Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-январы № 7
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" жана "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" жана "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" жана "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-жылдын 7-августу, № 117) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласында:
а) биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) экинчи абзацындагы "полктун (бригаданын)" деген сөздөр "бригаданын (батальондун)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) "АСКЕР БӨЛҮГҮНҮН КҮЖҮРМӨН ТУУСУ" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Аскер бөлүгү жоюлганда Күжүрмөн Туу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасы жана реликвия катары аскер бөлүгүндө сактоодо турган табериктер, "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык архивге тапшырылат.";
3) 7-пунктунда:
а) он тогузунчу абзацы "катышуу" деген сөздөн кийин "алдын алуу жана" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
"- террорго каршы операцияларга катышуу.";
4) 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Аскер кызматчылары аскер кызматынын милдеттерин аткарууда атайын каражаттарды, курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды сактоого, алып жүрүүгө, колдонууга жана пайдаланууга, ошондой эле кара күчтү жана кызматтык жаныбарларды колдонууга укуктуу.
Аскер кызматчылары тарабынан атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды сактоо эрежеси, колдонуунун шарттары жана тартиби ушул Устав, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен аныкталат. Атайын каражаттарды, курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды алып жүрүүдө жана колдонууда аскер кызматчылары анын сакталышын камсыз кылышы жана ага бөтөн адамдардын пайдаланышына жол бербеши керек.
Аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды жеке өзү же бөлүктүн курамы менен колдоно алат, ал эми командирлер (зардалдар) зарыл коргонуу абалында өмүрдү, ден соолукту жана менчикти коргоо үчүн же өтө зарыл болгон төмөнкүдөй учурларда баш ийгендерге аларды колдонууга буйрук бере алат:
- кайтарылуудагы мамлекеттик жана аскердик объекттерге, ошондой эле аскердик бөлүктөр жана бөлүкчөлөр, аскердик бөлүктөрдүн имараттары жана курулмалары жайгашкан жерлерге, аскердик эшелондорго, машиналардын колонналарына, жалгыз транспорттук каражаттарга жана кароолдорго куралдуу же топтук кол салуулардын мизин кайтаруу үчүн, эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен аларды коргоого мүмкүн болбосо;
- эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен аларды коргоого мүмкүн болбосо, курал-жаракты жана аскердик техникаларды күч менен ээлеп алууга болгон аракетке бөгөт коюу үчүн;
- эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен аларды коргоого мүмкүн болбосо, аскер кызматчыларын жана жарандык адамдарды, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кол салуудан коргоо үчүн;
- эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен каршылыкты басууга, бул адамды кармоого же андан курал-жаракты алууга мүмкүн болбосо, укукка каршы келген аракеттерди жасаган жана куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле курал-жаракты өткөрүп берүү жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткан куралдуу адамды кармоо үчүн;
- террордук кооптуулуктун ар кандай деңгээлдери жарыяланганда тапшырмаларды аткарууну камсыздоо үчүн.
Командир (зардал) мындан тышкары, согуш шарттарында кол алдындагы адам ачыктан-ачык баш ийбеген учурда, баш ийбеген адамдын аракети мамлекетке чыккынчылык кылууга же күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну, ошондой эле өзгөчө абал шарттарында тапшырмаларды аткарууну үзгүлтүккө учуратууга багытталганда жеке курал колдонууга же баш ийген адамдын курал колдонуусуна буйрук берүүгө укуктуу.
Атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды колдонуу зарылчылыгы аткарылуучу кызматтык-күжүрмөн тапшырмалардын мүнөзүнө жараша тийиштүү командирлер (зардалдар) тарабынан аныкталат.";
5) 12-пунктунун алтынчы жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
6) Устав төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
"12-1. Төмөнкү учурлардан тышкары, кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техникаларды колдонуунун жана пайдалануунун алдында, каршы колдонулган адамга (адамдардын тобуна) бул жөнүндө ачык айтып эскертүү менен кара күч, атайын каражаттар, кызматтык жаныбарлар, аскердик жана атайын техникалар колдонулат:
- аларды колдонууну кечиктирүү аскер кызматчысынын же башка жарандардын өмүрү үчүн түздөн-түз коркунуч түзгөн учурда же башка оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгондо;
- жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна же мамлекеттин коопсуздугуна кол салуучу массалык тартипсиздикке, укук бузуучулардын топтук аракеттерине бөгөт коюу үчүн, аскер кызматчыларына, жарандык адамдарга, ошондой эле стратегиялык объектилерге каршы террордук актылардын алдын алуу үчүн;
- курал-жарактарды, күжүрмөн жана атайын техникаларды, транспорттук каражаттарды, учуучу аппараттарды колдонуу менен кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
- барымтадагыларды, басып алынган кайтарылуучу объектилерди, курулуштарды жана атайын (аскердик) жүктөрдү бошотуу үчүн;
- аскер бөлүгүнүн аймагына бөтөн адамдар киргенде, террордук коркунучтун деңгээлдери же согуштук абал жарыяланганда; аскер бөлүктөрүнүн жана кайтарылуучу объекттердин үстүнөн жана жанынан жапыз учкан таанылбаган учуучу аппараттар учуп өткөндө;
- кармалган адамдар (кылмыш жасагандык боюнча шектүү, айыпкер, соттолуучу жана соттолгон) кайтаруудан качканда.
Кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техникаларды колдонгондо жана пайдаланганда аскер кызматчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ден соолукка болушунча аз зыян тийгизүүгө умтулууга, сабырдуулукту көрсөтүүгө;
- айланасындагы жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн чараларды көрүүгө, ал эми зарыл болгон учурда жарат алгандарга биринчи жардам көрсөтүүгө;
- кыймылын чектөөчү каражаттарды (кол кишендерди ж.б.) колдонгондо мезгил-мезгили менен кармалган адамдын абалын (эки саатта бир жолудан кем эмес) текшерүүгө.
Кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техникаларды колдонууда жана пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен мындай кол салуунун же каршылык көрсөтүүнүн мизин кайтаруу мүмкүн болбосо, көрсөтүлгөн адамдар тарабынан аскер кызматчыларынын же башка жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурган куралдуу же топтук кол салуудан же террордук актыдан башка учурлардан тышкары, аялдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, жашы анык же белгилүү болсо, жашы жете электерге карата колдонууга, эгер колдонуунун жыйынтыгында кокус адамдар жарат алышы мүмкүн болсо, кыйла адамдар топтолгондо;
- бузук, жараксыз жана мөөнөтү өткөн атайын каражаттарды колдонууга;
- атайын каражаттарды жашоо үчүн маанилүү органдардын (баш, моюн, жүрөк, жыныс органдары) тушуна колдонууга;
- атайын каражаттарды колдонууда коопсуздук чараларын бузууга;
- мээленген ок атууну жүргүзүүгө жана кыйроо зонасынын чегинде заттардын аракети жүргөн мезгилде газ каражаттарын кайра колдонууга;
- жүргүнчүлөрү бар жалпы пайдалануудагы автотранспортко, чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана консулдук мекемелерге таандык транспортко карата, ошондой эле көрүү чектелген жолдордун бөлүктөрүндө, темир жолдордун өтмөктөрүндө, көпүрөлөрдө, эстакадаларда жана туннелдерде мажбурлап токтотуу каражаттарын колдонуу.
Кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техникаларды адамдарга карата колдонулган же пайдаланылган ар бир учур жөнүндө аскер кызматчысы командирге (зардалга) билдирет. Аскер кызматчылары тарабынан кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, куралдарды, аскердик жана атайын техникаларды колдонууда жана пайдаланууда үчүнчү жактардын ден соолугуна же материалдык зыян келтирилген учурда, командир (зардал) кызматтык териштирүү дайындайт жана бул жөнүндө аскер прокуратура органдарына маалымдайт.
Аскер кызматчылары тарабынан кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, куралдарды, аскердик жана атайын техникаларды колдонуунун жана пайдалануунун укук ченемдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын органдарынын чечими менен аныкталат.
Эгер кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техникаларды колдонуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жана негиздер боюнча жүзөгө ашырылса, аскер кызматчысы кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, аскердик жана атайын техникаларды колдонууда жана пайдаланууда үчүнчү жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт. Үчүнчү жактарга мындай зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте жүзөгө ашырылат.
Аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Атайын каражаттарды сактоо тартиби тийиштүү командирлер (зардалдар) тарабынан бекитилет.
Атайын каражаттарды, курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды уурдоонун, жоготуунун, бузуунун же катардан чыгаруунун бардык учурлары жөнүндө аскер кызматчылары өзүнүн түздөн-түз зардалына билдирүүгө милдеттүү.
Аскер бөлүгүнүн командири (зардалы) кызматтык иликтөө дайындайт, ички иштер органдарына, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарына жана аскер прокуратурасынын органдарына моделин, калибрин, сериясын, номерин, ар бир бирдиктин чыккан жылын көрсөтүү менен курал-жаракты, атайын каражаттарды, аскердик жана атайын техникаларды уурдоонун же жоготуунун жагдайлары жөнүндө билдирет жана уурдалган же жоголгон курал-жаракты, атайын каражаттарды, аскердик жана атайын техникаларды издөө боюнча чараларды көрөт.
Уурдалган же жоголгон курал-жарак, атайын каражаттар, аскердик жана атайын техникалар аскер бөлүгүнө кайтарылган учурда аскер бөлүгүнүн командири 3 сутканын ичинде курал-жарактын, атайын каражаттардын, аскердик жана атайын техникалардын уурдалганы же жоготулганы жөнүндө мурда билдирилген мамлекеттик органдарга маалымдоого милдеттүү.'';
7) 13-пунктунда:
а) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өзүнө ишенип берилген курал-жаракты, куралды жана аскердик техниканы билүүгө жана аны ар дайым колдонууга даяр кармоого, алардын сакталышып жана туура пайдаланышын камсыздоого, аскердик мүлктү жана башка материалдык каражаттарды сактоого;";
б) тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аскердик жолдошчулукту урматтоого, өзүнүн өмүрүн аябастан кызматташтарын коркунучтан куткарууга, аларга сөз менен да, иш менен да жардам берүүгө, ар бир аскер кызматчысынын ар намысын жана кадыр-баркын урматтоого, өзүнө жана башка аскер кызматчыларына карата оройлукка жана мазактоолорго жол бербөөгө, аларды жагымсыз жоруктардан токтотууга;";
8) 18-пунктунда:
а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскер кызматчысы кызматтык жана жеке маселелер боюнча өзүнүн тикелей зардалына кайрылууга, ал эми зарыл учурда жана анын уруксаты менен улуу зардалга кайрылууга тийиш.";
б) экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын:
9) 22-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Аскер кызматчылары күжүрмөн нөөмөттө (күжүрмөн кызматта), суткалык жана гарнизондук кезметте болгон мезгилде, ошондой эле табигый жана техногендүү мүнөздөгү кырсыктардын жана башка өзгөчө жагдайлардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу үчүн тартылгандар атайын милдеттерди аткарышат.";
10) 45-пунктунун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "бригада (батальон)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 51-пунктунун тогузунчу абзацы "оорулуулар үчүн бөлмөлөрдө" деген сөздөрдөн кийин "чайынмаларда, мончолордо, дааратканаларда, жуунуучу бөлмөлөрдө" деген сөздөр менен толукталсын:
12) 58-пунктунун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "бригада (батальон)" деген сөздөр менен алмаштырылсын:
13) 67-пунктунда:
а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"67. Коомдук жерлерде жана коомдук транспортто бош орундар жок болгондо, аскер кызматчысы өзүнүн ордун зардалга (улукка) бошотуп берүүгө милдеттүү.";
б) үчүнчү абзацындагы "жана табигый кырсыктардын" деген сөздөр ", табигый жана техногендүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 72-пунктунун биринчи абзацы "турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу" деген сөздөрдөн кийин ", келишимдик-доомат иштери үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
15) 87-пунктунда:
а) бүткүл тексти боюнча "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү "бригада (батальон)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) биринчи абзацы "улук командир (зардал) тарабынан" деген сөздөрдөн кийин ", бирок отуз күндөн көп эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
16) 3-главасынын аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы "бригада" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 96-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу жана жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:
"- мамлекеттик сырларды коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча ишти жеке жетектөөгө, чечилүүчү тапшырмаларды жана жайдайдын шарттарын эске алып, жашыруун маалыматтар чыгышы мүмкүн болгон каналдарды жабуу боюнча чараларды көрүүгө;
- террордук коркунуч деңгээлдерине ылайык бригаданын өздүк курамынын аракеттери боюнча документтерди иштеп чыгууга жана алардын аткарылышын контролдоого.";
18) 98-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аскер кызматчыларына жана жарандык персоналга дүйнөдөгү жана турмуштагы, армиянын окуу-күжүрмөн ишиндеги окуялар жөнүндө маалымат берүүгө, өздүк курамга мамлекеттин ички жана тышкы саясатын, аскердик-саясий кырдаалды жана андан келип чыгуучу милдеттерди түшүндүрүүгө; өздүк курамды коомдук-мамлекеттик даярдоону уюштурууга; кичи бөлүктөрдүн командирлерин тарбия ишин өткөрүүгө окутууга;";
19) 102-пунктунда:
а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бригаданын офицерлери, прапорщиктери менен ооруктук камсыздоону уюштуруу жана аскердик чарбаны жүргүзүү боюнча, ал эми кичи бөлүктөрдүн старшиналары менен роталык чарбаны жүргүзүү боюнча сабактарды өтүүгө;";
б) төмөнкүдөй редакциядагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
"- материалдык каражаттардын запастарын даярдоого жана сактоого контроль жүргүзүүгө.";
20) 113-пункту төмөнкүдөй редакциядагы бешинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- эсепке алуу документтерин өз убагында тариздөөнү, материалдык каражаттардын, куралдардын жана аскердик техниканын бардыгын жана кыймылын, ошондой эле аларды эсептен чыгарууну контролдоону жүзөгө ашырууга. Аныкталган бузуулар жөнүндө бригаданын командирине билдирүүгө;
- жарым жылда бир жолудан кем эмес кызматтардын эсептөө маалыматтарын бухгалтердик эсептөө маалыматтары менен салыштырып текшерүүнү өткөрүүгө;
- келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун жеке өзү кароого жана аларды макулдашууга.";
21) Устав төмөнкүдөй мазмундагы 113-1-пункт менен толукталсын:
"113-1. Бригаданын турак жай-пайдалануу кызматынын зардалы бригаданын командиринин оорук боюнча орун басарына баш иет жана бригаданын турак жай-пайдалануу кызматынын өздүк курамынын тикелей зардалы болуп эсептелет.
Ал төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык турак жай жана турак эмес имараттарды, суу түтүк-канализациялык тармактарды жана курулмаларды, казармалык инвентарды жана эмеректерди, туура колдонууну жана өз убагында оңдоону, казармалык-турак жай фондун, коммуналдык курулмаларды жана жабдууларды күз-кыш мезгилине даярдоону, бригаданы жайгаштырууга берилген аймакты, ошондой эле суу булактарынын, аба жана кабелдик электр тармактарын, жылуулук жана газ менен камсыздоонун тышкы тармагынын иреттүү пайдаланууну/күтүүнү уюштурууга;
- кичи бөлүктөрдү батир мүлктөрү жана отун-энергетикалык ресурстар менен камсыздоо жана бөлүштүрүү планын түзүүгө;
- бригаданын отун-энергетикалык ресурстарга, сууга, акчалай жана материалдык каражаттарга болгон муктаждыгын билүүгө, алардын туура жана үнөмдүү чыгымдоосун камсыздоого;
- жер участокторун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонууну көзөмөлдөөгө;
- кичи бөлүктөрдөгү турак жай-пайдалануу кызматынын жана бригаданын кампасынын мүлкүнүн бардыгын жана абалын айына бир жолудан кем эмес текшерүүгө;
- турак жай-пайдалануу кызматынын казармалык-турак жай фондун, коммуналдык курулмаларын жана жабдууларын, жер участокторун инвентаризациялоону жана паспорттоштурууну;
- казармалык-турак жай фондун, коммуналдык курулмаларды жана жабдууларды пайдалануу үчүн өздүк курамды тандоону жүзөгө ашырууга.
Штат менен турак жай-пайдалануу кызматынын зардалы кызмат орду каралбаган бригадаларда (батальондордо), анын милдеттери бригаданын (батальондун) командиринин оорук (материалдык-техникалык камсыздоо) боюнча орун басарына жүктөлөт.";
22) 4-главасынын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы "бригада" деген сөз менен алмаштырылсын;
23) 160-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эс алуу жана маалымдоо бөлмөсү;";
24) 165-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"165. Жасалган эрдиги үчүн түбөлүккө же ардактуу жоокерлер болуп ротанын тизмегине киргизилген аскер кызматчылары үчүн эс алуу жана маалымдоо бөлмөсүндө көрүнүктүү жерге баатырдын портрети (баатырлардын портреттери) жана анын эрдигин (алардын эрдиктерин) сүрөттөгөн стенд илинет.";
25) 169-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
''169. Кичи бөлүктөрдө ок атуучу куралдар жана ок-дарылар, анын ичинде окутууда пайдаланылгандар, суткалык кезметтеги адамдар такай кайтарган өзүнчө бөлмөдө сакталат. Курал сактоо үчүн бөлмөлөрдүн (имараттын) терезелеринде, желдетүүчү люктарында диаметри 10 мм кем эмес зымдан 150 х 150 мм чоң эмес мамычасы менен темир решетка жана 20 х 20 мм чоң эмес темир торчо мамычасы бекем орнотулушу керек. Торчонун зымдары өз ара ар бир кайчылаштырып ширетилет. Куралды сактоо үчүн бөлмөнүн эшиги темир менен капталган жана бөлмөнүн ичинен айнек менен жабылуучу 100 х 100 мм өлчөмүндөгү кароол терезеси болушу керек. Темир торчо эшикти же 150 х 150 мм чоң эмес мамычасы менен зымынын диаметри 10 мм болгон кыймылдуу дубалды орнотууга уруксат берилет. Ал бөлүк боюнча кезметчиге чыгуучу электр үндүү сигнализация менен жабдылышы керек. Бөлүкчөлөрдүн (штабдардын) куралдарын сактоо үчүн бөлмөнүн шыптык жабуулары (шыптар), полдор жана дубалдар бышык болуп, ал бөлмөлөргө кирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышы керек.
Ок атуучу куралдар кичине бөлүктөрдүн өздүк курамына ведомостко же өздүк курамга куралды бекитүү карточкасына жеке кол коюу менен бекитилет. Ведомость ар бир окутуу мезгилине түзүлөт жана кичи бөлүктөгү материалдык каражаттардын бардыгын жана кыймылын эсепке алуу китеби менен бирге сакталат.
Бекитилип берилген ок атуучу курал аскердик билетке (ким экендигин тастыктоочу документке) куралдын үлгүсүн, сериясын, номерин жана берилген датасын көрсөтүү менен жазылат. Куралды берүү жана тапшыруу жөнүндө ар бир жазуу бөлүгүнүн командиринин (штабдын зардалынын) кол коюусу менен жана аскердик бөлүктүн гербдүү мөөрү менен ырасталат.
Куралды кампага тапшырууда жеке кичи бөлүктөн куралды алуу куралды бекитип берүү ведомостунан аны эсептен чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт.
Пулеметтор, автоматтар, карабиндер, беш атарлар жана кол гранатометтор, атайын курал, ошондой эле штык-бычактар пирамидаларда, ал эми тапанчалар менен ок-дарылар кулпу менен жабылуучу темирден жасалган шкафтарда же ящиктерде сакталууга тийиш. Жөө аскерлердин күрөктөрү жана противогаздары пирамидаларда сакталат.
Окууда колдонулуучу курал-жарак жана окууда колдонулуучу ок-дарылар дүрмөттүү куралдардан өзүнчө сакталууга тийиш. Өзүнчө пирамида жок болгондо окууда пайдаланылуучу куралды дүрмөттүү курал менен чогуу сактоого уруксат берилет, мында ал сакталган жер: "Окууда пайдаланылуучу курал-жарак" деген жазуу менен белгиленет. Спорттук курал-жарак дүрмөттүү курал-жарак менен чогуу сакталат. Ал сакталган жер: "Спорттук курал-жарак" деген жазуу менен белгиленет. Окууда пайдаланылуучу жана спорттук курал-жарактарды жана окууда пайдаланылуучу патрондорду берүү дүрмөттүү курал жаракты жана ок-дарыларды бергендей эле жүргүзүлөт.
