Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-февралы № 78
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кошумча баяндамачы болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 504-19-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана андай товарлар ташылган транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө айып салууга алып келет";
2) 504-20-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана атайын даярдалган жашыруун жерлерин милдеттүү түрдө бузуу менен андай товарларды Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өткөн транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана атайын даярдалган жашыруун жерлерин милдеттүү түрдө бузуу менен андай товарларды Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өткөн транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана атайын даярдалган жашыруун жерлерин милдеттүү түрдө бузуу менен андай товарларды алып өткөн транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө айып салууга алып келет";
3) 504-21-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө айып салууга: кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга: юридикалык жактарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир мин өлчөмүндө айып салууга алып келет";
4) 504-22-статьяда:
а) экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө айып салууга алып келет";
б) төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө; юридикалык жактарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет";
5) 504-23-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө; юридикалык жактарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн бир мин өлчөмүндө айып салууга алып келет".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти