Редакцияот 05.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ,ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА

ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МАМЛЕНКЕТТИК КОМИТЕТИ

БУЙРУК

2018-жылдын 5-марты №1/1 

«Имараттардын жылуулук энергиялык керектөөсүн эсептөө боюнча Методикасын бекитүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкөмтүнө караштуу Энергетика боюнча Мамлекеттик агенттигинин Аткаруучу Кеңеши бекиткен 2002-жылдын 24-сентябрындагы № 151-п «Имараттардын жылуулук энергиялык керектөөсүн эсептөө боюнча Методикасын бекитүү жөнүндө» токтомун актуалдаштыруу максатында,

БУЙРУК КАЛЫМ:

1. Тикелүүчү Имараттардын жылуулук энергиялык керектөөсүн эсептөө боюнча Методикасын Тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Төрага

У.Д.Рыскулов