Загрузка документа…
1-тиркеме
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасынын чек ара
режиминин жана чек аралык тилке режиминин эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 720, 2020-жылдын 1-декабрындагы № 589, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527, 2025-жылдын 2-июлундагы № 389, 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 235 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер чек арага жакын аймакта жана чек ара тилкесинде жарандардын кирүү (өтүү), чыгуу, убактылуу болуу, орун которуу, жашоо, жумуштарды аткаруу, чарбалык, өнөр жайлык жана башка иштерди жүргүзүүнүн, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү (мындан ары - жумуштарды жана иш-чараларды аткаруу) тартибин аныктайт.
11 Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - маалыматты топтоого, сактоого, берүүгө жана иштеп чыгууга байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп саналган система;
өтүнүч кат - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери тарабынан АМС аркылуу түзүлгөн же болбосо электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу арыз ээси тарабынан жиберилген чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүүгө уруксат берүү жөнүндө жана чек ара режими белгиленген жеке же юридикалык жактын кайрылуусун камтыган документ;
жарактуу документ - инсандыгын, анын ичинде скриншотторсуз "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта күбөлөндүргөн, анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө туура келген, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан талаптагыдай түрдө таризделген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөткөн адамга таандык жана жасалма эмес документ;
каттоо эсеби жөнүндө даректик маалымкат (мындан ары - даректик маалымкат) - Кыргыз Республикасынын жаранынын жашаган жерин ырастоочу документ.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 589, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Чек ара режими Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймагында рельефтин мүнөздүү чекиттери жана сызыктары боюнча чек ара тилкесинин ооруктук чек арасынан 50000 метрге чейинки тереңдикке белгиленген жер участокторунун чегинде орнотулат, мында чек арага жакын аймакка кирүү, жашоо, орун которуштуруу, жүрүү жана жумуштарды аткаруу тартиби регламенттелет.
Жердин рельефине, калктын санына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен болгон мамилесине жараша чек ара боюндагы аймактын айрым участокторунда чек ара режими орнотулбашы мүмкүн, бирок мындай участоктордо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) кайтаруу кызыкчылыгында режимдик иш-чараларды өткөрүүгө болот.
Чек арага жакын аймактын ооруктук чеги ошол жердеги өзгөчөлүү чекиттер боюнча өтүүчү сызык менен чектелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Чек ара тилкеси түздөн-түз мамлекеттик чек араны бойлото белгиленет, анын чегинде кирүүнүн, жашоонун, орун которуштуруунун, жүрүүнүн жана жумуштарды аткаруунун өзгөчө режими киргизилет.
Мамлекеттик чек ара калктуу конуштар аркылуу өткөн же калктуу конуштар түздөн-түз Мамлекеттик чек арага жанашкан участоктордо чек ара тилкесинин тереңдиги Мамлекеттик чек арадан 50 метрден 100 метрге чейинки кеңдикте, ал эми калктуу конуштар Мамлекеттик чек арадан бир аз алыс жайгашкан жерлерде 100дөн 1000 метрге чейин белгилениши мүмкүн.
Калкы аз же эл жок жерлерде чек ара тилкесинин тереңдиги Мамлекеттик чек арадан 5000 метрге чейинки кеңдикте белгилениши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Чек ара режими орнотулган чек ара аймагына кирүү (өтүү) эрежелери
4. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын (мындан ары - жарандар) жана транспорт каражаттарынын кирүүсү (өтүүсү), жарандардын жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан уюмдардын (мындан ары - уюм) иштерди жана иш-чараларды жүргүзүүсү инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга АМС аркылуу кабарлоо менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык бөлүмүнүн уруксаты боюнча жүзөгө ашырылат.
Уруксат өтүнүч катты кагазга басып чыгаруу жолу менен таризделет, ага АМС аркылуу же электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу атайын окулуучу код коюлат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка калкты каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдан уруксат албастан төмөнкү адамдар кире алышат (өтө алышат):
- чек арага жакын аймактын чегинде туруктуу жашаган жарандар инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер боюнча, ал эми туулгандыгы тууралуу күбөлүк боюнча жашы жете элек (16 жашка чейинки) адамдар чек арага жакын аймактын чегинде туруктуу жашагандыгын ырастаган даректик маалымкатты (анын ичинде скриншотсуз "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) көрсөтүү менен;
- окууга кеткенге чейин окуу жайлардын чек арага жакын аймактын чегинде туруктуу жашаган окуучулары жана студенттери инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер боюнча, окуу жайларда окугандыгын ырастоочу документтер боюнча жана окууга кеткенге чейин чек арага жакын аймакта жашагандыгын ырастаган даректик маалымкаттар боюнча (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу скриншотторсуз санариптик форматта);
- чек арага жакын аймакка жакын туугандарынын каза болгондугуна, күтүүсүз катуу ооруп калгандыгына байланыштуу бараткан жарандар ким экендигин тастыктаган жарактуу документтер жана дарылоочу мекеме күбөлөндүргөн маалымкат боюнча;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү алардын ким экендигин тастыктаган жарактуу документтер жана кызматтык абалын тастыктаган документтер боюнча, тапшырма кагазы жана иш сапар күбөлүгү (барагы) бар болсо;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана аларга жеңилдиктери боюнча теңештирилген адамдар ким экендигин тастыктаган жарактуу документтер жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун күбөлүгү (жеңилдиктерге укук жөнүндө күбөлүк) менен;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чек ара аймагынын чегинде чарбалык иш (мал жаюу жана айыл чарба жумуштары) жүргүзгөн жарандар инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документтери боюнча жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчылары тарабынан күбөлөндүрүлгөн, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алдын ала берилген аты-жөнү жазылган тизмелер боюнча. Аты-жөнү жазылган тизмелердин колдонуу мөөнөтү – бир календардык жыл.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527, 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 235 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Чек арага жакын аймакта административдик борборлор, мектептер, ооруканалар, башка мекемелер, ишканалар жана уюмдар болсо, ал эми аларда иштеген жарандар чек арага жакын аймактан тышкары жашаса, бул жарандарга кирүүгө уруксат ким экендигин тастыктаган жарактуу документтер жана аталган уюмдарда жана мекемелерде иштегендигин (окугандыгын) тастыктаган маалымкаттар боюнча берилет.
6-1. Адамдардын жана транспорт каражаттарынын чек ара аймагынын жана чек ара тилкесинин чегинде, чек арадан өткөрүү пункттарына чейин же тескери багытта транзиттик жүрүүсүнө адамдын инсандыгын күбөлөндүрүүчү жана мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө укук берүүчү анык документтер боюнча уруксат берилет.
Өзгөчө кырдаалдардын, техникалык бузулуулардын, адамдарга тез медициналык жардам көрсөтүүнүн, жөө адамдардын жана ичиндеги адамдардын булчуң күчү менен кыймылга келтирилген транспорт каражаттарында бара жаткан адамдардын кыска убакытка эс алуу үчүн токтогон учурларынан тышкары, белгиленген жүрүү маршрутун өзгөртүүгө, транспорт каражаттарын токтотууга, адамдарды түшүрүүгө (отургузууга), жүктү жана башка мүлктү түшүрүүгө (жүктөөгө), ар кандай учуучу аппараттарды, анын ичинде учкучсуз аппараттарын абага учурууга, кондурууга же кабыл алууга тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 389 токтомунун редакциясына ылайык)
6-2. Транспорттук, өнөр жай, айыл чарба жана суу чарба багытындагы трансчек аралык курулмаларды, коммуникацияларды, электр байланыш тармактарын жана электр берүү линияларын тейлөөдө, малды айдоо жана чектеш мамлекеттер менен биргелешкен чарбалык жана башка ишти жүргүзгөн башка учурларда чек ара тилкесине жана чек ара аймагына өткөрүү Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүү пункттарынан тышкары башка жерлерден анык документтердин негизинде жана уюмдардын жетекчилиги күбөлөндүргөн, чек ара өкүлдөрү аркылуу чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарга иш башталганга чейин 15 сутка мурда алдын ала берилген, аты-жөнү жазылган тизме боюнча ишке ашырылат.
Чек ара аймагында жана чек ара тилкесинде чарбалык ишти жүргүзүүнүн башка тартиби Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 389 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул Эрежелердин 5, 6, 6-1 жана 6-2-пункттарында көрсөтүлбөгөн жарандарга чек арага жакын аймакка кирүү (өтүү), убактылуу болуу, жашоо, орун которуу жумуштарды жүргүзүү жана иш-чараларды өткөрүү үчүн уруксат ушул Эрежелерде белгиленген тартипте таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 389 токтомунун редакциясына ылайык)
8. 16 жашка чыга элек балдардын жарактуу документи (туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү) болгон учурда чек арага жакын аймакка жашы жеткен жарандардын коштоосу менен кирүүгө (өтүүгө) уруксат берилет, жашы жеткен жарандын уруксат документине жашы жете элек балдар тууралуу маалымат киргизилет.
9. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакта жүргөн жарандарда төмөнкүлөр болууга тийиш:
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер;
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксаты.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка жарандардын жана транспорт каражаттарынын кирүүсүнө (өтүүсүнө) төмөнкү шарттарда убактылуу чектөө киргизилет же тыюу салынат:
1) режимдик иш-чараларды, издөөлөрдү, операцияларды жана атайын аракеттерди өткөрүү учурунда;
2) өзгөчө кырдаалдын пайда болуусунда, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым жерлеринде согуштук же өзгөчө абал киргизилгенде.
11. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка кирип (өтүп) бараткан жана анда жүргөн жарандар Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларынын жана кызматкерлеринин (чек ара боюнча ыйгарым укуктуулардын), улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин талабы боюнча ким экендигин тастыктаган жарактуу документин жана чек арага жакын аймакта болууга укук берүүчү башка уруксат документтерин көрсөтүүгө милдеттүү.
12. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймактын чегине кирүүчү (өтүүчү) негизги жолдордо ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык үлгүдө жасалып, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жазылган белгилер орнотулат.
13. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймактын чегине ушул эрежелерди бузуп жүргүнчүлөрдү алып өткөн транспорт каражаттарынын айдоочулары, туристтик топтордун жетекчилери, башка жарандар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
3. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка кирүүгө (өтүүгө) уруксат берүү тартиби
14. Чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүүгө уруксат алуу үчүн жеке жана юридикалык жактар калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын аймактык бөлүмдөрүнө, анын ичинде Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылат.
Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмдөрү өтүнүч катты АМС аркылуу ушул Эрежелердин 2, 21, 22-тиркемелерине ылайык формада өтүнүч кат берген адамдардын категориясына жараша тариздейт.
Өтүнүч кат арыз ээси тарабынан атайын электрондук түзүлүштө, ал эми электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы аркылуу берилген учурда - электрондук санариптик кол тамга аркылуу кол коюлат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Уруксат алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
1) жеке жактар кайрылганда:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнүч кат;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык түрлөрү;
- 16 жаш куракка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
- уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирген адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ;
чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн:
- ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнүч кат;
- эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалыматы бар чет өлкөлүк паспорт, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби менен жашап туруу укугу;
- 16 жаш куракка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
- уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирген адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ;
жеке ишкерлер үчүн:
- ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнүч кат;
- эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык түрлөрү, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалыматы бар чет өлкөлүк паспорт, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби менен жашап турууга уруксат, же болбосо көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
- 16 жаш куракка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
- уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- эмгек ишин ырастаган документ;
- эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирген адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ;
топтук (жамааттык) кайрылуу үчүн:
- ушул Эрежелердин 21-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнүч кат;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалымат бар чет өлкөлүк паспорт, эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби бар туруктуу жашоого уруксаты, же болбосо көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
- 16 жашка чыга элек жактын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
- уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүүчү адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ;
2) юридикалык жактар кайрылганда:
- ушул Эрежелердин 22-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнүч кат;
- өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна юридикалык жактын кызыкчылыктарын билдирүүгө ишеним кат жана өкүлдүн ким экендигин тастыктаган документ;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалымат бар чет өлкөлүк паспорт, эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби бар туруктуу жашоого уруксаты, же болбосо көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
- 16 жашка чыга элек жактын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту;
- келүү максатын ырастоочу документтер (өтүнүч катта көрсөтүлгөн ишти жүргүзүүгө укук берген, уюм тарабынан уюмдаштыруу документтен берилген көчүрмө);
- уруксат берүү үчүн төлөмдү ырастоочу мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн кагаз түрүндө берилген документтер АМС киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Уруксат өтүнүч катта көрсөтүлгөн (чет мамлекеттердин жарандары үчүн: визанын колдонуу мөөнөтүнө визалык режим белгиленгендер; каттоосунун колдонуу мөөнөтүнө же болбосо каттоодон бошотуу мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө визасыз режим белгиленген), бирок 1 жылдан көп эмес мөөнөткө берилет жана узартууга жатпайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Чек арага жакын аймакта убактылуу болуу мөөнөтү берилген уруксаттын мөөнөтү менен чектелет.
18. Жоголгон уруксат калыбына келтирилбейт.
19. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 589 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. 16 жашка толгон адамдар уруксат алуу үчүн өтүнүч кат менен кайрыла алышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн уруксат алуу жөнүндө өтүнүч каттар жана аларга тиркелген документтер калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан каралат жана 1 (бир) жумуш күндүн ичинде жооптуу кызматкер тарабынан АМС аркылуу улуттук коопсуздук жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана алардын аймактык бөлүмдөрүнө макулдашууга жиберилет.
Түшкөн өтүнүч катта кемчиликтер, так эместиктер же болбосо оңдоолор аныкталган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн кызматкери өтүнүч кат түшкөн учурдан тартып кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен, ушул кемчиликтерди ондоого мүмкүнчүлүк берүү менен бул тууралуу арыз ээсине билдирет.
Эгерде арыз ээси тарабынан 10 (он) жумуш күндүн ичинде кемчиликтер жоюлбаса, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү өтүнүч катты кайтарып берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 589, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
211. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты аркылуу электрондук формада өтүнүч кат берүүнү каалаган жарандар жана уюмдар:
1) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында авторизациялоо жол-жобосунан өтөт;
2) жеке же юридикалык жактар үчүн бөлүмдү тандайт жана ушул Эрежелердин 15-пунктуна ылайык документтердин электрондук көчүрмөлөрүн тиркөө менен электрондук өтүнүч катты толтурат;
3) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берет жана электрондук арызды ырастайт.
Электрондук арызды ырастоодон кийин электрондук портал уруксат берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөө кодун генерациялайт.
Мамлекеттик алымды төлөө тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында жайгаштырылат.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн иш-аракеттер аткарылгандан кийин электрондук өтүнүч кат жөнөтүлгөн учурдан тартып кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен электрондук почтанын көрсөтүлгөн дарегине электрондук өтүнүч кат кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлама түшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка жарандардын кирүүсүн (өтүүсүн) макулдашуу улуттук коопсуздук жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү АМС аркылуу өтүнүч кат жана тиркелген документтер келип түшкөн учурдан тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Улуттук коопсуздук жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү өзүнүн жообун автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет.
Келип түшкөн өтүнүч катта жана ага тиркелген документтерде кемчиликтер, так эместиктер же оңдоолор табылган учурда, улуттук коопсуздук, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү маселелерди тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү кемчиликтерди жоюу үчүн себептерин көрсөтүү менен документтерди кайтарат.
Өтүнүч кат жана тиркелген документтер кемчиликтер жоюлгандан кийин улуттук коопсуздук, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү маселелерди тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана алардын аймактык бөлүмдөрүнө 2 (эки) жумуш күндүн ичинде жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Уруксат берүү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан улуттук коопсуздук, Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү тарабынан макулдашылган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күндүн ичинде АМС аркылуу жүзөгө ашырылат.
Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү арыз ээсине чек ара режими орнотулган чек ара аймактарына жана чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу жана жүрүү, иштерди жана иш-чараларды жүргүзүү тартибин түшүндүрүү менен баш тартуу же болбосо уруксат берүү жөнүндө маалымдайт жана/же өтүнүч катта көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жана/же байланыш номерине арыз ээсине билдирүү жөнөтөт.
Уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүү арыз ээсинин талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет.
Уруксат берүүдөн баш тартуу арыз ээси тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Уруксат өтүнүч кат берген адамдардын атына анда топтун мүчөлөрүнүн санын көрсөтүү менен, топтун тизмесин жана топтун ар бир мүчөсүнүн паспортунун жана жашап турууга уруксатынын көчүрмөлөрүн тиркөө менен таризделет. Тизменин биринчи барагында уруксаттын номери жана берилген күнү, болууга уруксат берилген административдик аймактык бирдик (облус, район, айылдык аймак) көрсөтүлөт.
Тизменин ар бир барагы атайын окулуучу кодду коюу менен номерленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- улуттук коопсуздук кызыкчылыктарында;
- эгерде арыз ээси тарабынан өтүнүч каттагы кемчиликтер арыз ээсине бул тууралуу кабарланган учурдан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жоюлбаса;
- эгерде арыз ээси өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берсе жана кирүү максаты тууралуу жасалма документти берсе же толук маалымат көрсөтпөсө.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 589, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Арыз ээси тарабынан калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксат берүүдөн баш тартуусу арыз ээсине баш тартуу жөнүндө кабарланган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксат алгандан кийин мобилдик тармактарды жана интернет байланышын камтыбаган зоналары бар чек арага жакын аймакка кирүүнү пландаган жеке жана юридикалык жактар Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же облус боюнча башкармалыкка (чек ара отряды) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксат берүүчү документтерди берүүгө милдеттүү.
Келип түшкөн уруксат берүүчү документтер АМС боюнча кызмат адамы тарабынан текшерилет, аларга Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облус боюнча башкармалыктын (чек ара отрядынын) кызмат адамынын колу коюлат жана гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Уруксаттын жарактуулугу чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка кирүүдө (өтүүдө), болууда, жашоодо жана орун которууда токтотулушу мүмкүн, бул жөнүндө уруксатта, ошондой эле АМСте тиешелүү жазуу киргизилет. Уруксаттын жарактуулугун токтотууга Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктоочу кызмат адамдары укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка кирүү (өтүү), жашоо эрежелерин бузгандыктан уруксатынын жарактуулугу токтотулган жарандар чек арага жакын аймактын чегинен белгиленген мөөнөттө чыгып кетүүгө милдеттүү.
30. Кирүү (өтүү), болуу жана орун которуу уруксатта көрсөтүлгөн чек арага жакын аймактын чегинде гана жүргүзүлөт.
31. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймактын чегинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын уруксаты жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды маалымдоо менен аба кемелеринин бардык түрлөрүнүн учуулары жана аэрофото-сүрөткө тартуу болушу мүмкүн.
4. Жарандардын чек арага жакын аймакка кирүүсүн (өтүүсүн), убактылуу болуусун жана орун которуусун контролдоонун тартиби
32. Жарандардын чек арага жакын аймакка кирүүсүн (өтүүсүн), убактылуу болуусун жана орун которуусун Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган улуттук коопсуздук жана ички иштер маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана ички иштер органдары менен биргеликте, ошондой эле компетенциясынын чегинде өз алдынча да контролдойт.
Жарандардын чек арага жакын аймакка кирүүсүн (өтүүсүн), убактылуу болуусун жана орун которуусун биргеликте контролдоо өз ара макулдашуу боюнча аныкталган жерлерде жүргүзүлөт.
33. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары, улуттук коопсуздук жана ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка контроль жүргүзүүдө:
- чек арага жакын аймакка кирүү (өтүү), убактылуу болуу жана орун которуу маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын жарандар тарабынан сакталышын текшерүү боюнча рейддерди өткөрүшөт;
- чек арага жакын аймакта бара жаткан транспорт каражаттарындагы жарандардын чек арага жакын аймакта жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун текшерүү максатында транспорт каражаттарды токтотушат;
- ким экендигин тастыктаган жарактуу документтерди жана жарандардын чек арага жакын аймакка кирүүсүнө (өтүүсүнө), убактылуу болуусуна жана орун которуусуна укук берүүчү уруксаттарды текшеришет.
34. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка кирүүнүн (өтүүнүн), убактылуу болуунун же орун которуунун, жумуштарды жүргүзүүнүн жана иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин бузган жарандар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопко тартылышат.
5. Чек ара тилкесине кирүүнүн (өтүүнүн), убактылуу болуунун, жашоонун жана орун которуунун, чарбалык, өндүрүштүк, өнөр жайлык жана башка иштерди жүргүзүүнүн, ошондой эле коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүүнүн эрежелери
35. Чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу, жашоо, жумуштарды жана иш-чараларды жүргүзүү, ал жерде туруктуу жашаган жарандарды кошпогондо, ким экендигин тастыктаган документтер боюнча, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын резолюциясы менен, кол коюу жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн "Чек ара тилкесине кирүүгө уруксат берилди" штампын коюу менен жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Чек ара тилкесине кирүү (өтүү), болуу жана орун которуу уруксатта көрсөтүлгөн участоктордо гана жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Чек ара тилкесинин чегинде жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандар - ким экендигин күбөлөндүргөн анык документти, ал эми жашы жете электерди (16 жашка чейинки) -туулгандыгы тууралуу күбөлүктү (же болбосо жалпы жарандык паспортун) алардын ошол калктуу конушта жашагандыгын ырастаган даректик маалымкат менен өзүндө (анын ичинде скриншотторсуз "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) алып жүрүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Чек ара тилкесинде туруктуу жашабаган жашы жете элек жарандардын ал жакка кирүүсүнө (өтүүсүнө), убактылуу жашоосуна жана орун которуусуна жашы жеткен жарандардын коштоосунда гана уруксат берилет жана алардын өткөрмөсүнө жашы жете элек жактар тууралуу маалымат киргизилет.
39. Чек ара тилкесинде чарбалык, өнөр жайлык жана башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облус боюнча башкарманын (чек ара отрядынын) уруксаты менен жүргүзүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн иштер Кыргыз Республикасынын же чектеш мамлекеттердин улуттук коопсуздугуна залакасын тийгизбөөсү керек же терс таасир этүү коркунучун келтирбөөсү, ошондой эле Мамлекеттик чек ара режимине жолтоо болбоосу керек.
40. Жеке жана юридикалык жактарга Мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкесинде чарбалык, өндүрүштүк жана башка иштерди жүргүзүүгө жер участокторун бөлүп берүү маселесин мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган (облустар боюнча башкарма) менен алдын ала макулдашышат.
41. Чек ара тилкесинде аң улоого тыюу салынат.
42. Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыгында чек ара тилкесинин чегинде чарбалык, өндүрүштүк жана башка иштерди жүргүзүү, ошондой эле жумуштарды жана иш-чараларды өткөрүү төмөнкү учурларда убактылуу чектелет же тыюу салынат:
1) режимдик иш-чараларды, издөөлөрдү, операцияларды жана атайын аракеттерди өткөрүүдө;
2) өзгөчө кырдаалдын пайда болуусунда, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же анын айрым жерлерине согуштук же өзгөчө абал киргизилгенде.
43. Чек ара тилкесинин, чек ара аймагынын чектеринде режимдик жана башка иш-чараларды өткөрүүдө координациялоочу орган Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болот.
44. Авариялык-куткаруучу түзүмдөрдүн кызматкерлеринин куткаруучу иштерди аткаруу үчүн чек ара тилкесине кирүүсү (өтүүсү), убактылуу болуусу жана орун которуусу аларда ким экендигин тастыктаган күбөлүктөрү жана иш сапар тапшырмасы болгон учурда жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же облус боюнча тийиштүү башкармага (чек ара отрядына) жазуу жүзүндө кабарлагандан кийин ишке ашырылат.
45. Чек ара тилкесине жана Мамлекеттик чек арага кирүүнүн (өтүүнүн), убактылуу болуунун, жашоонун жана орун которуунун, жумуштарды жүргүзүүнүн жана иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопко тартылышат жана чек ара тилкесинин чегинен дароо чыгып кетүүгө милдеттүү.
46. Чек ара тилкесинин чегине кирүүнүн (өтүүнүн) негизги жолдорунда ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык формада түзүлүп, кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазылган белгилер орнотулат.
6. Чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу, жашоо, орун которуу, жумуштарды жүргүзүү жана иш-чараларды өткөрүү тартиби
(Главанын аталышы КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу, жашоо, орун которуу, жумуштарды жүргүзүү жана иш-чараларды өткөрүү Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же облус боюнча башкармалыктын (чек ара отрядынын) уруксаты боюнча жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Уруксат алуу үчүн жеке же юридикалык жактар чек ара тилкесине пландалган кирүү (өтүү) башталганга чейин 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же облус боюнча башкармалыкка (чек ара отрядына) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү тарабынан берилген аймакка кирүүгө (өтүүгө), убактылуу болууга, орун которууга, жумуштарды жана иш-чараларды өткөрүүгө уруксатты, ошондой эле жумуштарды жана иш-чараларды өткөрүүгө укук берүүчү документтердин көчүрмөлөрүн берет.
Документтерди кошумча изилдөө талап кылынган учурларды, ошондой эле ал жеткис күчтүн учурларын кошпогондо, келип түшкөн уруксат берүү документтери кызмат адамы тарабынан текшерилет, АМС боюнча салыштырылат, андан ары аларга "Чек ара тилкесине киргенге уруксат берилди" деген штамп коюлат, ал кызмат адамынын колу жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Текшерүү арыз ээси кайрылган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
49. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
50. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, облус боюнча башкарма (чек ара отряды) жүргүзүлүүчү жумуштун мүнөзү тууралуу кошумча маалымат суроого, ошондой эле Мамлекеттик чек араны кайтаруу максатында гана чек ара тилкесине кирүүгө чектөө коюуга укуктуу.
51. Уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим улуттук коопсуздук жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана алардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- арыз ээси өзү жөнүндө жалган маалыматтарды билдирсе же (жана) кирүү максаты жөнүндө жасалма документтерди жана толук эмес маалыматты берсе;
- эгерде арыз ээси тарабынан кемчиликтер бул тууралуу арыз ээсине кабарланган учурдан тартып жоюлбаса;
- улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарын жана мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылууда.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
52. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
53. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
54. Уруксат берүүнү кароо, тариздөө жана берүү үчүн кызматтык адамдар Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин, облус боюнча башкарманын жетекчисинин (чек ара отрядынын начальнигинин) буйругу менен дайындалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Чек ара тилкесине кирүүгө уруксат берүү документтеринде көрсөтүлгөн, бирок 1 жылдан ашык мөөнөткө эмес уруксат берилет жана узартылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
56. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
57. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
58. Чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу же орун которуу, жумуштарды жүргүзүү жана иш-чараларды өткөрүү режиминин эрежелери сакталышын контролдоо Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырылат.
59. Чек ара тилкесине кирүүнүн (өтүүнүн), убактылуу болуунун, жашоонун, орун которуунун, жумуштарды жүргүзүүнүн жана иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин бузган жарандар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопко тартылышат.
|
| Чек ара режиминин жана чек аралык тилке режиминин эрежелерине 1-тиркеме |
Чек арага жакын аймакка кирүүчү (өтүүчү) жерде орнотулуучу эскертүүчү белгинин ҮЛГҮСҮ
Эскертүү:
Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймактын чегине кирүүчү (өтүүчү) негизги жолдордо орнотулуучу эскертүүчү белги жарыкты чагылдыруучу материал менен жабылган көк түстөгү такта болот. Тактага жазуулар мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде ак түстөгү тамгалар менен жазылат.
Белгинин өлчөмдөрү:
бийиктиги - 1,5 м;
эни - 1,5 м;
жазуудагы тамгалардын өлчөмдөрү:
бийиктиги - 10 см (7 см);
эни - 7 см (3 см);
сап аралык интервал - 5 см;
белгинин ылдыйкы четинен жерге чейинки аралык - 1,5 м.
Чек ара режиминин жана чек аралык тилке режиминин эрежелерине
|
| Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин жана чек ара тилке режиминин эрежелерине 2-тиркеме |
Форма
ӨТҮНҮЧ КАТ (жеке жактар үчүн)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
ИЖН: __________________________________________________________________________________
Фамилиясы, аты, атасынын аты ____________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
Туулган датасы: _____________________________ Туулган жери: _______________________________
Жарандыгы: ____________________________________________________________________________
Жашаган жеринин дареги: ________________________________________________________________
Иштеген жери, кызмат орду: _______________________________________________________________
Байланыш телефону: _____________________________ mail: __________________________________
Инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ: _____________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(түрү, сериясы, номери, берилген датасы жана аны берген органдын аталышы)
Чегинде чек ара режими орнотулган ________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(чек арага жакын аймактын, чек ара тилкесинин чегинде, калктуу конуш, район, облус)
кирүү (өтүү), убактылуу болуу жана орун которуу үчүн уруксат берүү тууралуу маселени карап чыгууну өтүнөм, кирүүгө (өтүүгө) жана болууга муктаждык төмөнкүгө шартталган:
________________________________________________________________________________________
(келүүнүн максаты)
Көрсөтүлгөн максаттарды камсыздоо үчүн төмөнкүдөй мөөнөткө уруксат зарыл ___________________
________________________________________________________________________________________
(болуу мөөнөтү)
Аны менен кошо жашы жете элек балдар бар:
ИЖН: __________________________________________________________________________________
Фамилиясы, аты, атасынын аты: ___________________________________________________________
Туулган датасы, айы жана жылы: __________________________________________________________
Инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ: _____________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
(түрү, сериясы, номери, берилген датасы жана аны берген органдын аталышы)
Жеке маалыматтарымды иштетүүгө, чогултууга жана сактоого макулдугумду берем.
