Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ветеринардык врачтар жана параветеринардык адистер (мындан ары - жеке ветеринардык адистер) тарабынан жеке ветеринардык практиканы жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салат.
2. Жеке ветеринардык практика жүргүзгөн жактар "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Ветеринардык палатанын Ветеринардык кеңеши тарабынан бекитилген Ветеринардык врачтардын кесиптик этика кодексин жана ушул Жобону жетекчиликке алууга тийиш.
3. Ветеринардык кызматтар келишимдик мамилелердин жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн негиздеринде Ветеринардык палатанын реестринде турган жеке ветеринардык адистер тарабынан көрсөтүлөт.
2-глава. Жеке ветеринардык адистердин укуктары жана милдеттери
4. Жеке ветеринардык адис сапаттуу ветеринардык кызматтарды көрсөтөт жана жарандарды жана жаныбарлардын ээлерин көрсөтүлүүчү ветеринардык кызматтар тууралуу маалымдайт.
5. Жеке ветеринардык адистердин иштеген жеринде мамлекеттик жана расмий тилдерде ишинин профили жана уюштуруу формасы, дареги жана иш режими жөнүндө маалымат камтылган фирмалык аталышы көрсөтүлгөн маалымат көрнөгү болот.
6. Көрсөтүлүүчү ветеринардык кызматтар жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- көрсөтүлүүчү ветеринардык кызматтардын негизги түрлөрүнүн тизмеги;
- Ветеринардык палатада катталгандыгы тууралуу күбөлүк;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категориялары үчүн каралган жеңилдиктер тууралуу маалыматтар.
7. Кызматтар жеке ветеринардык адис тарабынан жаныбарлардын ээлери жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн келишимдин (контракттын) негизинде көрсөтүлөт.
8. Жеке ветеринардык адис мүмкүн болуучу кабылдоолор жана алдын ала чараларды көрүү тартиби, ошондой эле ветеринардык адистен көз каранды болбогон кызмат көрсөтүүнүн сапатына таасир этүүчү шарттар жөнүндө жарандарды жана жаныбарлардын ээлерин эскертүүгө милдеттүү.
9. Жеке ветеринардык адис төмөнкүлөрдү камсыздайт:
жаныбарлардын жугуштуу, паразитардык ылаңдарына каршы ылайыктуу мөөнөттө эң эле натыйжалуу каражаттарды колдонуу менен ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүү, жаныбарларды профилактикалык эмдөө жана дарылоо, ошондой эле жаныбарлардын ээлеринин өтүнмөсү боюнча өз убагында дарылоо жардамын көрсөтүү;
- жаныбарларды профилактикалык кароо, зарыл учурларда лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө сынам алуу;
- жаныбарларды сатып алуу, санын көбөйтүү, тоюттандыруу, багуу, кармоо, өстүрүү технологиялары жана мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү маселелери боюнча консультацияларды берүү;
- диагностикалоо, профилактикалоо жана дарылоо учурунда жаныбарларга терс таасирин тийгизбеген каражаттарды жана ыкмаларды колдонуу;
- жүргүзүлүүчү ветеринардык иш-чаралардын жаныбарлардын ден соолугуна жана өндүрүмдүүлүгүнө, ошондой эле айлана-чөйрөгө карата коопсуздугун камсыздоо.
3-глава. Ветеринардык кесиптик этика
10. Жеке ветеринардык адистердин кесиптик этика маселеси Ветеринардык врачтардын кесиптик этика кодекси менен жөнгө салынат.
11. Ветеринардык врачтардын кесиптик этика кодекси калктын ден соолугун жана жаныбарлардын бейпилдигин коргоо ишинде сапаттуу ветеринардык кызмат көрсөтүү аркылуу коомдун кызыкчылыктарын коргоо максатында жеке ветеринардык адистердин этикалык жана кесиптик жүрүм-турумунун негиздөөчү принциптерин аныктайт.