Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-январы № 11
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында кабыл алынуучу (чыгарылуучу) ченемдик укуктук актылардын түшүнүктөрүн, түрлөрүн, жана формаларын аныктайт, алардын юридикалык күчүн жана өз ара байланышын, аларды даярдоонун, тариздөөнүн, экспертизалоонун, кабыл алуунун (чыгаруунун), жарыялоонун, күчүнө кирүүнүн жана эсепке алуунун жалпы тартибин; ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруунун жана колдонууга мониторинг жүргүзүүнүн негиздерин; укуктук жөнгө салуудагы коллизияларды жана өксүктөрдү четтетүүнүн тартибин белгилейт.
2. Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамды жөнгө салуу предметине тиешелүү ченемдер ушул Мыйзамга шайкеш келиши керек. Ушул Мыйзам менен башка мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизиялар келип чыккан учурда, ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.
3. Ушул Мыйзам төмөнкүлөрдү жөнгө салбайт:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын (мындан ары - Конституция) кабыл алуунун, өзгөртүүнүн жана анын колдонулушун токтотуунун тартибин;
2) келишимдерин Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди (мындан ары - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери) түзүүнүн, аткаруунун, токтотуунун жана денонсациялоонун (токтотуунун, алардан чыгуунун), ошондой эле толуктоонун жана өзгөртүүнүн тартибин;
3) административдик жоопкерчилик тууралуу мыйзамдар, административдик-процесстик, жазык-процесстик жана жарандык процесстик мыйзамдар менен белгиленген жекече колдонулуучу укуктук актыларды кабыл алуунун, өзгөртүүнүн, толуктоонун жана колдонулушун токтотуунун тартибин;
4) референдум (жалпы элдик добуш берүү) аркылуу ченемдик укуктук актыларды кабыл алуунун тартибин.
2-берене. Негизги терминдер жана алардын аныктамалары
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) мыйзамдар - белгиленген тартипте кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;
2) мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук акт - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт;
3) ченемдик укуктук актылардагы коллизиялар - ар кандай ченемдик укуктук актылардын ортосундагы же бир ченемдик укуктук актынын ичиндеги айырма же карама-каршылык (шайкеш келбестик);
4) ченем жаратуу - ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу (чыгаруу) боюнча иштер;
5) ченемдик эмес укуктук акт - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, алардын кызмат адамдары тарабынан белгиленген компетенциянын чегинде конкреттүү (бир жолку) уюштуруучулук, контролдук же тескөөчү иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында же болбосо башка бир жолку колдонууга эсептелип чыгарылган (кабыл алынган) жекече укуктук жазма буйруктарын камтыган жана укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) камтыбаган жазуу жүзүндөгү расмий документ;
6) ченемдик укуктук акт - укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө, токтотууга же токтотуп турууга багытталган, белгиленген формада кагазга түшүрүлгөн жазуу жүзүндөгү расмий документ жана ага окшош белгиленген формадагы электрондук документ;
7) мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акт - ченем жаратуучу орган тарабынан өз компетенциясынын чегинде Конституциянын жана мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу жана андан ары ишке ашыруу максатында кабыл алынган (чыгарылган) ченемдик укуктук акт;
8) ченем жаратуучу техника - ченемдик укуктук актыларды тариздөө ыкмаларынын, талаптарынын жана эрежелеринин жыйындысы;
9) мыйзамдардагы өксүктөр - зарылчылыгы мамлекеттин колдонуудагы укуктук системасынын маңызы жана мазмуну, эл аралык укук принциптери жана ченемдери менен шартталган укук ченемдеринин (укуктук ченемдердин) жоктугу;
10) укук ченеми (укуктук ченем) - жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин алкагында жактардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жүрүм-турумдун жалпыга милдеттүү эрежеси;
11) ченемдик укуктук актынын юридикалык күчү - ченемдик укуктук актынын тиешелүү коомдук мамилелерге карата милдеттүү түрдө колдонулушун, ошондой эле анын башка ченемдик укуктук актыларга карата артыкчылыгын же өз ара баш ийишин аныктоочу ченемдик укуктук актынын мүнөздөмөсү.
3-берене. Ченем жаратуу принциптери
Ченем жаратуу төмөнкү принциптер менен жүзөгө ашырылат:
1) конституциялуулук;
2) жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо;
3) мыйзамдуулук;
4) айкындуулук;
5) майнаптуулук;
6) адилеттүүлүк;
7) системалуулук;
8) ресурстук жактан камсыз болуусу;
9) жөнгө салуунун толуктугу;
10) ченем жаратуучу органдардын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө жол берилбестиги;
11) ченемдик укуктук актынын тилинин жеткиликтүүлүгү.
4-берене. Ченемдик укуктук актылардын түрлөрү жана формалары
Ченемдик укуктук актылар түрү боюнча мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыларга жана мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларга бөлүнөт.
Мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актылар Жогорку Кеңеш тарабынан Конституцияга, конституциялык мыйзамга, кодекске, мыйзамга өзгөртүү киргизүүчү мыйзам формаларында кабыл алынат.
Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Президенти (андан ары - Президент), Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия), министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан белгиленген компетенциянын чегинде жарлыктар, токтомдор жана буйруктар формасында кабыл алынат (чыгарылат).
5-берене. Мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актылар
Мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актылардын формаларына төмөнкүлөр кирет:
1) Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүчү мыйзам - Конституцияда белгиленген тартипте кабыл алынуучу мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук акт;
2) конституциялык мыйзам - Конституцияда белгиленген тартипте кабыл алынуучу, ал аныктаган маселелер боюнча жана өзүнүн жөнгө салуу предмети менен мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук акт;
3) кодекс - бардык укук ченемдери же коомдук мамилелердин белгилүү тармагын жөнгө салуучу укук ченемдеринин көпчүлүк бөлүгү бириктирилген жана системалаштырылган мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук акт;
4) мыйзам - түздөн-түз Конституция жана конституциялык мыйзамдар аркылуу жөнгө салынуучу чөйрөлөрдөн тышкары, өзүнүн жөнгө салуу предмети бар мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук акт.
6-берене. Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар
Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылардын формаларына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы - Конституцияга ылайык анын карамагына таандык болгон маселелер боюнча Президент тарабынан чыгарылуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келүүчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акт;
2) Жогорку Кеңештин токтому - Конституцияга ылайык анын карамагына таандык болгон маселелер боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келүүчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акт
3) Өкмөттүн токтому - Өкмөт тарабынан кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келүүчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акт;
4) Улуттук банктын токтому - Улуттук банктын Башкармасы тарабынан кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келүүчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акт;
5) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын токтому - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия тарабынан кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келүүчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акт;
6) министрликтин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомствонун буйругу - министрлик, мамлекеттик комитет же административдик ведомство тарабынан кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келүүчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акт;
7) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын токтому - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынуучу жана тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болгон мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акт;
8) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токтомдору - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан кабыл алынуучу жана тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болгон мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акт.
7-берене. Ченем жаратуучу субъекттер (ченем жаратуучу органдар)
1. Ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу (чыгаруу) боюнча ыйгарым укукка төмөнкүлөр ээ:
1) Президент;
2) Жогорку Кеңеш;
3) Өкмөт;
4) Улуттук банк;
5) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия;
6) министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор;
7) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары;
8) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.
2. Ченемдик укуктук акт бир нече ченем жаратуучу органдар тарабынан кабыл алынышы (чыгарылышы) мүмкүн.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн ченем жаратуучу органдар ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган белгиленген чөйрөлөр боюнча жана тартипте кабыл алууга укуктуу.
8-берене. Ченемдик укуктук актылардын иерархиясы
1. Ченемдик укуктук актылардын иерархиясы алардын юридикалык күчүнө, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга карата артыкчылыгына жана өз ара баш ийишине негизделет.
2. Конституция эң жогорку юридикалык күчкө, түздөн-түз таасирге ээ жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат, анын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.
Кодекстер жана мыйзамдар, ошондой эле башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга жана конституциялык мыйзамдарга карама-каршы келбөөгө тийиш. Мыйзамдар кодекстерге карама-каршы келбөөгө тийиш.
3. Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар Конституцияга жана башка мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбөөгө тийиш.
9-берене. Коллизияларды чечүү тартиби
1. Ченемдик укуктук актылар жөнгө салынуусу алардын предметине таандык болгон чөйрөлөрдө колдонулат.
2. Бир түрдөгү (формадагы) ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизиялар келип чыкканда, жөнгө салуу предметине тиешелүү маселе кирген ченемдик укуктук акт колдонулууга тийиш.
3. Мамлекеттик тилдеги ченемдик укуктук актынын тексти расмий тилдеги тексти менен коллизияга учураган кезде, ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланган мамлекеттик тилдеги тексти колдонулат.
10-берене. Мыйзам аналогиясын жана укук аналогиясын колдонуунун тартиби
1. Конкреттүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укук ченеми жокто, эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса мыйзам аналогиясын же укук аналогиясын колдонууга болот.
2. Конкреттүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укук ченеми жок учурда, мыйзам аналогиясы колдонулат.
3. Мыйзам аналогиясын колдонуу мүмкүн болбогондо укук аналогиясы колдонулат.
4. Мыйзам аналогиясын жана укук аналогиясын колдонуу процессинде жаңы милдеттерди белгилөөгө же болбосо жеке же юридикалык жактардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт.
5. Мыйзам аналогиясын жана укук аналогиясын мыйзамдардын конкреттүү тармактары менен жөнгө салынуучу мамилелерде колдонуу мүмкүнчүлүгү тиешелүү мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.
11-берене. Ченемдик укуктук актылардын убакытта колдонулушу
1. Ченемдик укуктук актылар ченем жаратуучу органдын кол коюуга ыйгарым укуктуу кызмат адамы (кызмат адамдары) тарабынан кол коюлууга тийиш.
2. Ченемдик укуктук актылардын күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп расмий жарыялоо эсептелет. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо булактары Өкмөт тарабынан аныкталат.
3. Мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актылар, эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүү тартиби жөнүндө мыйзамда башкача каралбаса, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар, эгерде ченемдик укуктук актынын өзүндө башкача каралбаса, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ченемдик укуктук акт, эгерде актынын өзүндө же аны колдонууга киргизүү тартиби жөнүндөгү актыда башкача каралбаса, мөөнөтсүз колдонулат.
6. Ченемдик укуктук актыларда же аларды колдонууга киргизүү жөнүндө актыларда, ченемдик укуктук актылардын айрым бөлүмдөрүн, бөлүмчөлөрүн, параграфтарын, главаларын, беренелерин, бөлүктөрүн, пункттарын, пунктчаларын жана абзацтарын колдонууга киргизүүнүн бүткүл акт үчүн жалпысынан белгиленгенден башка мөөнөттөр көрсөтүлүшү мүмкүн.
12-берене. Ченемдик укуктук актынын кайтарым күчү
1. Ченемдик укуктук акт ал күчүнө киргенге (колдонууга киргизүүгө) чейин келип чыккан мамилелерге карата колдонулбайт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эрежеден чыккан бөтөнчө учурду укук бузуу жасалгандан кийин ал үчүн жоопкерчилик алып салынган же жумшартылган же болбосо мындай ченемдик укуктук актыны (анын түзүмдүк элементин) кабыл алуу тийиштүү жеке же юридикалык жактардын укуктарын жана/же мыйзамдуу кызыкчылыктарын жоготууга же жакшыртууга алып келген учурлар түзөт. Мындай бөтөнчө учурлар ченемдик укуктук актынын өзүндө каралышы керек.
3. Жаңы милдеттерди белгилеген же жоопкерчиликти күчөткөн ченемдик укуктук актылар кайтарым күчүнө ээ болбойт.
4. Жасалган учурда укук бузуу катары таанылбаган иш-аракеттер үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбайт.
13-берене. Ченемдик укуктук актыны же анын түзүмдүк элементин колдонууну токтотуу
1. Ченемдик укуктук актынын же анын түзүмдүк элементинин колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) алардын жаңы редакциясы кабыл алынганда;
2) алар күчүн жоготту деп таанылганда;
3) алардын күчү жокко чыгарылганда;
4) аларды колдонуу мөөнөтү аяктаганда же алардын колдонулушун токтотуу үчүн негиз катары каралган жагдай түзүлгөндө.
