Редакцияот 05.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 5-январы № 3

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобо төмөнкүдөй мазмундагы 33-1-пункт менен толукталсын:

"

33-1

Евразия патентин Кыргыз Республикасына карата күчүндө кармап туруу, колдонууда болгон ар бир жыл үчүн:

 

 

жыйырма биринчи

670

 

жыйырма экинчи

670

 

жыйырма үчүнчү

670

 

жыйырма төртүнчү

670

 

жыйырма бешинчи жылга

670

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2029-жылдын 15-январына чейин колдонулат.

 

Премьер-министр

С.Исаков