониторингдөөнүн жана анын жыйынтыктарын баалоонун милдеттерин, этаптарын жана мөөнөттөрүн баяндоо;
2) мониторинг жана баалоо өткөрүү маселелери;
3) мониторинг жана баалоо өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы;
4) долбоорду ишке ашырууну мониторингдөө жана баалоо үчүн индикаторлор;
5) мониторинг объектиси жөнүндө баштапкы маалыматты талдоо (мурунку мониторингдин натыйжалары, мониторинг объекти жөнүндө байланыштык жана техникалык маалымат, кызмат алуучулардын сунуштары жана даттануулары ж.б.);
6) мониторинг жана баалоону өткөрүү үчүн керек болгон башка чаралар жана каражаттар.
8. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну мониторингдөө жана баалоо мамлекеттик заказчы бекитүүчү жылдык план-графикке ылайык жүргүзүлөт. План-графикте коомдук пайдалуу долбоорлордун аталышы, алардын ишке ашырылышын мониторингдөө жана баалоо мөөнөтү жана орду көрсөтүлөт.
9. Коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышын мониторингдөөнү жана баалоону аткаруучу почталык же электрондук байланыш (электрондук почта, факс) аркылуу коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышын мониторингдөө жана баалоо башталганга чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен мамлекеттик социалдык заказдын аткаруучусуна жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.
10. Коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышын мониторингдөө жана баалоо мамлекеттик заказчы тарабынан өз алдынча жүргүзүлгөн учурда мамлекеттик заказчынын актысына ылайык мамлекеттик заказчынын кызматкерлеринен, конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнөн жана көз каранды эмес эксперттерден (макулдашуу боюнча) турган жумушчу топ түзүлөт.
11. Коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышын мониторингдөө жана баалоо мамлекеттик заказчы тарабынан көз каранды эмес эксперттерди тартуу менен жүргүзүлгөн учурда, мамлекеттик заказчы мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте келишимдин негизинде көз каранды эмес эксперттерди (мындан ары - эксперттик топ) жалдайт.
12. Коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн социалдык кызматтарды алуучулардан, социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдардын кызматкерлеринен жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга катышкан башка адамдардан маалымат алуу милдеттүү болот.
3. Коомдук пайдалуу долбоордун ишке ашырылышын баалоонун индикаторлору
13. Коомдук пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышын баалоо төмөнкүдөй индикаторлор боюнча жүргүзүлөт:
1) коомдук пайдалуу долбоорлордун натыйжалуулук индикатору - коомдук пайдалуу долбоорлордун өзгөчөлүгүнө жараша аныкталат жана бул бир социалдык кызматты көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү наркын тармактагы/башка тармактардагы көрсөткүчтөр же тармак үчүн бекитилген каржылоо ченемдери менен салыштыруу үчүн коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууда көрсөтүлгөн бир социалдык кызматтын иш жүзүндөгү наркынын социалдык кызматтардын жалпы санына карата баасын аныктоого мүмкүндүк берет;
2) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулук индикатору - коомдук пайдалуу долбоордун максаттарына жетүү жана милдеттерин аткаруу даражасы өлчөнөт. Бул индикатор коомдук пайдалуу долбоор алкагында ишке ашырылып жаткан тармактык (бюджеттик) программалардын жана чаралардын аткарылышын мониторингдөө жана баалоо үчүн мамлекеттик заказчы колдонуучу натыйжалуулук көрсөткүчтөрү менен байланыштырылуусу керек. Натыйжалуулук индикатору атайын тармактык көрсөткүчтөрдөн тышкары социалдык кызматтарды алуучулардын канааттангандык көрсөткүчтөрүн камтышы керек;
3) коомдук пайдалуу долбоорлордун социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн стандарттарына ылайыктуулук индикаторлору көрсөтүлгөн кызматтардын сапатынын тиешелүү тармак үчүн бекитилген кызматтардын минималдуу стандарттарына ылайыктуулугуна жараша бааланат же эгерде мындай стандарттар бекитилбеген болсо, мамлекеттик заказчы белгилеген талаптарга ылайык болуп жана төмөнкүдөй көрсөткүчтөр кошо камтылышы керек:
- социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн өз убакта болуусу, ыкчамдыгы жана даректүүлүгү;
- көрсөтүлүүчү кызматтардын толуктугу (тармак үчүн бекитилген социалдык кызматтардын минималдуу тизмесине ылайыктуулугу);
- социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн кесиптик даярдыгы бар кызматкерлердин болушу;
- кызматкерлердин квалификациясынын белгиленген талаптарга ылайыктуулугу, кызмат көрсөтүүдө кесиптик этиканын жалпы эрежелерин жана ченемдерин сактоо;
- көрсөтүлүүчү социалдык кызмат жана санитардык-гигиеналык ченемдер боюнча сапаттын стандарттарына ылайык келген менчик же ижара аянттарынын болушу (бул кызмат боюнча минималдуу социалдык стандартка ылайык имарат-жайдын болушу зарыл эмес кызматтардан башка учурларда);
- социалдык кызматты көрсөтүү үчүн керектүү жабдуулардын жана шаймандардын болушу.
