Загрузка документа…
4-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Жобо "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталынын иштөө тартибин аныктайт.
2. Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы (мындан ары - мамлекеттик гранттар порталы) http://www.gosgrantynasotsproekty.gov.kg дареги боюнча Интернет тармагында жайгашкан маалыматтык-сервистик мультимедиялык борборлоштурулган Интернет-ресурстан турат.
3. Мамлекеттик гранттар порталынын интерфейси кызыккан адамдарга порталдын бир сабында сынакты жарыялаган учурдан конкурстун жеңүүчүлөрү коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырып бүткөнгө чейин коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттар бөлүнгөн тигил же бул социалдык программа тууралуу бардык керектүү маалыматты алууга мүмкүндүк түзүүчү жыйынды таблица болуп көрүнөт.
4. Мамлекеттик гранттар порталынын интерфейсинин болжолдуу үлгүсү ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилди.
5. Кошумча маалымат алуу үчүн мамлекеттик гранттар порталынын башка баракчаларына өтүү порталдын тиешелүү колонкаларында жайгашкан активдүү гипершилтемелердин жардамы менен камсыздалат.
2. Мамлекеттик гранттар порталын түзүүнүн максаттары
6. Мамлекеттик гранттар порталы төмөнкү максаттарда түзүлгөн:
1) мамлекеттик (республикалык жана жергиликтүү) бюджеттерден каржыланган коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун натыйжалуу уюштуруу;
2) бардык кызыккан адамдар үчүн коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик (республикалык жана муниципалдык) гранттар тууралуу маалыматка ачык жетүүнү камсыздоо;
3) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда, анын ичинде коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурстарын өткөрүүдө айкындыкты камсыздоо;
4) коомчулуктун төмөнкүлөр тууралуу маалыматка жетүүсүн камсыздоо:
1) мамлекеттик жана муниципалдык органдар ишке ашыруучу социалдык программалар;
2) коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого конкурстар, анын ичинде темалары, мөөнөттөрү, аларды өткөрүү тартиби жөнүндө;
3) конкурстардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү;
4) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү;
5) мамлекеттик бюджеттен каржыланган социалдык долбоорлорду ишке ашырууга тиешелүү башка ар түрдүү маалымат;
5) мамлекеттик социалдык заказдын алкагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу;
6) республикалык жана муниципалдык бюджеттерден мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды колдонуунун натыйжалуу коомдук мониторингин жүргүзүү;
7) мамлекеттик социалдык заказдын алкагында көрсөтүлгөн кызматтардын сапатынын минимумдук социалдык стандарттардын талаптарына жана мамлекеттик заказчы белгилеген башка талаптарга ылайык келишин баалоо.
3. Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого гранттарды бөлүү тууралуу конкурсту жарыялоо
7. Тиешелүү бюджетти бекитүү тууралуу ченемдик укуктук акт күчүнө кирген күндөн тартып ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик социалдык заказдын программасын каржылоого бюджетинде каражаттар каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мамлекеттик заказчы статусуна ээ болот.
8. Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого конкурс тууралуу жарыя мамлекеттик заказчы тарабынан порталдын № 2 колонкасында жайгаштырылган ("Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн башка ыкмалардан тышкары) тиешелүү гипершилтеме аркылуу мамлекеттик гранттар порталында жарыяланат. Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого конкурс тууралуу жарыянын үлгү формасы ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилди.
4. Долбоорлоо сунуштарды, арыздарды берүү жана аларды баалоо
9. Мамлекеттик гранттар порталы аркылуу кызыкдар уюмдар онлайн режиминде конкурска катышуу үчүн арызды жана долбоордук сунушун бере алышат. № 3 колонкадагы "Арыз берүү үчүн бул жерди басыңыз" гипершилтемесин басууда ачылган беттин үлгүсү ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилди.
10. Мамлекеттик заказчы конкурс тууралуу жарыяда конкурска катышуу үчүн арыз берүү мөөнөтүн көрсөтөт, ал коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурсту жарыялаган күндөн тартып 30дан кем жана 40 календардык күндөн ашпоого тийиш. Бул мөөнөт аяктагандан кийин мамлекеттик гранттар порталы конкурска катышуу үчүн арыздарды кабыл албайт.
11. Мамлекеттик гранттардын порталындагы № 4 колонкада мамлекеттик заказчы Долбоорлоо сунуштар ачыла турган күн жана убакыт тууралуу маалыматты жайгаштырат. Бул убакыт келгенде гранттык комиссия түшкөн Долбоорлоо сунуштарын ачат жана "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте аларды баалайт.
12. Мамлекеттик гранттар порталынын № 4 колонкасында "Катышуучулардын тизмесин жана Долбоорлоо сунуштарын кароо" гипершилтемеси аркылуу бардык каалоочулар конкурстун катышуучуларынын тизмесин көрө алышат. Бул гипершилтемеге басууда ачылган беттин үлгүсү ушул Жобонун 4-тиркемесинде келтирилди.
13. Мамлекеттик заказчы мамлекеттик гранттар порталынын № 5 колонкасында рейтинг таблицасын жарыялаганга чейин "Долбоорлук сунуштарды карап чыгуу" гипершилтемеси (Конкурстун катышуучуларынын тизмеси бар таблицада жайгаштырылган) активдүү эмес боюнча калат жана конкурстун катышуучуларынын Долбоорлоо сунуштарын карап чыгууга мүмкүндүк бербейт.
14. Мамлекеттик заказчы алынган балл менен конкурстук өтүнмөлөрдүн рейтингдик таблицасын жарыялайт жана конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт, аларды мамлекеттик гранттар порталынын № 5 колонкасындагы тиешелүү гипершилтеме аркылуу көрүүгө болот. Бул гипершилтемени басканда ачылган беттин үлгүсү ушул Жобонун 5-тиркемесинде келтирилди.
15. Мамлекеттик заказчы "Долбоорлоо сунуштарын карап чыгуу" гипершилтемеси аркылуу рейтинг таблицасын жарыялоо менен бирге (конкурстун катышуучуларынын тизмеси бар таблицада жайгаштырылган) бардык кызыкдар тараптарга конкурстун катышуучуларынын Долбоорлоо сунуштары менен таанышуу үчүн ачык болот.
5. Даттанууну берүү жана карап чыгуу тартиби
16. Конкурстун жыйынтыктарына макул болбогон конкурстун катышуучулары гранттык комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып бир айдын ичинде гранттык комиссиянын чечимине даттана алат. Даттанууну мамлекеттик гранттардын порталынын № 6 колонкасында жайгаштырылган гипершилтеме аркылуу берүүгө болот. "Даттанууну берүү" гипершилтемени басканда ачылган беттин үлгүсү ушул Жобонун 6-тиркемесинде келтирилди.
17. Түшкөн даттанууларды "Даттанууну берүү" № 6 колонкасындагы гипершилтемеге басканда ачылуучу бетке жайгаштырылган "Даттанууларды кароо" гипершилтемеси аркылуу көрүүгө болот. Түшкөн даттануулардын тизмесинин болжолдуу үлгүсү ушул Жобонун 7-тиркемесинде келтирилди.
18. Түшкөн даттанууларды мыйзамда белгиленген мөөнөттө карап чыккандан кийин гранттык комиссия ар бир даттануу боюнча чечим чыгарат. Даттануулар боюнча гранттык комиссиянын чечимин "Даттанууну берүү" № 6 колонкасындагы гипершилтемеге басканда ачылуучу бетке жайгаштырылган "Даттануулар боюнча чечим" гипершилтемеси аркылуу көрүүгө болот. Түшкөн даттануулар боюнча гранттык комиссиянын чечиминин болжолдуу формасы ушул Жобонун 8-тиркемесинде келтирилди.
6. Конкурстун жеңүүчүлөрү менен келишимдерди түзүү
19. Мамлекеттик заказчы долбоордун аткаруучусу менен коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим түзөт. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу келишимдер түзүлгөн конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин мамлекеттик гранттар порталынын № 7 колонкасында жайгаштырылган "Келишимдер" гипершилтемеси аркылуу көрүүгө болот. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга келишимдер түзүлгөн конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесинин болжолдуу үлгүсү ушул Жобонун 9-тиркемесинде келтирилди.
20. Конкурстун жеңүүчүлөрү менен коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу келишимдер типтүү келишимдин негизинде түзүлөт, анын формасы ушул Жобонун 10-тиркемесинде келтирилди.
7. Текшерүү актылары, мониторинг жана баалоо тууралуу отчеттор, долбоордун аткаруучусунун отчеттору жөнүндө маалымат
21. Мамлекеттик гранттар порталынын № 8 колонкасына жайгаштырылган гипершилтеме аркылуу коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу төмөнкү документтер жарыяланат:
1) мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорлордун аткаруучулар тарабынан ишке ашырылуусун текшерүү актысы;
2) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун мониторинги жана баалоосу тууралуу отчеттор;
3) коомдук пайдалуу долбоорлорду аткаруучулардын программалык жана финансылык отчеттору.
22. "Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруучу КЭУ тизмеси" гипершилтемесин басканда ачылган беттин үлгүсү ушул Жобонун 11-тиркемесинде келтирилди.
8. Мамлекеттик гранттар порталында жайгаштырылуучу кошумча маалымат
23. Мамлекеттик гранттар порталында кошумча төмөнкүдөй маалымат жайгаштырылат:
1) "Порталды кантип колдонуу керек?" видеоролиги;
2) "Көп бериле турган суроолор" бөлүмү (анын форматы ушул Жобонун 13-тиркемесинде келтирилди);
3) "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" бөлүмү;
4) Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун мөөнөттөрү жана этаптары боюнча схема (ушул Жобонун 14-тиркемесинде келтирилди);
5) Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу тууралуу башка пайдалуу маалымат.
9. Мамлекеттик гранттар порталын башкаруу
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик гранттар порталын башкаруу боюнча функциясы жүктөлө турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) аныктайт.
25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо каралган тартипте мамлекеттик гранттар порталынын иштөөсүн камсыздайт.
26. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик гранттар порталынын иштөөсүнө байланыштуу төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт:
1) мамлекеттик гранттар порталынын программалык-аппараттык комплексин коштоону жана тынымсыз иштөөсүн камсыздайт;
2) мамлекеттик гранттар порталында маалыматтык материалдарды ыкчам жарыялоону камсыздайт;
3) мамлекеттик гранттар порталында маалыматтык ресурстарды үзгүлтүксүз резервдик көчүрөт жана архивдештирет;
4) мамлекеттик гранттар порталында маалыматтык коопсуздукту камсыздайт;
5) Интернет тармагында мамлекеттик гранттар порталын илгерилетүү жана жайылтуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
6) конкурстар тууралуу жарыялоону, арыздардын жана Долбоорлоо сунуштардын түшүүсүн, ошондой эле мамлекеттик гранттар порталынын пайдалануучуларынан келген даттанууларды жана сунуштарды байкоого алат;
7) мамлекеттик гранттар порталынын программалык-аппараттык комплексин өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
8) мамлекеттик гранттар порталынын серверинде же программалык-аппараттык комплексинин башка элементтеринде техникалык иштерди өткөргөн учурда бир күндүк мөөнөттө өткөрүлүп жаткан иштер тууралуу жана мамлекеттик гранттар порталынын ишинин боло турган натыйжалары тууралуу порталдын бардык колдонуучуларына мамлекеттик гранттар порталынын башкы жаңылыктар лентасында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу жолу менен порталдын бардык колдонуучуларына кабарлайт;
9) порталдын программалык камсыздоо ишин үзгүлтүккө учураткан кырдаал пайда болгон учурда бир күндүк мөөнөттө өткөрүлүп жаткан иштер жана бузуктарды жоюу мөөнөттөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кабарлайт.
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталынын башкы бетинин интерфейси
|
| |||||||||
Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын порталы | ||||||||||
Конкурстун № | Мамлекеттик заказчы | Социалдык программанын аталышы Конкурстун шарттары Долбоорлоо сунуштарын баалоо критерийлери | Долбоорлоо сунуштарга арыз берүү | Конкурска катышуучулардын тизмеси жана алардын Долбоорлоо сунуштары Долбоорлоо сунуштарын ачуу убактысы жана датасы | Алынган баллы менен конкурстук өтүнмөлөрдүн рейтингдик таблицасы Конкурсту жеңүүчүлөрдүн тизмеси | Гранттык комиссиянын чечимдерин даттануу Даттануулардын тизмеси Даттануу боюнча чечим | Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу келишимдер | Текшерүү актысы Мониторинг жана баалоо тууралуу отчеттор Долбоорду аткаруучунун отчеттору | ||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | ||
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги |
| Арызды берүү үчүн бул жерди басыңыз | караңыз | караңыз | Арыз берүү, түшкөн даттануулардын тизмесин жана даттануу боюнча чечимдерди кароо | келишимдер | караңыз | ||
2 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
| Арызды берүү үчүн бул жерди басыңыз | караңыз | караңыз | Арыз берүү, түшкөн даттануулардын тизмесин жана даттануу боюнча чечимдерди кароо | келишимдер | караңыз | ||
3 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
| Арызды берүү үчүн бул жерди басыңыз | караңыз | караңыз | Арыз берүү, түшкөн даттануулардын тизмесин жана даттануу боюнча чечимдерди кароо | келишимдер | караңыз | ||
4 | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
| Арызды берүү үчүн бул жерди басыңыз | Ачуу күнү жана убактысы 2017-жылдын 29-декабры, саат 10.00 Катышуучулардын тизмесин жана долбоордук сунушун карап чыгуу | караңыз | Арыз берүү, түшкөн даттануулардын тизмесин жана даттануу боюнча чечимдерди кароо | келишимдер | караңыз | ||
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого конкурс тууралуу ЖАРЫЯ
1. Конкурсту жарыялаган күн: "__" _____________ 20__-жыл
2. Мамлекеттик заказчынын аталышы: _________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
3. Программанын аталышы: __________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
4. Долбоордун максаты: _____________________________________________________________________
5. Долбоордун милдеттери: __________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
6. Гранттын максимумдук суммасы ________________________________________________________ сом.
7. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү ___________________________________________________________
8. Конкурстун катышуучуларына коюлган талаптар:
1) Конкурстун катышуучулары болуп "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган чөйрөдө өз ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдар (саясий партиялардан тышкары) саналат, алар конкурстун жарыяланган темасынын чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы болбоого тийиш.
2) Конкурстун катышуучусу юридикалык жак катары катталышы керек жана банк эсеби болушу зарыл. Эгерде конкурстун катышуучусунун банк эсеби болбосо, ага конкурстук документтерди берген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде банк эсебин ачуу мүмкүнчүлүгү берилет.
3) Бир нече коммерциялык эмес уюмдар келишимдик негизде долбоордук топту (мындан ары - консорциум) түзө алышат жана конкурска катышуу үчүн жалпы арызды жана долбоордук сунушту бере алышат. Мындай учурда арызда жана долбоордук сунушта уюмдардын ортосундагы функциялар, бюджет, жоопкерчилик жана долбоорду ишке ашырууга ар биринин салымы бөлүштүрүлүшү керек, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсуна катышуучу катары консорциумдун атынан иштей турган консорциумдун мүчөсү аныкталат.
4) Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун бир темасынын алкагында бир консорциумдун курамында гана катыша алат. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун бир темасынын алкагында бир гана арыз бере алат.
9. Конкурска катышуу үчүн керек болгон документтер:
1) Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсуна катышуу тууралуу арызда уюмдун уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почталык дареги, телефон номери, уюмдун электрондук дареги, уюмдун жетекчисинин мобилдик телефонунун номери, ошондой эле сунуш кылынган долбоордук сунуштун темасынын аталышы тууралуу маалымат камтылышы керек.
2) Консорциумдун атынан берилген конкурска катышуу тууралуу арызда уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почталык дареги, телефон номери, консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн электрондук почтасынын дареги жана консорциумдун атынан иштеген уюмдун жетекчисинин мобилдик телефонунун номери, ошондой эле сунуш кылынган долбоордук сунуштун темасынын аталышы тууралуу маалымат камтылышы керек.
3) Арызга төмөнкү документтер тиркелиши керек:
- юридикалык жак катары коммерциялык эмес уюмду каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- коммерциялык эмес уюмдун уставынын көчүрмөсү;
- конкурстун темасына дал келген ишти жүргүзгөн бөлүгүндө өткөн жылга (же конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча бир нече өткөн жылдар үчүн) уюмдун программалык отчетунун көчүрмөсү;
- билими тууралуу тиешелүү документтердин көчүрмөсү жана коомдук пайдалуу долбоорлорду аткаруучулардын резюмеси (коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу белгилүү квалификациясы бар кызматкерлерди тартууну талап кылган учурда);
- долбоорлоо сунушу жана анын бюджети;
- катышуучунун арызы, анда коммерциялык эмес уюмдун төмөнкү маалыматтары камтылат:
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу;
коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизе турган карыз жана башка милдеттер менен чектелбегендиги;
4) Консорциумдун арызына консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн ушул пункттун 3-пунктчасында каралган документтер тиркелиши керек.
5) Конкурстук документтер төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- ачык:
салыктар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка милдеттер боюнча карыздын жоктугу тууралуу арыз;
өткөн жылга уюмдун иши тууралуу программалык отчеттун, юридикалык жак катары уюмду каттоо тууралуу күбөлүктүн, уюмдун уставынын көчүрмөсү;
коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучулардын билими тууралуу документтердин көчүрмөсү жана резюмеси (өмүр баянынан маалыматтар);
- жабык (жашыруун) - долбоордук сунушу жана анын бюджети, алар:
чапталган конвертте берилет, же
коду бар формада PDF форматында сканерленген түрдө электрондук почта боюнча жиберилет.
Гранттык комиссия долбоорлоо сунуштарын кароонун алдында коддун шифри гранттык комиссиянын төрагасына анын суроо-талабы боюнча электрондук почта аркылуу жиберилет.
10. Долбоорлоо сунуштарын баалоо критерийлери
Долбоорлоо сунуштары төмөндө келтирилген баалоо баракчасында каралган критерийлерге ылайык бааланат:
11. Баалоо баракчасы
Долбоор № ________
Долбоордун аталышы ______________________________________________________________
Баалоо критерийлери | Ылайык келүү деңгээли | Баалоо чеги (балл менен) | Бул долбоор боюнча коюлган балл | |
1. Жарыяланган конкурстун максаттарына жетүүгө сунуш кылынган долбоордун багытталышы | ||||
1) | Жарыяланган конкурстун темасына долбоорлоо сунушунун ылайык келүү деңгээли | Ылайык келбейт | 1-3 |
|
Айрым ылайык келбеген учурлар бар | 4-6 |
| ||
Ылайыктуу | 7-10 |
| ||
2) | Долбоордун максаттарын жана милдеттерин коюунун тактыгы | Долбоордун максаты жана милдети так жана ачык берилген жок | 1-3 |
|
Долбоордун максаты жана милдети так эмес жана ачык эмес берилген | 4-6 |
| ||
Долбоордун максаты жана милдети так жана ачык берилген | 7-10 |
| ||
3) | Сунушталган иш-чаралардын жүзөгө ашырыла тургандыгы | Сунушталган иш-чаралар жүзөгө ашпайт | 1-3 |
|
Сунушталган иш-чаралардын жүзөгө ашуусуна айрым күмөндөр бар | 4-6 |
| ||
Сунушталган иш-чаралар жүзөгө ашат | 7-10 |
| ||
4) | Коомдук пайдалуу максаттарга жетүүнүн инновациялык ыкмаларынын болушу | Инновациялык ыкмалар сунушталган жок | 1-3 |
|
Коомдук пайдалуу максаттарга жетүүдөгү маанилүү болбогон инновациялык ыкмалар сунушталат | 4-6 |
| ||
Коомдук пайдалуу максаттарга жетүүдөгү инновациялык ыкмалары сунушталат | 7-10 |
| ||
2. Долбоорду ишке ашырууга конкурстун катышуучуларынын ресурстук жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүнүн ылайыктуулугу | ||||
1) | Конкурстун катышуучусунун техникалык жана мүлктүк потенциалы | Ылайык келбейт | 1-3 |
|
Айрым ылайык келбеген учурлар бар | 4-6 |
| ||
Ылайык келет | 7-10 |
| ||
2) | Коюлган милдеттерди чечүүдө ийгиликтүү тажрыйбанын болушу | Ийгиликтүү тажрыйба жок | 1-3 |
|
Тажрыйба бар, бирок анын ийгиликтүүлүгү далилденген эмес | 4-6 |
| ||
Ийгиликтүү тажрыйба бар | 7-10 |
| ||
3) | Персоналдын кесипкөйлүгүнүн деңгээли | Уюмдун персоналынын сунушталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү квалификациясынын жоктугу | 1-3 |
|
Уюмдун персоналынын сунушталган долбоорду ишке ашыруу үчүн квалификациясы канааттандырарлык | 4-6 |
| ||
Уюмдун персоналынын сунушталган долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү квалификациясы бар | 7-10 |
| ||
3. Долбоордун актуалдуулугу | ||||
1) | Проблемаларды чечүүгө долбоордун багытталышы жана максаттуу топтун керектөөсүн канааттандыруусу | Багытталган жок | 1-3 |
|
Жарым-жартылай багытталган | 4-6 |
| ||
Багытталган | 7-10 |
| ||
2) | Пайда көрүүчүлөрдү камтуу масштабы | Минимумдук | 1-3 |
|
Жарым-жартылай | 4-6 |
| ||
Толук | 7-10 |
| ||
4. Долбоордун бюджети | ||||
1) | Бюджетте долбоордун иш-чараларын ишке ашырууну чагылдыруу | Бюджет сунушталган иш-чараларга ылайык келбейт | 1-3 |
|
Бюджеттин жана сунушталган иш-чаралардын айрым ылайык келбеген жагдайлары бар | 4-6 |
| ||
Бюджет сунушталган иш-чараларга ылайык келет | 7-10 |
| ||
2) | Чыгымдардын негиздүүлүгү жана жол берилгендиги | Чыгымдар негиздүү эмес | 1-3 |
|
Чыгымдар көп негиздүү эмес жана жол берилбегендей | 4-6 |
| ||
Чыгымдар негиздүү жана аларга жол берилет | 7-10 |
| ||
5. Башка булактардан долбоорду ишке ашыруу үчүн кошумча каржылоону тартуу (колдонула турган учурларда) | ||||
1) | Уюмдун жеке салымынын өлчөмү | Уюмдун жеке салымы жок | 1-3 |
|
Наркы боюнча жеке салым суралган каражаттан 25% кем эмести түзөт | 4-6 |
| ||
Наркы боюнча жеке салым суралган каражаттан 50% кем эмести түзөт | 7-10 |
| ||
2) | Кошумча тартылган каражаттардын көлөмү | Кошумча тартылган каражаттар жок | 1-3 |
|
Наркы боюнча кошумча тартылган каражаттар суралган каражаттан 25% кем эмести түзөт | 4-6 |
| ||
Наркы боюнча кошумча тартылган каражаттар суралган каражаттан 50% кем эмести түзөт | 7-10 |
