Загрузка документа…
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Тартип "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана социалдык талондорду берүү аркылуу кызмат көрсөтүүнү, социалдык талондорду берүүнүн, пайдалануунун, номиналдык наркын аныктоонун, ошондой эле алардын реестрин жүргүзүүнүн тартибин (мындан ары - Тартип) жөнгө салат.
1. Социалдык талондорду берүү тартиби
2. Социалдык талондордун бланктары ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча мамлекеттик заказчы тарабынан даярдалат жана катуу отчеттуулуктагы документ болуп эсептелет. Социалдык талондордун бланктарын эсепке алуу, сактоо жана жок кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
3. Мамлекеттик заказчы социалдык талонду социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуга ушул Тартиптин 2-тиркемесинде каралган форма боюнча түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде берет.
4. Арызга арыз берүүчүнүн социалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык социалдык талон аркылуу социалдык кызматты алууга укугун тастыктаган документтер тиркелет.
5. Арызды кабыл алууда мамлекеттик заказчы берилген документтердин толуктугун текшерет жана арыз түшкөн датаны жана убакытты көрсөтүү менен социалдык талондорду алуу үчүн жарандардын кайрылууларын каттоо журналына арызды каттайт.
6. Мамлекеттик заказчы төмөнкүдөй учурларда социалдык талондорду берүүдөн баш тартат:
1) арыз берүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга анын укугун ырастоочу документтерди бербесе;
2) арыз берүүчү жарнамада жарыяланган шарттарга ылайык келүүчү, социалдык кызматтарды алууга укуктуу жарандардын категориясына кирбейт;
3) талап кылынган кызмат жарыяланган жарнамада каралган эмес.
7. Эгерде арызды кабыл алуудан баш тартылса, мамлекеттик заказчы арыз ээсине ушул Тартиптин 6-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинде көрсөтүлгөн документтердин зарыл тизмеги жөнүндө түшүндүрмө берет.
8. Социалдык талондорду берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди мамлекеттик заказчы арыз кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен чыгарат жана буйрук менен таризделет.
9. Талонду берүүдөн ушул Тартиптин 6-пунктунун 1-пунктчасында каралган негиз боюнча баш тартуу, арызды кабыл алуудан баш тартууга себеп болгон кемчиликтер жоюлган жана арыз жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин кайрадан берилген шартта, арыз ээсинин социалдык талон алыш үчүн мамлекеттик заказчыга кайрадан кайрылышына бөгөт болбойт.
10. Мамлекеттик заказчынын социалдык талондорду берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйругунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) арыз берүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо);
2) арыз түшкөн күн жана убакыт;
3) социалдык талондорду берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим;
4) баш тартуунун негизи (социалдык талонду берүүдөн баш тартканда).
11. Мамлекеттик заказчынын социалдык талондорду берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими мамлекеттик заказчынын расмий сайтында жана/же маалымат тактасында жарыяланат.
12. Социалдык талонду алган учурдан баштап арыз ээси социалдык кызматты алуучунун статусуна ээ болот.
13. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү бир жолку же узак мүнөздө болушу мүмкүн. Көрсөтүлүүчү социалдык кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мамлекеттик заказчы социалдык кызмат алуучуга талонду төмөнкүдөй берүүгө укуктуу:
1) бир жолку социалдык кызмат көрсөтүлгөн учурда бир кызматка бир социалдык талон (мисалы, мектептин мугалимине квалификациясын жогорулатууга талон);
2) белгилүү бир убакыттын ичинде мезгилдүүлүк менен бир нече жолу көрсөтүлүүчү ар бир кызматка бирден социалдык талон. Мында социалдык талондорду берүүнүн мезгилдүүлүгү социалдык кызматты пайдалануучу кызматты өз убагында жана үзгүлтүксүз пайдалангандай болуп белгиленүүгө тийиш (мисалы, жалгыз бой, улгайган муктаж жарандар үчүн чач тарачка бир айлык социалдык талондор);
3) социалдык кызмат көрсөтүлүүчү бардык мезгилге бир нече социалдык талондор (мисалы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн дарылоочу массаждын курсун алууга 5 талон - ар бир сеанска бир талон);
4) социалдык кызматтын өзгөчөлүгүн эске алуу менен, социалдык талондордун ар түрдүү мезгилдүүлүк менен берилүүчү башка саны.
14. Мамлекеттик заказчы ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча ар бир социалдык кызмат көрсөтүүчү менен келишим түзөт.
15. Социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тизмеси жана байланыш маалыматтары, ошондой эле алардагы өзгөрүүлөр социалдык кызмат көрсөтүүнүн бүткүл мезгилинде мамлекеттик заказчынын расмий сайтына жана/же маалымат тактасына жарыяланып турат.
16. Социалдык талондор менен бирге социалдык кызматтарды пайдалануучуларга кызмат көрсөтүүчүлөрдүн байланыш маалыматтарын (аталышы, жайгашкан орду жана телефон номери) көрсөтүү менен кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тизмеси, ошондой эле социалдык талонду пайдаланууда проблема пайда болсо социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучу мамлекеттик заказчыга кайрылса болоору жөнүндө маалымат, мамлекеттик заказчынын расмий сайтынын дареги жана/же социалдык кызматты көрсөтүүчүлөрдүн тизмелери жана байланыш маалыматтары жайгаштырылган маалыматтык такта жайгашкан даректер, социалдык талон аркылуу социалдык кызмат алуунун тартиби жөнүндө маалымат берилет.
2. Социалдык талондун номиналдык наркын аныктоо тартиби
17. Социалдык талондун номиналдык наркы тиешелүү административдик-аймактык бирдикте жеке адамдар жана юридикалык жактар аткаруучу социалдык кызматтардын орточо рыноктук наркы менен аныкталат:
1) областтык борборлордун/Бишкек жана Ош шаарларынын деңгээлинде - акыркы квартал үчүн, эгерде көрсөтүлүүчү кызмат статистика органы тарабынан такай байкоого алынып жана орточо баасы аныкталып туруучу товарлардын жана кызматтардын тобуна кирсе;
2) кызматты көрсөтүүчү аймактагы акыркы ай үчүн, эгерде көрсөтүлүүчү кызмат статистика органы тарабынан такай байкоого алынып жана орточо баасы аныкталып туруучу товарлардын жана кызматтардын тобуна кирбесе.
18. Социалдык талондун номиналдык наркы статистика органдары берүүчү статистикалык маалыматтардын негизинде аныкталат.
3. Социалдык талондорду пайдалануу тартиби
19. Кызматты пайдалануучу мамлекеттик заказчынын расмий сайтында же анын маалымат тактасында жарыяланган социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тизмесинен өзү каалаган кызмат көрсөтүүчүнү тандап, талондо көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин ар бир социалдык талонду пайдаланууга укуктуу. Социалдык талондун жарактуулук мөөнөтү узартылбайт.
20. Социалдык кызматты көрсөтүүчү ар бир айдын бешинчи күнүнө чейин мамлекеттик заказчыга ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн, аткарылган кызмат үчүн акы төлөөгө эсепти тапшырат.
21. Акы төлөө үчүн эсепке көрсөтүлгөн кызматтардын ордуна алынган социалдык талондор тиркелет.
22. Мамлекеттик заказчы акы төлөөгө эсепти жана пайдаланылган социалдык талондорду алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде анын банктык эсебине акча каражат которуу жолу менен социалдык кызматтарды көрсөтүүчүнүн аткарган кызматтарына акы төлөйт.
23. Социалдык талон социалдык кызматты пайдалануучунун күнөөсү жок жоголгон же бузулган учурда, мамлекеттик заказчы талондун ээсинин же анын өкүлүнүн арызы боюнча арыз түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде социалдык талондун дубликатын берет. Социалдык талондун дубликатын берүү тууралуу арызды социалдык талондун ээси же анын өкүлү жоголгон же бузулган социалдык талонду пайдалануу мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен берилет.
24. Социалдык талондун жарактуулугу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) социалдык кызматты алуучунун өлүмү, кызмат алуучуну каза болду же дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө жарыялоо;
2) социалдык кызмат алуучу социалдык кызматтарды алууга укугу бар жарандардын категориясынан чыгарылган;
3) социалдык кызмат алуучу жашаган жерин социалдык кызмат көрсөтүүчү аймактан тышкары жайгашкан жерге алмаштыруусу;
4) социалдык кызмат алуучу социалдык талонду социалдык кызмат алуу үчүн башка адамдарга бергендигин тастыктаган фактынын болушу.
