Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-октябры № 523
Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдүн, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 3, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 458, 2024-жылдын 27-февралындагы N 82 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына таандык интеллектуалдык менчик объекттерине укуктук коргоо берүү жол-жоболорун жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Патенттик мыйзамына, "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө", "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө", "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы N 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1. Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдүн, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы N 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы № 259 "Селекциялык жетишкендиктерди патенттөө үчүн пошлиналардын жобосун бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 5-январындагы № 1 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-августундагы № 520 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 5-августундагы № 489 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 698 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-сентябрындагы № 657 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-сентябрындагы № 424 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 752 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-апрелиндеги № 163 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтому менен бекитилген |
Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдүн, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 3, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 458, 2024-жылдын 27-февралындагы N 82 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Патенттик мыйзамында, "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө", "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" жана "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган юридикалык маанилүү аракеттерди ишке ашыруу үчүн алымдарды төлөөнүн тартибин, өлчөмүн жана мөөнөттөрүн, ошондой эле алымдарды төлөөдөн бошотуу жана алардын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздерди белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы N 82 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Алымдардын өлчөмдөрү эсептик көрсөткүчтөрдө белгиленет жана улуттук валютада төлөнөт.
Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдүн, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоого, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун берүүгө (мындан ары - өнөр жай менчик объектилери), селекциялык жетишкендиктерди каттоого өтүнмөлөр Кыргыз Республикасынын резиденттери эместер тарабынан берилген учурда алым Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөө күнүндө аныктаган курсу боюнча - алымдын белгиленген өлчөмүнө эквиваленттүү өлчөмдө эркин конвертацияланган валютада төлөнүшү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы N 82 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ойлоп табуулардын, пайдалуу моделдердин, селекциялык жетишкендиктердин жалгыз автору болуп эсептелген жана өз атына патент сураган, же ойлоп табууга, пайдалуу моделге, селекциялык жетишкендикке патенттин жалгыз ээси болуп эсептелген адамдарга алым төлөө боюнча ушул Жобонун II жана IV бөлүмдөрүндө белгиленген төмөнкү жеңилдиктер берилет:
а) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары же аларга теңелген адамдар, ошондой эле ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген, 1-топтогу майыптыгы бар адамдар алым төлөөдөн толугу менен бошотулат;
б) жеке жактар, алардын жашаган жерине карабай, алымдын өлчөмүнөн 10% төлөшөт;
в) коммерциялык эмес уюмдар, илимий-изилдөө мекемелерин жана жогорку окуу жайларды кошуп, алардын жайгашкан жерине карабай алымдын өлчөмүнөн 10%төлөшөт.
4. Ушул Жобонун I бөлүмүнүн 3-пунктунда каралган жеңилдиктер, интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген өтүнмө ээсинин арызы боюнча, эгерде жеңилдик болуп алым төлөөдөн бошотуу эсептелсе, алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин ордуна берилет, же эгерде жеңилдик болуп анын өлчөмүн азайтуу эсептелсе, көрсөтүлгөн документ менен чогуу берилет.
Алым төлөөдөн бошотууга же азайтылган өлчөмдөгү алымды төлөөгө укук берүү өтүнмө ээсинин статусун ырастоочу белгиленген үлгүдөгү документтин көчүрмөсүн берген учурда ишке ашырылат.
5. Ушул Жобонун I бөлүмүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн өтүнмө ээлеринин статусу өтүнмө ээлеринин жашаган жердеги же турган жердеги өлкөнүн мыйзамдары боюнча аныкталат.
6. Эгерде өз атына патент сураган өтүнмө ээлери бир нечелеп саналса, анда тиешелүү жеңилдик тарифи качан бардык өтүнмө ээлери ушул Жобонун I бөлүмүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кайсы бир категориясына таандык болгон учурда гана колдонулат.
Эгер ар кандай категориядагы адамдардан турган өтүнмө ээлеринин тобу патентти өз атына сураса, анда алым минимумдук жеңилдиктери бар өтүнмө ээсинин ставкасы боюнча төлөнөт.
7. Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ болуп төлөнгөндүгү жөнүндө банктын штампы басылган төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү, же алымдын акчалай же өздүк эсептен которуу жолу менен төлөнгөндүгү жөнүндө банктын дүмүрчөгү эсептелет.
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнмөнүн, патенттин же күбөлүктүн каттоо номерин жана алым төлөнгөн иш-аракеттин аталышын камтууга тийиш. Эгерде өтүнмөгө каттоо номери бериле элек болсо, аталган документ алым төлөнгөн иш-аракеттин аталышы менен катар өнөр жай менчик объектисинин же селекциялык жетишкендиктин аталышын, ошондой эле биринчи автордун аты-жөнүн же өтүнмө ээсинин аталышын камтууга тийиш. Төлөнгөн алымдын өлчөмүнүн шайкештиги аны төлөө датасына аныкталат.
8. Ушул Жободо белгиленген өлчөмдөн ашык төлөнгөн, же алым төлөнгөн иш-аракет ишке ашпай калган учурларды кошпогондо, төлөнгөн алым кайтарылып берилбейт.
Мындай учурларда өтүнмө ээсинин, анын өкүлүнүн же алым төлөгөн адамдын өтүнүч каты боюнча, алымдын ашыкча төлөнгөн суммасы белгиленген тартипте кайтарылып берилет, же өтүнүч кат берген адамдын өтүнүчү боюнча алымдардын ушул Жобосунда каралган башка төлөмдөрдүн эсебине чегерилет.
II бөлүм. Ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
9 | Формалдуу экспертиза жүргүзүү менен ойлоп табууга патент алууга өтүнмө берүү | 40 |
10 | Евразиялык патенттик конвенцияга ылайык (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруучу жыйынынын 1995-жылдын 27-сентябрындагы № 213-1 жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 1995-жылдын 28-сентябрындагы № 167-1 токтомдору менен ратификацияланган) өтүнмөнү берүү, Патенттик кооперация жөнүндө келишим боюнча (мындан ары - РСТ) (өнөр жай менчиги жаатындагы эл аралык келишимдерге карата 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 Кыргыз Республикасынын декларациясы менен ратификацияланган) ойлоп табууга патент ыйгаруу үчүн эл аралык өтүнмөнү берүү жана анын формалдуу белгилер боюнча экспертизанын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү | 40 |
11 | Пайдалуу моделге формалдуу экспертиза жүргүзүү менен патент алууга өтүнмө берүү | 15 |
Ойлоп табууга, пайдалуу моделге өтүнмө берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнмө менен кошо же интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.
Аталган документти өтүнмө берилгенден кийин көрсөткөндө алымдын өлчөмү 20%га көбөйөт.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
12 | Париж конвенциясында (өнөр жай менчиги жаатындагы эл аралык келишимдерге тиешелүү 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 Кыргыз Республикасынын декларациясы менен ратификацияланган) белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин, бирок эки айдан кечикпеген мөөнөттө конвенциялык артыкчылыкты сурап алуу | 35 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ артыкчылыкты сурап алуу жөнүндө арыз менен кошо берилет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
13 | Төмөнкүлөргө карата алдын ала экспертиза жүргүзүү: |
|
- бир пайдалуу моделге; | 40 | |
- пайдалуу моделдер тобуна, бирден ашык пайдалуу моделдердин ар бирине; | +15 | |
- формуланын ар бир көз каранды пункту үчүн ондон ашык | +5 |
Өтүнмө боюнча алдын ала экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ, өтүнмө берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ менен кошо берилет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
14 | Пайдалуу моделге тездетилген алдын ала экспертизаны жүргүзүү | 75 |
Өтүнмө боюнча тездетилген экспертизаны жүргүзүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ тездетилген экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат менен кошо берилет.
Аталган өтүнүч кат менен кошо алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда тездетилген экспертиза жүргүзүлбөйт.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
15 | Пайдалуу моделге өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча алдын ала экспертиза жүргүзүү баскычында оңдоолорду, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү | 20 |
16 | Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча пайдалуу моделдин формуласына алдын ала экспертиза жүргүзүү стадиясында алгачкы формуладан бөлүп алынган пункттарды киргизүү: |
|
- формулага киргизилген ар бир кошумча пункт үчүн | +30 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өзгөртүлгөн формуланы камтыган материалдар менен кошо берилет.
Аталган материалдар менен кошо белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда өтүнмөнү кароодо формуладагы өзгөртүүлөр көңүлгө алынбайт.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
17 | Ойлоп табууга өтүнмөнү 18 ай мурда жарыялоо | 30 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ ойлоп табууга өтүнмөнү 18 ай мурда жарыялоо жөнүндө өтүнүч менен бирге берилет.
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнүч менен бирге берилбесе, өтүнүч берилген жок деп эсептелет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
18 | Төмөндөгүлөргө карата маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү: |
|
- бир ойлоп табууга; | 150 | |
- ойлоп табуулардын тобуна, бирден ашык ойлоп табуунун ар бирине | +75 | |
- формуланын ондон ашкан көз каранды ар бир пунктуна | +7 |
Ойлоп табууга өтүнмөдө эл аралык издөө органдарынын бири РСТге ылайык даярдаган эл аралык издөө жөнүндө отчет болгон учурда аталган алымдын өлчөмү 25%га азайтылат.
Ойлоп табууга өтүнмөдө эл аралык издөө органдарынын бири РСТге ылайык даярдаган эл аралык издөө жөнүндө отчет жана эл аралык алдын ала экспертизанын корутундусу болсо, аталган алымдын өлчөмү 50%га азайтылат.
Ойлоп табууга өтүнмөдө Россия Федерациясынын Өнөр жай менчигинин Федералдык институтунун (ӨМФИ) патентин берүү жөнүндө эксперттик чечими болсо, аталган алымдын өлчөмү 75%га азайтылат.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
19 | Өтүнмө ээсинин демилгеси менен өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч берилгенден кийин ойлоп табууга өтүнмөнүн материалына оңдоолорду, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү | 60 |
20 | Өтүнмө ээсинин демилгеси менен маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч берилгенден кийин алгачкы формуладан бөлүнүп алынган ойлоп табуунун формуласына көз карандысыз пункттарды киргизүү: |
|
- көз карандысыз болуп бөлүнгөн ар бир пункт үчүн кошумча | +55 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өзгөртүлгөн формуланы камтыган материалдар менен кошо берилет.
Аталган материалдар менен кошо белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда өтүнмөнү кароодо өзгөртүүлөр көңүлгө алынбайт.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
21 | Кайра түзүү: |
|
- пайдалуу моделге өтүнмөнү ойлоп табуунун өтүнмөсүнө; | 35 | |
- бирден жогору ар бир ойлоп табуу үчүн; | +7 | |
- ойлоп табууга өтүнмөнү пайдалуу моделдин өтүнмөсүнө | 20 | |
22 | Узартуунун ар бир айы үчүн, бирок 12 айдан ашпаган мөөнөткө экспертизанын суроо-талабына жооптун мөөнөтүн узартуу | 30 |
23 | Апелляциялык кеңешке каршылык арызын берүү: |
|
- ойлоп табууга, пайдалуу моделге патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу экспертизанын жыйынтыгында кабыл алынган чечимге; | 75 | |
- пайдалуу моделге патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө алдын ала экспертизанын жыйынтыгында кабыл алынган чечимге; | 75 | |
- ойлоп табууга патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган чечимге; | 150 | |
- ойлоп табууга, пайдалуу моделге патент берүүгө каршы | 200 | |
24 | Мөөнөтүнөн өткөн ар бир ай үчүн, бирок 12 айдан ашык эмес, өтүнмө ээсинин мыйзамда белгиленген мөөнөтүн өткөргөндүгүн калыбына келтирүү: |
|
- ойлоп табууга жана пайдалуу моделге формалдуу экспертиза жүргүзүү баскычында суроо-талап боюнча кошумча материалдарды, оңдолгон же жок документтерди берүүнү; | 30 | |
- өтүнмө боюнча ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин бирдиктүүлүк талаптарын бузгандыгы жөнүндө билдирүүгө жообун; | 30 | |
- пайдалуу моделге өтүнмөгө алдын ала экспертиза жүргүзүү баскычында суроо-талап боюнча кошумча материалдарды берүүнү; | 30 | |
- ойлоп табууга өтүнмөгө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү баскычында суроо-талап боюнча кошумча материалдарды берүүнү; | 30 | |
- Апелляциялык кеңешке ойлоп табууга патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө өтүнмөгө маңызы боюнча формалдуу экспертиза же экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган чечимге каршылык арызын берүүнү; | 30 | |
- Апелляциялык кеңешке пайдалуу моделге патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу экспертиза же экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган чечимге каршылык арызын берүүнү | 30 | |
24-1 | 31 ай өткөндөн кийин Патенттик кооперация келишими боюнча эл аралык өтүнмөлөрдүн документтерин берүүнүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү | 30 |
25 | Өтүнмө берилген күндөн ойлоп табууну же пайдалуу моделди каттоо күнүнө чейинки мезгилде берилген патент алууга укукту өткөрүп берүү жөнүндө арыз берүүнү | 20 |
Патент алууга укукту өткөрүп берүү жөнүндө арыз берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ арыз менен кошо берилет.
Арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда, арыз берилбеген болуп эсептелет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
26 | Каттоо: |
|
- ойлоп табууну жана ойлоп табууга патент берүүнү, формуласын, чиймелерин, рефератты жана башка материалдарды кошкондо 35 бетке чейинки көлөмдө анын сыпаттамасын жарыялоо; | 50 | |
- 35тен ашкан ар бир барагына; | +5 | |
- пайдалуу моделди жана пайдалуу моделге патент берүүнү, формуласын, чиймелерин, рефератты жана башка материалдарды кошкондо 35 бетке чейинки көлөмдө анын сыпаттамасын жарыялоо; | 50 | |
- 35тен ашкан ар бир барагына | +5 | |
27 | Ойлоп табуунун жана пайдалуу моделдин авторунун күбөлүгүн берүү | 20 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнмө ээсине патент берүү жөнүндө чечим алган жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде берилет.
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган үч айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде берилиши мүмкүн. Мындай учурда алымдын өлчөмү 50%га көбөйөт.
Патентти каттоо жана берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген тартипте берилбеген учурда, каттоо, жарыялоо жана патент берүү жүргүзүлбөйт жана тиешелүү өтүнмө чакыртылып алынган болуп эсептелет.
Кошумча алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ кошумча алым төлөөнүн зарылдыгы жөнүндө билдирме өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде берилет.
Белгиленген өлчөмдө кошумча алым төлөгөндүгүн ырастоочу документ аталган мөөнөттө берилбеген учурда, көлөмү 35 барактан ашкан сыпаттамалар жарыяланбайт.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
28 | Ойлоп табууга, пайдалуу моделге патентти колдонууга ачык лицензия алуу тууралуу арыз берүү жана бул жөнүндө маалыматты жарыялоо | 20 |
Ачык лицензия алуу жөнүндө арыз берүү жана мындай арыз жөнүндө маалыматтарды жарыялоо үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ арыз менен кошо берилет.
Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ арыз менен кошо берилбеген учурда ачык лицензия алуу жөнүндө арыз берилбеген болуп эсептелет жана ачык лицензия алуу тууралуу жарыялоо жүргүзүлбөйт.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
29 | Ойлоп табууга, пайдалуу моделге патенттин же автордук күбөлүктүн дубликатын берүү, ушул берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоо | 20 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ дубликат берүү жөнүндө арыз жана ушул берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоо менен кошо берилет.
Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда арыз берилген жок деп эсептелинет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
30 | Ойлоп табууга, пайдалуу моделге патентти калыбына келтирүү жана бул тууралуу маалыматтарды жарыялоо | 150 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ ойлоп табууга патентти калыбына келтирүү жөнүндө арыз жана бул тууралуу маалыматтарды жарыялоо менен бирге берилет. Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда арыз берилген жок деп эсептелинет.
Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык берилген патенттин колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүүдө, патентти колдонуунун ар бир өткөрүлүп жиберилген жылы үчүн алым ушул Жобонун 33-пунктунда белгиленген өлчөмдө төлөнөт.
"Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык берилген өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттердин колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүүдө, өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патентти колдонуунун ар бир өткөрүлүп жиберилген жыл үчүн алым ушул Жобонун 34, 35-пункттарында белгиленген өлчөмдө төлөнөт.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
31 | Ойлоп табууга, пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоодон кийин өтүнмөнүн материалдары менен таанышуу | 50 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ таанышууга арыз менен бир убакта берилет.
Арыз менен кошо белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда арыз берилген жок деп эсептелинет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
32 | Патент ээсинин демилгеси боюнча ойлоп табууга, пайдалуу моделге берилген патентти, ал жөнүндө маалыматтарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү мамлекеттик реестрге киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобого ылайык мындай өзгөртүүлөр жөнүндө жарыялоо. | 30 |
Ойлоп табууга, пайдалуу моделге өзгөчө укуктун келишимсиз өтүүсүн каттоо | 100 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ таанышууга арыз менен кошо берилет.
Арыз менен кошо белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда арыз берилген жок деп эсептелинет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
33 | Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентинин жана Кыргыз Республикасына карата Евразиялык патенттин колдонуусун ар жылда күчүндө сактоо: |
|
үчүнчү жылга | 85 | |
төртүнчү жылга | 105 | |
бешинчи жылга | 125 | |
алтынчы жылга | 140 | |
жетинчи жылга | 170 | |
сегизинчи жылга | 210 | |
тогузунчу жылга | 250 | |
онунчу жылга | 250 | |
он биринчи жылга | 335 | |
он экинчи жылга | 335 | |
он үчүнчү жылга | 505 | |
он төртүнчү жылга | 505 | |
он бешинчи жылга | 505 | |
он алтынчы жылга | 590 | |
он жетинчи жылга | 590 | |
он сегизинчи жылга | 590 | |
он тогузунчу жылга | 670 | |
жыйырманчы жылга | 670 | |
33-1 | Евразия патентин Кыргыз Республикасына карата күчүндө кармап туруу, колдонууда болгон ар бир жыл үчүн: |
|
| жыйырма биринчи | 670 |
| жыйырма экинчи | 670 |
| жыйырма үчүнчү | 670 |
| жыйырма төртүнчү | 670 |
| жыйырма бешинчи жылга | 670 |
34 | Өтүнмө ээсинин жоопкерчилигине берилген Кыргыз Республикасынын ойлоп табууга патентинин колдонуусун ар жылда күчүндө сактоо: |
|
үчүнчү жылга | 40 | |
төртүнчү жылга | 50 | |
бешинчи жылга | 65 | |
алтынчы жылга | 70 | |
жетинчи жылга | 85 | |
сегизинчи жылга | 105 | |
тогузунчу жылга | 125 | |
онунчу жылга | 125 | |
он биринчи жылга | 170 | |
он экинчи жылга | 170 | |
он үчүнчү жылга | 250 | |
он төртүнчү жылга | 250 | |
он бешинчи жылга | 250 | |
он алтынчы жылга | 295 | |
он жетинчи жылга | 295 | |
он сегизинчи жылга | 295 | |
он тогузунчу жылга | 335 | |
жыйырманчы жылга | 335 | |
35 | Өтүнмө ээсинин жоопкерчилигине берилген Кыргыз Республикасынын пайдалуу моделге патентинин колдонуусун ар жылда күчүндө сактоо: |
|
биринчи жылга | 30 | |
экинчи жылга | 35 | |
үчүнчү жылга | 40 | |
төртүнчү жылга | 40 | |
бешинчи жылга | 55 | |
алтынчы жылга | 70 | |
жетинчи жылга | 70 | |
сегизинчи жылга | 85 | |
35-1 | Өтүнмө ээсине берилген Кыргыз Республикасынын пайдалуу моделге патентинин колдонуусун ар жылда күчүндө сактоо: |
|
биринчи жылга | 30 | |
экинчи жылга | 35 | |
үчүнчү жылга | 40 | |
төртүнчү жылга | 40 | |
бешинчи жылга | 55 | |
алтынчы жылга | 70 | |
жетинчи жылга | 70 | |
сегизинчи жылга | 85 | |
тогузунчу жылга | 105 | |
онунчу жылга | 125 |
Ойлоп табууга патентти күчүндө сактоо үчүн алым өтүнмө берилген күндөн тартып эсептегенде анын аракетинин үчүнчү жылынан тартып төлөнө баштайт.
Пайдалуу моделге патентти күчүңдө сактоо үчүн алым өтүнмө берилген күндөн тартып эсептегенде анын аракетинин биринчи жылынан тартып төлөнө баштайт.
Патенттин аракетинин биринчи жылы үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ, аны берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ менен кошо берилет.
Ойлоп табууга, пайдалуу моделге патенттин аракетинин ар бир кийинки жылы үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ ушул патенттин аракетинин учурдагы жылынын акыркы эки айынын ичинде берилет.
Патенттин аракетинин ар жылы үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып алты айдын ичинде берилиши мүмкүн. Бул учурда алымдын өлчөмү 50%га көбөйөт.
Ойлоп табууну же пайдалуу моделди пайдалануу укугун башка адамга берүү жөнүндө (ачык лицензия) патент ээсинин арызы боюнча патентти күчүндө сактоо үчүн ушундай арыз жөнүндө маалыматтар белгиленген тартипте жарыяланган жылдан кийинки жылынан баштап алымдын өлчөмү 50%га төмөндөтүлөт.
III бөлүм. Өнөр жай үлгүлөрү
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
36 | Формалдуу экспертиза жүргүзүү менен өнөр жай үлгүсүнө патент алууга өтүнмө берүү | 30 |
36-1 | Өнөр жай үлгүлөрүнө патент алууга 2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколго (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-июлундагы № 72 "2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргыз Республикасына карата 2021-жылдын 17-апрелинде күчүнө кирген, 1960-жылдын 28-ноябрындагы Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык депонирлөө жөнүндө Гаага макулдашуусунун Гаага актысы жана 1999-жылдын 2-июлундагы Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык каттоо жөнүндө Гаага макулдашуусунун Женева актысы) ылайык өтүнмө берүү жана анын формалдуу белгилер боюнча экспертизанын талаптарына ылайык келишин текшерүү | 30 |
Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнмө менен кошо же интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.
Аталган документ өтүнмөнү бергенден кийин берилгенде алымдын өлчөмү 20%га көбөйөт.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
37 | Париж конвенциясында(өнөр жай менчиги жаатындагы эл аралык келишимдерге карата 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 Кыргыз Республикасынын декларациясы менен ратификацияланган) белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин, бирок эки айдан кечикпей конвенциялык артыкчылыкты суроо | 35 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ артыкчылыкты суроо жөнүндө арыз менен кошо берилет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
38 | (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы N 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
Өтүнмө боюнча алдын ала экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнмө берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ менен кошо берилет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
39 | Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнүн материалдарына маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү баскычында оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү | 20 |
40 | Төмөнкүлөргө маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү: |
|
- өнөр жай үлгүсүнүн бир вариантына; | 80 | |
- бирден ашык өнөр жай үлгүсүнүн ар бир вариантына | +20 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ маңызы боюнча экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч менен кошо берилет.
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнүч менен бирге берилбесе, өтүнүч берилген жок деп эсептелет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
41 | Узартуунун ар бир айы үчүн, бирок 6 айдан ашык эмес экспертизанын суроо-талабына жооптун мөөнөтүн узартуу | 30 |
42 | Апелляциялык кеңешке төмөнкүлөр боюнча каршылыгын билдирүү: |
|
- формалдуу экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган өнөр жай үлгүсүнө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге; | 75 | |
- маңызы боюнча экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган өнөр жай үлгүсүнө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге; | 150 | |
- өнөр жай үлгүсүнө патент берүүгө каршы | 200 | |
43 | Мөөнөтүнөн өткөн, бирок 6 айдан ашык эмес, ар бир ай үчүн өтүнмө ээси мыйзамда белгиленген мөөнөтүнөн өткөргөндүгүн калыбына келтирүү: |
|
- формалдуу экспертизанын жүрүшүндөгү суроо-талап боюнча кошумча материалдарды, оңдолгон же жок документтерди берүү; | 30 | |
- маңызы боюнча экспертиза процессиндеги суроо-талап боюнча кошумча материалдарды берүү; | 30 | |
- Аппеляциялык кеңешке формалдуу же маңызы боюнча экспертизанын жыйынтыгында кабыл алынган өнөр жай үлгүсүнө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршылыгын берүү | 30 | |
44 | Өтүнмө берилген күндөн өнөр жай үлгүсүн каттоо күнүнө чейинки мезгилде берилген патент алууга укукту өткөрүү жөнүндө арыз берүү | 20 |
Патент алууга укукту өткөрүү жөнүндө арыз берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ арыз менен кошо берилет.
Арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда, арыз берилген жок деп эсептелет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
45 | Өнөр жай үлгүсүнө патентти каттоо жана берүү, ал жөнүндө маалыматтарды жарыялоо | 50 |
46 | Өнөр жай үлгүсүнүн авторунун күбөлүгүн берүү | 20 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнмө ээсине патент берүү жөнүндө чечим жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде берилет.
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган үч айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде берилиши мүмкүн. Мындай учурда алымдын өлчөмү 50%га көбөйөт.
Патентти каттоо жана берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген тартипте берилбеген учурда, өнөр жай үлгүсүн каттоо, жарыялоо жана патент берүү жүргүзүлбөйт, тиешелүү өтүнмө чакыртылып алынган болуп эсептелет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
47 | Өнөр жай үлгүсүнө патентти пайдаланууга ачык лицензияны берүү жана мындай арыз жөнүндө маалыматтарды жарыялоо тууралуу арыз берүү | 20 |
Ачык лицензия алуу жөнүндө арыз берүү жана мындай арыз жөнүндө маалыматтарды жарыялоо үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ арыз менен кошо берилет.
Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ арыз менен кошо берилбеген учурда, ачык лицензия алуу жөнүндө арыз берилбеген болуп эсептелет жана ачык лицензия алуу жөнүндө жарыялоо жүргүзүлбөйт.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
48 | Өнөр жай үлгүсүнө патенттин же автордук күбөлүктүн дубликатын берүү, ушул берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоо | 20 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ дубликатын берүү жөнүндө арыз менен кошо берилет.
Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда арыз берилген жок деп эсептелинет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
49 | Патент берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоодон кийин өтүнмөнүн материалдары менен таанышуу | 50 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ таанышууга арыз менен бир учурда берилет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
49-1 | Өнөр жай үлгүсүнө патентти калыбына келтирүү жана ал жөнүндө маалыматтарды жарыялоо | 150 |
"Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык берилген патенттин колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүүдө, патентти колдонуунун ар бир өткөрүлүп жиберилген жылы үчүн алым ушул Жобонун 51-пунктунда белгиленген өлчөмдө төлөнөт.
"Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык берилген өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттин колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүүдө, өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патентти колдонуунун ар бир өткөрүлүп жиберилген жылы үчүн алым ушул Жобонун 52-пунктунда белгиленген өлчөмдө төлөнөт.";
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
50 | Өнөр жай үлгүсүнө берилген патентти, ал жөнүндө маалыматтарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана мындай өзгөртүүлөр жөнүндө жарыялоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобого ылайык патенттин ээсинин демилгеси боюнча Мамлекеттик реестрге киргизүү. | 30 |
Өнөр жай үлгүсүнө өзгөчө укуктун келишимсиз өтүүсүн каттоо | 100 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өтүнүч менен кошо берилет.
Өтүнүч алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ менен кошо берилбеген учурда өтүнүч берилген жок деп эсептелет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
51 | Өнөр жай үлгүсүнө патентти колдонуунун ар бир жылына күчүндө сактоо: |
|
үчүнчү жылга | 50 | |
төртүнчү жылга | 55 | |
бешинчи жылга | 65 | |
алтынчы жылга | 70 | |
жетинчи жылга | 85 | |
сегизинчи жылга | 105 | |
тогузунчу жылга | 120 | |
онунчу жылга | 140 | |
он биринчи жылга | 175 | |
он экинчи жылга | 210 | |
он үчүнчү жылга | 260 | |
он төртүнчү жылга | 280 | |
он бешинчи жылга | 315 | |
52 | Өтүнмө ээсинин жоопкерчилигине берилген өнөр жай үлгүсүнө патентти колдонуунун ар бир жылына күчүндө сактоо: |
|
үчүнчү жылга | 35 | |
төртүнчү жылга | 40 | |
бешинчи жылга | 50 | |
алтынчы жылга | 55 | |
жетинчи жылга | 70 | |
сегизинчи жылга | 85 | |
тогузунчу жылга | 100 | |
онунчу жылга | 110 | |
он биринчи жылга | 125 | |
он экинчи жылга | 140 | |
он үчүнчү жылга | 175 | |
он төртүнчү жылга | 210 | |
он бешинчи жылга | 245 |
Өнөр жай үлгүсүнө патентти күчүндө сактоо үчүн алым өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген күндөн тартып эсептегенде, анын аракетинин үчүнчү жылынан баштап алына баштайт.
Өнөр жай үлгүсүнө патенттин аракетинин ар бир кийинки жылы үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ ушул патенттин аракетинин учурдагы жылынын акыркы эки айынын ичинде берилет.
Патенттин аракетинин ар жылы үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген мөөнөтү аяктаган күндөн тартып алты айдын ичинде берилиши мүмкүн. Бул учурда алымдын өлчөмү 50%га көбөйөт.
Өнөр жай үлгүсүн пайдалануу укугун башка кишиге берүү жөнүндө (ачык лицензия) патент ээсинин арызы боюнча патентти күчүндө сактоо үчүн ушундай арыз жөнүндө маалыматтар белгиленген тартипте жарыяланган жылдан кийинки жылдан баштап алымдын өлчөмү 50%га төмөндөтүлөт.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
52-1 | Өнөр жай үлгүсүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу ар бир беш жылдык мезгилге | 150 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат менен кошо берилет.
Патенттин күчүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ патенттин күчүнүн мөөнөтү өткөн күндөн тартып алты айдын ичинде берилиши мүмкүн, мындай учурда алымдардын өлчөмү кошумча 50%га көбөйөт.
IV бөлүм. Селекциялык жетишкендиктер
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
53 | Селекциялык жетишкендикке патент алууга жана алдын ала экспертиза жүргүзүүгө өтүнмө берүү (бирден ашык эмес сорт, тукум) | 55 |
54 | Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча селекциялык жетишкендиктин аталышын өзгөртүү | 20 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталышын өзгөртүү жөнүндө арыз менен кошо берилет.
Аталган арыз менен кошо белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда, арыз берилген жок деп эсептелет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
55 | Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча алдын ала экспертиза жүргүзүү стадиясында өтүнмөнүн материалдарына толуктоолорду, оңдоолорду же тактоолорду киргизүү | 20 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өзгөртүүлөр менен кошо берилет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
56 | Алдын ала экспертизанын суроо-талабына жооптун мөөнөтүн ар бир ай үчүн, бирок алты айдан ашык эмес узартуу | 10 |
57 | Өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыялангандан кийин өтүнмөнүн материалдары менен таанышуу | 50 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ таанышууга арыз менен кошо берилет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
58 | Коргоого жарамдуулук шарттарына туура келгенине экспертиза жүргүзүү | 350 |
Өтүнмөдө сыноо өткөргөн жана селекциялык жетишкендикти коргоого жарамдуу деп тааныган башка мамлекеттин расмий органы (Кыргыз Республикасынын алар менен көп тараптуу же эки тараптуу келишими же макулдашуусу болгон) тарабынан даярдалган сыноолор жөнүндө отчет, экспертизанын корутундусу болгон учурда аталган алымдын өлчөмү 80%га азайтылат.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
59 | Апелляциялык кеңешке каршылыгын билдирүү: |
|
- экспертизанын патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине; | 50 | |
- кызыкдар адам тарабынан жаңылыгына карата; | 50 | |
- патентти жараксыз деп таануу жөнүндө | 100 | |
60 | Өтүп кеткен мөөнөттөрдү калыбына келтирүү: |
|
- оңдолгон жана жок материалдарды (кечиктирилген ар бир ай үчүн) берүү жөнүндө алдын ала экспертизанын суроо-талабына жоопту; | 10 | |
- кошумча материалдарды берүүнүн зарылдыгы жөнүндө алдын-ала экспертизанын суроо-талабына жоопту (кечиктирилген ар бир ай үчүн); | 10 | |
- жаңылыгына экспертиза жүргүзүүдө кызыкдар жактын каршылыгын Апелляциялык кеңешке берүүнү (кечиктирилген ар бир ай үчүн); | 20 | |
- патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине Апелляциялык кеңешке даттануу берүүнү; | 10 | |
- патентти жараксыз деп таануу жөнүндө Апелляциялык кеңешке каршылыгын берүүнү | 20 | |
61 | Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин Мамлекеттик реестрине селекциялык жетишкендикти каттоо, патент берүү жана алар жөнүндө маалыматты жарыялоо | 50 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнмө ээси патент берүү жөнүндө чечимди алган күндөн баштап 2 айдын ичинде берилет.
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган 2 айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде берилиши мүмкүн. Бул учурда алымдын өлчөмү 50%га көбөйөт.
Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган мөөнөттө берилбеген учурда, селекциялык жетишкендикти каттоо жана патент берүү, ошондой эле бул жөнүндө маалыматтарды жарыялоо жүргүзүлбөйт.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
62 | Селекциялык жетишкендиктин авторунун күбөлүгүн берүү | 20 |
63 | Патентинин же автордук күбөлүктүн дубликатын берүү жана бул жөнүндө маалыматты жарыялоо | 20 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ, патенттин же күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө арыз, бул тууралуу маалыматтарды жарыялоо менен кошо берилет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
64 | Патентти күчүндө сактоо үчүн алым төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу токтотулган селекциялык жетишкендикке патенттин күчүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч берүү | 25 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ, патентти калыбына келтирүү жана бул жөнүндө маалыматты жарыялоо тууралуу арыз менен кошо берилет.
Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда, арыз берилген жок деп эсептелет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
65 | Патенттин ээси жөнүндө маалыматтарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана мындай өзгөртүүлөр жөнүндө жарыялоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобого ылайык патенттин ээсинин демилгеси боюнча Мамлекеттик реестрге киргизүү. | 30 |
| Селекциялык жетишкендикке өзгөчө укуктун келишимсиз өтүүсүн каттоо | 100 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өтүнүч менен кошо берилет.
Өтүнүч менен кошо алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда өтүнүч берилген жок деп эсептелет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
66 | Ачык лицензия берүү же ачык лицензиянын күчүн токтотуу жөнүндө арыз берүү, расмий бюллетенде жарыялоо | 15 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ, ачык лицензия берүү же ачык лицензиянын күчүн токтотуу жөнүндө арыз менен кошо берилет.
Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда, арыз берилген жок деп эсептелет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
67 | Мажбурлоочу лицензиянын берилгендиги жөнүндө маалыматты каттоо жана расмий бюллетенде жарыялоо | 25 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ, мажбурлоочу лицензиянын берилгендиги жөнүндө соттун чечимин лицензиат алгандан кийин эки айлык-мөөнөттө берилет;
Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда, мажбурлоочу лицензия катталбайт жана ал жөнүндө маалыматтар жарыяланбайт.
68 | Кыргыз Республикасынын селекциялык жетишкендигине патентти колдонуунун ар бир жылына күчүндө сактоо үчүн алымдын багытталышы: | Өсүмдүктөрдүн жана породалардын топтору боюнча алымдын өлчөмү (алымдар эсептик көрсөткүчтөр менен) | ||||
А | Б | В | Г | Д | ||
| биринчи жылга | 50 | 20 | 25 | 25 | 20 |
экинчи жылга | 80 | 30 | 45 | 45 | 30 | |
үчүнчү жылга | 110 | 40 | 65 | 65 | 40 | |
төртүнчү жылга | 140 | 50 | 85 | 85 | 50 | |
бешинчи жылга | 170 | 60 | 105 | 105 | 60 | |
алтынчы жылга | 200 | 70 | 125 | 125 | 70 | |
жетинчи жылга | 230 | 80 | 145 | 145 | 80 | |
сегизинчи жылга | 260 | 90 | 165 | 165 | 90 | |
тогузунчу жылга | 290 | 100 | 185 | 185 | 100 | |
онунчу жана андан кийинки ар бир жылга | 320 | 110 | 205 | 205 | 110 | |
А - дан өсүмдүктөрү, жүгөрү, күн карама, беде, кант кызылчасы, картошка, капуста, тамеки;
Б - декоративдик өсүмдүктөр, токой өсүмдүктөрүнүн түрлөрү;
В - А жана Б топторуна кирбеген өсүмдүктөр;
Г - айыл чарба малдарынын түрү: ири мүйүздүү малдар, жылкылар, койлор, эчкилер, чочколор;
Д - Г тобуна кирбеген малдын түрү.
Жыл сайынкы алымдын биринчи жылы болуп патент берилген жылдан кийинки биринчи календардык жыл эсептелет.
Патенттин аракетинин биринчи жылы үчүн алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ, аны алуу үчүн алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ менен кошо берилет.
Патенттин аракетинин кийинки ар бир жылы үчүн алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ бул патенттин учурдагы жылдын акыркы эки айынын аралыгында берилет.
Патенттин аракетинин ар бир жылы үчүн алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген мөөнөт бүткөн күндөн кийин алты айдын ичинде берилиши мүмкүн. Бул учурда алымдын өлчөмү 50%га көбөйөт.
Белгиленген өлчөмдөгү алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ, белгиленген алты айлык мөөнөт аяктаганга чейин берилбесе патенттин күчү токтотулат.
Патенттин ээсинин селекциялык жетишкендикти (ачык лицензияны) пайдалануу укугун каалаган адамга өткөрүп берүү жөнүндөгү арызы боюнча, бул арыз жөнүндө маалымат белгиленген тартипте жарыяланган жылдын кийинки жылдан баштап патентти күчүндө сактоо үчүн алымдын өлчөмү 50%га азайтылат.
V бөлүм. Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
69 | Товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого өтүнмө берүү жана алдын ала экспертиза жүргүзүү | 50 |
70 | Товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана аталышын пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнү, товар чыгарылган жердин катгалган аталышын пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнү берүү жана алдын ала экспертиза жүргүзүү | 50 |
70-1 | Географиялык көрсөтмөнү каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө, мурда катталган географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө берүү жана алдын ала экспертиза жүргүзүү | 20 |
71 | Экспертиза жүргүзүү: |
|
- өтүнмө берилген белгиге; | 150 | |
- Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын (мындан ары - ТКЭК) бирден ашык ар бир классына; | +75 | |
- товар чыгарылган жердин аталышына; | 150 | |
- географиялык көрсөтмөгө | 30 |
Өтүнмө берүү, билдирилген белгиге алдын ала экспертиза, экспертиза жүргүзүү, географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына экспертиза жүргүзүү үчүн, алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнмө менен кошо же интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.
Аталган документти өтүнмө берилгенден кийин берген учурда алымдын өлчөмү 20%га көбөйөт.
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган үч айлык мөөнөттө берилбеген учурда, өтүнмө берилген жок деп эсептелинет.
Эгерде ТКЭКтин бир нече классы үчүн товардык белгини каттоого өтүнмө берүү жана экспертиза жүргүзүү үчүн белгиленген алымдын өлчөмүнө караганда азыраак өлчөмдөгү алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган үч айлык мөөнөттө берилген учурда, өтүнмө ээсине белгиленген өлчөмгө чейин алымды кошумча төлөөгө, ушундай кошумча төлөөнүн зарылдыгы жөнүндө билдирүү өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде төлөөгө укук берилет.
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган үч айлык мөөнөттө берилбеген учурда, өтүнмө берилген белгиге экспертиза өтүнмө ээси тандап алган ТКЭКтин класстарына, же мындай тандап алуу жок болгон учурда өтүнмөдө биринчи болуп көрсөтүлгөнү жана алым төлөнгөнү боюнча жүргүзүлөт.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
72 | (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы N 82 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
73 | Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча экспертиза жүргүзүү этабында товардык белгиге өтүнмөнүн жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарына өтүнмөнүн материалдарына анын маңызын өзгөртпөй турган оңдоолорду, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү | 50 |
74 | Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча баштапкы өтүнмөдө саналып өткөн товарлардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн ушундай өтүнмөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүү жолу менен өтүнмөлөрдү бөлүү боюнча товардык белгиге өтүнмөнүн материалдарына оңдоолорду киргизүү | 50 |
Ар бир бөлүнгөн өтүнмө боюнча өтүнмөнү бөлүштүрүүдө алым аны берүүгө, алдын ала экспертиза жүргүзүүгө, билдирилген белгилемени экспертизалоого төлөнөт.
Өтүнмөлөрдү бөлүү, бөлүнгөн өтүнмөлөрдү берүү, алдын ала экспертиза жүргүзүү, билдирилген белгилемени экспертизалоо үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ оңдоолор жөнүндө арыз менен бирге берилет.
Белгиленген өлчөмдөгү алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда, өтүнмө бөлүнбөйт.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
75 | Өтүнмө боюнча экспертизанын суроо-талабына жооп берүүнүн мөөнөтүн узартуу: |
|
- товардык белгиге, ар бир ай үчүн, бирок 12 айдан ашык эмес; | 30 | |
- географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына өтүнмө боюнча, бирок 6 айдан ашык эмес | 30 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат менен кошо берилет.
Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган өтүнүч кат менен кошо берилбеген учурда, өтүнүч кат берилген жок деп эсептелет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
76 | Апелляциялык кеңешке каршылык арызын берүү: |
|
- билдирилген белгиге экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгында товардык белгиге өтүнмө боюнча кабыл алынган чечимге; | 300 | |
- билдирилген белгиге экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгында географиялык көрсөтмөгө, товар чыгарылган жердин аталышына өтүнмө боюнча кабыл алынган чечимге; | 300 | |
- товардык белгини каттоого каршы; | 400 | |
- географиялык көрсөтмөнү, товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана географиялык көрсөтмөнү, товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө каршы | 400 | |
77 | Апелляциялык кеңешке арыз берүү: |
|
- товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө; | 500 | |
- жалпыга белгилүү товардык белгинин жалпыга белгилүүлүк статусун жоготуусу жөнүндө | 500 | |
78 | Өтүнмө ээси өткөрүп жиберген, мыйзамда белгиленген мөөнөттү калыбына келтирүү: |
|
- товардык белгиге өтүнмөгө, географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына өтүнмөгө алдын ала экспертиза жүргүзүү процессиндеги суроо-талап боюнча кошумча материалдарды, оңдолгон же жок документтерди берүү; | 30 | |
- өтүнмө берилген белгини экспертизалоо үчүн суроо-талап боюнча кошумча материалдарды, товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын ала чечимге жүйөлөрдү жана сын пикирлерди берүү; | 30 | |
- алдын ала экспертизанын натыйжасында кабыл алынган чечимге каршылыгын Апелляциялык кеңешке билдирүү | 30 | |
- билдирилген белгилемеге экспертизанын натыйжасында кабыл алынган чечимге каршылыгын Апелляциялык кеңешке билдирүү | 30 | |
79 | Товардык белгини, жалпыга белгилүү товардык белгини каттоо, жарыялоо жана аларга күбөлүк берүү | 150 |
80 | Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун каттоо, жарыялоо жана күбөлүк берүү | 150 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ объектти каттоо жөнүндө экспертизанын чечими өтүнмө ээсисе жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде берилет.
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган үч айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде берилиши мүмкүн. Мындай учурда алымдын өлчөмү 50%га көбөйөт.
Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген алты айлык мөөнөттө берилбеген учурда, товардык белгини, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жана каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо, товардык белгиге күбөлүк берүү, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүү жүргүзүлбөйт.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
81 | Товардык белгиге, жалпыга белгилүү товардык белгиге жана географиялык көрсөтмөнү, товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн дубликатын берүү, ушул берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоо | 100 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ дубликат берүү жөнүндө арыз жана ушул берүү тууралуу маалыматтарды жарыялоо менен кошо берилет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
82 | Ээсинин демилгеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү: |
|
- Кыргыз Республикасынын Товардык белгилердин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестрине жана товардык белгиге күбөлүккө; | 50 | |
- Кыргыз Республикасынын Географиялык көрсөтмөлөрдүн жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарынын мамлекеттик реестрине жана географиялык көрсөтмөнү, товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүккө; | 50 | |
- товардык белгиге өзгөчө укукту келишимсиз өткөрүүнү каттоо боюнча; | 50 | |
- товардык белгинин улуттук каттоосун Мадрид системасы боюнча эл аралык каттоого алмаштыруу боюнча | 50 |
Өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз менен кошо берилет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
83 | Төмөнкүлөрдүн күчүнүн мөөнөтүн узартуу |
|
- товардык белгини каттоонун; | 300 | |
- товар чыгарылган географиялык көрсөтмөнү жана жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн | 300 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган мөөнөттү узартуу жөнүндө арыз менен кошо берилет.
Арыз менен кошо алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда арыз берилген жок деп эсептелет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
84 | Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү үчүн алты айлык мөөнөт берүү: |
|
- товардык белгини каттоого; | 200 | |
- товар чыгарылган географиялык көрсөтмөнү жана жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүккө | 200 |
Өтүнүч менен кошо белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн Ырастоочу документ берилбеген учурда өтүнүч берилген жок деп эсептелет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
85 | Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна (өнөр жай менчиги жаатындагы эл аралык келишимдерге карата 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 Кыргыз Республикасынын декларациясы менен ратификацияланган) жана Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протоколго ылайык ("Кыргыз Республикасынын Мадрид макулдашуусуна карата протоколго кошулуусу тууралуу" 2003-жылдын 30-декабрындагы № 243 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган) товардык белгини каттоого жана алдын ала экспертиза жүргүзүүгө өтүнмө берүү | 30 |
Өтүнмө берүү жана алдын ала экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнмө менен кошо берилет.
