Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-январы № 71
"Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренесинин 31 жана 32-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 10-беренесинин 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 19-1-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 28-беренесинин 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 14-1-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып сегиз айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти