Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-январы № 40
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы "Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын чек араларынын баяндалышын жана жерлеринин экспликациясын бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы "Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына таандык болгон аянты 75,2 га (алардын ичинен 23,8 га - токой жерлери; 2,9 га - сейрек токой, 48,5 га - жайыт) жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы "Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын тышкы чек араларынын баяндалышы, 1-тиркемеге ылайык;
- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы "Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына таандык болгон аянты 75,2 га (алардын ичинен 23,8 га - токой жерлери; 2,9 га - сейрек токой, 48,5 га - жайыт) жер участогунун чек араларынын баяндалышы, 2-тиркемеге ылайык;
- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы "Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын жерлеринин экспликациясы, 3-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-майындагы № 249 "Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мамлекеттик табигый жаратылыш паркын жана Нарын областынын Нарын районунда Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "24393" деген цифралар "24400" деген цифралар менен алмаштырылсын, "№ 1 тиркемеге ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен бирдикте белгиленген тартипте Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы "Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан республикалык маанидеги археологиялык эстеликтердин коргоого алынган зонасын аныктоо боюнча иштерди жүргүзсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
1-тиркеме
1. "Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын тышкы чек арасынын баштапкы чекити катары (№ 1 чекит) Жалгыз-Кыр тоо кыркасынын түндүк бетинде деңиз деңгээлинен 1998,2 метр бийиктикте жайгашкан чекит алынган.
2. № 1 чекиттен (Жалгыз-Кыр тоо кыркасынын түндүк бетинде деңиз деңгээлинен 1998,2 метр бийиктикте жайгашкан чекит) чек аранын линиясы Жалгыз-Кыр тоо кыркасы менен түштүк-чыгышты карай кетип, Жалгыз-Кыр тоо кыркасынын түштүк бетинде деңиз деңгээлинен 2998,8 метр бийиктикте жайгашкан чекитке (№ 2 чекит) барат.
3. № 2 чекиттен (Жалгыз-Кыр тоо кыркасынын түштүк жагында деңиз деңгээлинен 2998,8 метр бийиктикте жайгашкан чекит) чек аранын линиясы түз сызык менен түштүк-чыгышты карай кетип, деңиз деңгээлинен 3213,2 метр бийиктикте жайгашкан чекитке (№ 3 чекит) барат.
4. № 3 чекиттен (деңиз деңгээлинен 3213,2 метр бийиктикте жайгашкан чекит) чек аранын линиясы тоо кырка менен түштүк-батышты карай кетип, аты жок сайдын жана Кылдоо-Бел ашуусунун батыш бетиндеги тоо кыркасынын кесилишкен чекитине (№ 4 чекит) барат.
5. № 4 чекиттен (аты жок сайдын жана Кылдоо-Бел ашуусунун батыш бетиндеги тоо кыркасынын кесилишкен чекити) чек аранын линиясы түштүк-батышты карай кетип, аты жок сайдын жана Пычан дарыясынын кошулган чекитине (№ 5 чекит) барат.
6. № 5 чекиттен (аты жок сайдын жана Пычан дарыясынын кошулган чекити) чек аранын линиясы Пычан дарыясы менен батышты карай кетип, Фергана тоо кыркасынын Туюк ашуусунда деңиз деңгээлинен 3045,7 метр бийиктикте жайгашкан чекитине (№ 6 чекит) барат.
7. № 6 чекиттен (Фергана тоо кыркасынын Туюк ашуусунда деңиз деңгээлинен 3045,7 метр бийиктикте жайгашкан чекит) чек аранын линиясы Ош облусунун Өзгөн районунун жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун администрациялык чек аралары боюнча кетип, андан ары Фергана тоо кыркасы менен түндүк-батышты карай аты жок ашууда Кызыл-Суу дарыясынын бассейнинде деңиз деңгээлинен 3045,7 метр бийиктикте жайгашкан чекитке (№ 7 чекит) барат.
8. № 7 чекиттен (аты жок ашууда Кызыл-Суу дарыясынын бассейнинде деңиз деңгээлинен 3045,7 метр бийиктикте жайгашкан чекит) чек аранын линиясы түндүк тарапты көздөй жалгыз аяк жол менен кетип Кызыл-Суу дарыясына түшөт, андан ары Кызыл-Суу дарыясы боюнча түндүк-чыгышты, андан кийин түштүк-чыгышты карай кетип, Кызыл-Суу дарыясынын жана тоонун түштүк бетинде деңиз деңгээлинен 2271,3 метр бийиктикте жайгашкан булактын кошулган жериндеги чекитке (№ 8 чекит) барат.
9. № 8 чекиттен (Кызыл-Суу дарыясынын жана тоонун түштүк бетинде деңиз деңгээлинен 2271,3 метр бийиктикте жайгашкан булактын кошулган жериндеги чекит) чек аранын линиясы тоонун бети менен өткөн жалгыз аяк жол боюнча түштүк-чыгышты карай кетип, Күлсай суусуна чейин барат, андан ары Күлсай суусу боюнча Мадыш тоосуна кеткен жалгыз аяк жолго чейин барат, андан кийин жалгыз аяк жол менен Мадыш тоосунун бетинде деңиз деңгээлинен 2218,5 метр бийиктикте жайгашкан чекитке (№ 9 чекит) келет.
10. № 9 чекиттен (Мадыш тоосунун бетинде деңиз деңгээлинен 2218,5 метр бийиктикте жайгашкан чекит) чек аранын линиясы түндүк-чыгышты карай түз сызык менен кетип, Мадыш тоо кыркасында деңиз деңгээлинен 2365 метр бийиктикте жайгашкан чекитке (№ 10 чекит) барат.
11. № 10 чекиттен (Мадыш тоо кыркасында деңиз деңгээлинен 2365 метр бийиктикте жайгашкан чекит) чек аранын линиясы аты жок сай аркылуу түштүк-чыгышты карай кетип, Калдама суусу менен кошулган жерине чейин келет, андан ары Калдама суусу боюнча түштүк-чыгышты карай кетип Калдама суусунун жана Молдо-Суу суусунун кошулган жерине чейин барат, андан кийин Молдо-Суу суусу менен түштүк-батышты карай Молдо-Суу суусунун жана Доржу каналынын кошулган жерине келет, андан ары Доржу каналы менен чыгышты карай Доржу каналынын жана жалгыз аяк жолдун кесилишине барат, андан кийин жалгыз аяк жол менен түштүк-чыгышты карай деңиз деңгээлинен 2150 метр бийиктикте жайгашкан чекитке (№ 11 чекит) келет.
12. № 11 чекиттен (деңиз деңгээлинен 2150 метр бийиктикте жайгашкан чекит) чек аранын линиясы түз сызык менен жалгыз аяк жолдун жана суу бөлүштүргүчтүн кесилишкен жериндеги Сары-Жон тоо кыркасынын түндүк бетинде деңиз деңгээлинен 2450 метр бийиктикте жайгашкан чекитке (№ 12 чекит) барат.
13. № 12 чекиттен (жалгыз аяк жолдун жана суу бөлүштүргүчтүн кесилишкен жериндеги Сары-Жон тоо кыркасынын түндүк бетинде деңиз деңгээлинен 2450 метр бийиктикте жайгашкан чекит) чек аранын линиясы жалгыз аяк жол менен түштүктү карай, андан кийин Сары-Жон тоо кыркасынын түндүк бети менен түндүк-чыгышты карай кетип, Сары-Жон тоо кыркасындагы суу бөлүштүргүчкө чейин барат, ушул суу бөлүштүргүчтөн тоонун түштүк бетиндеги жалгыз аяк жолдун жана автомобиль жолунун кесилишкен чекитине чейин, андан кийин автомобиль жолу менен түштүк-чыгышты карай мамлекеттик токой фондунун биринчи чек арасынын жана автомобиль жолунун кесилишкен чекитинен деңиз деңгээлинен 2120 метр бийиктикте жайгашкан чекитке (№ 13 чекит) барат.
14. № 13 чекиттен (деңиз деңгээлинен 2120 метр бийиктикте жайгашкан чекит) чек аранын линиясы түз сызык менен 3548,3 метр аралыкка чейин түштүк-чыгышты карай № 14 чекитке барат.
15. № 14 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен 1708,2 метр аралыкка чейин чыгышты карай № 15 чекитке барат.
16. № 15 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен 1056,4 метр аралыкка чейин түндүк-чыгышты карай № 16 чекитке барат.
17. № 16 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен 819,7 метр аралыкка чейин түндүктү карай № 17 чекитке барат.
18. № 17 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен 1160,9 метр аралыкка чейин түндүк-батышты карай № 18 чекитке барат.
19. № 18 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен түштүк-чыгышты карай 609,2 метр аралыкка чейин Көк-Арт дарыясынын оң жээгинде жайгашкан № 19 чекитке барат.
20. № 19 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен 1109 метр аралыкка чейин түштүк-чыгышты карай № 20 чекитке барат.
21. № 20 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен 1837,5 метр аралыкка чейин түштүк-батышты карай № 21 чекитке барат.
22. № 21 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен 1077,5 метр аралыкка чейин түштүктү карай № 22 чекитке барат.
23. № 22 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен 338,6 метр аралыкка чейин түштүк-чыгышты карай № 23 чекитке барат.
24. № 23 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен 471,8 метр аралыкка чейин түштүк-чыгышты карай Жалгыз-Кыр тоо кыркасынын түндүк бетиндеги Ой-Кайың дарыясындагы суу бөлүштүргүчүндө жайгашкан № 24 чекитке барат.
25. № 24 чекиттен чек аранын линиясы баштапкы № 1 чекитке келет (Жалгыз-Кыр тоо кыркасынын түндүк бетинде деңиз деңгээлинен 1998,2 метр бийиктикте жайгашкан чекит).
2-тиркеме
1. Тышкы чек аранын баштапкы чекити катары Жалгыз-Кыр тоо кыркасынын батыш бетиндеги Туура-Кайың капчыгайында деңиз деңгээлинен 2051,7 метр бийиктикте жайгашкан аты жок чоку алынган.
2. Баштапкы чекиттен (аты жок чоку) (Жалгыз-Кыр тоо кыркасынын батыш бетиндеги Туура-Кайың капчыгайында деңиз деңгээлинен 2051,7 метр бийиктикте жайгашкан чекит) түштүк-багышты карай 125 метрден кийин № 1 чекит (Х=13409320; Ү=4559720) жайгашкан.
3. № 1 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен 400 метр аралыкка чейин чыгышты карай № 2 чекитке (Х=13409720; Ү=4559676) барат.
4. № 2 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен 1984 метр аралыкка чейин түштүк-чыгышты карай № 3 чекитке (Х=13410540; Ү=4557865) барат.
5. № 3 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен 280,9 метр аралыкка чейин батышты карай № 4 чекитке (Х=13410265; Ү=4557865) барат.
6. № 4 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен 1756 метр аралыкка чейин түндүк-батышты карай № 5 чекитке (Х=13409341; Ү=4559367) барат.
7. № 5 чекиттен чек аранын линиясы түз сызык менен 349,7 метр аралыкка чейин чыгышты карай № 1 чекитке барат.
3-тиркеме
Жалпы аянты, га | ТОКОЙЛУУ ЖЕРЛЕР, га | ТОКОЙ ЭМЕС ЖЕРЛЕР, га | |||||||||||||
Токой өскөн аянт | Токон өспөгөн аянт | Бардыгы, га | Айдоо | Чабынды | Жайыт | Курулуштар, короо-жайлар | Жолдор | Суу астындагы жерлер | Мөңгү | Башка жерлер (аска-зоо, шагыл, ж.б.) | Бардыгы, га | ||||
Сейрек токой | Ачык жана бош жерлер | Бардыгы | Сугат | Кайрак | |||||||||||
31932,0 | 3290,8 | 360,6 | 17,8 | 378,4 | 3669,2 |
| 1,4 | 57,3 | 15188,1 | 0,4 | 2,4 | 13,6 | 1230,2 | 11769,4 | 28262,8 |