4. Натыйжаларды талдоо жана рекомендацияларды даярдоо
14. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик заказчы 3 календарлык күндүн ичинде ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формада отчет берет.
15. Мониторингдин жана баалоонун жыйынтыгы тууралуу отчет мамлекеттик заказчыга, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучуга жиберилет.
16. Мониторингдин жана баалоонун жыйынтыгы ачык маалымат болуп эсептелет, кызыкдар мамлекеттик органдар, жарандык коомдун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, көз каранды эмес эксперттер, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен талкууланат.
17. Мониторингдин жана баалоонун жыйынтыгы боюнча жумушчу топ жана/же эксперттик топ коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана ал сунуштарды коомдук пайдалуу долбоорлорду аткаруучулар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.
18. Жумушчу топтун жана/же эксперттик топтун сунуштарын аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик заказды аткаруучу коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу келишимде каралган жоопкерчиликти тартат.
19. Мамлекеттик заказчы мониторингдин жана баалоонун бардык объекттери боюнча суммалык жыйынтыктарды бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикатору боюнча тармактык отчетторго киргизүү үчүн натыйжалуулук индикаторлоруна жалпыланган талдоо жүргүзөт.
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну контролдоо, мониторингдөө жана баалоо тартибине 1-тиркеме |
Форма
Коомдук пайдалуу долбоордун ишке ашырылышын мониторингдөөгө жана баалоого ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА
Жалпы маалымат | ||
Мамлекеттик заказчы | Мамлекеттик заказчынын аталышы | |
Мониторингдин жана баалоонун объектти | Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну уюмдун аталышы. Негизги техникалык параметрлерин көрсөтүү менен объекттин байланыш маалыматтары жана кыскача баяндамасы: мисалы, персоналдын саны, кызмат алуучулардын жылдык орточо саны, жайлардын аянты ж.б. | |
Негизи | Мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу мамлекеттик заказчынын буйругунун номери жана датасы | |
Мониторинг өткөрүү жана баалоо боюнча жумушчу топтун курамы |
| |
Мониторинг жана баалоо өткөрүү мезгили | Мониторинг жана баалоо башталган жана аяктаган датасы (күнү/айы/жылы) | |
Жумушчу топтун жетекчиси | Мониторинг жана баалоо өткөрүү боюнча жумушчу топтун жетекчисинин аты-жөнү жана кызматы | |
Мониторингдин жана баалоонун максаты |
|
|
Мониторингдин жана баалоонун милдеттери | Милдет | Жооптуу аткаруучулар (жумушчу топтун мүчөлөрү) |
|
| |
|
| |
|
| |
Тапшырманын деталдары | ||
Мониторингдин жана баалоонун этаптары | Этап | Этаптын аяктаган күнү |
|
| |
|
| |
|
| |
Сурамжылоо үчүн анкеталар | Ар бири үчүн аталышын, респонденттер тобун жана мониторингдин объектинин кызматкерлеринин тизмелик санына жана кызмат алуучулардын жылдык орточо санына жараша респонденттердин болжолдуу санын көрсөтүү менен анкеталарды атоо | |
Мониторинг жана баалоо үчүн индикаторлор | Коомдук пайдалуу долбоордун максаттарына жана милдеттерине жетүүнүн даражасын өлчөө боюнча коомдук пайдалуу долбоордун натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн атоо | |
Мониторинг жана баалоо объектти көрсөтүүчү социалдык кызматтар үчүн бекитилген стандарттарды атоо (алардын реквизиттерин көрсөтүү менен) | ||
Кошумча маалымат | ||
Пландуу/пландан тышкаркы мониторинг жана баалоо | Ооба/жок | |
Мурдагы мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары | Мурдагы мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктарына (мониторингди жана баалоону өткөрүүдө эске алуу зарыл болгондоруна гана) кыскача баяндама | |
Даттануулар/сунуштар жөнүндө маалымат | Кызматтарды пайдалануучулардан мониторингди өткөрүү башталганга чейин алынган сунуштарын жана даттанууларын кыскача баяндоо | |
Ишке тартылган башка адистер | Мониторинг жана баалоо өткөрүү үчүн тартылган тышкы адистерди атоо (аты-жөнү жана алар иштеген уюмдардын аталышы) | |
Планды жактыруу | |
