Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-февралындагы № 94 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык калдыктар менен иштөө боюнча УБАКТЫЛУУ НУСКАМА
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык калдыктар менен иштөө боюнча убактылуу нускама (мындан ары - Нускама) калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыз кылуу, адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин болтурбоо, саламаттык сактоо уюмдарынын калдыктар менен иштөө эрежелерин өркүндөтүү жана системалаштыруу максатында иштелип чыккан жана менчигинин түрүнө карабастан төмөнкү уюмдар үчүн арналган:
- ооруканалар (илимий-изилдөө, окуу институттарынын курамындагы жалпы шаардык, клиникалык, адистештирилген, ведомстволук), үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, стоматологиялык бейтапканалар, диспансерлер;
- медициналык тез жардам станциялары;
- кан куюучу станциялар;
- бейтаптарга узакка кам көрүүчү уюмдар;
- медициналык профилдеги илимий-изилдөө институттары жана окуу жайлары;
- дарыканалар жана фармацевттик өндүрүштөр;
- ден соолукту чыңдоочу мекемелер (санаторийлер, профилакторийлер, эс алуу үйлөрү, пансионаттар);
- санитардык-профилактикалык уюмдар;
- соттук-медициналык экспертиза уюмдары;
- медициналык лабораториялар (анын ичинде анатомиялык, патологиялык-анатомиялык, биохимиялык, микробиологиялык, физиологиялык);
- медициналык жардам көрсөтүү боюнча жеке менчик уюмдар.
2. Ушул Нускама радиоактивдүү калдыктарды кошпогондо, саламаттык сактоо уюмдарында пайда болгон медициналык калдыктардын бардык түрлөрүн, ошондой эле башка калдыктарды бөлүүгө, чогултууга, таңгактоого, маркалоого, эсебин алууга, сактоого, ташууга, жугушсуздандырууга жана/же зыянсыздандырууга, көмүүгө карата талаптарды аныктайт.
3. Радиоактивдүү калдыктар менен иштөө "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
4. Сымаптуу калдыктар менен иштөө "Кыргыз Республикасында Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
5. Ушул Нускамада колдонулган негизги түшүнүктөр:
калдыктардын кооптуулук классы - кооптуу калдыктардын айлана-чөйрөгө жана адамдын денсоолугуна мүмкүн болгон зыяндуу түздөн-түз же кыйыр таасиринин деңгээли;
контаминдүү медициналык калдыктар - адамдын каны жана/же организминдеги башка суюктуктар же лабораториялык инфекциялык агенттердин культуралары менен аралашкан калдыктар;
медициналык калдыктар - медициналык жана фармацевттик иштерди жүзөгө ашыруу процессинде, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүү ишинде, ошондой эле медициналык максатта инфекциялык ооруларды козгогучтарды жана гендик-инженердик-модификацияланган организмдерди колдонуу жаатындагы иштерде пайда болгон, анын ичинде анатомиялык, патологоанатомиялык, биохимиялык, микробиологиялык жана физиологиялык калдыктардын баардык түрлөрү;
медициналык калдыктарды иштеп чыгуу - милдеттүү жугушсуздандырууну жана/же дезинтоксикациялоону караган, кооптуу медициналык калдыктардын тобокелдигин кыскартуунун, ошондой эле көлөмүн мүмкүн болушунча азайтуунун жана/же алардын түрүн өзгөртүүнүн чараларынын комплекси;
медициналык калдыктар менен иштөө - медициналык калдыктарды идентификациялоо жана бөлүштүрүү, чогултуу, жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу, эсебин алуу, сактоо, ташуу жана көмүү менен байланышкан иштин бардык түрлөрү;
калдыктарды өз-өзүнчө жыйноо - калдыктарды белгиленген кооптуулук классына, физикалык касиеттерине жана алардын агрегаттык абалына ылайык убактылуу сактоо, чогултуу боюнча иштер;
атайын кийим - иш ордунда кызматкердин ден соолугу үчүн зыяндуу жана кооптуу факторлордон коргоо үчүн арналган дененин, колдун терилерин, көздүн былжыр челин, мурундун жана ооздун ичин, дем алуу жана ашказан ичеги органдарын жекече коргой турган каражат;
калдыктарды ташуу - калдыктарды алар пайда болгон объекттердин ортосунда которуштуруу, сорттоо, сактоо, кайра иштетүү, жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу, көмүү жана жок кылуу;
калдыктарды жок кылуу (чыгаруу) - калдыктарды дээрлик толук жок кылуу максатында иштетүү;
калдыктарды сактоо - калдыктарды көмүү, жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу максатында алып чыкканга чейин аларды атайын жабдылган топтогучтарда кармоо;
инциденттер жана кырсыктуу окуялар - алардын натыйжасында денсоолукка, жабдууларга жана курал-жарактарга зыян, ошондой эле зыяндын башка түрлөрүн келтирүү мүмкүн болгон, же буга чейин эле зыян келтирилген күтүүсүз окуялар;
калдыктарды утилдештирүү - калдыктарды жаңы технологиялык циклдерге тартуу, пайдалуу максаттарда пайдалануу; калдыктарды экинчи жолу колдонулуучу сырьелор катары жана башка максаттар үчүн пайдалануу.
6. Медициналык калдыктар менен иштөө процесси өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) саламаттык сактоо уюмдарынын ичинде калдыктарды идентификациялоо жана бөлүштүрүү;
2) саламаттык сактоо уюмдарынын ичинде калдыктарды чогултуу, таңгактоо жана маркалоо;
3) кооптуу калдыктарды жана көп жолу колдонулуучу шаймандарды тазалоо;
4) бөлүмдөрдөн калдыктарды которуштуруу жана саламаттык сактоо уюмдарынын калдыктар пайда болгон аймагында калдыктарды убактылуу сактоо;
5) медициналык калдыктарды эсепке алуу;
6) медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу;
7) саламаттык сактоо уюмдарынын калдыктар пайда болгон аймагынан медициналык калдыктарды ташуу;
8) медициналык калдыктарды көмүү же жок кылуу.
7. Медициналык калдыктарды чогултууну, убактылуу сактоону, жугушсуздандырууну жана/же зыянсыздандырууну жана ташып чыгууну саламаттык сактоо уюмдарында кабыл алынган медициналык калдыктар менен иштөө схемасына ылайык аткаруу керек. Медициналык калдыктар менен иштөө схемасы ушул Нускаманын талаптарына ылайык иштелип чыгат жана саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилет.
8. Калдыктар менен иштөө схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) пайда болгон медициналык калдыктардын сапаттык жана сандык курамы;
2) медициналык калдыктарды чогултуу үчүн сарпталуучу материалдарга жана тараларга керектөөлөр;
3) медициналык калдыктарды чогултуунун тартиби;
4) медициналык калдыктарды убактылуу сактоо (топтоо) тартиби, аларды ташып чыгуунун мезгилдүүлүгү;
5) шаймандар жана көп жолу колдонуучу контейнерлер;
6) медициналык калдыктарды жугушсуздандырууда жана/же зыянсыздандырууда жана жок кылынууда колдонулуучу ыкмалар;
7) медициналык калдыктар менен иштөө процессине тартылган персоналдын медициналык калдыктар менен кокустан терисин сайып/кесип алгандагы, медициналык калдыктар былжыр чел кабына же теринин бетине түшкөндөгү жана таңгактын бүтүндүгү бузулгандагы (медициналык калдыктар чачылып, төгүлсө) иш-аракеттеринин тартиби;
8) медициналык калдыктар менен иштөөдө персоналга эпидемиологиялык коопсуздук эрежелерин үйрөтүүнү уюштуруу.
9. Медициналык калдыктар менен иштөө системасын уюштуруу максатында:
1) саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин буйругу менен төмөнкүлөр дайындалат:
- ушул Нускаманын талаптарын сактоону контролдогон жана медициналык калдыктар менен иштөөнү уюштурууну жүзөгө ашырган жак;
- медициналык калдыктар менен иштөө боюнча инструктаждан өткөн, саламаттык сактоо уюмунун ар бир бөлүмүндө медициналык калдыктар менен иштөөгө жооптуу адамдар;
2) пайда болгон медициналык калдыктардын көлөмүнүн жана классынын эсеби алынат, калдыктарды инвентаризациялоо жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт;
3) саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн медициналык калдыктарды инвентаризациялоо боюнча комиссиянын курамы аныкталат, инвентаризациялоону баштоо жана аяктоо датасы аныкталат, ошондой эле инвентаризациялоо жүргүзүүчү түзүмдүк бөлүм аныкталат;
4) медициналык калдыктар менен иштөө жаатында өндүрүштүк контролдоо жүзөгө ашырылат;
5) мамлекеттик статистикалык отчеттуулуктун формасы толтурулат жана белгиленген тартипте берилет;
6) авариялык кырдаалдарды алдын алуу боюнча талаптар сакталат;
7) адамдын ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн терс кесепеттүү авариялык кырдаал пайда болгон учурда өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана калкка токтоосуз маалымдалат.
10. Медициналык калдыктардын ар бир түрү менен иштөө алардын пайда болуусунан, агрегаттык абалынан, субстраттын физикалык-химиялык касиеттеринен, компоненттеринин сандык карым-катнаштарынан жана калктын ден соолугу жана адамдын жашоо чөйрөсү үчүн кооптуулук классынан көз каранды.
11. Медициналык калдыктар беш кооптуулук классына бөлүнөт:
1) А классы - курамы боюнча катуу тиричилик калдыктарына жакындатылган эпидемиологиялык коопсуз медициналык калдыктар;
2) Б классы - эпидемиологиялык кооптуу медициналык калдыктар;
3) В классы - эпидемиологиялык өзгөчө кооптуу медициналык калдыктар;
4) Г классы - кооптуулуктун I-IV классындагы токсикологиялык кооптуу медициналык калдыктар;
5) Д классы - радиоактивдүү медициналык калдыктар.
12. Медициналык калдыктардын кооптуулук классын аныктоо медициналык калдыктардын морфологиялык курамына жараша ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык ишке ашырылат.
13. Медициналык калдыктар төмөнкү объекттерге жайгаштырылат:
1) саламаттык сактоо уюмунун аймагындагы медициналык калдыктарды убактылуу сактоо жана жыюу объекттерине;
2) кооптуу медициналык калдыктарды стационардык жайгаштырууга, сактоого жана көмүүгө арналып, атайын жабдылып курулган, стационардык жыюу жана көмүү объектилерине, көмүү полигондоруна.
14. Медициналык калдыктарды транс чек аралык ташуу Кооптуу калдыктарды транс чек аралык ташууга жана аларды жок кылууга контролдук жөнүндө Базель конвенциясынын жана "Кыргыз Республикасында Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык ишке ашырылат.
15. Медициналык калдыктар менен иштөөдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу керек, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) медициналык калдыктардын адамдын жашоосуна жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө таасиринин тобокелин жокко чыгаруучу эмгекти коргоо ыкмаларын жана методдорун пайдалануу;
2) персоналга толук көлөмдө өздүк гигиенанын зарыл болгон каражаттарын, жеке коргонуу каражаттарын жана атайын кийим берүү;
3) персоналды медициналык калдыктар менен коопсуз иштөө чараларына окутуу жана инструктаждоо;
4) медициналык калдыктарды кооптуулугуна карата чогултуу үчүн идиштерге эскертүүчү белгилердин жана маркалардын болуусу;
5) адистештирилген ишканаларда медициналык калдыктарды утилдештирүү же жок кылуу;
6) авариялык кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча чараларды иштеп чыгуу.
16. Медициналык калдыктарды убактылуу сактоо жана жайгаштырууда өрт коопсуздугун жана өзүнөн өзү ажыроосу пайда болуусун жокко чыгаруучу атайын чаралардын сакталышы зарыл, анын ичинде кооптуу продуктулардын пайда болушу жана алардын коркунучтуу реакцияга кирип кетүүсү төмөнкүлөргө алып келиши мүмкүн:
1) күйүүгө жана/же чоң көлөмдөгү жылуулуктун бөлүнүп чыгышына;
2) тез тутануучу, уулуу же тумчуктуруучу газдардын бөлүнүп чыгуусуна;
3) башка химиялык активдүү жана кооптуу, анын ичинде коррозия кылуучу заттардын пайда болуусуна;
4) эпидемиологиялык булгануунун жайылуусуна.
17. Жугушсуздандырылган жана/же зыянсыздандырылган медициналык калдыктарды жайгаштыруу жана жыюу ушул максаттар үчүн атайын жабдылган жана тосулган, чатырчасы бар участкаларда/аянттарда жүргүзүлүшү керек.
18. Ар кандай кооптуулук классындагы медициналык калдыктарды алардын пайда болгон ордунда жалпы идиште аралаштырууга тыюу салынат.
19. Көп жолу колдонулуучу контейнерлерди медициналык калдыктар пайда болгон орундарынан убактылуу сактоо жайларына көчүрүү жана/же жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу, түшүрүү жана жүктөө процесстери механикалаштырылышы керек.
20. Саламаттык сактоо уюмунда жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пункту жок болсо, саламаттык сактоо уюмдарынын аймагынан калдыктар жакынкы жугушсуздандыруучу жана/же зыянсыздандыруучу жерге атайын транспорт менен ташылат.
21. 18 жашка чыга элек адамдарга медициналык калдыктар менен иштөөгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык персонал алдын-ала (ишке кабыл алууда) жана мезгил-мезгили менен медициналык текшерүүдөн өтөт.
22. Персонал улуттук профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык эмделиши керек. Сарыктын В түрүнө жана сенекке каршы иммундаштырылбаган персоналга Б жана В классындагы медициналык калдыктар менен иштөөгө жол берилбейт.
23. Персонал ишке кабыл алынганда жана андан кийин жыл сайын медициналык калдыктар менен иштөөнүн коопсуздук эрежелерине милдеттүү түрдө окутуудан жана инструктаждан өтүп турат.
24. Персонал атайын кийим (халаттар/комбинезондор, коргоочу алжапкычтар, мээлейлер, беткаптар/респираторлор, коргоочу калкамалар/көз айнектер, атайын нымга жана тешилүүгө туруктуу келген алмаштырма бут кийим, коргоочу алжапкычтар, жең каптар жана башкалар) менен камсыздалат.
25. Персонал жумушчу жайдын чегинен чыгууга жол берилбей турган атайын кийим менен иштөөгө тийиш. Өздүк кийимди жана атайын кийимди ар башка шкафтарда сактоо керек.
26. Саламаттык сактоо уюмунда атайын кийим борборлоштуруп жууп-тазаланат. Атайын кийимди үйдө жууганга тыюу салынат.
27. Эпидемиологиялык коопсуз медициналык калдыктар (мындан ары - А классындагы калдыктар) көп жолу колдонулуучу контейнерлерге же бир жолу колдонулуучу пакеттерге чогултулат.
28. Талап кылынуучу таңгак: бир жолу колдонулуучу пластик пакеттер (полиэтилен) же жакшы сапаттагы жана жетиштүү көлөмдөгү көп жолу колдонулуучу контейнерлер. Бир жолу колдонулуучу пакеттер атайын арабаларга же көп жолу колдонулуучу контейнерлердин ичине жайгаштырылат.
29. Толтурулган көп жолу колдонулуучу контейнерлер же бир жолу колдонулуучу пакеттер, ушул класстагы калдыктарды чогултуу үчүн арналган атайын аянтчага (жайга) орнотулган маркаланган контейнерлерге жеткирилет жана кайтадан жүктөлөт. Калдыктарды чогултуу үчүн контейнерлер "Медициналык калдыктар. А классы" деген жазуу менен маркаланышы керек. Көп жолу колдонулуучу контейнерлер бошотулгандан кийин жуулууга жана дезинфекцияланууга тийиш. Көп жолу колдонулуучу контейнерлерди жууп жана дезинфекциялоо тартиби ар бир конкреттүү саламаттык сактоо уюмунун калдыктар менен иштөө схемасына ылайык аныкталат.
30. А классындагы калдыктарды ташуу бул аймак үчүн кабыл алынган санитардык тазалоо схемасын эске алуу менен, "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык уюштурулат.
31. Ири көлөмдүү калдыктар үчүн атайын контейнерлерге А классындагы ири көлөмдүү калдыктар чогултулат. Ири көлөмдүү калдыктардын үстүнкү беттери жана агрегаттары инфекция жуккан материал же оорулуу менен контактка кабылса алар топтоо контейнерине жайгаштыруу алдында милдеттүү түрдө дезинфекцияланат.
32. Эпидемиологиялык кооптуу медициналык калдыктар (мындан ары - Б классындагы калдыктар) кабыл алынган медициналык калдыктарды башкаруу системасына жараша (борборлоштурулган жана децентрализацияланган) жугушсуздандырууга (дезинфекциялоо) жана/же зыянсыздандырууга тийиш. Медициналык калдыктарды башкаруу системасын тандоо саламаттык сактоо уюмунун мүмкүнчүлүгүнө жараша медициналык калдыктар менен иштөө схемасын иштеп чыгууда аныкталат.
