Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги N 245 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы № 15
Контракт боюнча аскердик кызмат өтөө маселелерине карата
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомунун редакциясына ылайык)
Аскердик кызмат өтөө тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункттун экинчи абзацы "мындай кызматтардан бошоткондон кийин алар" деген сөздөрдөн кийин "аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин карамагына киргизилет, андан кийин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункттун 1-пунктчасындагы ", Улуттук гвардиясынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 61-пунктта:
1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабында:
- офицердик курамдын кызмат ордуна аскердик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн, ошондой эле контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, сержант жана старшиналык курамдагы аскер кызматчыларын жана прапорщиктерди дайындоо - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын буйруктары менен;
- Кургактагы аскерлердин, Улуттук гвардиянын, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин офицерлерин, "майорду" кошо алганда штаттык кызматтык категориядагы кызмат орундарына - тийиштүү кол башчылардын буйруктары менен;
- Кургактагы аскерлердин курамына кирген дивизиянын командачылыгынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин офицерлерин, "капитанды" кошо алганда штаттык кызматтык категориядагы кызмат орундарына - дивизиянын командиринин буйруктары менен;
- борбордук баш ийүүдөгү кошуундардын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин офицерлерин, ошондой эле Кургактагы аскерлердин, Улуттук гвардиянын, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн, борбордук баш ийүүдөгү бөлүктөрдүн ортосундагы офицерлерди, "майорду" кошо алганда штаттык категориядагы кызмат орундарына - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басарынын буйруктары менен;
- калган офицерлерди - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын буйруктары менен;";
3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын:
9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда:
- офицердик курамдын кызмат ордуна аскердик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн, ошондой эле контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, сержант жана старшиналык курамдагы аскер кызматчыларын жана прапорщиктерди дайындоо - Мамлекеттик чек араны кайтаруу органынын жетекчисинин буйруктары менен;
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү облустар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыгынын кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин офицерлерин, "капитанды" кошо алганда штаттык кызматтык категориядагы кызмат орундарына - Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү облустар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын тийиштүү башчыларынын буйруктары менен;
- борбордук баш ийүүдөгү башкаруу органдарынын, кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин офицерлерин, ошондой эле Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү облустар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыгынын ортосундагы офицерлерди, "капитанды" кошо алганда штаттык кызматтык категориядагы кызмат орундарына дайындоо - Башкы штабдын башчысы - Мамлекеттик чек араны кайтаруу органынын жетекчисинин биринчи орун басарынын буйруктары менен;
- калган офицерлерди - Мамлекеттик чек араны кайтаруу органынын жетекчисинин буйруктары менен;";
- 72-пункттун 5-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 73-пункттун биринчи жана экинчи абзацтарындагы "бир баскычка" деген сөздөр алып салынсын;
- 90-пунктта:
1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
1) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабында:
- Кургактагы аскерлердин, Улуттук гвардиянын, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кошуундарында, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде офицердик курамдын "майорду" кошо алганда кезектеги аскердик наамдары - тийиштүү кол башчылардын буйруктары менен;
- Кургактагы аскерлердин курамына кирген дивизиянын командачылыгынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин кенже офицердик курамындагы кезектеги аскердик наамдары - дивизиянын командиринин буйруктары менен;
- борбордук баш ийүүдөгү кошуундарда, аскер бөлүктөрдө жана мекемелерде жана башкаруу органдарында офицердик курамдагы "майорду" кошо алганда кезектеги аскердик наамдары - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басарынын буйруктары менен;
- "подполковник", "полковник" офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары жана кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчү аскердик наамдары - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын буйруктары менен;";
3-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Мамлекеттик чек араны кайтаруу органында:
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү облустар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын кошуундарында, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде кенже офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары - Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү облустар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын башчыларынын буйруктары менен;
- борбордук баш ийүүдөгү кошуундарда, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелерде, башкаруу органдарында кенже офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары - Башкы штабдын башчысы - Мамлекеттик чек араны кайтаруу органынын жетекчисинин биринчи орун басарынын буйруктары менен;
- улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары жана кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчү аскердик наамдары - Мамлекеттик чек араны кайтаруу органынын жетекчисинин буйруктары менен;";
10-пунктчадагы "мамлекеттик чек араны кайтаруу жана" деген сөздөр "Мамлекеттик чек араны" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 111-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"111. Прапорщиктерди кызматка дайындоо жана бошотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабында:
- Кургактагы аскерлердин, Улуттук гвардиянын жана Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларын - тийиштүү кол башчылардын буйруктары менен;
- Кургактагы аскерлердин курамына кирген дивизиянын командачылыгынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларын - дивизиянын командиринин буйруктары менен;
- калган аскер кызматчыларын - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басарынын буйруктары менен;
2) коргоо органында - коргоо органынын жетекчисинин орун басарынын буйруктары менен;
3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу органында:
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү облустар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларын - Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү облустар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын башчыларынын буйруктары менен;
- калган аскер кызматчыларын - Башкы штабдын башчысы - Мамлекеттик чек араны кайтаруу органынын жетекчисинин биринчи орун басарынын буйруктары менен;
4) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча органдарда - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча органдын жетекчисинин орун басарынын буйругу менен;
5) улуттук коопсуздук органында - улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин орун басарларынын, ошондой эле түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин жетекчилеринин буйруктары менен - улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин чечими боюнча;
6) жазык-аткаруу системалары органында - жазык-аткаруу системасындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгон жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменттин башчысынын буйруктары менен;
7) Аскердик прокуратурада - Кыргыз Республикасынын аскер прокурорунун буйруктары менен.";
- 131-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Прапорщиктердин кызматтарында турган адамдарды которуу ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин тийиштүү орун басарларынын ортосундагы өз ара макулдашуу боюнча жүргүзүлөт жана ушул кызмат адамдарынын буйруктары менен таризделет.";
- 186-пункттун 6-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- сот тарабынан (өкүм менен) аскер кызматчысы атайылап кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулган, ошондой эле аларга карата тергөөчү, прокурор, сот тарабынан атайылап жасалган кылмыштар боюнча кылмыштын курамынын же окуясынын жоктугу менен байланышпаган негиздер боюнча кылмыш иши токтотулган учурларда;";
- 190-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"190. Офицердик курамдын кызматтарында аскердик кызматты өтөп жаткан адамдар аскердик кызматтан тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчилеринин буйруктары менен бошотулат.
Прапорщиктердин кызматтарында аскердик кызматты өтөп жаткан адамдар аскердик кызматтан прапорщиктердин кызматына дайындоо укугуна ээ кызмат адамдарынын буйруктары менен бошотулат.";
- 191-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде байкабастыктан чоң коркунуч келтирбеген, анча оор эмес кылмыш жасаган кылмыштары үчүн аскер кызматчысына (улуттук коопсуздук органдарынан сырткары) карата козголгон кылмыш иши, тергөөчү, прокурор, сот тарабынан кыскартылган учурларда, аларга карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык тартиптик таасир көрсөтүүчү катуу чаралар колдонулат.";
- 192-пункттун биринчи абзацындагы "тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин" деген сөздөр "тиешелүү мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларын бошотуу боюнча ыйгарым укуктар берилген кызмат адамдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтомду ишке ашыруу тиешелүү жылга министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана административдик ведомстволорго каралган каражаттардын чегинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ж.Исаков |