Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында ветеринардык врачтарды жана параветеринардык адистерди каттоо/кайра каттоо жана реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасында ветеринардык врачтарды жана параветеринардык адистерди каттоо/кайра каттоо жана реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу (мындан ары - жеке ветеринардык практика) чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылууга багытталган.
2. Жеке ветеринардык практика менен Ветеринардык палатанын реестринде (мындан ары - Реестр) турган жеке ветеринардык врачтар жана параветеринардык адистер (мындан ары - жеке ветеринардык адистер) алектенүүгө укуктуу.
3. Жеке ветеринардык адистерди каттоо/кайра каттоо, Реестрди түзүү жана жүргүзүү ушул Жобого жана Ветеринардык палатанын уставына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Жеке ветеринардык практиканы жүргүзүүгө укук Реестрде катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү алган мезгилден тартып келип чыгат.
5. Реестрди түзүү жана жүргүзүү - Реестрге маалыматтарды жыйноо, тутумдаштыруу, киргизүү, эсепке алуу субъекттери жөнүндө маалыматтарды жаңылоо жана сактоо.
6. Реестрге киргизилген жеке ветеринардык адистер Ветеринардык палатанын Ветеринардык кеңеши тарабынан бекитилген Ветеринардык врачтардын кесиптик этика кодексинин ченемдерин сактоого жана өзүнүн кесиптик даярдыгынын деңгээлин дайыма жогорулатууга милдеттүү.
2-глава. Ветеринардык палатанын реестрине каттоо/кайра каттоо үчүн минималдуу квалификациялык талаптар
7. Жеке ветеринардык практиканы жүргүзүүгө төмөнкү минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берген жактар укуктуу:
- жогорку же атайын орто ветеринардык билими барлар же мал чарбачылык чөйрөсүндө дипломдуу адистер;
- ветеринардык врачтын жетекчилигинде 6 айдан кем эмес иш тажрыйбасын бышыктаган документи барлар;
- Реестрде катталгандар.
8. Каттоо/кайра каттоо үчүн минималдуу квалификациялык талаптарга жеке ветеринардык адистердин квалификациясынын ылайыктыгын баалоо тестирлөө жолу менен баллдык система боюнча жүзөгө ашырылат.
9. Жеке ветеринардык адистердин квалификациясын баалоо критерийлери жана системасы Ветеринардык палата тарабынан иштелип чыгат жана Ветеринардык палатанын Ветеринардык кеңеши тарабынан бекитилет.
10. Акыркы эки же андан көп жылдары жеке ветеринардык практиканы жүргүзбөгөн жеке ветеринардык адистер квалификациясын тестирлөө жолу менен бышыктоого тийиш.
11. Реестрге киргизүү үчүн минималдуу квалификациялык талаптарга ылайыктыгын бышыктаган Ветеринардык палатанын чечими жеке ветеринардык адисти Реестрге каттоо/кайра каттоо үчүн негиз болуп саналат.
Реестрге киргизүү үчүн жеке ветеринардык адистер Ветеринардык палатага төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
- ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча каттоо билдирмеси;
- жогорку/атайын орто билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү;
- Ветеринардык палатанын алыш-бериш эсебине каттоо/кайра каттоо жана Реестрди жүргүзүү кызмат көрсөтүүлөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү.
Жеке ветеринардык адис Ветеринардык палатага каттоо/кайра каттоо жана Реестрди жүргүзүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн Ветеринардык палатанын Ветеринардык кеңеши тарабынан бекитилген прейскурантка ылайык акы төлөйт.
Каттоо/кайра каттоо жана Реестрди жүргүзүү кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн каражаттар Реестрди колдоого жана Ветеринардык палатанын башка уставдык максаттары үчүн колдонулат.
12. Жеке ветеринардык адис катталгандыгы тууралуу күбөлүк берилген мезгилден тартып Реестрде катталды деп эсептелет. Катталгандыгы тууралуу күбөлүк реестрге киргизилген мезгилден тартып 2 жылга чейин жарактуу.
13. Каттоо/кайра каттоо жана Реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жеке ветеринардык адистин жазуу жүзүндө же электрондук билдирүүлөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.
14. Жеке ветеринардык адис каттоо/кайра каттоо үчүн берилүүчү маалыматтардын жана документтердин ишенимдүүлүгү, ошондой эле Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө маалыматтардын өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик тартат.
15. Реестрди жүргүзүү төмөнкү формалар менен ишке ашырылат:
- баштапкы каттоо;
- кайра каттоо.
Баштапкы каттоодо Реестрге төмөнкү маалыматтар киргизилет:
- окуусун бүтүргөн күндөн тартып бир жылдын аралыгында жогорку/атайын орто окуу жайларынын ветеринардык факультеттеринин бүтүрүүчүлөрү жөнүндө;
- каттоого алгачкы жолу билдирме берген жана Реестрге каттоо үчүн минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келген ветеринардык адистер жөнүндө.
Реестрге киргизилген жеке ветеринардык адистерди Реестрге кайра каттоо эки жылда бир жолу жүргүзүлөт.
Катталган жеке ветеринардык адистердин Реестри төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- фамилиясы, аты, атасынын аты;
- сүрөт;
- туулган жылы, айы, күнү;
- жынысы;
- жашаган жеринин дареги (почта индекси, облус, шаар, район, айыл аймагы, кыштак);
- байланыш маалыматтары;
- электрондук почтанын дареги;
- билими (кайда, качан, кайсы окуу жайын бүтүргөн, кесиби);
- иш стажы (жалпы жана кесиби боюнча);
- Реестрдеги катар каттоо номери;
- Реестрге баштапкы катталган дата;
- Реестрге каттоо токтото турулган мезгил.
16. Реестрден чыгаруу үчүн негиздер:
- жеке ветеринардык адистин минималдуу квалификациялык талаптарга туура келбегендиги жөнүндө Ветеринардык палатанын чечими;
- ветеринария жана мал чарбачылык жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу катталган жакты Реестрден чыгаруу боюнча Ветеринардык палатанын чечими;
- Реестрге маалыматтарды киргизүү мезгилинде туура эмес маалыматтарды берүү;
- Реестрден чыгаруу тууралуу өздүк арызы;
- катталган жактын кесиптик ишин жүргүзүүгө тыюу салуучу же аракетке жөндөмсүздүгү жөнүндө соттун чечими.
17. Реестрге каттоону токтото турууга негиздер:
- Реестрге каттоону токтото туруу жөнүндө жеке ветеринардык адистин өздүк арызы;
- катталган мөөнөтү өткөндүгү боюнча Реестрге каттоону токтото туруу жөнүндө Ветеринардык палатанын чечими.
18. Реестрди жүргүзүү мезгилинде алынган маалыматтар ушул Жободо көрсөтүлгөн максаттарга гана колдонулат.
Реестрге киргизилген жактар тууралуу маалыматтар Ветеринардык палатанын ресурстук маалымат булагы жана менчиги болуп эсептелет.
Реестрдин маалыматтарынын негизиндеги ачык маалыматтар Ветеринардык палатанын сайтына, атайын маалыматтык жыйнактарда жарыяланат.
19. Ушул Жобонун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин сактабагандыгы же бузгандыгы үчүн ветеринария жана мал чарбачылык жаатындагы жеке ветеринардык адистер Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Ветеринардык врачтардын кесиптик этика кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
Тиркеме
Форма
Жеке ветеринардык адисти Ветеринардык палатанын реестрине киргизүү үчүн КАТТОО БИЛДИРМЕСИ
Арыз берүүчү жөнүндө жекече маалымат: Фамилиясы: ______________________________________________________________________ Аты: _____________________________________________________________________________ Атасынын аты: ____________________________________________________________________ Туулган датасы (күнү, айы, жылы) __________________________________________________ Байланыш маалыматтары: почта дареги (облус, шаар, район, айыл аймагы, кыштак, көчөсү) ___________________________________________________________________ _________________________________________________________________________________ Электрондук дареги/e-mail/: ________________________________________________________ Телефон номери (моб., жумуш, үй): __________________________________________________ _________________________________________________________________________________ Арыз берүүчүнүн кесиптик маалыматтары: Билими __________________________________________________________________________ Адистиги _________________________________________________________________________ Качан, кайда, кайсы окуу жайын бүтүргөн: ____________________________________________ Адистиги боюнча иш стажы: ________________________________________________________ Акыркы жылы үзгүлтүксүз кесиптик даярдыгы жөнүндө маалыматтар: ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ Адистештирүүсү: ________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ Каттоо/кайра каттоо жана Реестрди жүргүзүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө маалымат/квитанциянын №/ _____________________________________________________________ |
Мен, __________________________________________________________________________________
мени Ветеринардык палатанын реестрине киргизүүнү өтүнөм.
Ветеринардык врачтардын кесиптик этика кодекси менен таанышып чыктым жана анын ченемдерин сактоого милдеттенем.
Мен берген маалыматтардын чындыкка туура келерин бышыктайм.
Арыз ээсинин колу ______________________ Дата: ______________________________