33. Саламаттык сактоо уюмунун Б классындагы калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пункту же медициналык калдыктарды борборлоштурулган жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу системасы жок болгон учурда, Б классындагы калдыктарды ошол уюмдун персоналы алардын пайда болгон ордунда химиялык методдор менен жугушсуздандырат.
34. Б классындагы калдыктар бир жолу колдонулуучу пластик пакеттерде жана/же контейнерлерде топтолот. Пакетти жана/же контейнерди тандоо калдыктардын морфологиялык курамына жараша болот.
35. Б классындагы калдыктарды чогултуу, убактылуу сактоо, жугушсуздандыруу жана ташуу үчүн талап кылынуучу таңгак төмөнкүдөй болушу керек:
1) механикалык таасирге, курч нерселер менен тешилүүгө, жогорку жана төмөнкү температурага, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине карата туруктуу, суу өткөрбөс материалдардан даярдалган, капкактары тыгыз жабылган, алардын өзүнөн өзү ачылуусуна жол бербеген контейнерлер;
2) Б классындагы калдыктарды коопсуз сактоону жана ташууну камсыз кылуучу, атайын бир жолу колдонулуучу пластик (полипропилен) пакеттер.
36. Жугушсуздандыруунун аппараттык методдорун колдонуу учурунда медициналык жана/же фармацевтикалык ишти жүзөгө ашыруучу уюмда, жумуш орундарында пайдаланылган шприцтерди ажыратылбаган түрүндө алдын ала ийнелеринен бөлүү менен (ийнелерди бөлүү үчүн ийне чечкичтерди, ийне чогулткучтарды, ийне кескичтерди пайдалануу зарыл), кол каптарды, жара таңгыч материалдарды бир идишке (контейнерлер, пакеттер) чогултууга жол берилет.
37. Б классындагы калдыктарды чогултуу үчүн пакеттер атайын тирөөч-арабачаларга же тээк капкагы менен контейнерлерге бекитилиши керек.
38. Пакет 3/4 көлөмүнөн ашык эмес толтурулгандан кийин саламаттык сактоо уюмунун бөлүмүндө калдыктарды чогултууга жооптуу кызматкер Б классындагы калдыктардын төгүлүүсүн жокко чыгаруучу пакетти биркалуу боо же башка шаймандар менен тартып байлайт. Б классындагы калдыктарды бөлүмдүн чегинен тышкары ачык контейнерлерде сактоого жана көчүрүүгө жол берилбейт.
39. Б классындагы калдыктарды акыркы таңгактоодо аларды бөлүмдөн (уюмдан) чыгаруу үчүн Б классындагы калдыктар менен контейнерлер бөлүмдүн аталышын, датасын жана калдыктарды жыйноого жооптуу адамдын фамилиясын келтирүү менен "Кооптуу! Инфекция жуккан калдыктар. Медициналык калдыктар. Б классы" деген жазуу менен маркаланат. Кодировкалоо түсү: сары.
40. Б классындагы калдыктарды чогултуу үчүн көп жолу колдонулуучу транспорттук контейнерлер жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пунктунда күн сайын дезинфекцияланат.
41. Пакеттерге чогултулуп транспорттук контейнерлерге жайгаштырылган, же көп жолу колдонулуучу контейнерлерде чогултулган Б классындагы калдыктар бөлүмдөрдөн саламаттык сактоо уюмунун жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пунктуна же медициналык калдыктарды убактылуу сактоо жайына андан ары жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу ордуна атайын унаа менен ташып кетүү үчүн которулат. Б классындагы калдыктар убактылуу сакталган жайларга бөтөн адамдардын киришине тыюу салынат. Медициналык калдыктарды аппараттык методдорду пайдалануу менен жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пункттарын уюштурганда, эпидемиологиялык коопсуздуктун талаптарын камсыз кылуу шартында Б классындагы калдыктарды пайда болгон жерлеринде алдын ала жугушсуздандыруусуз чогултууга, убактылуу сактоого, ташууга уруксат берилет.
42. Ушуну менен бирге саламаттык сактоо уюмдары бардык керектүү чыгымдалуучу каражаттар менен, анын ичинде талап кылынган таңгак менен камсыз болушу керек.
43. Б классындагы патологоанатомиялык жана органикалык операциялык калдыктар өрттөлүүгө же биологиялык калдыктар үчүн атайын чуңкурларда (Беккари чуңкуру) же көрүстөндөрдөгү атайын мүрзөлөрдө атайын бөлүнгөн участокто көмүлүүгө тийиш. Саламаттык сактоо уюмдарынын алыстатылган түзүмдүк бөлүмдөрүнөн жана башка медициналык жардам көрсөтүү жайларынан чыгарылган, атайын контейнерлерде таңгакталган Б классындагы жугушсуздандырылбаган калдыктарды саламаттык сактоо уюмдарындагы адистештирилген пункттарда аларды кийин жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу үчүн көчүрүүгө жол берилет.
44. Б классындагы калдыктарды чогултуу учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жугушсуздандыруу максатында аларды кол менен бузууга, калдыктарды кесүүгө, анын ичинде венага дары куюуда пайдаланылган системаларды колдонууга;
2) пайдаланылган шприцтен кол менен ийнени чыгарууга, инъекциядан кийин ийнеге калпакчасын кийгизүүгө;
3) таңгакталбаган калдыктарды бир бактан башкасына салууга (кайрадан жүктөөгө);
4) калдыктарды тыгыздоого;
5) калдыктар менен ар кандай операцияларды кол капсыз же зарыл болгон өздүк коргонуу каражаттары жана атайын кийимсиз жасоого;
6) учтуу медициналык аспаптарды жана башка курч буюмдарды чогултуу үчүн бир жолу колдонулуучу жумшак таңгакты пайдаланууга;
7) калдыктарды чогултуу үчүн бир жолу жана көп жолу колдонулуучу идиштерди жылытуучу приборлордон 1 метрден аз аралыкка коюуга.
45. Эпидемиологиялык өзгөчө кооптуу медициналык калдыктар (мындан ары - В классындагы калдыктар) милдеттүү түрдө жугушсуздандырылууга (дезинфекциялоо) жана/же зыянсыздандырылууга тийиш. Жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу методун тандоо, саламаттык сактоо уюмунун мүмкүнчүлүгүнө жараша медициналык калдыктар менен иштөө схемасын иштеп чыгууда аныкталат.
46. Эпидемиологиялык өзгөчө кооптуу медициналык калдыктар менен иштөө аймакты санитардык коргоонун 1 жана 2-топтогу патогендүү козгогучтар менен иштөөнүн талаптарына ылайык уюштурулат.
47. В классындагы калдыктар бир жолу колдонулуучу пластик пакеттерде жана/же контейнерлерде топтолот. Таңгакты тандоо калдыктардын морфологиялык курамына жараша болот. В классындагы калдыктарды чогултуу, убактылуу сактоо, жугушсуздандыруу жана ташуу үчүн талап кылынуучу таңгак:
1) механикалык таасирге, курч нерселер менен тешилүүгө, жогорку жана төмөнкү температурага, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине карата туруктуу, суу өткөрбөс материалдардан даярдалган, капкактары тыгыз жабылган, өзүнөн өзү ачылуусуна жол бербеген контейнерлер;
2) В классындагы калдыктарды коопсуз сактоону жана ташууну камсыз кылуучу, бир жолу колдонуучу атайын пластик (полипропилен) пакеттер.
48. В классындагы калдыктар милдеттүү түрдө физикалык (аппараттык) методдор менен жугушсуздандырылууга (дезинфекциялоо) тийиш. Дезинфекциялоонун химиялык методдорун колдонууга тамак-аш калдыктарын жана оорулуулардын бөлүп чыгарууларын зыянсыздандыруу үчүн гана, ошондой эле баштапкы эпидемияга каршы иш-чараларды чыккан жерлеринде уюштурууга жол берилет. Жугушсуздандыруу (дезинфекциялоо) методун тандоо калдыктарды чогултуу жана жоготуунун схемасын иштеп чыгууда жүзөгө ашырылат. Жугушсуздандырылбаган В классындагы калдыктарды саламаттык сактоо уюмдарынын аймагынан ташып чыгарууга тыюу салынат.
49. В классындагы калдыктарды чогултуу үчүн пакеттер атайын тирөөч/арабачаларга же тээк капкагы менен контейнерлерге бекитилиши керек.
50. Пакет 3/4 көлөмүнөн ашык эмес толтурулганда саламаттык сактоо уюмунун ушул бөлүмүндөгү калдыктарды чогултууга жооптуу кызматкер В классындагы калдыктардын төгүлүүсүн болтурбоочу пакетти биркалуу боо же башка шаймандар менен тартып байлайт. В классындагы калдыктарды бөлүмдүн чегинен тышкары ачык контейнерлерде сактоого жана көчүрүүгө жол берилбейт.