Өзгөчө учурларда, өзүнчө бөлмө жок болгон учурда, аткыч куралдарды, атайын куралдарды жана ок-дарыларды күнүмдүк кезмет адамдарынын такай көзөмөлүндө болгон атайын жабдылган бөлмөдө сактоого уруксат берилет.
Бөлүкчөлөрдө өздүк курамга бекитилбеген куралды сактоого тыюу салынат.";
26) 176-пунктунда "14 сутканын ичинде" деген сөздөр "Аскер антына келгенге чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
27) 178-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"178. Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган аскер кызматчыларынын жеке буюмдары туугандарына берилет.
Аскердик жыйындарга чакырылган аскер кызматчыларынын жеке буюмдары тартипке келтирилет, таңгакталат жана ротанын мүлкүн сактоочу кампада өзүнчө сакталат жана аскер кызматчыларынын жеке буюмдары жыйын бүткөндө кайтарылат.";
28) 182-пункту "өздүк курамды жайгаштыруу схемасы," деген сөздөрдөн кийин "температуралык режимди контролдоо графиги," деген сөздөр менен толукталсын;
29) 5-главасынын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы "бригада" деген сөз менен алмаштырылсын;
30) 240-пункту төмөнкүдөй редакциядагы биринчи жана экинчи абзацтар менен толукталсын:
"240. Аскер бөлүгүнүн командири тарабынан азык-түлүктү кабыл алуу, казанга салуу жана тамакты даярдоо процессине контроль уюштурулат. Ал үчүн бөлүктүн командиринин орун басарларынын жана бөлүктүн кызматтарынын (бөлүмдөрдүн, бөлүмчөлөрдүн) зардалдарынын катарынан кызмат адамдары дайындалат.
Текшерүү үчүн дайындалган офицер бөлүк боюнча нөөмөтчү, дарыгер (фельдшер) менен биргеликте ашканага келишет жана ашкана боюнча нөөмөтчүнүн, улук ашпозчунун көзүнчө меню-жайгашуудагы азык-түлүктүн ылайыктыгын жана алардын казанга толук салынышын текшерет. Бардык жетишпестиктер жөнүндө бөлүктүн командирине жана командирдин оорук боюнча орун басарына билдирет.";
31) 6-главасынын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "полк (бригада)" сөздөрү тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы "бригада" сөзү менен алмаштырылсын;
32) 266-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"266. Бардык нөөмөтчүлөрдө жана алардын жардамчыларында сүрөттөлүшүн борбордук аскердик башкаруу органынын жетекчиси аныктаган төш белги (тасма) болууга тийиш. Төш белгиси (тасма) мурдагы нөөмөтчү тарабынан жаңы нөөмөтчүгө нөөмөттү өткөрүү жана кабыл алуу жөнүндө баяндамадан кийин өткөрүлүп берилет.";
33) 291-пунктунда:
а) бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бригаданын жайгашкан жеринин жанында душман ядролук, химиялык жана биологиялык курал колдонгон учурларда, ошондой эле табигый жана техногендүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо (пайда болуу коркунучунда) нускамага ылайык аракеттенүү керек;";
б) он бешинчи абзацындагы "өрт чыкканда, табигый кырсыктарда" деген сөздөр "табигый жана техногендүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
34) 7-главасынын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы "бригада" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
35) 8-главасынын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы "бригада" деген сөз менен алмаштырылсын;
36) 342-пунктунун он экинчи жана он үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын тереңдетилген медициналык текшерүү аскер бөлүгүнө келгенде Аскердик антты бергенге чейин өткөрүлөт.";
37) 356-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өздүк курам мончодо жуунган мезгилде, тартипти көзөмөлдөөгө жана мончонун бөлмөсүн тазалоо үчүн зарыл сандагы өздүк курам мончо боюнча нөөмөтчү болуп дайындалат, ал эми медициналык кароо жана медициналык жардам көрсөтүүгө нөөмөтчү фельдшер дайындалат. Аларда гематома, дененин сыйрыктары, башка жарат, оорулардын белгилери (симптомдору) табылганда, бригаданын медициналык кызматынын зардалына жана бригаданын (батальондун) башка кызмат адамдарына билдирет. Аскер кызматчыларынын жуунуучу, кийим алмаштыруу жана самын берүү эсебин кичи бөлүктө - ротанын старшинасы (өздүк курамдын мончодо жуунушун эсеп китебинде) жүргүзөт.";
38) 361-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"361. Кезмет күчтөрү менен каражаттарынын курамы, алардын күжүрмөн даярдыгынын даражасы, күжүрмөн кезмет өтөөнүн узактыгы, тартиби, өздүк курамды, курал-жарактарды жана аскердик техниканы күжүрмөн кезмет (күжүрмөн кызмат) өтөөгө даярдоо жана аларды алмаштыруу ушул Уставдын талаптарына ылайык аскер бөлүгүнүн командиринин буйругу, борбордук аскердик башкаруу органынын, аскер кызматы каралган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же алардын орун басарларынын буйруктары жана директивалары менен аныкталат.";
39) 364-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы" деген сөздөр "борбордук аскердик башкаруу органынын жетекчисинин биринчи орун басарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
40) 368-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы" деген сөздөр "борбордук аскердик башкаруу органынын жетекчисинин биринчи орун басарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
41) 10-главасынын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы "бригада" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
42) 11-главасынын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "полк (бригада)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы "бригада" деген сөз менен алмаштырылсын;
43) 75-пунктунун 2-тиркемесинде түрдүү жөндөмөдөгү "полк" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "бригада" деген сөз менен алмаштырылсын;
44) Уставдын 1-17-тиркемелериндеги "статьяга" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы "пунктуна" деген сөз менен алмаштырылсын;
45) 4-тиркемесинин 1-пунктундагы "полктордун" деген сөз "бригадалардын" деген сөз менен алмаштырылсын;
46) 6-тиркемесинин 2-пунктунун 2-абзацындагы "полктун" деген сөз "бөлүктүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
47) 8-тиркемесинин 3-пунктунун 1-абзацындагы "полктун" деген сөз "бөлүктүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
48) 9-тиркеменин 3-пунктунун 2-абзацындагы "полктун" деген сөз "бөлүктүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
49) 10-тиркемесинин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "полк" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "бөлүк" деген сөз менен алмаштырылсын;
50) 11-тиркемесинин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "полк" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "бригада" деген сөз менен алмаштырылсын;
51) 12-тиркемесинин 2-пунктундагы "полктун" деген сөз "бригаданын" деген сөз менен алмаштырылсын;
52) 13-тиркемесинин 1-пунктунун 23-абзацындагы "полктун" деген сөз "бригаданын" деген сөз менен алмаштырылсын;
53) 14-тиркемеси күчүн жоготту ден таанылсын;
54) 15-тиркемесинин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "полк" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "бригада" деген сөз менен алмаштырылсын;
55) 16-тиркемесинин 8-пунктунун бүткүл тексти боюнча "полктун" деген сөздөр "бригаданын" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары" 2010-жылдын 4-октябры, № 40) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-статьясынын 2-бөлүгү "кызмат орду боюнча убактылуу турак жай жалдагандыгы (жалдоо) үчүн" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 19-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Куралдарды, атайын каражаттарды, аскердик жана атайын техникаларды, кара күчтү жана кызматтык жаныбарларды алып жүрүү, сактоо жана колдонуу укугу
Аскер кызматчылары аскер кызматынын милдеттерин аткарууда, ал эми кызматтан тышкаркы зарыл убакта штаттык (жеке) куралдарды, атайын каражаттарды, аскердик жана атайын техникаларды алып жүрүү, сактоо жана колдонуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Куралдуу Күчтөрдүн аскердик уставдары менен аныкталган тартипке ылайык кара күчтү жана кызматтык жаныбарларды пайдалануу укугуна ээ.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Too" гезити, 2004-жылдын 27-августу, № 73-74) күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене.
1) Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|