| ||
6. Долбоордун күтүлгөн жыйынтыктары | ||||
1) | Долбоордун күтүлгөн жыйынтыктарынын сандык көрсөткүчтөрү | Долбоордун күтүлгөн жыйынтыктарынын сандык көрсөткүчтөрү келтирилген жок | 1-3 |
|
Долбоордун күтүлгөн жыйынтыктарынын айрым сандык көрсөткүчтөрү бар | 4-6 |
| ||
Күтүлгөн жыйынтыктардын сандык көрсөткүчтөрү долбоорду ишке ашыруунун мониторинги жана баалоосу үчүн толук көлөмдө келтирилген | 7-10 |
| ||
2) | Долбоор аяктагандан кийин максаттуу топ үчүн жакшы натыйжасы | Долбоор аяктагандан кийин максаттуу топ үчүн жакшы натыйжасы күтүлбөйт | 1-3 |
|
Долбоор аяктагандан кийин максаттуу топ үчүн жакшы натыйжа бериши мүмкүн | 4-6 |
| ||
Долбоор аяктагандан кийин максаттуу топ үчүн жакшы натыйжа алуу тууралуу ишенимдүү айтса болот | 7-10 |
| ||
7. Долбоорду каржылоо аяктагандан кийин ишти улантуу мүмкүндүгү (колдонула турган учурда) | ||||
1) | Долбоорду каржылоо аяктагандан кийин ишти улантуу мүмкүндүгү (колдонула турган учурда) | Ишти улантууга ишеним жок | 1-3 |
|
Ишти улантууга бир аз ишеним бар | 4-6 |
| ||
Ишти улантууга ишеним бар | 7-10 |
| ||
8. Мамлекеттик заказчы белгилеген кошумча критерийлер(1) | ||||
1) |
|
| 1-2 |
|
| 3-6 |
| ||
| 7-8 |
| ||
2) |
|
| 1-2 |
|
| 3-6 |
| ||
| 7-8 |
| ||
Сунушталган долбоорлоо сунушу боюнча жыйынтык балл(2) |
| |||
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Конкурска катышуу тууралуу арыз жана ага тиркелген документтер мамлекеттик заказчы же анын аймактык бөлүмү аркылуу арыз ээсинин тандоосу боюнча төмөнкү ыкмалардын бири аркылуу берилиши мүмкүн:
1) жеке дарек боюнча:
________________________________________________________________________________________;
2) кабарламасы бар заказ катын почта аркылуу төмөнкү дарек боюнча:
________________________________________________________________________________________;
3) "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунун "б" пунктчасында каралган тартипте ______________________________ дареги боюнча электрондук почта аркылуу гранттык комиссияга сканирленип жиберилет;
4) бул портал аркылуу:
Коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсуна катышуу үчүн арыз жана керектүү документтер тиркелет:
ЖӨНӨТҮҮ
|
Конкурска катышуу тууралуу арызды жана ага тиркелген документтерди алгандан кийин мамлекеттик заказчы конкурска катышуу үчүн арызды жана тиркелген документтерди кабыл алгандыгы жөнүндө маалымкат берет. Эгерде арыз конкурска катышуу тууралуу жана ага тиркелген документтер почта, электрондук почта, бул сайт аркылуу алынса - мамлекеттик заказчы электрондук почта же башка ыкма менен конкурска катышуу үчүн арызды жана тиркелген документтерди алгандыгы жөнүндө арызчыга кабарлайт, анда арызчы кабарлоону алгандыгын ырастоого мүмкүндүк түзөт.
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Конкурстун катышуучуларынын жана алардын долбоорлоо сунуштарынын ТИЗМЕСИ
№ | Катышуучунун аталышы | Долбоорлоо сунушу | Сунуш түшкөн дата жана убакыт |
1 |
| Кароо |
|
2 |
| Кароо |
|
3 |
| Кароо |
|
4 |
|
|
|
Долбоорлоо сунуштары менен таанышып чыгууга болот:
1) 20__-жылдын ___________ "__" саат _____ гранттык комиссиянын долбоорлоо сунушун ачуу убактысы жана датасынан кийин;
2) гранттык комиссия долбоорлоо сунуштарын баалагандан жана аны ушул порталдын № 5 колонкасында конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин жана алынган баллы бар конкурстук табыштаманын рейтингдик таблицасы жарыялагандан кийин.
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Алынган баллы бар конкурстук табыштаманын РЕЙТИНГДИК ТАБЛИЦАСЫ
№ | Уюм: | Долбоордун аталышы: | Балл: 19-190 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Гранттык комиссия тарабынан бул рейтинг таблицасындагы ____ ден ____ чейинки номерлердеги уюмдар конкурстун жеңүүчүлөрү деп табылды жана мамлекеттик заказчыга бул долбоорлоо сунуштарын каржылоону сунуштоо чечими кабыл алынды.
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоо жөнүндө
Даттанууну гранттык комиссия конкурстун натыйжаларын жарыялагандан кийин бир айдын ичинде берүүгө болот
Гранттык комиссияга даттануу берүү үчүн: Басыңыз!
Даттануулардын тизмесин жана алардын мазмунун бул жерден кароого болот: Даттанууну караңыз
Даттануулар боюнча гранттык комиссиянын чечимин бул жерден кароого болот: Даттануу боюнча чечим
|
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 7-тиркеме |
Түшкөн даттануулардын ТИЗМЕСИ
№ | Тендердин катышуучусунун аталышы | Даттануу | Даттануу түшкөн дата жана убакыт |
|
| Кароо |
|
|
| Кароо |
|
|
| Кароо |
|
|
| Кароо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 8-тиркеме |
Түшкөн даттануулар боюнча гранттык комиссиянын ЧЕЧИМИ
"__" ___________ 20__-жыл |
| Бишкек ш. |
Гранттык комиссиянын курамы:
1)
2)
3) ...
Өткөрүлгөн конкурс боюнча түшкөн даттанууларды карап чыгып, төмөнкүлөр белгиленген: _______________
___________________________________________________________________________________________
(мамлекеттик заказчынын аталышы)
Гранттык комиссия эсептейт, __________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
Жогоруда баяндалгандардын негизинде гранттык комиссия чечти: ___________________________________
___________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
Төрага _____________________________
Катчы ______________________________
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 9-тиркеме |
Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга келишим түзүлгөн конкурстун жеңүүчүлөрүнүн ТИЗМЕСИ
№ | Уюм: | Келишим |
|
| Кароо |
|
| Кароо |
|
| Кароо |
|
|
|
|
|
|
Конкурстун жеңүүчүлөрү менен коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу келишимдер типтүү келишимдин негизинде түзүлөт.
Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу тууралуу типтүү келишимдин формасы | Кароо(3) |
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 10-тиркеме |
Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу тууралуу КЕЛИШИМ
________________________________________________________________________________________ (аталышы)
"__" ___________ 20__-ж. |
| Бишкек ш. |
_______________________________________________________________________________________________
(каржылоо көрсөткөн уюмдун аталышы жана ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү)
(мындан ары - Мамлекеттик заказчы), бир тараптан ____________________________________ негизинде иштеген жана
____________________________________________________________________________________________________
(каржылоону алган уюмдун аталышы)
(мындан ары - Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу), атынан ____________________________ негизинде иштеген
(уюмдун жетекчисинин аты-жөнү)
______________________________________, экинчи тараптан төмөнкүлөр тууралуу ушул Келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1. Мамлекеттик заказчы _______________________________ (_____________________________) сом өлчөмүндө акча каражаттарын (грантты) максаттуу колдонуу үчүн мамлекеттик социалдык заказдын аткаруучусуна берет, ал эми мамлекеттик социалдык заказдын аткаруучусу ушул Келишим менен бекитилген максаттарда, шартта жана тартипке ылайык грантты кабыл алууга жана бөлүштүрүүгө милдеттүү.
2. Акча каражаттарын (грантты) берүү төмөнкү график боюнча жүргүзүлөт: ________________________________
______________________________________________________________________________________________
3. Гранттын каражаттарын максаттуу пайдалануу болуп коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик социалдык заказды аткарууга жарыяланган конкурстун алкагында берилген бюджеттик каражаттарды сарптоо эсептелет
______________________________________________________________________________________________,
(конкурстун аталышы)
ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген бюджеттин чыгымдар статьясына ылайык.
4. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү:
башталышы - "__" ___________ 20__-жыл
аякташы - "__" __________ 20__-жыл.
5. Ушул Келишимге ылайык берилген каражаттар макулдашылган мөөнөттөргө ылайык колдонулушу керек. Мамлекеттик заказчынын атайын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз белгиленген мөөнөт башталганга чейин же аны аяктагандан кийин колдонууга уруксат берилбейт.
2. Гранттын максаттары
6. Гранттын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
______________________________________________________________________________________________
7. Гранттын максаттарын толук сүрөттөө ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген Техникалык тапшырмада (ушул Келишимдин 1-тиркемеси) берилет.
3. Мамлекеттик заказчынын укуктары жана милдеттемелери
8. Мамлекеттик заказчы Келишим түзүлгөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик социалдык заказды жана Мамлекеттик заказчыга мамлекеттик социалдык заказдын аткаруучусунун төлөм маалым даректерин берүү, ошондой эле ушул Келишим менен аныкталган шарттарга ылайык Аткаруучуга грантты берүүгө милдеттенет. Мамлекеттик заказчы бир тараптуу түрдө көрсөтүлгөн шартты өзгөртүүгө укуктуу эмес.
9. Мамлекеттик заказчы мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун жүрүшүнө учурдагы контролду жүргүзүүгө укуктуу.
10. Мамлекеттик заказчы ушул Келишимди ишке ашыруу менен байланышкан мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучунун ишине кийлигишүүгө укуктуу эмес. Грантты жана мамлекеттик социалдык заказды тиешелүү түрдө аткарууну максаттуу пайдаланууга контролду жүргүзгөн Мамлекеттик заказчынын алкагында мамлекеттик социалдык заказдын иш-чараларын Аткаруучунун ишине кийлигишүү деп эсептелбейт.
11. Мамлекеттик заказчы Мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучудан финансылык жана статистикалык отчеттуулукту же ушул Келишим же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маалыматтарды Аткаруучудан талап кылууга укуктуу эмес.
4. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруунун укуктары жана милдеттери
12. Мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучу ушул Келишимде аныкталган максаттарга гана грантты пайдаланууга милдеттенет жана техникалык тапшырма менен аныкталган кызматтарды толук көлөмдө жана ушул Келишим менен белгиленген мөөнөттө көрсөтөт.
13. Мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучу ушул Келишимдин 14-пунктчасында каралган учурдан тышкары да чыгымдар статьясын дайындалышын өзгөртүүгө укуктуу эмес.
14. Керек болгон учурда Аткаруучу мамлекеттик социалдык каражаттарды Мамлекеттик заказчы менен макулдашуусуз бюджеттин тиешелүү статьясынын суммасынын чектеринде 10 пайыздан ашпаган өлчөмдө чыгымдар статьясынын ортосунда кайра бөлүштүрүүгө жол берилет.
15. Мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучу өз каалоосу боюнча үчүнчү жактарды (жеке жана юридикалык) мамлекеттик социалдык заказ менен каралган иштерди аткарууга/кызматтарды көрсөтүүгө тартууга укуктуу.
16. Мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучу мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун натыйжаларын контролдоону жана баалоону жүргүзүү үчүн кызматтарды алуучулар жана мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучу, Мамлекеттик заказчынын өкүлүнүн ортосундагы жумушчу жолугушуусун Мамлекеттик заказчынын жазуу жүзүндөгү сунушу боюнча уюштурууга милдеттенет.
17. Мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучу ал ээлик кылган жана пайдаланган башка каражаттардан жана мүлктөн ушул Келишимдин негизинде алынган каражаттардын жана мүлктүн өзүнчө эсебин жүргүзөт.
18. Мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучу ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаганда Мамлекеттик заказчыга гранттын пайдаланылбаган бөлүгүн кайтарууга милдеттенет.
5. Отчеттуулук жана контроль
19. Мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучу Мамлекеттик заказчыга грантты пайдалануу тууралуу төмөнкү отчетторду берүүгө милдеттенет:
- коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу тууралуу учурдагы (мезгил аралык) жазуу жүзүндөгү отчетторду берүү:
____________________________________________________________________________________________
(мезгилдүүлүгү көрсөтүлөт)
- коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу тууралуу жыйынтык жазуу жүзүндөгү отчет "__" ___________ 20__-ж. кечиктирилбестен берилет.
20. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу тууралуу учурдагы жана жыйынтык отчетторуна тиешелүү финансылык отчеттор тиркелиши керек, анда долбоордун бюджетинин аткарылышы боюнча чыгымдар чагылдырылат. Финансылык отчетторго документтердин чыгымдарын ырастаган көчүрмөлөр тиркелиши керек.
21. Мамлекеттик социалдык заказды аткарууга тиешеси бар отчеттор, финансылык жана башка документтер мамлекеттик социалдык заказды аткаруучуда сакталышы керек жана керек болгон учурда Мамлекеттик заказчынын кызматкеринин текшерүүсү үчүн берилүүгө тийиш.
22. Финансылык каражаттарды жана мүлктү пайдаланууну текшерүү, ошондой эле, техникалык тапшырмада каралган иштерди аткаруу/кызматтарды көрсөтүү Мамлекеттик заказчы тарабынан финансылык жана башка отчетторду изилдөөнүн, жумушчу жолугушууларын, көз карандысыз экспертизаны өткөрүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
23. Мамлекеттик заказчы мамлекеттик социалдык заказдын аткарылышы тууралуу финалдык отчетторду жактыруу тууралуу мамлекеттик социалдык заказчынын аткаруучусуна жазуу жүзүндө кабарлайт.
6. Тараптардын жоопкерчилиги
24. Ушул Келишим боюнча өзүнө милдеттерди алган тараптардын бири аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, күнөөлүү тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Келишимдин шарттарына ылайык жоопкерчилик тартат.
25. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу аяктаганда же ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү узартылганда гранттык каражаттардын калдыктары, ушул Келишимди бузуу (мөөнөтүнөн эрте токтотуу), сарпталбаган каражаттар же максаттуу пайдалануу тиешелүү документтер менен ырасталбаган каражаттар мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучу тарабынан 30 календарлык күндүн ичинде Мамлекеттик заказчынын эсебине кайтарылат.
26. Ушул Келишим боюнча өз милдеттерин мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучу аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда Мамлекеттик заказчы ушул Келишим боюнча өзүнүн каршы милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууга укуктуу жана мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучудан келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылат.
7. Келишимди бузуу
27. Ушул Келишим төмөнкү учурларда өзүнүн колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотот:
1) - тараптардын макулдашуусу боюнча;
2) - сот органынын чечими боюнча.
28. Ушул Келишимди колдонуу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучу Мамлекеттик заказчы берген акча каражаттарынын пайдаланышы боюнча отчет берет.
8. Келишимди өзгөртүү (толуктоо)
29. Ушул Келишимди өзгөртүүгө жана толуктоого тараптардын макулдугу боюнча жол берилет жана жазуу жүзүндө таризделиши керек.
30. Мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучунун абалын начарлаткан ушул Келишимдин шарттарын өзгөртүүгө жана толуктоого жол берилбейт.
9. Кошумча шарттар
_____________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
10. Талаштарды чечүү
31. Ушул Келишим боюнча талаштар пайда болгон учурда Мамлекеттик заказчы жана мамлекеттик социалдык заказды Аткаруучу аны өз ара сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болгон бардык чараны көрөт.
32. Сүйлөшүү жолу менен ушул Келишим боюнча талаштарды жөнгө салуу мүмкүн болбогон учурда тараптар аларды сот тартибинде чечет.
11. Корутунду жоболор
33. Ушул Келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана "__" __________ 20__-ж. чейин колдонулат.
34. Ушул Келишим тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, эки нускада түзүлгөн.
35. Ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп төмөнкү тиркемелер эсептелет:
1) техникалык тапшырма-коомдук пайдалуу долбоорду сүрөттөө;
2) коомдук пайдалуу долбоордун бюджети;
3) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу боюнча отчеттун формасы.
