Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-январы № 53
"Астана шаарында 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Астана шаарында 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Астана шаарында 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
Астана шаарында 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казакстан тарапка жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-январындагы № 53 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишим Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны (мындан ары - мамлекеттик чек ара) юридикалык жактан тариздөөнү аягына чыгаруу максатында түзүлгөн.
Мамлекеттик чек аранын демаркацияланган сызыгынын узундугу 1257,07 км.
Мамлекеттик чек аранын демаркацияланган сызыгына тараптар бардыгы болуп 683 чек ара белгисин орнотушкан, алардын ичинен 354 чек ара белгиси кургак жердеги мамлекеттик чек ара сызыгында түздөн-түз орнотулган бир чек ара мамысынан турат; 286 чек ара белгиси, анын ар бири чек ара сууларынын, каналдардын жана жолдордун жээктери боюнча орнотулган эки чек ара мамыларынан турат: 43 чек ара белгиси, анын ар бири ички жана чек ара суулары куюлушкан жерлерде, каналдарда жана жолдордо, ошондой эле мамлекеттик чек аранын суудагы жана кургактагы сызыгы алмашкан жерлерде орнотулган үч чек ара мамыларынан турат.
Бардыгы болуп тараптар 1055 чек ара мамысын орнотушкан, анын ичинен негизгилери - 537, мунун ичинде кыргыз тарабы - 264, казакстан тарабы - 273; орто аралык чек ара мамылары - 518, алардын ичинен кыргыз тарабы - 258, казакстан тарабы - 260 мамы орноткон.
Ушуга байланыштуу Астана шаарында 2017-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимге (мындан ары - Келишим) кол коюлган.
Жогоруда аталган Келишим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Келишимге кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору, ошондой эле 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери: Эл аралык иштер боюнча комитети, Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 22-декабрындагы № 14 буйругу менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Келишим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Келишимди ратификациялоо финансылык чыгымдарды, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
"Астана шаарында 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
Сунушталган "Астана шаарында 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан.
Мамлекеттик чек аранын демаркацияланган сызыгынын узундугу 1257,07 км.
Мамлекеттик чек аранын демаркацияланган сызыгына тараптар бардыгы болуп 683 чек ара белгисин орнотушкан, алардын ичинен 354 чек ара белгиси кургак жердеги мамлекеттик чек ара сызыгында түздөн-түз орнотулган бир чек ара мамысынан турат; 286 чек ара белгиси, анын ар бири чек ара сууларынын, каналдардын жана жолдордун жээктери боюнча орнотулган эки чек ара мамыларынан турат; 43 чек ара белгиси, анын ар бири ички жана чек ара суулары куюлушкан жерлерде, каналдарда жана жолдордо, ошондой эле мамлекеттик чек аранын суудагы жана кургактагы сызыгы алмашкан жерлерде орнотулган үч чек ара мамыларынан турат.
Бардыгы болуп тараптар 1055 чек ара мамысын орнотушкан, анын ичинде негизгилери - 537, алардын ичинен кыргыз тарабы - 264, казакстан тарабы - 273; орто аралык чек ара мамылары - 518, алардын ичинен кыргыз тарабы - 258, казакстан тарабы - 260 мамы орноткон.
Ушул Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимге (мындан ары - Келишим) Кыргыз Республикасынын Президентинин Казакстан Республикасына 2017-жылдын 25-26-декабрында официалдуу визитинин жүрүшүндө кол коюлгандыгын белгилеп кетүү керек.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Келишимге кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору, ошондой эле 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери: Эл аралык иштер комитети менен, Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 22-декабрындагы № 14 буйругу менен жактырылган.
Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун жыйынтыгы боюнча берилген долбоордун ченемдери башка колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга каршы келбээри аныкталды, ошондой эле, долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет жана ишкердикти жөнгө салууга багытталбагандыктан, жөнгө салуучу таасирин талдоого жана коомдук талкуулоого жатпайт.
Белгиленген Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларды алып келбейт жана мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү |
| К.Искандаров |