Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-январы № 16
"Исламабад шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыкка катышкан мамлекеттердин ортосундагы Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- "Исламабад шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыкка катышкан мамлекеттердин ортосундагы Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Исламабад шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыкка катышкан мамлекеттердин ортосундагы Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
1-берене.
Исламабад шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыкка катышкан мамлекеттердин ортосундагы Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө депозитарийге кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 16 токтому менен жактырылган |
Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыкка катышкан мамлекеттердин ортосундагы Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашууну түзүү региондо Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык институтунун базасын түзүү боюнча 2012-жылдын 30-октябрында Ухань шаарында (Кытай Эл Республикасы) өткөн, Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыктын (мындан ары - БАРЭК) 11-министрлер конференциясында жетишилген келишимдик менен шартталган.
БАРЭКке катышкан мамлекеттер БАРЭК институтун анын мүчөлөрүнө кызмат көрсөтүү максаты менен БАРЭКтин операциялык артыкчылыктарынын бири катары аныкташкан. Бул багытта БАРЭК институту 2014-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өткөн Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтыктын 13-министрлер конференциясында жактырылган "Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык институтунун базасын түзүү жөнүндө министрлердин билдирүүсүндө" чагылдырылган теңдик, адилеттүүлүк жана баланс принциптерин карманышы керек.
БАРЭК институтун түзүү максаты БАРЭК регионунда экономикалык өсүштү тездетүү максатына жетүү үчүн натыйжалуу региондук кызматташтык үчүн билимдерди түзүүнүн жана потенциалды өнүктүрүүнүн эсебинен БАРЭК сапатын жогорулатуу болуп саналат.
Буга байланыштуу Исламабад шаарында 2016-жылдын 26-октябрында Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыкка катышкан мамлекеттердин ортосундагы Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
Бул Макулдашууга ылайык БАРЭКке катышуучу мамлекеттердин келишимдик Тараптары Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык институтун аталган Макулдашууга ылайык ага тапшырылган функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон артыкчылыктар жана жеңилдиктер ыйгарылган, субъективдүү укуктарды толугу менен ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон өкмөттөр аралык уюм катары түзүүдө.
Өз учурунда БАРЭК институту коюлган максаттарга жетүү үчүн Макулдашууга ылайык төмөнкүдөй иш-чараларды аткарууга күч-аракетин жумшайт:
- БАРЭКтин жыл сайын өтүүчү министрлер конференциясынын жыйынында сунушталган жана өткөн программалар жөнүндө БАРЭКке отчет берүү;
- өзүнүн программаларын БАРЭКтин стратегиялык максаттарына шайкеш келтирүү;
- БАРЭК институтунун мүчө өлкөлөрүнө региондук чакырыктарга таасир көрүү жана кызматташтык процесстерин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн алдыңкы тажрыйба алмашуунун негизинде инновациялык чечимдерди сунуштоо;
- региондук кызматташтык процесстерине катышуу, региондук кызматташтык долбоорлорун пландоо жана ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана саясатка маалыматтардын негизинде талдоо жүргүзүү үчүн квалификация деңгээлин жогорулатуу үчүн БАРЭК институтунун мучө өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн расмий адамдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- БАРЭК регионунда региондук кызматташтык потенциалын кеңейтүү жана экономикалык өсүштү тездетүү максатында дүйнөлүк класстагы интеллектуалдык ресурстарды мобилизациялоонун эсебинен стратегиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- БАРЭКте жана БАРЭК институтунун мүчө өлкөлөрүнүн ортосунда биргелешкен же жамааттык долбоорлорду ишке ашыруу, маалыматтарды жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгын кеңири жайылтуу аркылуу илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун камсыздоо;
- БАРЭК регионунда стратегиялык изилдөөлөр жана бөлөктөрүн эсепке албаганда университеттерден, изилдөө борборлорунан жана өнүктүрүү институттарынан турган билимдерди алмашуу үчүн ресурстук база катары илимий-изилдөө мекемелер тармагын өнүктүрүү.
Макулдашуунун 27-беренесине ылайык ал ратификациялоо шаймандары депозитарийге өткөрүп берилген, БАРЭКтин мүчө өлкөлөрү болуп эсептелген жок эле дегенде үч өлкөдөн, анын ичинде БАРЭК институтунун башкы кеңсеси жайгашкан өлкөдөн кабыл алынган же бекитилген күндөн кийинки күнү күчүнө кирет.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Макулдашууга кол коюлганга чейин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-октябрындагы № 464-б буйругу менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Макулдашуу ратификациялоо жол-жоболорун жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилет.
Ушул Макулдашууну ратификациялоо финансылык чыгымдарга, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.