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
86 | Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусунун (өнөр жай менчиги жаатындагы эл аралык келишимдерге карата 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 Кыргыз Республикасынын декларациясы менен ратификацияланган) жана Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протоколдун ("Кыргыз Республикасынын Мадрид макулдашуусуна карата протоколго кошулуусу тууралуу" 2003-жылдын 30-декабрындагы № 243 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган) жол-жобосу боюнча товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын алдын ала чечимине каршылыгын берүү | 50 |
87 | Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусунун (өнөр жай менчиги жаатындагы эл аралык келишимдерге карата 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 Кыргыз Республикасынын декларациясы менен ратификацияланган) жана Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протоколдун ("Кыргыз Республикасынын Мадрид макулдашуусуна карата протоколго кошулуусу тууралуу" 2003-жылдын 30-декабрындагы № 243 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган) жол-жобосу боюнча товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын алдын ала чечимине каршылыгын берүүнүн мөөнөтүн ар бир ай үчүн узартуу | 30 |
87-1 | Евразия экономикалык бирлигинин Товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимге (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-февралында № 22 "2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын товардык белгилери, тейлөө белгилери жана чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы менен ратификацияланган) ылайык Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгисин, тейлөө белгисин каттоого өтүнмө (мындан ары - Бирликтин товардык белгисине өтүнмө, Бирликти товардык белгиси, Бирлик) берүү | 65 |
87-2 | Бирликтин жамааттык белгисин каттоого өтүнмө (мындан ары - Бирликтин жамааттык белгисине өтүнмө) берүү | 93 |
87-3 | ведомствонун Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү алдын ала экспертизалоо баскычында берүү суроо-талабына жооп берүүнүн мөөнөтүн узартуу | 28 |
87-4 | Эгерде каттоо ТКЭЖдин бир-үч классы үчүн суралса Бирликтин товардык (жамааттык) белгиси катары каттоого билдирилген белгини экспертизалоо) (ар бир улуттук патенттик ведомствого алымды төлөө) | 185 |
87-5 | Союздун товардык (жамааттык) белгиси катары каттоого өтүнмө берилген белгини экспертизалоо (эгерде каттоо ТКЭЖдин үч классынан көбүрөөккө суралса), (алымды төлөө ар бир улуттук патенттик ведомствого) | 185 |
| жана ТКЭЖдин ар бир классы үчүн кошумча | 18 |
87-6 | Бирликтин жамааттык белгисине өтүнмөнү Бирликтин товардык белгисине өтүнмөгө өзгөртүү | 46 |
87-7 | Бирликтин товардык белгисине өтүнмөнү Бирликтин жамааттык белгисине өтүнмөгө өзгөртүү | 46 |
87-8 | Бирликтин жамааттык белгисин Бирликтин товардык белгисине өзгөртүү | 93 |
87-9 | Бирликтин товардык белгисин Бирликтин жамааттык белгисине өзгөртүү | 93 |
87-10 | Бирликтин товардык (жамааттык) белгисине өтүнмөгө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 37 |
87-11 | Бирликтин товардык (жамааттык) белгисине өтүнмөнү экспертизалоонун натыйжалары жөнүндө кабарлоого байланышкан жүйөлөрдү жана эскертүүлөрдү жөнөтүү үчүн кошумча мөөнөттү берүү | 28 |
87-12 | Бирликтин товардык (жамааттык) белгисин каттоо жана Бирликтин товардык (жамааттык) белгисине күбөлүк берүү | 139 |
87-13 | Бирликтин товардык белгилеринин бирдиктүү реестринин маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 46 |
87-14 | Бирликтин товардык (жамааттык) белгисине өзгөчө укуктарды колдонуу мөөнөтүн узартуу (ар бир улуттук патенттик ведомствого төлөө) | 324 |
87-15 | Бирликтин товардык (жамааттык) белгисине өзгөчө укуктарды колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз берүү үчүн кошумча 6 айлык мөөнөт берүү | 139 |
87-16 | Бирликтин товар чыгарылган жеринин аталышын (мындан ары - Бирликтин ТЧЖА) пайдалануу укугун каттоого жана (же) берүүгө өтүнмө берүү жана билдирилген белгини экспертизалоо | 185 |
87-17 | Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугун каттоого жана (же) берүүгө өтүнмөгө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 37 |
87-18 | Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктү каттоо жана (же) берүү (ар бир улуттук патенттик ведомствого алымды төлөө) | 185 |
87-19 | Бирликтин товарлар чыгарылган жерлеринин аталыштарынын бирдиктүү реестринин маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 46 |
87-20 | Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктү колдонуу мөөнөтүн узартуу (ар бир улуттук патенттик ведомствого алымды төлөө) | 324 |
87-21 | Бирликтин ТЧЖАсын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктү колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу арыз берүү үчүн кошумча 6 айлык мөөнөт берүү | 139 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч менен кошо берилет.
VI бөлүм. Өнөр жай менчик объектилерине жана селекциялык жетишкендикке укуктарды башкаруу жөнүндө келишимдерди каттоо
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү. (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
88 | Лицензиялык келишимди, күрөө келишимин каттоо: |
|
- бир патентке же күбөлүккө карата; | 100 | |
- бирден жогору ар бир патент же күбөлүк үчүн | +50 | |
89 | Патентти же товардык белгини өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоо (ар бир патент же товардык белги үчүн) | 100 |
89-1 | Бирликтин товардык белгисине өзгөчө укуктарды тескөөнү каттоо | 139 |
90 | Катталган лицензиялык келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү каттоо: | 25 |
- алгачкы келишимге киргизилбеген ар бир патент же күбөлүк үчүн | +50 | |
91 | Бир патент же товардык белги үчүн өнөр жай менчик объектисин пайдаланууга комплекстүү ишкердик лицензия келишимин каттоо (франчайзинг) | 100 |
- бирден ашык ар бир патент же товардык белги үчүн | +75 | |
92 | Келишимдин экспертизасынын суроо-талабына өтүнмө ээсинин жооп берүү мөөнөтүн узартуу, узартуунун ар бир айы үчүн | 30 |
Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч менен кошо берилет.
VII бөлүм. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоо жана каттоо
№ | Алымдын багытталышы | Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
93 | Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоо жана каттоо: |
|
- иштин ар бир багытына карата патенттик ишенимдүү өкүл болууга талапкерлерди аттестациялоо; | +50 | |
- аттестациялык комиссиянын чечимине апелляция; | 50 | |
- экзамендерди кайталап өткөрүү; | 50 | |
- патенттик ишенимдүү өкүлдү каттоо жана күбөлүк берүү; | 50 | |
- Кыргыз Республикасынын Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн мамлекеттик реестрине жана патенттик ишенимдүү өкүлдүн күбөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү; | 10 | |
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн күбөлүгүнүн дубликатын берүү, ушул берүү тууралуу жарыялоо | 20 |