Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 362 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябры № 750
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 13-пункту "электр энергиясын өндүрүү," деген сөздөрдөн кийин "берүү," деген сөз менен толукталсын";
- 25-пунктунда:
мамлекеттик тилдеги текстинин жыйырма жетинчи абзацындагы "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын;
- 40-пунктундагы "чарбалык" деген сөз "өндүрүштүк-чарбалык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) аталган токтомдун мамлекеттик тилдеги 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
"2-тиркеме”
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасын башкаруу СХЕМАСЫ