51. Мында саламаттык сактоо уюмдары бардык керектүү чыгымдалуучу каражаттар, анын ичинде талап кылынган таңгак менен камсыз болушу керек.
52. В классындагы калдыктарды акыркы таңгактоодо, аларды бөлүмдөн чыгаруу үчүн В классындагы калдыктар үчүн идиштер (пакеттер, контейнерлер) бөлүмдүн аталышын, датасын жана калдыктарды жыйноого жооптуу адамдын фамилиясын келтирүү менен "Кооптуу! Инфекция жуккан калдыктар. Медициналык калдыктар. В классы" деген жазуу менен маркаланат. Кодировкалоо түсү: сары.
53. В классындагы калдыктарды чогултууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жугушсуздандыруу максатында аларды кол менен бузууга, калдыктарды кесүүгө, анын ичинде венага дары куюучу пайдаланылган системаларын колдонууга;
2) пайдаланылган шприцтен кол менен ийнени чыгарууга, инъекциядан кийин ийнеге калпакчасын кийгизүүгө;
3) таңгакталбаган калдыктарды бир бактан башкасына салууга (кайрадан жүктөөгө);
4) калдыктарды тыгыздоого;
5) калдыктар менен кайсыл операцияларды болбосун кол кабы же зарыл болгон өздүк коргонуу каражаттары жана атайын кийими жок жасоого;
6) учтуу медициналык шаймандар жана башка курч буюмдарды чогултуу үчүн бир жолку колдонмо жумшак таңгакты пайдаланууга;
7) калдыктарды чогултуу үчүн бир жолку жана көп жолку колдонмо идиштерди жылытуучу приборлордон 1 метрден кем эмес аралыкта орнотууга.
54. Г классындагы медициналык калдыктардын катарына кирүүчү пайдаланылган сымаптуу приборлор, лампалар, жабдуулар капкагы тыгыз жабылуучу маркаланган контейнерлерде чогултулат, алар атайын бөлүнгөн бөлмөлөрдө сакталат.
55. Талап кылынуучу таңгак: калдыктардын мүнөзүнө жана алар менен байланышкан тобокелдиктерге жараша Г классындагы калдыктарды коопсуз сактоону жана ташууну камсыздоочу атайын контейнерлер же башка таңгактар пайдаланылат.
56. Пайдаланууга болбогон дары, диагностикалык, дезинфекциялык каражаттар маркаланган таңгакка топтолот.
57. Г классындагы калдыктар ченемдик документтердин талаптарына ылайык кооптуулук классына жараша маркаланган идиштерде (уюмдун, бөлүмдүн аталышын, датасын жана калдыктарды жыйноого жооптуу адамдын фамилиясын жазуу менен "Кооптуу! Сымаптуу калдыктар. Г классы", "Кооптуу! Кооптуу фармацевттик калдыктар. Г классы", "Кооптуу! Цитотоксиндүү калдыктар. Г классы", "Кооптуу! Тез жалындоочу калдыктар. Г классы", "Кооптуу! Жарылууга кооптуу калдыктар. Г классы") чогултулат жана сакталат. Кодировкалоо түсү: күрөң.
58. Бардык сымаптуу медициналык калдыктар жана медициналык багыттагы бузулган сымаптуу приборлор чогултулуп, сымапты андан ары регенерациялоо үчүн адистештирилген ишканаларга кайтарылууга тийиш.
59. Электрмонтерлордун, электрслесарлардын билими текшерилгенден кийин жана алар иштетилип бүткөн сымаптуу лампаларды алмаштырууда жана чогултууда коопсуздук чаралары жөнүндө инструктаждан өткөндөн кийин мындай иштерди аткарууга жол берилет.
60. Сымаптуу медициналык калдыктар өндүрүш жайларынан өзүнчө жайгашкан атайын жабдылган жайда чогултулуп, сакталууга тийиш. Сымаптуу калдыктар коопсуздук техникасынын жана санитардык ченемдердин эрежелерин сактоо менен сакталууга тийиш.
61. Иштетилип бүткөн сымаптуу лампаларды чогултууда жана алмаштырууда алардын жылчыксыздыгынын сакталышы негизги шарт болуп саналат.
62. Лампаларды сактоо жана чогултуу үчүн люминесценттүү лампалардан калган бүтүн картон кутулар, картондон, фанерадан жасалган кутулар, жыгач-таарынды плитасынан жасалган кутулар, полиэтилен жана кагаз пакеттер таңгак болуп саналат.
63. Таңгакталган, иштетилип бүткөн лампаларды жана башка сымаптуу калдыктарды, таңгагын жабыркатып албастан стеллаждарда сактоо керек.
64. Сынган сымаптуу лампалар ташуу үчүн кармагычы жана "Сынган сымаптуу калдыктар үчүн" деген маркалоосу бар жылчыксыз, болот идиштерде сакталууга жана чогултулууга тийиш.
65. Сымаптуу медициналык калдыктарды сындырууга жана кооптуу калдыктарды жайгаштыруу үчүн каралбаган таштанды жаткан жайларга жана башка жерлерге чыгарууга тыюу салынат.
66. Сынган сымаптуу медициналык калдыктардын металл идиштеринен сымапты бөлүп алуу сымап өндүрүүчү жана колдонуучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан жүргүзүлөт.
67. Сымаптуу медициналык калдыктарды ташуу Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
68. Сымаптуу медициналык калдыктарды ташуу учурунда таңгактын жабыркашына, сымаптын төгүлүп кетишине жана транспорт каражаттарынын жана жерлердин сымап менен булганышына жол бербестен катары менен туура иреттеп салуу зарыл.
69. Сынган сымаптуу лампалар кармагычы бар жылчыксыз контейнерлерде ташылууга тийиш.
70. Сымаптуу медициналык калдыктарды жүктөө, ташуу жана түшүрүү ишкананын жооптуу адамынын катышуусунда жүргүзүлүүгө тийиш. Жүктөө учурунда таңгактарды ыргытууга тыюу салынат. Таңгактарды салууда бекемирээк таңгак төмөнкү катарларда орун алгандай жыюу зарыл.
71. Саламаттык сактоо уюмдарында иштетилип бүткөн сымаптуу лампалардын, термометрлердин жана башка медициналык багыттагы сымаптуу буюмдардын калдыктарынын түзүлүшү жана чогулушу саны боюнча эсепке алынууга тийиш.
72. Радиоактивдүү медициналык калдыктарды (мындан ары - Д классындагы калдыктар) чогултуу, сактоо, жок кылуу "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
73. Д классындагы калдыктар радиоактивдүү калдыктар менен иштөөгө лицензиясы бар адистештирилген ишканалар тарабынан ташып чыгарылат жана зыянсыздандырылат.
74. Б классындагы калдыктар борборлоштурулган же борборлоштурулбаган ыкмалар менен жугушсуздандырылышы жана/же зыянсыздандырылышы мүмкүн.
75. Борборлоштурулбаган ыкмада медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пункту саламаттык сактоо уюмунун аймагында жайгашат.
76. Борбордоштурулган ыкмада медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пункту саламаттык сактоо уюмунун аймагынан тышкары жайгашат, мында калдыктарды ташуу автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерине ылайык атайын транспорт менен уюштурулат.
77. Б классындагы калдыктарды коопсуз жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу методу саламаттык сактоо уюмунун кубаттуулугуна жана профилине, медициналык калдыктарды жугушсуздандыруунун жана/же зыянсыздандыруунун аппараттык орнотмолорунун бар болушуна байланыштуу тандалат.
78. В классындагы калдыктар борборлоштурулбаган ыкма менен гана жугушсуздандырылат, В классындагы жугушсуздандырылбаган калдыктарды сактоого жана ташууга жол берилбейт.
79. Ашыкча басымдан, температурадан, радиациялык, электромагниттик нурлануудан каныккан суу буусунун таасири менен Б жана В класстарындагы калдыктарды жугушсуздандыруунун физикалык (аппараттык) методу атайын жабдуу - медициналык калдыктарды жугушсуздандыруучу орнотмолор болгондо колдонулат.
80. Тийиштүү режимдерде бактерициддик, вирулициддик, фунгициддик жана спороциддик (зарылдыгына жараша) аракетине ээ болгон дезинфекциялоочу каражаттардын эритмелеринин таасири менен Б жана В класстарындагы калдыктарды жугушсуздандыруунун химиялык методу медициналык калдыктар пайда болгон жерлерде аларды дезинфекциялоочу эритмеси бар маркаланган идиштерде чөктүрүү ыкмасы менен жүргүзүлөт.
81. Б классындагы калдыктар пайда болгон жерлерде аларды химиялык жугушсуздандыруу саламаттык сактоо уюмдарында калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пункту же медициналык калдыктарды зыянсыздандыруунун борборлоштурулган системасы жок болгон учурда милдеттүү убактылуу чара катары пайдаланылат.
82. Б классындагы суюк калдыктарды жана ушул сыяктуу биологиялык суюктуктарды алдын-ала жугушсуздандыруусуз борборлоштурулган канализация системасына куюуга жол берилет. Борборлоштурулган канализация жок болгон учурда бул категориядагы калдыктар химиялык методдор менен жугушсуздандырылат.
83. Б жана В класстарындагы медициналык калдыктарды жугушсуздандыруунун кайсы методунда болбосун Кыргыз Республикасында катталган дезинфекциялык каражаттар жана жабдуулар аларды пайдалануу нускамаларына ылайык колдонулат.
84. Б жана В класстарындагы медициналык калдыктарды борборлоштурулбаган ыкма менен зыянсыздандырууда атайын орнотмолор саламаттык сактоо уюмунун аймагында жайгаштырылат.
85. Калдыктарды сорттоо менен утилдештирүүнүн технологияларын Б жана В класстарындагы калдыктарды физикалык методдор менен алдын ала аппараттык жугушсуздандыруудан кийин гана колдонууга мүмкүн.
86. Б жана В класстарындагы зыянсыздандырылган калдыктарды турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынын полигонуна көмүүгө алардын түрүн өзгөрткөн учурда (майдалоо, ысытып эритүү, тыгыздоо жана башкалар) жана аларды кайталап колдонууга мүмкүн болбогондо гана жол берилет.
87. Медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пункту саламаттык сактоо уюмунун атайын жабдылган жайларында же өз алдынча аймакта жайгашат жана Б жана В класстарындагы калдыктарды чогултуу, топтоо аппараттык жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу иштерин жүргүзөт.
88. Пункт чарба зонасынын кирүү жолдору бар өзүнчө турган имаратында, ошондой эле корпустун курамында, анын ичинде автономдуу аба киргизүүчү-тартуучу желдеткич орнотулган жер теле жайларында жайгашуусу мүмкүн.
89. Пункт канализация, суу түтүктөрү, электр кубаты, жылуулук жана автономдуу аба киргизүүчү-тартуучу желдеткич менен камсыз болууга тийиш.
90. Пункттун көлөмдүк-пландаштыруусу жана конструкциялык жайгашуусу технологиялык процесстик агымын жана "таза" жана "булганыч" зоналарга бөлүштүрүү принцибин сактоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
91. Пункттун аймагында калдыктарды кабыл алуу, иштетүү (жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу), убактылуу сактоо (топтоо), калдыктарды которуштурууда колдонулуучу тирөөч-арабаларды, транспорттук контейнерлерди жана башка жабдууларды жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо жүзөгө ашырылат.
92. Пункттун жайлары шарттуу түрдө төмөнкү зоналарга бөлүнөт:
1) "булганыч" зонага, ага келип түшүүчү медициналык калдыктарды кабыл алуу жана убактылуу сактоо жайы, Б жана В класстарындагы медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу орнотмолору менен жабдылган калдыктарды иштеп чыгуу жайы, жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо жайы кирет. Келип түшкөн калдыктардын көлөмү анча чоң эмес болгон учурда аларды бир эле жайда убактылуу сактоого жана жугушсуздандырууга мүмкүн. Б жана В класстарындагы жугушсуздандырылбаган жана/же зыянсыздандырылбаган медициналык калдыктарды 24 сааттан ашык сактоодо муздаткыч жабдуулары каралат;
2) "таза" зонага, ага жугушсуздандырылган жана/же зыянсыздандырылган калдыктарды, жуулган жана жугушсуздандырылган которуштуруу каражаттарын сактоо жайлары (бир жайда убактылуу бирге сактоого мүмкүн), чыгымдалуучу материалдардын кампасы, персоналдын бөлмөсү, санитардык түйүн, душка түшүүчү жайлар кирет
93. Жайлардын бийиктиги орнотулуучу жабдуулардын көлөмүнө ылайык, бирок 2,6 метрден төмөн болбошу керек.
94. Дубалдардын, полдун жана шыптардын бети жылмакай, нымдын, жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине туруктуу болууга тийиш. Пол тайгак эмес жана механикалык таасирге туруктуу, нымга чыдамдуу материалдар менен жабылат.
95. Эмеректердин жана жабдуулардын сырткы жана ички бети жылмакай, нымдуулуктун, жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине туруктуу болгон материалдардан жасалууга тийиш.
96. Турак жай жана коомдук имараттарды табигый, жасалма же айкалышкан жарыктандыруунун гигиеналык талаптарына ылайык бардык жайларда жасалма жана айкалышкан жарыктандыруу каралат.
97. Шамдардын жабык тараткычтары болушу керек. Шамдар жылына 2 жолудан кем эмес тазаланууга тийиш.
98. Пункттун жайынын аба алмашуусу микроклиматтын жол берилген параметрлеринин, жумушчу зонанын абасындагы булгоочу заттардын гигиеналык ченемдеринин сакталышын камсыз кылууга тийиш.
99. Желдетүүнүн түзүлүшү аба массасынын "булганыч" зонадан (жайлардан) "таза" зонага болгон агымын жок кылуусу керек.
100. Пункттун жайларында механикалык түрдө иштөөчү автономиялуу аба киргизүүчү-сордуруучу желдеткич каралат. Аба алмашуу схемасы технологиялык тапшырма менен аныкталат. Сордуруу боюнча аба алмашуунун мезгилдүүлүгү жана жергиликтүү сордурма орнотуунун зарылдыгы технологиялык жабдуулардын түрүнө, санына жана кубаттуулугуна жараша эсептөөлөр боюнча аныкталат.
101. Медициналык калдыктарды убактылуу сактоо жана жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу жайларындагы аба киргизүүчү-сордуруучу желдеткич жумушчу зонанын абасын жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу үчүн фильтрлер жана башка орнотмолор менен жабдылышы керек.
102. "Булганыч" зонадагы жайларда абаны киргизүүчү түзүлүшсүз механикалык түрдө иштеген сордурма желдетүү каралат.
103. Өндүрүштүк жайлардагы абанын температурасы жана нымдуулугу гигиеналык ченемдерге шайкеш келүүгө жана жумушчу зонанын микроклиматынын жол берилген параметрлерин камсыз кылууга тийиш.
104. Негизги өндүрүштүк жайлар (калдыктарды кабыл алуу жана убактылуу сактоо, шаймандарды жана жабдууларды жугушсуздандыруу, жууп-тазалоо, дезинфекциялоо үчүн) суу чачуучу кран, полдогу траптар (поддондор) менен жабдылууга тийиш. Калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу жайында кол жуу үчүн раковина каралат.
105. Жабдуулар бардык жабдууларга эркин жетүүнү жана гигиеналык ченемдерге ылайык келүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен жайгаштырылууга тийиш.
106. Калдыктарды кабыл алуу жана убактылуу сактоо жайлары тараза менен жабдылат.
107. Калдыктар пайда болгон жерлерде аларды чогултуу жумуш сменасынын ичинде жүзөгө ашырылат. Учтуу жана/же саюучу шаймандар үчүн контейнерлерди толтурууга 72 сааттын ичинде жол берилет.
108. Тамак-аш калдыктарын, Б классындагы жугушсуздандырылбаган калдыктарды 24 сааттан ашык сактоо (топтоо) муздатуучу же тоңдуруучу камераларда жүзөгө ашырылат.
109. Б жана В класстарындагы калдыктарды чогултуу үчүн пайдаланылуучу бир жолку колдонмо полипропилен пакеттери 10 килограммдан ашык эмес калдыктарды коопсуз чогултууну камсыз кылууга тийиш.
110. Б жана В класстарындагы жугушсуздандырылбаган калдыктар башка класстагы калдыктардан өзүнчө, бөтөн адамдардын кирүүсүнө бөгөт коюлган атайын жайларда топтолот жана убактылуу сакталат. Анча чоң эмес саламаттык сактоо уюмдарында көмөкчү жайларда жайгаштырылган идиштерде Б жана В класстарындагы калдыктарды убактылуу сактоого жана топтоого жол берилет (24 сааттан ашык убакытка сактоодо муздаткыч жабдуулары пайдаланылат).
111. Калдыктарды топтоого арналган муздаткыч жабдуусун башка максаттар үчүн колдонууга жол берилбейт.
112. А классындагы калдыктар үчүн контейнерлер атайын аянтчада сакталат. Контейнердик аянтча дарылоо корпустарынан жана тамак-аш блогунан 25 метрден кем эмес аралыкта чарба зонасынын аймагында жайгашып, катуу төшөлмөлүү болушу керек. Контейнердик аянтчанын көлөмү контейнерлердин аянтынан бардык тараптарга 1,5 метрден ашык болууга тийиш. Аянтча тосулуп, чатырлуу болушу керек.
113. Сымаптуу калдыктарды убактылуу сактоо үчүн бөтөн адамдардын кирүүсүнө бөгөт коюлган өзүнчө жабык жай бөлүнүп берилиши керек. Сымаптын төгүлүп кетүүсүн, сынган контейнерлердин бар экендигин, сактоонун колдонулуучу методдорун, иштөөчү желдеткичтин бар экендигин, персоналдын атайын кийиминин жана төгүлүп кетүүнү жок кылуу боюнча комплекттин курамынын бар экендигин, эсептик жазууну контролдоо үчүн сактоочу жерди ай сайын текшерүү зарыл.
114. Сымаптуу калдыктарды сактоочу жайдан абаны сыртка чыгаруу үчүн, ошондой эле сымаптуу калдыктар сакталган жерлерден имараттын ички жайларына абанын кирүүсүн болтурбоо үчүн сымаптуу калдыктарды сактоочу жайдын активдүү желдетүү системасы болууга тийиш.
115. Сактоо жайы салкын жана кургак болуусу керек (эгерде сактоо үчүн контейнерлер жана текчелер пайдаланылган болсо, бууга айланып жок болуусун минималдаштыруу үчүн температура 25 градустан жогору болбоого, ал эми коррозияны минималдаштыруу үчүн нымдуулук 40%дан аз болууга тийиш).
116. Медициналык калдыктардын кыймылын эсепке алуу жана контролдоо төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
1) уюмдун бардык медициналык калдыктарын эсепке алуу журналы. Журналда ташып чыгарылуучу таңгактын саны жана/же калдыктардын салмагы, ошондой эле ташып чыгарган ишкананы көрсөтүү менен аларды ташып чыгаруу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт;
2) калдыктарды ташууну жана зыянсыздандырууну жүзөгө ашырган адистештирилген ишканаларга берилген медициналык калдыктарды ташууга жана жугушсуздандырууга жана/же зыянсыздандырууга уруксат берүүнү тастыктаган документтер;
3) медициналык калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пунктунда медициналык калдыктарды эсепке алуу журналы аталган пункттун негизги эсепке алуу жана отчеттук документи болуп саналат. Журналда келип түшкөн медициналык калдыктардын салмагы, саламаттык сактоо уюмунун кайсы бөлүгүнөн келип түшкөндүгү, калдыктардын классы, медициналык калдыктарды жеткирген жак жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү) көрсөтүлөт.
117. Саламаттык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышы боюнча өндүрүштүк контролду уюштурушат жана жүргүзүшөт.
118. Медициналык калдыктарды чогултуу, убактылуу сактоо, зыянсыздандыруу боюнча өндүрүштүк контролдоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) визуалдык жана документтик текшерүүнү (айына 1 жолудан кем эмес):
- сарпталуучу материалдардын (пакеттердин, контейнерлердин запасы ж.б.), чакан механизация каражаттарынын, дезинфекциялоочу каражаттардын санын;
- персоналдын жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болуусун, атайын кийимдин борборлоштуруп жуулушун уюштурууну жана аны үзгүлтүксүз алмаштырууну;
- убактылуу сактоо жайларын жана/же медициналык калдыктар, контейнерлер, контейнердик аянтчалар менен иштөө участокторун дезинфекциялоо режимин жана санитардык абалын;
- жугушсуздандыруу же/жана зыянсыздандыруу режимдеринин сакталышын;
- калдыктардын үзгүлтүксүз чыгарылышын;
2) лабораториялык-шаймандык текшерүүнү:
- жабдуулардагы калдыктарды жугушсуздандыруунун же/жана зыянсыздандыруунун эффективдүүлүгүнө микробиологиялык контролду (жылына 1 жолудан кем эмес);
- микроклиматтын параметрлеринин контролун (жылына 1 жолудан кем эмес);
- калдыктарды жугушсуздандыруу же/жана зыянсыздандыруу пункттарынын жумушчу зонасын абада учуучу уулуу заттарга контролду (жабдыктардын технологиялык регламентине ылайык жүргүзүлөт).
Мамлекеттик контролду экологиялык коопсуздукту жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзүшөт.
119. Калдыктарды чогултуу системаларын мезгилдүүлүгү боюнча төмөнкүдөй категорияларга бөлүүгө болот:
1) контаминирленген медициналык калдыктарды жана/же ири көлөмдө чыгарылуучу калдыктарды үзгүлтүксүз чогултуу системасы. Мындай системаларда калдыктарды үзгүлтүксүз чогултуу графиги жана аларды жугушсуздандыруу пункттарына ташуу жана аралык сактоо каралган;
2) анча чоң эмес көлөмдө чыгарылуучу калдыктарды, ошондой эле өзгөчө кооптуу калдыктарды зарыл болгон учурда чогултуу системасы. Мындай системаларда калдыктарды зарыл (талап) болгон учурда чогултуу жана ташуу каралган.
120. Калдыктарды ташуу системалары ыкмасы боюнча төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
1) калдыктарды түз ташуу системасы. Калдыктар саламаттык сактоо уюмунун персоналы тарабынан түздөн-түз төмөнкү жайларга ташылат:
- бардык бөлүмдөрдөн жалпы коопсуз калдыктар А классындагы калдыктарды убактылуу сактоо пунктуна (калдыктар үчүн контейнерлер аянтчаларына);
- бөлүмдөрдөн Б жана В класстарындагы контаминирленген калдыктарды жугушсуздандыруу жана/же зыянсыздандыруу пунктуна;
2) санитардык транспорт (автомобиль же атайын араба) менен калдыктарды ташуу системасы. Саламаттык сактоо уюмунун бөлүмдөрүнөн Б классындагы контаминирленген калдыктар пакеттерде санитардык транспорт менен ташып чыгарылат. Бөлүмдөрдөн санитардык транспортко контаминирленген калдыктарды бөлүмдүн персоналы графикке ылайык ташып чыгарат.
121. Калк жыш жайгашкан пункттарда (шаарларда) жайгашкан саламаттык сактоо уюмунун аймагында кооптуу жана коопсуз медициналык калдыктарды жок кылууга (көмүүгө, өрттөөгө) уруксат берилбейт.
122. А классындагы коопсуз калдыктар коммуналдык таштандыларды чыгаруучу муниципалдык адистештирилген ишканалар же келишим боюнча коммуналдык кызматтар тарабынан саламаттык сактоо уюмунун аймагынын сыртындагы муниципалдык таштандылар менен кошо чыгарылат жана/же жок кылынат.
123. Саламаттык сактоо уюмунун аймагында жагымсыз жыттын жайылышын алдын алуу үчүн коопсуз калдыктарды жумасына эки жолудан кем эмес чыгаруу керек.
124. Эгерде кооптуу калдыктарды жок кылууга уруксаты бар адистештирилген ишканалардын кооптуу калдыктарды жок кылууда колдонгон методдору жөнүндө толук маалымат болсо, ошондой эле бул методдор Кыргыз Республикасынын аймагындагы санитардык талаптарга толугу менен шайкеш келсе, кооптуу калдыктарды аталган ишканаларды тартуу менен жок кылууга болот.
125. Б, В класстарындагы өзгөчө кооптуу калдыктар жугушсуздандырылгандан кийин А классындагы коопсуз калдыктардын жалпы агымына кошулат жана коммуналдык кызматтар менен келишим боюнча саламаттыкты сактоо уюмунун аймагынан чыгарылат. Б классындагы жугушсуздандырылган калдыктардын агымынан кайра иштетүү үчүн калдыктар - шприцтердин пайдаланылган жана жугушсуздандырылган пластик бөлүктөрү бөлүнүп алынат, алар желим буюмдарын кайра иштетүүчү адистештирилген ишкана менен келишим боюнча ташып чыгарылат.
126. Б, В класстарындагы суюк калдыктар дезинфектанттар менен аралаштырылып жеринде жугушсуздандырылат жана талап кылынган экспозициялоодон кийин канализациялык тармакка куюлат.
127. В классындагы өзгөчө кооптуу калдыктар өзгөчө кооптуу инфекциялар менен иштөө боюнча ченемдик документтерге ылайык химиялык жана физикалык (аппараттык) методдор менен жугушсуздандырылууга тийиш. Жугушсуздандырылгандан кийин калдыктар жалпы турмуш-тиричилик калдыктарынын агымына кошулушу мүмкүн.
128. Кооптуу медициналык калдыктарды иштеп чыгуу технологияларын тандоо учурунда калк, персонал жана айлана-чөйрө үчүн коопсуздук, иштеп чыгууда жана жок кылууда ишенимдүүлүк, жеткиликтүүлүк жана эффективдүүлүк принциптерине негизделиши зарыл.
129. Медициналык калдыктарды чыгаруучу медициналык калдыктарды жок кылуунун тартибин, калдыктарды жок кылуучу адистештирилген уюмдун колдонуудагы транспорт каражаттарынын жана жабдыктарынын санитардык-эпидемиологиялык талаптарга шайкештигин контролдоого милдеттүү.
130. А классындагы калдыктарды ташуу аталган аймак үчүн кабыл алынган санитардык тазалоо схемасын эске алуу менен калктуу конуштардын аймактарын кароо жана өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык уюштурулат.
131. А классындагы калдыктарды ташууда турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын ташуу үчүн пайдаланылган транспортту колдонууга уруксат берилет.
132. Калдыктарды ташуу үчүн көп жолку колдонмо контейнерлер А классындагы калдыктар үчүн жумасына 1 жолудан кем эмес, ал эми Б классындагы калдыктар үчүн ар бир бошотулгандан кийин жуулууга жана дезинфекцияланууга тийиш.
133. Калдыктарды ташыган уюмдун контейнерлерди жана транспорт каражаттарын жуучу, дезинфекциялоочу жана дезинсекциялоочу участогу болушу керек.
134. Жугушсуздандырылбаган Б классындагы калдыктарды ташуу үчүн адистештирилген транспорт каражаттары колдонулат, аларды башка максаттарга пайдаланууга тыюу салынат.
135. Жугушсуздандырылбаган Б классындагы калдыктарды ташуучу транспорт каражаттарына санитардык-эпидемиологиялык талаптар:
1) айдоочунун кабинасы автомобилдин кузовунан өзүнчө болууга тийиш;
2) автомобилдин кузову жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонууга, механикалык таасирге туруктуу материалдардан жасалып, ички бети жылмакай жана тышында "Медициналык калдыктар" деген маркалоосу болууга тийиш;
3) тоңдуруучу камераларда сакталган калдыктарды 4 сааттан ашык убакытта ташуу учурунда муздатуучу транспорт каралат;
4) кузову контейнерлерди фиксациялоого, аларды жүктөөгө жана түшүрүүгө ылайыкташтырылууга тийиш;
5) медициналык калдыктар төгүлүп жана чачылып кеткен учурларда транспорт каражаты чукул дезинфекция жүргүзүү үчүн каражаттардын комплекти менен камсыз болууга тийиш (пакеттер, кол каптар, суу, дезинфекциялоочу каражаттар, чүпүрөктөр ж.б.);
6) калдыктарды ташыган транспорт жумасына 1 жолудан кем эмес жуулууга жана дезинфекцияланууга тийиш. Жугушсуздандыруу гидропульттан, чачыраткычтардан сугаруу ыкмасы же чүпүрөктөрдү, щётканы колдонуп, дезинфекциялоочу каражаттардын эритмелери менен сүртүү ыкмасы аркылуу жүргүзүлөт. Мында конкреттүү дезинфекциялоочу каражатты колдонуу боюнча нускамаларда/методикалык көрсөтмөлөрдө каралган этияттык чараларын сактоо зарыл (коргоочу кийим, респираторлор, коргоочу көз айнек, резина кол каптар);
7) транспорт каражаты мобилдик байланыш каражаттары менен жабдылат.
136. Г классындагы калдыктарды ташуу, зыянсыздандыруу жана көмүү уулуу өнөр жай калдыктарын чогултуу, ташуу, зыянсыздандыруу жана көмүү тартибине карата коюлуучу гигиеналык талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
137. Сымап толтурулган приборлорду ташуу адистештирилген транспорт менен жүргүзүлүшү керек. Андай транспорт болбогон учурда авариялык кырдаалдын түзүлүшүн, адамдардын ден-соолугуна, айлана-чөйрөгө зыян келтирилбеши үчүн тиешелүү маркировкасы бар башка транспорт каражаттары менен ташууга жол берилет.
138. Сымап толтурулган калдыктарды ташуу материалдын сакталышын камсыздаган жылчыксыз таңгакта жүргүзүлүшү керек. Таранын материалы калдыктарды түзүүчүлөргө карата инерттүү болушу керек.
139. Люминесценттүү лампаларды ташуу алардын сынып калбагандай катарлаш жыюу менен заводдук таңгакта же сыйымдуулугу 100 даанадан ашпаган атайын контейнерде жүргүзүлүшү керек.
140. Сымаптуу калдыктарды жана металл сымабын ташуучу машинанын ар бир рейсине продукциянын түрү көрсөтүлгөн коштомо документ берилиши керек. Сымаптуу калдыктарды жүктөө жана түшүрүү жооптуу адамдын катышуусунда жүргүзүлүүгө тийиш.
141. Сымаптуу калдыктарды жана металл сымабын кабыл алууда калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү боюнча адистештирилген ишкана тарабынан кайра иштетүүгө тапшыруу фактысын ырастаган документтер берилүүгө тийиш.
142. Д классындагы калдыктарды ташуу "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
143. Медициналык калдыктарды ташыган персонал алдын-ала (жумушка кабыл алууда) жана мезгил-мезгили менен медициналык кароолордон өтүүгө, ошондой эле алдын-алуучу иммунизациялоого тийиш.
144. Транспорт каражатынын айдоочусу коопсуздук техникасы боюнча инструктаждан өтүүсү керек.
145. Медициналык калдыктарды ташыган персонал атайын кийимдин комплекттери жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылынат (кол каптар, маскалар/респираторлор/коргоочу калкандар, атайын бут кийим, фартуктар).
146. Персонал кесиптик иши менен байланышкан инфекциялык оорулардын козгогучтары менен инфицирленген учурларды кабарлоо, эсепке алуу жана изилдөө бекитилген талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
147. Саламаттыкты сактоо уюмунда төмөнкү инциденттерде жана кырсыктуу окуяларда коопсуздукту камсыздоо жана жүргүзүү тартиби иштелип чыгышы керек:
1) кандын жана суюк биологиялык субстанциялардын төгүлүүсү;
2) сайып жана кесип алуулар;
3) инфицирленген калдыктарды ташууда төгүлүү/чачылуу.
148. Инциденттерди жана кырсыктуу окуяларды каттоо жана эсепке алуу үчүн ар бир бөлүмдө авариялык кырдаалдарды атайын эсепке алуу журналы болот. Ар бир кырсыктуу окуя (кооптуу калдыктардын төгүлүүсү/чачылуусу, сайылуу жана кесилүү ж.б.) аталган журналда тиешелүү жазуу түрүндө чагылдырылат. Журналда кырсыктуу окуя жөнүндө бардык зарыл болгон маалыматтар көрсөтүлүшү керек: орду, убактысы, аталган кырсык менен байланышкан медициналык кызматкердин аты-жөнү, жаракаттын мүнөзү, кырдаалдын кеңири баяндалышы, жеке коргонуу каражаттарынын пайдаланылышы, коопсуздук техникасынын эрежелеринин сакталышы, жаракат алган жерде болгондор, ошондой эле колдонулган ыкчам алдын алуу методу.
149. Кесепеттүү жана кесепетсиз инциденттер жана кырсыктуу окуялар жөнүндө маалыматтар инциденттерди жана кырсыктуу окуяларды териштирүү отчетторунда, кийин мындай учурларга жол бербөө үчүн алардын себептерин талдоо жана чараларды кабыл алуу менен чагылдырылууга тийиш. Саламаттык сактоо уюмунун бардык кызматкерлери мындай учурлар жөнүндө өзүнүн жетекчилерине жана медициналык мекеменин инфекциялык контролунун адисине билдирүүгө милдеттүү. Отчет медициналык калдыктар менен иштөөгө жооптуу кызматкерге каттоо жана андан ары талдоо үчүн берилет.
150. Ийнелер жана башка учтуу медициналык инструменттер менен жабыр келтирүүдө мүмкүн болуучу инфекциянын булагын аныктоого жана жабыр тартуучунун инфицирлөө ыктымалын баалоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.
151. Авариялык кырдаал жаралганда (медициналык калдыктардын төгүлүшү, кооптуу калдыктардын пакетинин жылчыксыздыгынын бузулушу) аны жоюу боюнча төмөнкү принциптерди жетекчиликке алуу зарыл:
1) авариялык кырдаалга туш болгон зонадан адамдарды чыгаруу жана аларды коопсуз жерге алып баруу;
2) эгерде, төгүлгөн затты өз алдынча тазалоого мүмкүн болбосо, анда бул жайды/зонаны изоляциялоо, эскертүү белгисин илүү;
3) жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу;
4) медициналык калдыктар менен иштөөгө жооптуу кызматкерди же башка жооптуу адамды (жетекчисин) маалымдоо;
5) окуяны атайын эсепке алуу журналында каттоо.