2. Мыйзам даражасындагы ченемдик укук актыларга же алардын түзүмдүк элементтерине негизделген, колдонулушу ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 4-пункттарында каралган учурларда токтотулган мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар Конституцияга жана башка мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыларга каршы келбеген жоболорун кошпогондо, колдонулбайт.
3. Ченемдик укуктук актынын (түзүмдүк элементинин) күчүн жоготту деп таануу ченем жаратуучу органдын аларды күчүн жоготту деп таануу жөнүндө акты кабыл алуусу аркылуу ишке ашырылат.
Эгерде ченемдик укуктук акты менен мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын күчүн жоготту деп таанууну караган башка ченемдик укуктук акты же анын түзүмдүк элементи күчүн жоготту деп таанылса, акыркысы өзүнүн колдонулушун жаңылабайт.
4. Ченемдик укуктук актынын же анын айрым түзүмдүк элементинин колдонулушу белгилүү бир мөөнөткө токтото турулушу мүмкүн. Ченемдик укуктук актынын же анын айрым түзүмдүк элементинин колдонулушун токтото туруу өзүнчө ченемдик укуктук акт менен жүзөгө ашырылат.
5. Ченемдик укуктук актылар (түзүмдүк элементтери) Конституцияга каршы келген учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы (мындан ары - Конституциялык палата) тарабынан конституциялык эмес деп таанылышы мүмкүн.
6. Ченемдик укуктук актылар (түзүмдүк элементтери) сот тарабынан төмөнкүдөй учурларда жараксыз деп таанылышы мүмкүн:
1) ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун белгиленген жол-жобосу бузулганда;
2) ченемдик укуктук актыны ушул маселени жөнгө салуу компетенциясына кирбеген ченем жаратуучу орган кабыл алганда;
3) ченемдик укуктук акт мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыларга шайкеш келбегенде.
7. Соттун ченемдик укуктук актыны же анын айрым түзүмдүк элементин жараксыз деп аныктоосу соттук акты күчүнө кирген күндөн тартып алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуусун жокко чыгарат жана ушул ченемдик укуктук актыны кабыл алган ченем жаратуучу органдын аны жокко чыгаруу тууралуу өзүнчө актыны кабыл алуусун талап кылбайт.
Конституциялык палатанын актысынын негизинде конституциялык эмес деп таанылган ченемдик укуктук акты Конституцияга шайкеш келтирилүүгө тийиш.
8. Ченемдик укуктук актыны же анын түзүмдүк элементин
жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими расмий жарыяланууга тийиш жана аларды каттоого алуучу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын жокко чыгарылгандыгы тууралуу жазууну киргизүү үчүн жиберилет.
9. Ченемдик укук актынын колдонулушун токтотуу анын негизинде келип чыккан укук мамилелерин сактайт.
10. Төмөнкүдөй мөөнөттөрдө ченемдик укуктук актылардын колдонулушу токтотулат:
1) ченемдик укуктук актынын же анын түзүмдүк элементинин жаңы редакциясы кабыл алынганда - жаңы ченемдик укуктук акты күчүнө кирген күндөн тартып;
2) ченемдик укуктук акт же анын түзүмдүк элементи конституциялык эмес жана/же жараксыз деп таанылганда - Конституциялык палатанын жана/же соттун актысы күчүнө кирген күндөн тартып;
3) ченемдик укуктук акты же анын түзүмдүк элементи күчүн жоготту деп таанылганда - эгерде күчүн жоготкондугун таануу тууралуу ченемдик укуктук актыда башкача каралбаса, тиешелүү ченемдик укуктук актынын же анын түзүмдүк элементинин күчүн жоготкондугу таанылган ченемдик укук акт күчүнө кирген күндөн тартып;
4) ченемдик укуктук актыда анын колдонулуу мөөнөтү бар болсо же жагдайлар жаралса - мөөнөтү бүтсө же болбосо ченемдик укуктук актынын өзүндө көрсөтүлгөн жагдайлар жаралса, бул учурда өзүнчө ченемдик укуктук акт кабыл алуу талап кылынбайт.
14-берене. Ченемдик укуктук актылардын колдонулушу
1. Ченемдик укуктук актылар, эгерде ченемдик укуктук актынын өзүндө же аларды колдонууга киргизүү жөнүндө актыларда башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат жана аткарылууга тийиш.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары тиешелүү аймакта колдонулат жана аткарылууга тийиш.
15-берене. Ченемдик укуктук актылардын жактар чөйрөсү боюнча колдонулушу
Ченемдик укуктук актылардын колдонулушу Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына, ошондой эле анын аймагындагы чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жок адамдарга, чет мамлекеттердин юридикалык жактарына, алардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүнө жайылтылат, буга Кыргыз Республикасынын мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыларында жана эл аралык келишимдеринде каралган учурлар кирбейт.
16-берене. Ченемдик укуктук актынын мыйзамдуулугун камсыз кылуу ыкмалары
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын ченем жаратуучу функциялары толук, өзгөчө жана өткөрүлүп берилгис болуп саналат.
2. Ченемдик укуктук актынын мыйзамдуулугу ченемдик укуктук актылардын Конституцияга жана/же мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыларга шайкеш эместигин аныктоо жолу менен төмөнкүлөр тарабынан камсыз кылынат:
1) сот тарабынан - соттук териштирүүнүн жүрүшүндө;
2) прокуратура органдары тарабынан - аткаруу бийлигинин органдарынын, ошондой эле тизмеси конституциялык мыйзам, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аталган органдардын кызмат адамдары тарабынан аныкталуучу башка мамлекеттик органдардын мыйзам даражасындагы ченемдик укук актыларды аткарууларына көзөмөлдүк жүргүзүүдө.
3. Прокуратура органдарынын мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актынын Конституцияга, конституциялык мыйзамга, кодекске, мыйзамга карама каршы келген ченемдик укуктук актыга прокурордук чара көрүү актысын прокурор же анын орун басары ченемдик укуктук актыны кабыл алган органга жиберет.
4. Прокурордук чара көрүү актысы ченемдик укуктук актыны же анын түзүмдүк элементин токтото туруу же болбосо күчүн жоготту деп таануу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.
5. Прокурордук чара көрүү актысы четке кагылган (макулдук болбогон) учурда прокурор сотко кайрылууга укуктуу.