12. Тараптардын колу жана маалым даректери:
______________________________________ (Мамлекеттик заказчынын аталышы) Дареги: _______________________________ Банк маалым даректери: Банк: _________________________________ Алыш-бериш эсеби: _____________________ БИК: _________________________________ Жетекчи: ______________________________ (аты-жөнү) ______________________________________ (колу) М.О. |
| ______________________________________ (МСЗ Аткаруучунун аталышы) Дареги: _______________________________ Банк маалым даректери: Банк: _________________________________ Алыш-бериш эсеби: _____________________ БИК: _________________________________ Жетекчи: ______________________________ (аты-жөнү) ______________________________________ (колу) М.О. |
|
| Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу тууралуу келишимге тиркеме |
Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун алкагында коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу тууралуу ОТЧЕТ
Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучунун - уюмдун аталышы |
|
|
|
|
|
Социалдык долбоорду ишке ашырууга жооптуу адамдын аты-жөнү жана байланыш маалыматтары |
|
|
|
|
|
Долбоордун аталышы |
|
|
Отчеттук мезгил | _______________ тартып _______________ чейин |
Отчеттун тиби | □ Мезгил аралык □ Финалдык |
Иш-чаралар жана аткарылган иштер(4):
1-милдет 1-иш-чара 1 Дата _____________________ Аталышы ___________________ Натыйжалары __________________ Катышуучулардын саны жана сүрөттөмөсү (кайсы максаттуу топтор катышкан, катышуучулардын тизмеси) Иш-чара 2 Дата _____________________ Аталышы ____________________ Натыйжалары ___________________ Катышуучулардын саны жана сүрөттөмөсү (кайсы максаттуу топтор катышкан) (катышуучулардын тизмесин тиркеңиз) 2-милдет(5) 2-иш-чара Дата ____________________ Аталышы ___________________ Натыйжалары ___________________ Катышуучулардын саны жана сүреттөмөсү (кайсы максаттуу топтор катышкан, катышуучулардын тизмеси) |
Долбоордун максаттарын жана милдеттерин аткарууга талдоо жүргүзүү
Максаттарын жана милдеттерин сүрөттөө | Максатка жана милдеттерге жетүү деңгээли өлчөнгөн индикаторлор | Пландалган натыйжалардын сандык көрсөтүлүшү | Максатка жана милдеттерге жетүүнүн факт түрүндө алынган натыйжасы |
Долбоордун максаты (туюндурманы кайталоо) |
|
|
|
1-милдет: (1-маселедеги туюндурманы кайталоо) |
|
|
|
2-милдет: (2-маселедеги туюндурманы кайталоо) |
|
|
|
Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу комментарийлер
Көйгөйлөр жана кыйынчылыктар |
|
|
|
|
|
Жыйынтыктар жана сунуштар |
|
|
|
|
|
Ийгилик таржымалы |
|
|
|
|
|
ЖМКда долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн чагылдыруу |
| Материал чыккан күн ЖМК аталышы Материалдын аталышы Материалдын көчүрмөсүн же түп нускасын тиркеңиз |
Уюмдун жетекчиси | ____________________________________________________ (колу, аты-жөнү) |
М.О.
Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун алкагында коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу тууралуу ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТ(6)
| Чыгымдар статьясы | Долбоордун бюджетинде пландалган гранттык каражаттар | Уюмдун өзүнүн салымы, башка донорлордун салымы (бар болсо) | Факт түрүндө сарпталган гранттык каражаттар | Эскертүү |
1 | Программалык чыгымдар | ||||
| 1-милдет |
|
|
|
|
| 1-иш-чара |
|
|
|
|
| Статья |
|
|
|
|
| Статья |
|
|
|
|
| Иш-чара 2 |
|
|
|
|
| Статья |
|
|
|
|
| Статья |
|
|
|
|
| 1-милдет боюнча баары: |
|
|
|
|
| 2-милдет |
|
|
|
|
| Иш-чара 2 |
|
|
|
|
| Статья |
|
|
|
|
| Статья |
|
|
|
|
| 2-милдет боюнча баары: |
|
|
|
|
2 | Административдик чыгымдар | ||||
|
|
|
|
|
|
| Статья |
|
|
|
|
| Статья |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Баары: |
|
|
|
|
| Жыйынтык: |
|
|
|
|
Уюмдун жетекчиси | ___________________________________________________________ (колу, аты-жөнү) |
М.О.
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 11-тиркеме |
Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну коммерциялык эмес уюмдардын ТИЗМЕСИ
№ | Уюм | Текшерүү актылары Мониторинг жана баалоо жөнүндө отчеттор Долбоорду аткаруучулардын отчеттору |
|
| Кароо(7) |
|
| Кароо |
|
| Кароо |
|
| Кароо |
|
|
|
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 12-тиркеме |
Текшерүү актысы
Текшерүү актысы | Кароо |
Текшерүү актысы | Кароо |
Текшерүү актысы | Кароо |
Долбоорду ишке ашыруунун мониторинги жана баалоо жөнүндө отчеттор
Отчет | Кароо |
Отчет | Кароо |
Отчет | Кароо |
Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө аткаруучунун отчеттору
1) Программалык отчет | Кароо |
2) Финансылык отчет |
|
3) Кызматтарды алуучулардын тизмеси |
|
4) Программалык отчет | Кароо |
5) Финансылык отчет |
|
6) Кызматтарды алуучулардын тизмеси |
|
7) Корутунду отчет | Кароо |
- Программалык |
|
- Финансылык |
|
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 13-тиркеме |
Көп берилүүчү суроолор
1. Суроо: Жооп:
2. Суроо: Жооп:
3. Суроо: Жооп: |
|
| Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобого 14-тиркеме |
Мамлекеттик социалдык заказды (МСЗ) ишке ашыруунун мөөнөттөрү жана этаптары
________________________
Эскертүүлөр:
(1) Конкурстун катышуучусу 18ден (минимумдук) 176 (максимумдук) баллга чейинки жыйынтык баллды ала алат.
(2) Мамлекеттик заказчы белгилеген кошумча критерийлер боюнча баллдын суммасы негизги баллдын жалпы суммасынан 10 пайыз жогору болбошу керек.
(3) Бул гипершилтемени басканда ушул Жобонун 10-тиркемесинде келтирилген келишимдин формасы ачылат.
(4) Жүргүзүлгөн бардык иш-чаралар үлгүдөгү өтүнмөгө ылайык жүзөгө ашырылат.
(5) Андан кийин ушундай ар бир милдет жана ар бир иш-чаралар үчүн.
(6) Финансылык отчет Excel форматында мамлекеттик заказчынын талабы боюнча түзүлүшү мүмкүн.
(7) Бул гипершилтемени баскан учурда атайын бет ачылат, анын үлгүсү ушул Жобонун 12-тиркемесинде келтирилген.