Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-январы № 24
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Карашев, М.И.Бакиров, М.К.Жеенчороев, Г.С.Молдобекова, А.М.Нурбаев, А.Т.Сулайманов, А.А.Турсунбаев тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 24 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Карашев, М.И.Бакиров, М.К.Жеенчороев, Г.С.Молдобекова, А.М.Нурбаев, А.Т.Сулайманов, А.А.Турсунбаев тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 4-пунктун жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда.
Атап айтканда Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы менен пенсия дайындалып жаткан арыз ээси тарабынан берилүүчү эмгек китепчесиндеги жазуулар камсыздандыруу стажын эсептөө үчүн негиз болоору каралууда.
Ошону менен бирге эле "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде камсыздандыруу стажына теңештирилген мезгилдер (аскер кызматы, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган, I топтогу майыпты, майып-баланы баккан мезгилдер ж.б.) саналганын белгилей кетүү керек.
Жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин эмгек китепчеси, ал эми жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин жекече камсыздандыруу эсебиндеги камтылган маалыматтар иш стажын тастыктаган негизги документ болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"Жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин иш стажын тастыктаган негизги документ болуп эмгек китепчеси эсептелет.".
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацында эмгек китепчесиндеги так эмес жазуулар байкалган учурда Социалдык фонд жана анын аймактык органдары жумуш берүүчүдөн жана компетенттүү органдардан тактоочу мүнөзүндөгү маалыматтарды суратып алууга укукту экендиги белгиленүүдө. Эмгек китепчеси жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин иш стажын тастыктаган негизги документ болуп санааларын эске алып, "Эмгек китепчесинде" деген сөздөрдөн кийин "жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
3. Пенсия дайындоодо эмгек китепчесиндеги жазууларда жарандардын фамилиясын, атын, атасынын атын жазууда эле эмес, ошондой эле туулган датасын жазууда дагы катачылыкка жол берилген учурлар болоорун көп жылдык практика көрсөтүүдө.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн сегизинчи абзацын "айырмачылыктар" деген сөздөн мурун "туулган датасындагы" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн он үчүнчү абзацында Социалдык фонд иш берүүчүдөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте компетенттүү органдардан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгүн тастыктаган маалыматты талап кылууга укуктуу экендиги көрсөтүлүүдө. Мындай маалыматтарды талап кылуу боюнча милдет Социалдык фондго жана анын аймактык органдарына жүктөлөт.
Мыйзам долбоорунда маалымат суроо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталгандыктан, он үчүнчү абзацтын биринчи сүйлөмүндөгү "укуктуу" деген сөздү "милдеттүү" деген сөзгө алмаштырууну, ал эми экинчи сүйлөмдү алып салууну сунуштайбыз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн он төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн ченемдер Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын кайталайт, ушуга байланыштуу аны алып салууну сунуштайбыз.
6. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн он бешинчи абзацында Милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке (индивидуалдык) эсептер киргизгенден кийинки камсыздандыруу стажынын мезгили иш берүүчү тарабынан тастыкталбай туруп, эмгек китепчесиндеги жазуулардын жана жеке камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтардын негизинде эсептелээри сунушталган.
Бирок "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иш берүүчүлөр белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Камсыздандырылган адамдын өздүк камсыздандыруу эсебинде камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн эмгек жана башка иштеринин бардык мезгилиндеги маалыматтар топтолот.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажына камсыздандырылган адам тарабынан (же ал үчүн) мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр төлөнгөн мезгилдер гана эсептелет жана эмгек китепчесинин болушу милдеттүү шарт болуп эсептелбейт.
Баяндалгандарды эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн он бешинчи абзацын алып салууну сунуштайбыз.
7. Укук колдонуу практикасында талаш кырдаалдарды жана так эместиктерди болтурбоо үчүн Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн он алтынчы абзацында көрсөтүлгөн "башка маалыматтары" деген сөздөрдү "камсыздандыруу стажын тастыктаган документтери" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Ошол эле мезгилде Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн жогоруда көрсөтүлгөн абзацындагы "иш берүүчү тарабынан тастыкталбаган" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткени "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында иш берүүчүнүн белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды берүү милдети белгиленген.
8. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 4-пунктуна ылайык камсыздандыруу стажын тастыктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Бирок бул ченем Мыйзамдын долбоорунда каралган эмес.
Бул учурда пенсияларды дайындоодо камсыздандыруу стажын эсепке алуу, эсептөө жана тастыктоо үчүн деталдаштырылган тартип керектигин, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталаарын белгилөө керек.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы ченем менен толуктоону сунуштайбыз:
"Камсыздандыруу стажын тастыктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
9. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүндө орточо айлык эмгек акы жөнүндө маалыматтарды берүү милдети пенсия дайындалып жаткан Кыргыз Республикасынын жаранына жүктөлөөрү белгиленүүдө.
Мында "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандары, республикада жашаган, мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга салым кошкон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия алууга укуктуу экендигине көңүл бурабыз.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын ченемдеринде "арыз ээси" деген термин колдонулганын эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын жаранына" деген сөздөрдү "арыз ээсине" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
11. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүндө "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 25-2-берене менен толуктоо сунушталууда.
Өз кезегинде "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берененин аталыштары кыска, так берилип, алардын негизги мазмуну чагылдырышы керектигин белгилейбиз.
Бирок Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүндө аталган берененин аталышы анын мазмунуна шайкеш келбейт.
12. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында пенсионердин эсептөөлөр менен таанышуусу жана эсептөөлөрдү тастыктоо камсыздандыруу стажынын мезгилдери эсепке алынган жана орточо айлык эмгек акынын эсебине кабыл алынган пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалыматты Социалдык фонддун сайтындагы жеке кабинетке жайгаштыруу жолу менен жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө ченемди киргизүү сунушталууда.
Ошону менен бирге эле Мыйзам долбоорунда каралган пенсионердин жеке кабинетин киргизүү боюнча ченемдердин практикада ишке ашырылышы реалдуу финансылык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен уюштуруучулук, техникалык жана финансылык чаралардын комплексинин кабыл алынышын талап кылаарын белгилөө керек.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан пенсионердин жеке кабинетин киргизүү механизмин иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын, аны ишке ашыруу белгилүү бир мезгилди жана ресурстарды талап кылаарын маалымат иретинде билдиребиз.
Ушуга байланыштуу пенсионердин жеке кабинети механизми киргизилгенге чейин пенсионерди пенсиянын өлчөмү жөнүндө жүргүзүлгөн эсептөөлөр менен тааныштыруу максатында аларга дайындалган пенсиялар жөнүндө протоколду берүүнү сунуштайбыз.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"25-2-берене. Дайындалган пенсиялар жөнүндө маалыматтарды берүү
Пенсия дайындалгандан кийин бир айдын ичинде Социалдык фонд пенсия алуучуга пенсиянын өлчөмүнүн жүргүзүлгөн эсептөөлөрү, камсыздандыруу стажынын эсепке алынган мезгилдери жана эсепке алынган орточо айлык эмгек акы менен таанышуу үчүн пенсия дайындоо жөнүндө протоколду берет. Пенсия алуучу пенсиянын өлчөмүнө макул эмес болсо пенсияларды дайындоо жана кайра эсептөө үчүн документтерге баа берүү боюнча Социалдык фонддун комиссиясына же сот органдарына кайрылууга укуктуу.".
13. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин биринчи абзацында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз чечимдерин ушул Мыйзамга шайкеш келтирүү тапшырылууда.
Ошону менен бирге эле аталган Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз чечимдерин коомдук талкуулоо жүргүзүү, тийиштүү мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашуу жол-жоболорун кошкондо, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарды эске алуу менен кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине шайкеш келтирүү үчүн убакыт талап кылынарын белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөрдөн кийин "үч айлык мөөнөттө" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
14. Жогоруда баяндалгандарга кошумча пенсияларды өз убагында дайындоо боюнча жоболорду өркүндөтүү максатында жарандарга пенсиялык куракка жеткенге чейин 6 ай мурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кайрылуу укугун берүүнү сунуштайбыз.
Ушуга байланыштуу "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толуктоону сунуштайбыз:
"1-1. Камсыздандырылган адам Социалдык фонддун аймактык органдарынын кароосуна пенсиялык куракка жеткенге чейин 6 ай мурда курагы боюнча, анын ичинде жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берүүгө укуктуу.".
Сунушталган Мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык жеткире иштеп чыгууга муктаж.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда чагылдырылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.