КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-январы № 17
Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 23-26-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында ветеринардык врачтарды жана параветеринардык адистерди каттоо/кайра каттоо жана реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Ветеринария жаатындагы мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |