Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-январы № 66
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 30-статьянын 5-бөлүгүндөгү "213-4" деген цифралар "213-1, 213-2, 213-4, 213-5," деген цифралар менен алмаштырылсын;
2) 213-1-статьяда:
а) биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жүз" деген сөз "беш жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки жүз" деген сөздөр "миң" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 213-2-статьянын экинчи абзацындагы "элүү" деген сөз "беш жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 213-5-статьяда:
а) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жүз" жана "эки жүз" деген сөздөр тиешелүү түрдө "эки жүз" жана "үч жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жүз" жана "эки жүз" деген сөздөр тиешелүү түрдө "эки жүз" жана "үч жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 516-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"516-статья. Автомобиль транспортунун, электр транспортунун жана жол чарбасынын органдары
Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортунун, электр транспортунун жана жол чарбасынын органдары ушул Кодекстин 211-213-8, 213-10, 215, 217, 222-статьяларында, 234-статьясынын 1-бөлүгүндө, 234-2, 234-3-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары;
- автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, аймактык башкармалыктарынын жана транспорттук контролдоо пункттарынын начальниктери жана алардын орун басарлары;
- автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инспекторлору;
- автомобиль жолдорун башкаруучу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары.";
6) 568-статьяда:
а) 1-бөлүгү "ошондой эле ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "213, 213-5-статьяларында," деген сөздөр менен, "ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмчөлөрүнүн" деген сөздөрдөн кийин ", автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгү "ички иштер органынын жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмүнүн" деген сөздөрдөн кийин ", автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 568-1-статьянын 3-бөлүгүндөгү "223-статьясында" деген сөздөр "213-1, 213-2, 213-4, 213-5, 223-статьяларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1) Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти