Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-февралындагы № 94 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 94
Кабыл алынган
2018-жылдын 15-февралы
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" · 2018-жылдын 30-марты
Реестрде
2018-жылдын 16-февралы

Реестрде

Минюст коду
12097

Минюсттун расмий барагы

Редакция15.02.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 15-февралы № 94

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө

Медициналык калдыктардын адамдын ден соолугуна жана курчап турган чөйрөгө зыяндуу таасиринин алдын алуу, сымаптуу буюмдар менен иштөөнү тартипке келтирүү максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык калдыктар менен иштөө боюнча убактылуу нускама, 1-тиркемеге ылайык;

- Медициналык багыттагы сымаптуу буюмдар менен иштөөнүн убактылуу эрежелери, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтом республикалык бюджеттен каржылануучу саламаттык сактоо уюмдары тарабынан тийиштүү жылга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылары белгиленсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2019-жылдын 1-январына чейин жарактуу.

 

 

Премьер-министр

С.Исаков

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.