25. Жарактуулугу токтотулган социалдык талондор, ошондой эле социалдык талондордун берилген дубликаттары тууралуу маалымат социалдык талондордун реестрине киргизилет жана социалдык кызматтарды көрсөтүүчүлөргө жазуу жүзүндө билдирилет.
26. Социалдык кызматты алуучу жашаган жерин Кыргыз Республикасынын аймагында алмаштырган учурда жаңы жашаган жери боюнча социалдык талон ушул Тартипке ылайык берилет.
27. Социалдык кызматты алуучу мамлекеттик заказчыга кызмат көрсөтүүчүнүн иш-аракетине/аракетсиздигине, анын ичинде көрсөтүлгөн социалдык кызматтардын сапаты, өз убагында болуусу, толуктугу боюнча даттануу менен кайрыла алат.
28. Мамлекеттик заказчы даттанууну жарандардын кайрылууларын кароо чөйрөсүндөгү мыйзамда аныкталган тартипте карайт.
4. Социалдык талондордун реестри
29. Мамлекеттик заказчы берилген социалдык талондордун реестрин (мындан ары - Реестр) кагаз жүзүндө жана/же электрондук сактагычтарда жүргүзөт.
30. Реестр ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.
31. Реестрге берилген жана жарактуулугу токтотулган социалдык талондор жөнүндө маалыматтар киргизилет, анда социалдык талондун сериясы жана номери, социалдык талонду алуучунун фамилиясы, аты жана атасынын аты көрсөтүлөт.
32. Мамлекеттик заказчы берилген социалдык талондордун санын, номерлерин жана жарактуулук мөөнөттөрүнүн эсепке алат.
33. Берилген социалдык талондордун жалпы саны тууралуу маалымат социалдык кызматтарды аткаруучулар акы төлөө үчүн берген маалымат менен алардагы шайкеш эместикти өз убагында табуу жана алардын себептерин тактоо максатында такай салыштырылып турат, мамлекеттик заказчынын расмий сайтына жана/же маалымат тактасына жайгаштырылат.
34. Реестр социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштарына жараша бөлүмдөр боюнча, мамлекеттик заказчы социалдык кызматты көрсөтүү жөнүндө кулактандырууну жарыялаган күндү көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
35. Реестрдин ар бир бөлүмү төмөнкү маалыматты камтууга тийиш:
1) жазуунун катар номери;
2) социалдык талонду берүүгө негиз болгон буйруктун номери жана датасы;
3) социалдык талонду берген дата;
4) мамлекеттик заказчынын аталышы;
5) социалдык талондун номери жана анын жарактуулук мөөнөтү;
6) социалдык талондун негизинде көрсөтүлүүчү социалдык кызматтын аталышы;
7) социалдык талондун акчалай номиналы;
8) социалдык талонду алган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, ошондой эле кызматты пайдалануучунун фамилиясы, аты, атасынын аты (эгерде кызмат социалдык талонду алуучудан башкага көрсөтүлсө);
9) социалдык талонду алуучунун колу (кагаз жүзүндө жүргүзүлгөн реестрде);
10) социалдык талонду пайдаланган дата;
11) кызматтарды көрсөтүүчүнүн аталышы жана дареги;
12) кызматтарды көрсөтүүчүгө социалдык талондун наркын төлөгөн датасы;
13) кызмат көрсөтүүчүгө социалдык талондун наркын төлөбөгөнүн себептери жөнүндө маалыматтар.
36. Социалдык кызматты алуу үчүн арыз жана документтер салынган папка (социалдык кызматтарды алуучулардын папкалары) мамлекеттик заказчыда сакталат, папкага Берилген социалдык талондордун реестриндеги жазуу менен бирдей катар номер берилет.
37. Реестрдеги маалыматтар, кызмат алуучулардын жеке маалыматтарынан башкалары, мамлекеттик заказчынын расмий сайтына жайгаштырылат.