Датасы: _____________________________ Колу ____________________________
Эстеткич: 1. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакта жана чек ара тилкесинде жүргөн жарандарда төмөнкүлөр болууга тийиш: - инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер; - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн чек арага жакын аймакка кирүүгө мөөр менен күбөлөндүрүлгөн уруксаты, анда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын) алардын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегинде кызмат адамынын резолюциясы болот. Эгерде уруксатта чек ара тилкесине кирүү жана болуу каралса, анда уруксатка мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын) алардын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегинде кызмат адамынын резолюциясы менен "Чек ара тилкесине кирүүгө уруксат берилди" деген штамп коюлат. 2. Уруксат өтүнүч катта көрсөтүлгөн мөөнөткө (визалык режим белгиленген чет мамлекеттердин жарандары үчүн - визанын жарактуу мөөнөтүнө), бирок 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет жана узартылбайт. 3. Чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу, орун которуу, жумуштарды жана иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. 4. Жоголгон уруксат калыбына келтирилбейт. |
Эскертүү: Чек арага жакын аймакка кирүү муктаждыгы андан ары чек ара тилкесине кирүү үчүн мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан уруксат алууну караса, анда өтүнүч катта милдеттүү түрдө калктуу конуш, район, облус жана чек ара тилкесине кирүү максаты көрсөтүлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин жана чек ара тилке режиминин эрежелерине 21-тиркеме |
Форма
Топтук (жамааттык) кайрылуу үчүн ӨТҮНҮЧ КАТ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
ИЖН: _________________________________________________________________________________
Фамилиясы, аты, атасынын аты ___________________________________________________________
Туулган датасы: _____________________________ Туулган жери: ______________________________
Жарандыгы: ___________________________________________________________________________
Жашаган жеринин дареги: _______________________________________________________________
Иштеген жери, кызмат орду: ______________________________________________________________
Байланыш телефону: ________________________________ mail: ______________________________
Инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ: ____________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(түрү, сериясы, номери, берилген датасы жана аны берген органдын аталышы)
Чегинде чек ара режими орнотулган ______________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(чек арага жакын аймактын чегинде, калктуу конуш, район, облус)
кирүү (өтүү), убактылуу болуу жана орун которуу үчүн уруксат берүү тууралуу маселени карап чыгууну өтүнөм, кирүүгө (өтүүгө) жана болууга муктаждык төмөнкүлөр менен шартталган:
______________________________________________________________________________________
(келүүнүн максаты)
Көрсөтүлгөн максаттарды камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй мөөнөткө уруксат зарыл _______________
______________________________________________________________________________________
(болуу мөөнөтү)
Тиркеме: _____________________________________________________________________________
(өтүнүч катка тиркелген документтердин тизмеги)
Эстеткич: 1. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакта жана чек ара тилкесинде жүргөн жарандарда төмөнкүлөр болууга тийиш: - инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер; - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксаты, анда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын) алардын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегинде кызмат адамынын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн резолюциясы болот. Эгерде уруксатта чек ара тилкесине кирүү жана болуу каралса, анда уруксатка мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын) алардын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегинде кызмат адамынын резолюциясы менен "Чек ара тилкесине кирүүгө уруксат берилди" деген штамп коюлат. 2. Уруксат өтүнүч катта көрсөтүлгөн мөөнөткө (визалык режим белгиленген чет мамлекеттердин жарандары үчүн - визанын жарактуу мөөнөтүнө), бирок 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет жана узартылбайт. 3. Чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу, орун которуу, жумуштарды жана иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. 4. Жоголгон уруксат калыбына келтирилбейт |
Жеке маалыматтарымды иштетүүгө, чогултууга жана сактоого макулдугумду берем.
Датасы: ____________________________ Колу: ______________________________
Жарандардын тизмеси:
№ | ФАА | Туулган күнү, айы жана жылы | Жарандыгы | Паспорттун же жашап туруу укугунун номери, сериясы жана берилген датасы (жашы жете элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
- жеке өзүнө, башка жаранга же жарандардын тобуна уруксат берүү жөнүндө өтүнүч кат берген жаран чек арага жакын аймактын чегине (чек ара тилкесине) кирүүнү пландап жатса, анын маалыматы тизмеге киргизилет;
- чек арага жакын аймакка кирүү муктаждыгы андан ары чек ара тилкесине кирүү үчүн мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан уруксат алууну караса, анда өтүнүч катта милдеттүү түрдө калктуу конуш, район, облус жана чек ара тилкесине кирүү максаты көрсөтүлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарындагы чек ара режиминин жана чек ара тилке режиминин эрежелерине 22-тиркеме |
Форма
ӨТҮНҮЧ КАТ (юридикалык жактар үчүн)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомунун редакциясына ылайык)
Уюмдун ИСН: __________________________________________________________________________
Уюмдун толук аталышы: ________________________________________________________________
Юридикалык дареги: ____________________________________________________________________
Байланыш телефону: _____________________________, mail: _________________________________
Каттоочу органдын аталышы, мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимдин датасы жана номери: ________
______________________________________________________________________________________
Уюмдун жетекчисинин ФАА: ______________________________________________________________
Чегинде чек ара режими орнотулган
______________________________________________________________________________________
(чек арага жакын аймактын чегиндеги калктуу конуш, район, облус)
______________________________________________________________________________________
кирүү (өтүү), убактылуу болуу жана орун которуу үчүн уруксат берүү тууралуу маселени карап чыгууну өтүнөм, кирүүгө (өтүүгө) жана болууга муктаждык төмөнкүлөр менен шартталган:
______________________________________________________________________________________
(келүүнүн максаты)
Көрсөтүлгөн максаттарды камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй мөөнөткө уруксат зарыл
______________________________________________________________________________________
(болуу мөөнөтү)
Тиркеме: _____________________________________________________________________________
(өтүнүч катка тиркелген документтердин тизмеги)
Жеке маалыматтарымды иштетүүгө, чогултууга жана сактоого макулдугумду берем.
Датасы: ________________________________ Колу: ____________________________
Эстеткич: 1. Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакта жана чек ара тилкесинде жүргөн жарандарда төмөнкүлөр болууга тийиш: - инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер; - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксаты, анда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын) алардын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегинде кызмат адамынын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн резолюциясы болот. Эгерде уруксатта чек ара тилкесине кирүү жана болуу каралса, анда уруксатка мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же облустар боюнча башкармалыктарынын (чек ара отряддарынын) алардын жоопкерчилик жүктөлгөн участокторунун чегинде кызмат адамынын резолюциясы менен "Чек ара тилкесине кирүүгө уруксат берилди" деген штамп коюлат. 2. Уруксат өтүнүч катта көрсөтүлгөн мөөнөткө (визалык режим белгиленген чет мамлекеттердин жарандары үчүн - визанын жарактуу мөөнөтүнө), бирок 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет жана узартылбайт. 3. Чек арага жакын аймакка жана чек ара тилкесине кирүү (өтүү), убактылуу болуу, орун которуу, жумуштарды жана иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. 4. Жоголгон уруксат калыбына келтирилбейт. |
Жарандардын тизмеси
№ | ФАА | Туулган күнү, айы жана жылы | Жарандыгы | Паспорттун же жашап туруу укугунун номери, сериясы жана берилген датасы (жашы жете элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
- жеке өзүнө, башка жаранга же жарандардын тобуна уруксат берүү жөнүндө өтүнүч кат берген жаран чек арага жакын аймактын чегине (чек ара тилкесине) кирүүнү пландап жатса, анын маалыматы тизмеге киргизилет;
- жарандардын тизмесинин ар бир барагына кол коюлууга жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
- чек арага жакын аймакка кирүү муктаждыгы андан ары чек ара тилкесине кирүү үчүн мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан уруксат алууну караса, анда өтүнүч катта милдеттүү түрдө калктуу конуш, район, облус жана чек ара тилкесине кирүү максаты көрсөтүлөт.
|
| Чек ара режиминин жана чек аралык тилке режиминин эрежелерине 3-тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Чек ара режиминин жана чек аралык тилке режиминин эрежелерине 4-тиркеме |
Чек ара тилкесине кирүүчү (өтүүчү) жерде орнотулуучу эскертүү белгисинин үлгүсү
Эскертүү:
Чек ара тилкесине кирүүчү (өтүүчү) негизги жолдордо орнотулуучу эскертүүчү белги жарыкты чагылдыруучу материал менен капталган көк түстөгү такта болот. Тактага жазуулар мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде ак түстөгү тамгалар менен жазылат.
Белгинин өлчөмдөрү:
бийиктиги - 1,5 м;
эни - 1,5 м;
жазуудагы тамгалардын өлчөмдөрү:
бийиктиги - 10 см (7 см);
эни - 7 см (3 см);
сап аралык интервал - 5 см;
белгинин ылдыйкы четинен жерге чейинки аралык - 1,5 м.
|
| Чек ара режиминин жана чек аралык тилке режиминин эрежелерине 5-тиркеме |
Арыз
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 527 токтомуна ылайык күчүн жоготту)