17-берене. Ченемдик укуктук актынын формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
1. Ченемдик укуктук актынын тексти адабий тилдин ченемдерин жана юридикалык терминологияны сактоо менен баяндалат. Эскирген жана көп маанилүү сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү, эпитеттерди, метафораларды колдонууга, сөздөрдү кыскартууга жол берилбейт. Берененин (пункттун) тексти башка беренелерде (пункттарда) кайталанып баяндалбайт.
2. Ченемдик укуктук актылардын ички мазмуну төп келип, логикалык жактан туура түзүлүүгө жана ченем жаратуу техникасына шайкеш келүүгө тийиш.
Ченемдик укуктук актынын текстин баяндоодо адегенде жалпы, андан кийин конкреттүү жоболор берилет. Укук ченемдерин баяндоодо өтө эле жалпыланган же болбосо өтө эле майдаланган сүйлөм түзүлүштөрүн колдонуудан алыс болуу керек.
3. Ченемдик укуктук актынын, анын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, бөлүмчөлөрүнүн, параграфтарынын, главаларынын жана беренелеринин аталыштары кыска, так берилүүгө жана алардын негизги мазмунун чагылдырып турууга тийиш. Ченемдик укуктук актынын текстинде колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болушу керек. Ченемдик укуктук актыда колдонулуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарыл болгондо, актыга алардын маанисине түшүндүрмө берген берене (пункт) же эскертүү жайгаштырылат.
Өзгөртүү киргизүү каралган ченемдик укуктук актынын аталышы өзгөртүү киргизилүүчү ченемдик укуктук актынын аталышын, ошондой эле жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүнө кыскача көрсөтмөнү камтышы керек.
4. Өзгөртүүлөр негизги ченемдик укуктук актыга киргизилет.
5. Ченемдик укуктук актыны күчүнө киргизүүнүн жана мамлекеттик органдарга тапшыруунун тартиби корутунду жоболор түрүндө берилет.
6. Ченемдик укуктук актыларда төмөнкүдөй реквизиттер болууга тийиш:
1) ушул Мыйзамдын 4, 5 жана 6-беренелерине ылайык актынын формасына көрсөтмө;
2) ушул ченемдик укуктук актынын жөнгө салуу предметин билдирүүчү аталышы;
3) кабыл алынган жери жана датасы;
4) каттоо номери;
5) тийиштүү ченемдик укуктук актыга кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын колу.
7. Өкмөттүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана тариздɵɵгө талаптар Өкмөт тарабынан аныкталат.
18-берене. Ченемдик укуктук актынын түзүмдүк элементтери
1. Ченемдик укуктук актынын түзүмдүк элементтери болуп бөлүктөр, бөлүмдөр, бөлүмчөлөр, главалар, параграфтар, беренелер, беренелердин бөлүктөрү, пункттар, пунктчалар жана абзацтар эсептелет.
2. Преамбула (киришүү) - ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун (чыгаруунун) себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматтар камтылган анын өз алдынча бөлүгү болуп эсептелет. Преамбулага укуктук ченемдерди киргизүүгө жол берилбейт. Мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыларда преамбула милдеттүү бөлүк болуп саналбайт.
3. Кодекстер түрүндө кабыл алынуучу мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актылар бөлүктөргө бөлүнөт.
Ченемдик укуктук актынын бөлүктөрүн бөлүмдөр бириктирет, сөздөр менен белгиленет жана анын аталышы болушу мүмкүн.
4. Бөлүм мазмуну боюнча өз ара жакын главаларды бириктирет.
Бөлүмдөр рим цифралары менен белгиленет жана аталышы болушу керек, ал беттин ортосуна баш тамгалар менен жазылат. Көлөмүнө жараша бөлүмдөр бөлүмчөлөрдөн турушу мүмкүн. Бөлүмчөлөр араб цифралары менен белгиленет жана аталышы болот, алар цифралардан кийин, беттин ортосуна баш тамгалар менен жазылат. Эгерде ченемдик укуктук актыда главалар жок болсо, "бөлүм" деген түзүмдүк элементти киргизүүгө жол берилбейт.
5. Ченемдик укуктук актылардын көлөмү чоң, мазмуну боюнча өз ара жакын беренелери (пункттары) главаларга бириктирилиши мүмкүн.
Главалар араб цифралары менен белгиленет жана аталышы болууга тийиш, алар беттин ортосуна баш тамгалар менен жазылат.
Ченемдик укуктук актылардын чоң көлөмдөгү главалары параграфтарга бөлүнүшү мүмкүн. Параграфтар "§" белгиси менен белгиленип, араб цифралары менен белгиленүүчү иреттик номерлер коюлат.
6. Мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актылар беренелерден, мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар - пункттардан турат.
7. Беренелер (пункттар) - ченемдик укуктук актынын укук ченемдерин камтыган негизги түзүмдүк элементтери.
Колдонулуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүчү мыйзамдардын беренелеринен тышкары, ошондой эле эл аралык келишимди ратификациялаган учурда, колдонулушун токтото турууда же денонсациялоодо (токтотууда, андан чыгууда) беренелердин аталыштары болууга тийиш. Беренелер араб цифралары менен белгиленет жана айрым укук ченемдерин камтыган бөлүктөрдөн турат.
Берененин бөлүктөрү чекиттүү араб цифралары менен белгиленет жана пункттарга бөлүнөт, пункттар тегерек кашаа менен жабылуучу араб цифралары менен белгиленет. Эгерде берене бир бөлүктөн турса, бөлүк номерленбейт.
8. Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылардын пункттары пунктчаларга бөлүнөт.
Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылардын пункттарынын аталыштары болбойт, чекиттүү араб цифралары менен белгиленет жана алар пунктчалардан, пунктчалар - абзацтардан турушу мүмкүн. Пунктчалар тегерек кашаа менен жабылуучу араб цифралары же алфавит тамгалары менен белгиленет.
9. Абзац - пункттун же пунктчанын мааниси жагынан бирдиктүү болгон, биринчи сапта чегинүү менен бөлүнүп турган жана кичине тамга менен башталган берененин бөлүгү, буга баш тамга менен башталган берененин (пункттун) бөлүгүнүн биринчи абзацы кирбейт. Абзацтар үтүрлүү чекит менен аяктайт (акыркы абзацтан башкасы).
Эгерде берененин (пункттун) мурдагы абзацы чекит менен аяктаса жана мааниси боюнча жаңы абзац менен улантууну талап кылса, анда мындай абзац баш тамга менен башталат.
Абзацтын цифралык же тамгалык белгилениши болбойт.
10. Ченемдик укуктук актынын бөлүмдөрүн, главаларын, беренелерин, ошондой эле мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актынын пункттарын номерлөө ырааттуу улантылышы керек.
Ченемдик укуктук актынын ар бир пунктунун пунктчаларын, ар бир главасынын параграфтарын номерлөө жана ар бир бөлүмдөгү бөлүмчөлөрдү номерлөө ырааттуу эмес, өз алдынча болот.
11. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр киргизилгенде жана ченемдик укуктук актынын түзүмдүк элементтери күчүн жоготту деп таанылганда, анын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, главаларынын, беренелеринин (пункттарынын), пунктчаларынын, абзацтарынын номерленишин өзгөртүүгө жол берилбейт.
Эгерде толуктоолор ченемдик укуктук актынын аягына киргизилсе, анда бөлүктөрдүн, бөлүмдөрдүн, главалардын, беренелердин (пункттардын), пунктчалардын мурдагы номерленишин улантуу зарыл.
Эгерде ченемдик укуктук акты жаңы түзүмдүк элементтер менен буга чейин турган элементтердин кошулган жеринде толуктала турган болсо, жаңы түзүмдүк элементтер негизги цифралык же тамгалык белгилөөлөрдүн үстү жагына коюлуучу кошумча цифралар менен белгиленет.
12. Эскертүүлөр өздөрү тиешелүү болгон түзүмдүк элементтин текстине түздөн- түз киргизилет.
13. Ченемдик укуктук актылардын тиркемелери болушу мүмкүн, аларга ар кандай түрдөгү методикалар, тизмектер, таблицалар, графиктер, тарифтер, карталар, бланктардын үлгүлөрү, схемалар жана башка документтер жайгаштырылат.
Эгерде бир нече тиркемеси болсо, анда "№" белгиси коюлбастан, араб цифралары менен номерленет. Актынын текстинде тиркемелерге шилтемелер келтирилгенде да "№" белгиси коюлбайт.
Ченемдик укуктук актынын жана анын тиркемелеринин юридикалык күчү бирдей болот.
Тиркеменин белгилениши беттин жогорку оң бурчуна жайгаштырылат.
Тиркеменин аталышы беттин ортосуна жерине жайгаштырылат жана карартылган тамгалар менен басылат.
19-берене. Ченемдик укуктук актылардын түзүмү
1. Мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук акт өзүнө ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин, укуктук жөнгө салуунун негизги принциптерин, аларды ишке ашыруу механизмдерин, мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыны күчүнө киргизүү тартибин, зарыл учурларда өткөөл жоболорду жана башка жоболорду камтууга тийиш.
2. Мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыга Өкмөттү кошпогондо аткаруучу бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын кошууга жол берилбейт.
3. Кодекстин бөлүмдөрүн жалпы жана өзгөчө бөлүктөргө бириктирсе болот.
4. Кодекстин жалпы бөлүгү төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) фундаменталдык жоболорду (принциптер, түшүнүктөрдүн аныктамасы, негизги институттар);
2) адистештирилген ченемдик жоболорду;
3) жогорку даражада жалпылануусу, туруктуулугу менен мүнөздөлгөн жана өзгөчө бөлүктүн ченемдерин пайдалануунун (колдонуунун) укуктук негизин түптөөчү башка баштапкы ченемдик жоболорду.
5. Кодекстин өзгөчө бөлүгү төмөнкүлөрдү белгилөөчү ченемдерди камтышы мүмкүн:
1) мүмкүн болуучу жана милдеттүү жүрүм-турумдун түрүн жана ченемин (эрежелерин) (юридикалык укуктарды жана милдеттерди);
2) укук ченемдерин мүмкүн болгон бузуулардын терс (жаман) кесепеттеринин түрүн жана ченемин (юридикалык жоопкерчиликти).
6. Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акт өзүнө мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыны кабыл алуу максатын; анын негизинде жана аны аткаруу үчүн мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акт кабыл алынуучу (чыгарылуучу) мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди; жөнгө салуу предметин жана тиешелүү укук ченемдерин камтууга тийиш.
Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыда анын негизинде мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акт кабыл алынган мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыда колдонулуучу терминология пайдаланылат.
20-берене. Атайын белгилөөлөрдү пайдалануу
1. Ченемдик укуктук актылардын тексттеринде сүрөттөр, аббревиатуралар, эмблемалар, географиялык сүрөттөмөлөр, символдор жана башка белгилөөлөр түрүндөгү атайын белгилөөлөр колдонулушу мүмкүн.
2. Ченемдик укуктук актыда колдонулган атайын белгилөөлөр тийиштүү атайын чөйрөдө өздөрү колдонулуп келген маанисинде түшүнүлөт.
21-берене. Ченемдик укуктук актылардагы кыскартуулар жана жалпылаштырылган түшүнүктөр
1. Мамлекеттик органдардын (уюмдардын) кыскартылган аталыштарын колдонууга мындай кыскартылган аталыштар расмий болуп саналган учурда гана жол берилет. Ченемдик укуктук актыларда объект биринчи жолу жазылганда, анын толук аталышы берилет, ал эми кашаанын ичинде андан ары объекттин ченемдик укуктук актынын текстинде колдонула турган кыскартылган аталышы көрсөтүлөт.
2. Мамлекеттик органдарды (уюмдарды) белгилөөчү жалпылаштырылган түшүнүктөр (сөздөр, сөз айкаштары) ченемдик укуктук актыларда ушул мамлекеттик органдардын (уюмдардын) баарына тийиштүү жалпылаштырылган түшүнүк колдонулган учурларда гана пайдаланылат.
22-берене. Ченемдик укуктук актыларда шилтемелерди колдонуу
1. Ченемдик укуктук актыда анын түзүмдүк элементтерине, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана алардын түзүмдүк элементтерине карата шилтемелер ченемдердин өз ара байланышын көрсөтүү зарыл болгон учурларда же аларды кайталабоо максатында гана колдонулат.
2. Конституцияга карата шилтеме колдонулганда, Конституциянын кабыл алынган датасы жана башка реквизиттери көрсөтүлбөйт.
3. Мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыга карата шилтеме колдонулганда, ченемдик укуктук актынын түрү жана аталышы көрсөтүлөт.
4. Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыга же анын түзүмдүк элементине карата шилтеме колдонулганда, төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ченемдик укуктук актынын түрү жана аталышы;
2) ченемдик укуктук актынын кабыл алынган датасы, каттоо номери.
Шилтемелер бир нече жолу колдонулганда, ченемдик укуктук актыга карата биринчи шилтемеден тышкары анын түрү жана аталышы көрсөтүлөт.
5. Ошол эле ченемдик укуктук актыда ченемдик укуктук актыга же анын түзүмдүк элементине карата шилтеме берүү "ушул" деген сөздү колдонуу менен жасалат.
6. Мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актылардагы шилтемелер жогорку же бирдей юридикалык күчтөгү мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыларга карата берилиши мүмкүн. Мыйзам алдындагы конкреттүү ченемдик укуктук актыларга же алардын түзүмдүк элементтерине карата шилтеме жасоого жол берилбейт.
7. Жалпы мыйзамдарга карата бланкеттик шилтемелерге жол берилбейт.
8. Мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актылардын текстинде өз кезегинде шилтеме болуп саналышкан мыйзам даражасындагы башка ченемдик укуктук актылардын укук ченемдерине карата шилтемелерге жол берилбейт.
23-берене. Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана алардын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү ченемдик укуктук актыларды тариздөө
1. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган ченемдик укуктук актынын аталышында, актынын формасына, кабыл алынган датасына, каттоо номерине жана аталышына шилтеме камтылууга тийиш.
Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган ченемдик укуктук актынын аталышында актынын формасына жана аталышына шилтеме жасалууга тийиш.
2. Эгерде ченемдик укуктук актынын колдонуудагы редакциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн саны анын текстинин жарымынан көбүн түзсө же айрым өзгөртүүлөрдүн киргизилиши баяндоо жана түшүнүү үчүн техникалык жактан татаал болсо, ченемдик укуктук актыларга киргизилүүчү өзгөртүүлөр ченемдик укуктук актынын жаңы редакциясы катары таризделет.
Мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыларды жаңы редакцияда тариздөөдө көлөмдү аныктоочу бирдик берене болот. Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды жаңы редакцияда тариздөөдө көлөмдү аныктоочу бирдик пункт болуп саналат.
Ченемдик укуктук акт жаңы редакцияда баяндалганда, ченемдик укуктук актынын аталышында "жаңы редакция" деген сөздөр колдонулбайт. Ченемдик укуктук актыны жаңы редакциясында кабыл алганда ошол эле учурда колдонуудагы ченемдик укуктук акт күчүн жоготту деп таанылууга тийиш.
3. Ченемдик укуктук актынын түзүмдүк элементине өзгөртүүлөр киргизилгенде, мындай түзүмдүк элемент төмөнкүдөй учурларда жаңы редакцияда баяндалат, эгерде:
1) түзүмдүк элементтин текстине өзгөртүүлөр бир нече жолу киргизилсе;
2) колдонуудагы редакцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн саны түзүмдүк элементтин текстинин жарымынан ашык болсо;
3) айрым өзгөртүүлөрдүн киргизилиши баяндоо же түшүнүү үчүн татаал болсо;
4) түзүмдүк элементтин мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринин аутенттүүлүгүн камсыздоо зарыл болсо.
4. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү аны кабыл алган (чыгарган) ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) тарабынан ошол эле түрдөгү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу (чыгаруу) аркылуу жүзөгө ашырылат.
5. Ченемдик укуктук актыны өзгөртүүчү ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
6. Ченемдик укуктук актынын текстине өзгөртүүлөр өзүнө ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык таризделүүгө тийиш болгон толуктоолорду, алып салууларды, алмаштырууларды камтыйт.
Ченемдик укуктук актынын текстинен түзүмдүк элементтерди алып салуу түзүмдүк элементти күчүн жоготту деп таануу аркылуу таризделет.
7. Түзүмдүк элементтер күчүн жоготту деп таанылганда, алардан кийинки түзүмдүк элементтер кайра саналбайт. Күчүн жоготкон түзүмдүк элемент ошол түзүмдүк элементке кийин өзгөртүүлөрдү киргизүүдө эсепке алууга катышат.
8. Ченемдик укуктук акт күчүн жоготту деп таанылганда, ошол актыга өзгөртүүлөрдү киргизген бардык ченемдик укуктук актылар же алардын түзүмдүк элементтери бир эле учурда күчүн жоготту деп таанууга берилет. Ченемдик укуктук актынын кабыл алынгандыгына байланыштуу күчүн жоготту деп таанууга жаткан ченемдик укуктук актылардын же түзүмдүк элементтердин тизмеги ченемдик укуктук актынын өзүндө же аны колдонууга киргизүү тартиби жөнүндө актыда камтылууга тийиш.
4-глава. Ченем жаратуу иштери
24-берене. Ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү
1. Ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Өкмөт аныктоочу тартипте жөнгө салуучу таасирдин талдоосуна алынууга тийиш.
Жөнгө салуучу таасирге талдоо жүргүзүү үчүн өзгөчөлүктөрдүн тизмеги Өкмөт тарабынан аныкталат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары өздөрү иштеп чыгып жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна Өкмөт аныктоочу тартипте жөнгө салуучу таасирдин талдоосун жүргүзүүгө укуктуу.
2. Жөнгө салуучу таасирди талдоо ченемдик укуктук актынын долбоорунун демилгечиси (иштеп чыгуучусу) тарабынан коомдук кеңешүүнүн механизмин милдеттүү түрдө колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
3. Демилгечи жөнгө салуучу таасирди талдоого алуунун негизинде даярдалган негиздемесин бербеген учурда, ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылат.
4. Жөнгө салуучу таасирди талдоо колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карата да жүргүзүлүшү мүмкүн.
25-берене. Адамдын укуктарына, эркиндиктерине жана жарандардын милдеттерине тийиштүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү
1. Адамдын укуктарына, эркиндиктерине жана жарандардын милдеттерине тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ар бир адам Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынгандан башка баардык аракеттерди жана иштерди жасоого укуктуу деген принципке негизделүүгө тийиш.
2. Мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актылар адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгарууну же азайтууну көздөбөөгө тийиш.
3. Эгерде мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыда чектөөлөр жана тыюулар каралбаган болсо, адам кылмыштык-жаза жана/же административдик жоопкерчиликке тартылбайт.
4. Мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук акт мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларда адам менен жарандын укуктарына жана эркиндиктерине чектөөлөрдү белгилөөнү жана киргизүүнү бекемдөө маселесин караштыра албайт.
5. Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыда каралбаган кошумча чектөөлөрдү караштырышы мүмкүн эмес.
26-берене. Ченемдик укуктук актынын долбооруна экспертиза жүргүзүү
1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертизалардын атайын (мыйзамдык, укук коргоочулук, гендердик жана коррупцияга каршы) түрлөрү жасалууга тийиш.
Ченемдик укуктук актынын долбоору жөнгө салууга багытталган укуктук мамилелерге жараша мыйзамдарда экспертизалардын башка түрлөрү караштырылышы мүмкүн.
2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертизалардын атайын түрлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жасалат.
3. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертизалардын атайын түрлөрүн жасоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
4. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертизалардын атайын түрлөрү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карата жасалат.
27-берене. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун макулдашуу
1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Президентке, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө киргизердин алдында алар милдеттүү түрдө юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен, мамлекеттин кирешелерин азайтууну же сарптоолорун көбөйтүүнү караштырган маселелер боюнча - финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен, ишкердик субъекттеринин кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча - ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен, жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыгына тиешелүү маселелер боюнча - жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча ыйгарым укуктуу орган менен, жана эгерде ченемдик укуктук актыда алардын компетенциясына тийиштүү ченемдер бар болсо - башка мамлекеттик органдар менен макулдашылууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын айрым аймагына карата колдонула турган мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлору юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүмү менен макулдашылууга тийиш.
3. Ченемдик укуктук актынын долбоорун электрондук жол менен да макулдашууга болот.
28-берене. Коомдук талкууну уюштуруу
1. Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына, эркиндиктерине, милдеттерине түздөн-түз тиешелүү, коомдук мамилелерди жаңыча жөнгө салууну киргизүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан башкалары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте коомдук талкуудан өткөрүлүүгө тийиш.
29-берене. Коомдук талкуунун мөөнөтү
1. Ченемдик укуктук актылардын долбооруна коомдук талкуу жүргүзүүнүн мөөнөтү 15 календарлык күндөн кем эмес.
2. Коомдук талкуунун мөөнөтүн эсептөө ченемдик укуктук актынын долбоору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына же жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылган күндөн кийинки күндөн тартып башталат.
30-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун ченем жаратуучу органга киргизүү
1. Ченем жаратуучу органга киргизилүүчү ченемдик укуктук актынын долбооруна төмөнкүлөр тиркелет:
1) коштоочу кат;
2) негиздеме-маалымкат;
3) салыштырма таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр киргизилген учурда);
4) ченемдик укуктук актынын долбоору макулдашылганы жөнүндө маалыматты камтыган документтер;
5) экспертизалардын адистешкен түрлөрүнүн жыйынтыктары боюнча даярдалган эксперттик корутундулар (эгер болсо);
6) жөнгө салуучу таасирге талдоо (эгер болсо).
2. Эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү зарыл болсо, ошол өзгөртүүлөр киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө же ал жөнүндө негиздеме-маалымкатта көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Ченемдик укуктук актынын долбоорун кароого мамлекеттик тилде гана киргизүүгө мүмкүн экендиги тууралуу чечим кабыл алышкан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ченемдик укуктук актысынын долбоорунан башка учурларда, ченемдик укуктук актынын долбоору бир эле убакта кагаз жүзүндө жана электрондук сактагычта мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.
4. Өкмөт Жогорку Кеңешке киргизген ченемдик укуктук актынын долбоорун, редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизгенден башка учурларда, Өкмөттүн же Өкмөттүн расмий өкүлүнүн макулдугусуз өзгөртүүгө болбойт.
5. Ушул берененин талаптарын бузуу менен кароого киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору кароосуз кайта жиберилүүгө тийиш. Эреже бузуулар жоюлгандан кийин долбоор белгиленген тартипте кароого киргизилет.
31-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатына карата негизги талаптар
Ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкаты өзүнө ченемдик укуктук актыны кабыл алуу зарылдыгын негиздеген маалыматтарды камтууга тийиш жана төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат:
1) ченемдик укуктук актынын долбоорунун максаты жана милдеттери;
2) баяндоочу бөлүгү;
3) мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, мыйзамдык, укук коргоочулук, гендердик, коррупциялык жана башка натыйжалардын божомолдору;
4) коомдук талкуунун жыйынтыгы, түшкөн сунуштар жана пикирлер жөнүндө маалымат, алардын эске алынганы/алынбаганы жөнүндө маалыматтар менен кошо;
5) долбоордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсүнө талдоо;
6) ченемдик укуктук актынын кабыл алынгандыгына байланыштуу кайра карап чыгуу же иштеп чыгуу керек болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат;
7) каржылоонун зарылдыгы жана анын булактары тууралуу маалымат;
8) жөнгө салуучу таасирди талдоо тууралуу маалымат (зарыл болсо).
32-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун кабыл алуу
1. Эгерде Конституцияда башкача каралбаса, ченемдик укуктук актылар ченем жаратуучу орган тарабынан ушул Мыйзамда жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте кабыл алынат.
2. Ишке ашырылышы мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар каржылоонун булагы аныкталгандан кийин кабыл алынат.
3. Ишке ашырылышы мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна карата финансылык эсептөөлөрдү жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
4. Ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.
Тийиштүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын саны басымдуулук кылган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын тийиштүү чечими бар болгон шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ченемдик укуктук актыларын бир гана мамлекеттик тилде кабыл алууга жол берилет.
5. Ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыгында ченемдик укуктук актыны кабыл алууга укугу бар ченем чыгаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ченемдик укуктук актыны кабыл алууга;
2) долбоорду четке кагууга;
3) өздөрүнүн сын пикирлерин жана сунуштарын берүү менен долбоорду толуктап иштеп чыгуу үчүн кайтарып берүүгө.
33-берене. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун тартиби
1. Ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланууга тийиш.
2. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо деп ченемдик укуктук актылардын текстин Өкмөт аныктаган басма сөздүк же электрондук басылмага чыгаруу жолу менен жалпы коомчулукту кабардар кылуу түшүнүлөт.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган жана кабыл алынган тилде жарыяланган ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде расмий жарыяланат.
4. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланган күнү болуп ошол акт жайгаштырылган басылма жарыкка чыккан күн эсептелет.
5. Кызматтык пайдалануу үчүн информацияны же мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды камтыган ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, толук эмес баяндалган ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоого жол берилбейт.
6. Жарыялоо тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине (мындан ары - Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестри) киргизилет.
7. Ченемдик укуктук актыларды башка жалпыга маалымдоо каражаттарына басып чыгарууда басылманын расмий булагына шилтеме милдеттүү түрдө берилет.
8. Укук колдонуу практикасында ченемдик укуктук актылардын расмий жарыялангандары пайдаланылууга тийиш.
34-берене. Коомдук мамилелерди убактылуу жөнгө салуу
1. Айрым коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында Өкмөт Кыргыз Республикасынын айрым же бүтүндөй аймагында ченемдик укуктук актыны кабыл алуу аркылуу бир жылга чейинки мөөнөткө пилоттук жөнгө салуу долбоорун киргизүүгө укуктуу.
Пилоттук жөнгө салууну киргизүүнүн жана аны ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
2. Пилоттук жөнгө салуу долбоору ийгиликтүү ишке ашканда, тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынышы же мыйзамдык даражадагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгелениши мүмкүн.
5-глава. Ченемдик укуктук актыларды эсепке алуу, системалаштыруу жана аларга мониторинг жүргүзүү
35-берене. Ченемдик укуктук актыларды каттоо
1. Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар катталууга тийиш.
2. Каттоону төмөнкүлөр жүргүзөт:
1) конституциялык мыйзамдарды, кодекстерди, мыйзамдарды жана Президенттин жарлыктарын - Президенттин Аппараты;
2) Жогорку Кеңештин токтомдорун - Жогорку Кеңештин Аппараты;
3) Өкмөттүн токтомдорун - Өкмөттүн Аппараты;
4) Улуттук банктын токтомдорун - Улуттук банк;
5) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын токтомдорун - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия;
6) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун буйруктарын - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор;
7) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токтомдорун - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттары;
8) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү орандарынын токтомдорун - шаардык кеңештердин жана айыл өкмөттөрүнүн аппараттары.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө аталган ченемдик укуктук актыларды каттоочу органдар бул актыларды эсепке алышат жана системалаштырышат, алар тарабынан каттоого алынуучу актылардын контролдук нускаларын жүргүзөт, ошондой эле аларга бардык күнүмдүк өзгөртүүлөрдү, анын ичинде аларды токтотуу жана токтото туруу жөнүндө өзгөртүүлөрдү өз убагында киргизишет.
36-берене. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестри
1. Ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.
Ушул Мыйзамдын 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда белгиленген ченемдик укуктук актынын аныктамасына жооп бербеген ченем жаратуучу органдардын актылары Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбейт.
2. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибин Өкмөт аныктайт.
37-берене. Ченемдик укуктук актыларга мониторинг жүргүзүү жана иш жүзүндөгү жөнгө салуу таасирин баалоо
1. Ченемдик укуктук актыларга алардын аракетинин натыйжалуулугун аныктоо максатында мониторинг жүргүзүлүүгө жана иш жүзүндөгү жөнгө салуу таасири бааланууга тийиш.
Ченемдик укуктук актылардын мониторинги күчүнө кирген күндөн тартып ар эки жыл сайын жүргүзүлөт.
Ченемдик укуктук актылардын иш жүзүндөгү жөнгө салуу таасирин баалоо ченемдик укуктук акт кабыл алынган күндөн тартып ар беш жыл сайын жүргүзүлөт.
2. Ченемдик укуктук актыларга мониторинг жүргүзүү жана иш жүзүндөгү жөнгө салуу таасирин баалоо Өкмөт аныктаган тартипте мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат.
Мамлекеттик органдар ченемдик укуктук актыларга мониторинг жүргүзүүгө жана иш жүзүндөгү жөнгө салуу таасирин баалоого көз карандысыз эксперттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартууга укуктуу.
3. Ченемдик укуктук актыларга мониторинг жүргүзүүнүн жана иш жүзүндөгү жөнгө салуу таасирин баалоонун жыйынтыгы жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылат жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же болбосо жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга негиз болуп саналат.
38-берене. Ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө
1. Ченемдик укуктук актылардын ишке ашырылышын аларды кабыл алган (чыгарган) ченем жаратуучу орган контролдойт.
2. Аткаруу бийлик органдары, ошондой эле конституциялык мыйзамда тизмеси аныкталуучу башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аталган органдардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөөнү өз компетенцияларынын чегинде прокуратура органдары жүзөгө ашырат.
6-глава. Корутунду жоболор
39-берене. Өткөөл жоболор
1. Мамлекеттик органдарга ыйгарылып берилген ченем жаратууга ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алынган (чыгарылган) ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин аларды кабыл алган мезгилдин ичинде колдонулат.
40-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүн кошпогондо расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 55 "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 5-апрели, № 27);
2) 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.);
3) 2011-жылдын 13-майындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 17-майы, № 37);
4) 2012-жылдын 7-декабрындагы № 195 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 11-декабры, № 109);
5) 2013-жылдын 14-февралындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 19-февралы, № 14);
6) 2013-жылдын 19-февралындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 22-февралы, № 15);
7) 2013-жылдын 22-февралындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 1-марты, № 16);
8) 2013-жылдын 11-июлундагы № 131 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 23-июлу, № 61);
9) 2013-жылдын 30-июлундагы № 168 "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 6-августу, № 66);
10) 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана 2-беренелери ("Эркин Тоо" гезити, 2014-жылдын 21-февралы, № 13);
11) 2014-жылдын 14-мартындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2014-жылдын 18-марты, № 19);
12) 2014-жылдын 7-июлундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2014-жылдын 11-июлу, № 54);
13) 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 13-январы, № 3);
14) 2017-жылдын 20-июлундагы № 137 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 1-августу, № 87).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) үч айдан кечиктирбестен өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
2) мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине зарылдыкка жараша киргизсин.
4. Башка мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына үч айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-майындагы № 231 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