| Дата, аты-жөнү жана колу |
Мониторинг жана баалоо планы жактырылган |
|
Даярдаган: |
|
Текшерген: |
|
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну контролдоо, мониторингдөө жана баалоо тартибине 2-тиркеме |
Форма
__________________________________________________________________________ (мамлекеттик заказчынын аталышы)
Коомдук пайдалуу долбоордун ишке ашырылышына мониторингдин жана баалоонун жыйынтыгы тууралуу ОТЧЕТ
__________________________________________________________________________ (аталышы)
"__" _____________ 20__-жыл. |
| ____________________________ (калктуу конуш) |
Мамлекеттик заказчынын 20__-жылдын ___________ "__"
№ ____ буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ, курамы:
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, иштеген жери, кызматы)
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, иштеген жери, кызматы)
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, иштеген жери, кызматы)
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, иштеген жери, кызматы)
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, иштеген жери, кызматы)
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, иштеген жери, кызматы)
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, иштеген жери, кызматы)
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, иштеген жери, кызматы)
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, иштеген жери, кызматы)
"__" ___________ 20__-ж. тартып "__" ____________ 20__-ж. чейин мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырылып жаткан коомдук пайдалуу долбоордун аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүздү ___________________________________________________________________________________,
(коомдук пайдалуу долбоордун аталышы)
___________________________________________________________________________________________
(коомдук пайдалуу долбоорду аткарып жаткан уюмдун аталышы)
Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырып жаткан уюмдун жайгашкан жери | Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырып жаткан уюмдун өкүлү (аты-жөнү, иштеген жери, кызматы, телефон номери, электрондук почтасынын дареги) |
|
|
|
|
|
|
1) Коомдук пайдалуу долбоордун ишке ашырылышын мониторингдөө жана баалоо максатында төмөнкү суроолор каралды:
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
2) Мониторинг жана баалоо үчүн тандалган индикаторлор боюнча коомдук пайдалуу долбоордун натыйжалуулугун (майнаптуулугун жана натыйжалуулугун) баалоонун жыйынтыктары: _______________________________
__________________________________________________________________________________________
3) Социалдык кызматтардын бекитилген стандарттарына же (бекитилген стандарттар жок болсо) мамлекеттик заказчынын талаптарына ылайыктуулукту баалоонун жыйынтыктары: _______________________________
__________________________________________________________________________________________
4) Кызматтарды алуучулардын алардын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө канааттануусун баалоонун жыйынтыктары:
__________________________________________________________________________________________
5) Аныкталган эреже бузуулар жана проблемалар (респонденттердин даттануулары жана сунуштары менен кошо):
__________________________________________________________________________________________
6) Мониторингдин жана баалоонун жүрүшүндө жоюлган эреже бузуулар:
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
7) Социалдык кызматтардын өз убагында болуусу жана сапатын жогорулатуу боюнча респонденттердин сунуштары:
__________________________________________________________________________________________
8) Коомдук пайдалуу долбоорго мониторингдин жана баалоонун жыйынтыгы боюнча корутунду:
__________________________________________________________________________________________
9) Сунуштар: _______________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
Колу: _____________________________________________________________________________________