38. Реестрди жүргүзүүгө жооптуу кызматкер алмашканда Реестрди жана социалдык кызматтарды алуучулардын тийиштүү документтерин өткөрүү-кабыл алуу актысы түзүлөт.
39. Реестрди жүргүзүүнү уюштуруу жана Реестрдин абалы, социалдык кызматтарды алуучулардын папкаларын сактоо үчүн жоопкерчилик мамлекеттик заказчынын жетекчисине жүктөлөт.
|
| Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү тартибине 1-тиркеме |
Форма
Кызматты алууга социалдык талон
Кызматтын аталышы: |
| |
Социалдык талондун номери: |
| |
Социалдык талондун акчалай номиналы: | ________ (__________________________________) сом (цифра жана сөз менен) | |
Социалдык талондун жарактуу мөөнөтү: | __ ____ 20__-ж. __ _____20__-ж. чейин | |
Социалдык талонду берген уюм | _________________________________________________ (мамлекеттик заказчынын аталышы) __________________________________________ __ _____ 20__-ж. (кызматы, колу, фамилиясы жана аты-жөнү, күнү) М.О. | |
Социалдык талонду алуучу | ________________________________________________________________ (социалдык кызматты алуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү жана берилген датасы) | |
Кызматты алуу тастыктамасы | Муну менен кызматтарды алгандыгымды тастыктайм. _________________________________________________________ (кызматты көрсөтүүчүнүн аталышы) 20 -ж. ________________________________________ "__"_______ 20__-ж. (кызматты алганы тууралуу колу, датасы) | |
Социалдык талондун ажыратма бөлүгү
Кызмат көрсөтүүчү: аталышы (эгер кызмат көрсөтүүчү юридикалык жак болсо) же кызматты аткарган жеке ишкердин аты-жөнү | _____________________________________________ _____________________________________________ _____________________________________________
|
Кызматтын аталышы: |
|
Кызмат көрсөтүлгөн дата: |
|
Муну менен ________________________________________________________________ кызматты (кызматты алуучунун фамилиясы жана аты-жөнү) пайдаланганын тастыктайм социалдык талондун № ____________________________ ага көрсөтүлгөн кызматка акы төлөө үчүн. (социалдык талондун номери) Кызматты аткаруучу ___________________________________________________________________ кызматты аткаруучунун колу М.О. | |
Эскертүү: социалдык талондун ажыроочу бөлүгүн алуучуга кызматты көрсөткөндөн кийин андан социалдык талонду алган учурда кызматты аткаруучу толтурат жана кызматты алуучуга берилет.
|
| Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү тартибине 2-тиркеме |
Форма
|
| _________________________________________ (мамлекеттик заказчынын аталышы) _________________________________________ (жетекчинин кызматы, аты-жөнү) _________________________________________ (арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты _________________________________________ жана үйүнүн дареги) |
Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү кызматты пайдаланууга АРЫЗ
"__" _____________ ___ жылы жарыяланган кулактандырууга ылайык социалдык кызматты пайдаланууга социалдык талон берүүнү өтүнөм.
Социалдык кызматтын аталышы: ________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________
Социалдык кызматты алуучу: ___________________________________________________________________
(фамилия, аты, атасынын аты),
______________________, "__" ______________ жылы ______________________________________ туулган,
жашаган дареги: ______________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
Тиркемелер:
1) арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
2) кызмат алуучунун паспортунун көчүрмөсү (же туулгандыгы тууралуу күбөлүк) (эгерде социалдык кызматты алуучу арыз берүүчү эмес болсо);
3) социалдык кызматты алууга укукту тастыктаган документтер:
_____________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
____________________________________________________
(арыз ээсинин колу, фамилиясы жана аты-жөнү)
"__" ____________ ____-жыл
(арызды берген дата)
|
| Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү тартибине 3-тиркеме |
Форма
Социалдык талондор аркылуу төлөнгөн кызматтарды көрсөтүүгө КЕЛИШИМ
Мамлекеттик заказчы ___________________________________________________________________________
(мамлекеттик заказчынын аталышы)
мындан ары "Заказчы" деп аталат, _________________________________________________________ атынан,
_____________________________________________________________________________________________
(жетекчинин кызматы, аты-жөнү)
_____________________________________________________________________________ негизинде иштеген,
бир тараптан жана ___________________________________________________________ социалдык кызматты
көрсөтүүчү ____________________________________________________________________________________
(кызмат көрсөтүүчүнүн аталышы)
_________________________________________________, мындан ары "Кызмат көрсөтүүчү" деп аталуу менен,
______________________________________________________________________________________ атынан,
(эгерде юридикалык жак болсо, жетекчинин кызматы, аты-жөнү)
_____________________________________________________________________________ негизинде иштеген,
экинчи тараптан, чогуу "Тараптар" деп аталуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул Келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети
Кызмат көрсөтүүчү жарандарга - социалдык кызматты алуучуларга (мындан ары - Кызмат алуучу) Заказчы берген социалдык талонго алмаштыруу менен __________________________________________________________________
(социалдык кызматтын аталышы)
_________________________________________________________________________________ көрсөтүүгө милдеттенет,
ал эми Заказчы Келишимдин шарттарына ылайык Кызмат көрсөтүүчү көрсөткөн кызматтарга төлөп берүү милдетин алат.
