Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 720
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 "Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандардын жана уюмдардын чек арага жакын аймакка кирүүсүнө, анда болуусуна жана жүрүүсүнө уруксат алуу жол-жобосун женөкөйлөштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 "Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацындагы "чек, арага жакын аймактарындагы" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чек ара режиминин жана чек ара тилке режиминин эрежелеринде:
- 21-пунктундагы "жиберилет" деген сөз "1 (бир) иш күндүн ичинде жооптуу кызматкер тарабынан жеткирилет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пунктундагы "3 (үч) иш күндөн ашык эмес мезгилде" деген сөздөр "тартып 1 (бир) иш күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-пунктундагы "өтүнүч жана керектүү документтер тапшырылган күндөн баштап 6 (алгы) иш күндүн" деген сөздөр "улуттук коопсуздук маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү менен макулдашылган күндөн тартып 1 (бир) иш күндүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 25-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында;";
- 27-пунктундагы "(чек ара отрядына)" деген сөздөр "(чек ара отрядына, заставасына, бөлүмүнө)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен бирдикте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Исаков |