2. Кызмат көрсөтүүнүн тартиби
1. Заказчы Алуучуларга социалдык талондорду берет, ошондой эле өзүнүн расмий сайтына же маалымат тактасына Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тизмесин жайгаштырат.
2. Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тизмеси Заказчы тарабынан алфавиттик тартипте алардын аталышы боюнча түзүлөт.
3. Социалдык талон берилген алуучу кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тизмесинде көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүчүлөрдүн биринен өз каалоосу боюнча, анын ичинде ушул Келишим түзүлгөн Кызмат көрсөтүүчүдөн кызмат алууга укуктуу.
4. Кызмат көрсөтүүчү төмөнкү даректен Кызмат алуучуга кызмат көрсөтөт: ________________________________
5. Кызмат алууда Кызмат алуучу Кызмат көрсөтүүчүгө социалдык талонду көрсөтүлгөн кызматка төлөм катары берет.
6. Кызмат көрсөтүүчү стандарттардын жана/же Келишимдин тиркемесинде белгиленген талаптарга ылайык Кызмат алуучуга кызмат көрсөтөт жана Кызмат алуучуга социалдык талондун айрыма дүмүрчөгүн берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жана төлөө тартиби
7. Кызматтын наркы социалдык талондо көрсөтүлөт.
8. Социалдык талон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча таризделет.
9. Ар бир айдын бешине чейин Кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн төл эсепти Заказчыга берет.
10. Төлөм үчүн эсепке көрсөтүлгөн кызматтарга алынган социалдык талондор тиркелет.
11. Заказчы төлөм үчүн эсепти жана колдонулган социалдык талондорду алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде Кызмат көрсөтүүчүнүн банк эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен көрсөтүлгөн кызматтарга төлөйт.
4. Мониторинг жана контроль
12. Заказчы Кызмат көрсөтүүчүнүн иши үчүн тоскоолдуктарды түзбөй, Келишимдин аткарылышын контролдойт жана мониторинг жүргүзөт.
13. Кызмат көрсөтүүчүнүн Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткаруусун Заказчы төмөнкүдөй контролдойт:
1) Кызмат алуучулардын арыздарын жана даттанууларын карап чыгат;
2) Кызмат көрсөтүүчүнүн кызматтарды көрсөтүүсү боюнча ишин текшерет.
14. Кызмат көрсөтүүчүнүн ишин Заказчы төмөнкү маалыматтар түшкөн учурда текшерет:
1) Кызмат көрсөтүүчүнүн Келишимдин шарттарын бузуу менен кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартуусу жөнүндө;
2) Кызмат көрсөтүүчү Келишимде каралбаган кызматты социалдык талонго көрсөтүүсү жөнүндө;
3) Келишимдин тиркемесинде көрсөтүлгөн стандарттарга жана/же талаптарга ылайык келбеген кызматтардан Кызмат көрсөтүүчүнүн баш тартуусу жөнүндө;
4) Кызмат көрсөтүүчү менен Кызмат алуучунун ортосунда көмүскө бүтүм түзүлгөндүгү жөнүндө, жыйынтыгында Кызмат көрсөтүүчү кызматтарды көрсөтпөй туруп Кызмат алуучуга акчалай жана/же башка формада социалдык талондун бир бөлүгүн же толук наркын кайтарып берет;
5) социалдык талондун негизинде жарандарга кызмат көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын же Келишимдин башка шарттарын бузуу жөнүндө.
15. Кызмат көрсөтүүчү Келишимдин шарттарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча Заказчыга жардам берүүгө милдеттенет.
5. Ал жеткис күчтөр
16. Тараптар, эгерде Келишимди түзгөндөн кийин пайда болгон жана өзгөчө мүнөздөгү ал жеткис күчтөрдүн таасиринин натыйжасында талаптагыдай аткаруу мүмкүн болбогондо, Келишим боюнча милдеттерди жарым-жартылай же толук аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
17. Ал жеткис күчтөргө өрт, суу каптоо, жер титирөө, согуш, массалык тартип бузуулар жана Келишим боюнча милдеттерди аткарууга түздөн-түз таасирин тийгизген башка жагдайлар кирет.
18. Келишим боюнча милдеттерди аткаруу мөөнөтү ал жеткис күчтөр орун алган убакыт аралыгына узартылат.
19. Келишим боюнча өз милдеттерин ал жеткис күчтөрдүн кесепетинен аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган тарап 3 жумуш күндүн ичинде экинчи Тарапка аталган жагдайлардын орун алышы тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
20. Бир Тараптын талабы боюнча экинчи Тарап суроо-талап түшкөн күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде тиешелүү ыйгарым укуктуу орган берген ал жеткис күчтөрдүн келип чыкканын ырастаган документти берүүгө милдеттүү.
21. Тараптар аталган жагдайлар келип чыккан күндөн тартып 30 календардык күн өткөндө 17-пунктта каралган ал жеткис күчтүн кесепеттеринин болгонун ырастаган документтерди берүүнү талап кылуу укугунан ажырайт.
22. Ал жеткис күчтөрдүн болгондугу тууралуу кабарлабоо же кечиктирип кабарлоо, ошондой эле ал жеткис күчтөрдүн болгон фактысын ырастаган документти бербөө же кечиктирип берүү Тарапты мындай жагдайларга шилтемелөө укугунан ажыратат.
6. Келишимди бузуу
23. Заказчы Келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартууга же аны төмөнкү учурларда бузууга укуктуу:
1) Кызмат көрсөтүүчүнүн Келишимдин шарттарын бузуу менен Кызмат алуучуга кызмат көрсөтүүдөн бир нече (эки жана андан көп) жолу баш тартканда;
2) белгиленген стандарттарга жана/же талаптарга ылайык келбеген же Келишимде каралбаган кызматтарды көрсөткөндө;
3) Келишимдин башка ар түрдүү олуттуу шарттарын бузганда.
24. Кызмат көрсөтүүчү бир тараптуу түрдө Келишимди аткаруудан баш тартууга же Келишимдин 3-бөлүмүндө каралган шарттарды Заказчы бузган учурда Келишимди бузууга укуктуу.
25. Келишимдин 6-бөлүмүнүн 23 жана 24-пункттарында каралган учурларда Келишимди мөөнөтүнөн эрте бузуу экинчи Тарапты жазуу жүзүндө кабарлоо жолу менен жүргүзүлөт. Келишимди бузуу датасы болуп экинчи Тарап жазуу жүзүндөгү кабарламаны алган күн эсептелет.
26. Келишим мөөнөтүнөн эрте бузулган учурда Кызмат көрсөтүүчү Келишимди бузган күнгө чейин Кызмат алуучуга көрсөткөн кызматтары үчүн эсепти Заказчыга берет. Заказчы Келишимдин 2-бөлүмүнө ылайык Кызмат көрсөтүүчү көрсөткөн кызматтарга төлөп берүүгө милдеттүү.
27. Заказчы Келишимдин олуттуу шарттарын бузган Кызмат көрсөтүүчү менен социалдык талондор аркылуу төлөнгөн кызматтарды көрсөтүү келишимин түзүүдөн баш тартууга Келишимди мөөнөтүнөн эрте бузган күндөн тартып 3 жылдын ичинде укуктуу.
7. Келишимди колдонуу мөөнөтү
28. Келишимге эки тарап тең кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана 20__-ж. "__" ________ чейин колдонулат.
8. Талаштарды чечүү, тараптардын жоопкерчилиги жана башка жоболор
29. Келишим боюнча талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет. Сүйлөшүүлөр жолу менен талаш-тартыштарды чечүү мүмкүн болбогон учурда, талаштар сот тарабынан чечилет.
30. Ушул Келишим боюнча өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
31. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлдү.
32. Келишим Тараптардын макулдашуусу боюнча кошумча макулдашууга кол коюу менен өзгөртүлүшү, толукталышы же узартылышы мүмкүн.
9. Тараптардын дареги, маалым даректери жана колу
Заказчы | Кызмат көрсөтүүчү |
Дареги: ____________________________________ __________________________________________ __________________________________________
| Дареги: ____________________________________ __________________________________________ __________________________________________
|
Банктык маалым даректери: _________________ __________________________________________ __________________________________________
| Банктык маалым даректери: _________________ __________________________________________ __________________________________________
|
_________________________ Колу М.О. | _________________________ Колу М.О. |
|
| Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү тартибине 4-тиркеме |
Социалдык талондор аркылуу көрсөтүлгөн кызматтарга ТӨЛӨӨ ЭСЕБИ
___________ тартып __________ чейин Келишимге ылайык көрсөтүлгөн кызматтар үчүн 20__-ж. "__" ____________ № _____ коомдук талондор аркылуу төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө.
Мамлекеттик заказчынын аталышы: ___________________________________________________________
Кызмат көрсөтүүчүнүн аталышы: ______________________________________________________________
Кызмат көрсөтүүчүнүн дареги: ________________________________________________________________
Кызмат көрсөтүүчүнүн ИНН: __________________________________________________________________
Кызмат көрсөтүүчүнүн банктык маалым даректери: ______________________________________________
__________________________________________________________________________________________
№ | Кызматтын аталышы | Кызматты көрсөтүү датасы | Социалдык талондун номери | Социалдык талондун наркы (сом) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Натыйжада төлөөгө: |
|
|
|
Жалпы төлөөгө: _________________________________________________________________________
(суммасын жазуу менен)
Датасы: 20__-ж. "__" _______________
Кызмат көрсөтүүчүнүн колу: ______________________________________________________________
М.О.
|
| Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү тартибине 5-тиркеме |
Берилген социалдык талондордун РЕЕСТРИ
№ | Социалдык талон берилген буйруктун номери жана датасы | Социалдык талон берилген дата | Социалдык талондун номери жана аны колдонуу мөөнөтү | Социалдык талондун акчалай номиналы (сом менен) | Социалдык талонду алган адамдын, ошондой эле социалдык кызматты алуучунун(1) аты-жөнү | Социалдык талонду алуучунун колу(2) | Социалдык талонду колдонуу датасы | Кызмат көрсөтүүчүнүн аталышы жана дареги | Кызмат көрсөтүүчүгө социалдык талондун наркын төлөө күнү | Кызмат көрсөтүүчүгө социалдык талондун наркын төлөбөө себептери тууралуу маалымат |
| 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
№ 1(3) бөлүм ________________________________________________________________________, 20__-ж. "__" ____________ жарыяланган (социалдык талондун негизинде берилген социалдык кызматтын аталышы) | ||||||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
| Ill |
|
|
|
|
|
№ 2 бөлүм ________________________________________________________________________, 20__-ж. "__" ____________ жарыяланган (социалдык талондун негизинде берилген социалдык кызматтын аталышы) | ||||||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
№ 3 бөлүм ________________________________________________________________________, 20__-ж. "__" ____________ жарыяланган (социалдык талондун негизинде берилген социалдык кызматтын аталышы) | ||||||||||
| ||||||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
№ 4 бөлүм ________________________________________________________________________, 20__-ж. "__" ____________ жарыяланган (социалдык талондун негизинде берилген социалдык кызматтын аталышы) | ||||||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(1) Эгерде кызмат социалдык талонду албагандарга көрсөтүлсө.
(2) Кол реестрдин кагаз жүзүндөгү вариантына гана коюлат.
(3) Бөлүмдөрдүн саны мамлекеттик заказчы көрсөткөн кызматтардын түрүнүн санына барабар.