152. Адамдардын катышуусундагы инциденттердеги, ийне саюунун, кесилүүнүн, чийилүүнүн, кооптуу субстанциялар менен дем алуунун натыйжасында тери, ички органдар жабырланган учурдагы иш-аракеттердин тартиби:
1) анчалык эмес жабырланууда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү;
2) олуттуу жабырланганда жана жаракат алганда дарыгерге кайрылуу;
3) оор учурларда жабырлануучуну клиниканын тиешелүү бөлүмүнө дарыланууга жеткирүү;
4) кырсыктуу окуя жөнүндө отчет түзүү;
5) ийне менен сайып алганда жана медициналык инструменттер менен кесип алганда медициналык жардам АИВ/КИЖС жана вирустук гепатитти алдын алуу жана дарылоо талаптарын, саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын клиникалык протоколдоруна ылайык көрсөтүлүшү керек;
6) жабырлануучуга АИВ/КИЖС жана вирустук гепатитти алдын алуу жана дарылоо талаптарына, саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын клиникалык протоколдоруна ылайык мезгилдүү медициналык байкоо жүргүзүлөт.
153. Кан жана биологиялык суюктуктар төгүлгөндөгү иш-аракеттер:
1) жеке коргонуу каражаттарын - техникалык кол каптар, фартук, бетти коргоочу калкан же көз айнекти кийүү;
2) биологиялык калдыктарды атайын арналган жана маркировкаланган тыгыз жабылуучу капкактуу идишке же медициналык калдыктар үчүн полипропилен пакетине кылдат чогултуу;
3) "төгүлгөн" участокту нымды соруучу материал (кагаз сүлгүлөр же кебез) менен жабуу жана 20 минутага 1% гипохлорит кальцийинин аралашмасы же башка дезинфекциялоочу каражат менен дезинфекциялоо;
4) андан кийин нымды соргон сүлгүнү же кебезди ошол эле идишке же инфицирленген калдыктар үчүн полипропилен пакетине салып стерилизацияга жиберүү;
5) бул учурду атайын эсепке алуу журналында каттоо, инфекциялык контролдун адисине маалымдоо.
154. Курч предмет (ийне, скальпель ж.б.) менен сайып/кесип алгандагы иш-аракеттер:
1) жабырланган жерди дароо самын менен жуу;
2) кандын жарааттан эркин агышы үчүн жараатты суунун агымынын алдында кармап туруу (бир нече минут же кан токтогуча);
3) таасири күчтүү каражаттарды: спиртти, агартуучу суюктуктарды жана йодду колдонууга болбойт, анткени алар жараатты дүүлүктүрүшү жана жарааттын абалын начарлатышы мүмкүн;
4) жабырланган жерди күч менен басууга же сүртүүгө болбойт;
5) бул учурду атайын эсепке алуу журналында каттоо, инфекциялык контролдун адисине маалымдоо.
155. Биологиялык суюктуктар жабырланган теринин бетине, көздүн былжыр чел кабыгына тийгендеги иш-аракеттер:
1) көздү жана жабырланган теринин бетин суу же физиологиялык эритме менен дароо жуу;
2) отуруп, башты чалкалатып көзгө сууну же физиологиялык эритмени сурманын алдына агып кеткендей кылып кылдаттык менен куюп, аларды мезгил-мезгили менен акырын созуп куюу;
3) контакттуу линза болгон учурда аларды жуу мезгилинде чечпөө керек, анткени алар коргоо тосмосун түзөт;
4) көздү жуугандан кийин контакттуу линзаны чечип, демейдегидей тазалоо;
5) бул учурду атайын эсепке алуу журналында каттоо, инфекциялык контролдун адисине маалымдоо.
156. Биологиялык суюктуктар жабырланбаган теринин бетине тийгендеги иш-аракеттер:
1) булганган жерди дароо жуу;
2) бул учурду эсепке алуунун атайын журналында каттоо, инфекциялык контролдун адисине маалымдоо.
157. Биологиялык суюктуктар ооз көңдөйүнүн былжыр чел кабыгына тийгендеги иш-аракеттер:
1) оозго тийген суюктукту дароо түкүрүү;
2) оозду дыкаттык менен суу же физиологиялык эритме менен чайкап, түкүрүү керек. Чайкоону бир нече жолу кайталоо;
3) бул учурду эсепке алуунун атайын журналында каттоо, инфекциялык контролдун адисине маалымдоо.
158. Инфицирленген калдыктарды ташууда төгүлгөн/чачылган учурдагы иш-аракеттер:
1) жеке коргонуу каражаттарын - техникалык кол каптар, фартук, бетти коргоочу калкан же көз айнекти кийүү;
2) чачылган инфицирленген калдыктарды атайын арналган жана маркировкаланган тыгыз жабылуучу капкактуу идишке же инфицирленген калдыктар үчүн пакетке кылдат чогултуу керек (идиш бүтүн болгон шартта, ошол эле төгүлгөн/чачылган идишке чогултса болот);
3) төгүлгөн участокто химиялык дезинфекциялоо жүргүзүү;
4) "төгүлгон" участокту соргуч материал менен жабуу;
5) соруучу материалдын соруп алган катмарын, ошондой эле айнектин сыныгын шыпыргы жана калакты колдонуу менен "Кооптуу медициналык калдыктарды" чогултуу үчүн идишке алып салуу;
6) бул учурду атайын эсепке алуу журналында каттоо, инфекциялык контролдун адисине маалымдоо.
159. Сымаптуу медициналык калдыктар менен иштөөгө байланышкан авариялык кырдаалдардагы (аварияларда) иш-аракеттер:
1) төгүлгөн сымаптын көлөмүн жана өлчөмүн визуалдык аныктоо;
2) сымаптын канализацияга же дубалдын жылчыктарына кирип кетишин болтурбоо чараларын көрүү;
3) бөлмөдөгү адамдардын денесин, бут кийимин жана кийимдерин карап чыгуу. Кийимдер жана/же бут кийим булганган учурда аларды чечүү зарыл. Сымап тийген терини щелочтуу самын менен жууш керек;
4) адамдарды жана персоналды сымап төгүлгөн жерден эвакуациялоо, сымап төгүлгөн жердин борборунан 2 м радиуста анын таралуу мүмкүндүлүгүн болтурбоо;
5) сымаптын төгүлүшүн кездеме же тыгыз материал колдонуу менен токтотуу;
6) ички бөлмөлөрдө буулардын таркашын азайтуу, башка ички бөлмөлөргө кеткен бардык ички эшиктерди жабуу, аталган жайды терезе аркылуу ылдам желдетүүнү камсыздоо. Борбордук желдетүүчү системаны, жылуулук же абаны алмаштыруу системасын иштетүү;
7) төгүлгөн сымапты жыйноочу комплекти даярдоо, жасалгаларды, саат, уюлдук телефон жана металл камтыган башка буюмдарды чечүү;
8) сымап төгүлгөн жерге кирүүнүн алдында жеке коргоо каражаттарын, алжапкыч же жамынма, бир жолу колдонулуучу бут кийим кабын, нитрил же резина кол кабын, бетти коргоочу маска жана көз айнек кийүү. Металл буюмдары, мисалы көз айнектин калканы жеке коргоо каражаттары менен жабылганын тактоо керек;
9) көзгө көрүнгөн сымаптын тамчыларын жана айнектин сыныктарын чогултуу. Идишти жана контейнерди желим подностун үстүнө коюу. Сымап төгүлгөн жердин сырткы четинен баштап ортосун көздөй жылып көзгө көрүнгөн сымаптын тамчыларын жана айнектин сыныктарын кылдат чогултуу. Айнектин сыныктарын чогултуу жана подноско коюлган идишке же оозу кенен контейнердин ичине салуу үчүн пинцет колдонуу керек. Жыйноо учурунда кыймыл жай, кыска жана шыпыруучу абалда болушу керек. Сымаптын тамчыларын кылдаттык менен жарым жартылай суу же бууну жармаштыруучу зат менен толтурулган желим контейнерге кылдаттык менен салуу керек. Сымаптын төгүлүүсүн алдын алуу үчүн жумушту подностун үстүндө аткаруу керек. Майда тамчыларды чогултуу үчүн пипетка же шприц колдонуу керек. Пипетка же шприцти полго параллелдүү кармап тамчыны тартып алып, сымап төгүлүп кетпес үчүн пипетка же шприцти горизонталдуу кармоо менен тамчыларды желим контейнерге куюу керек;
10) сымаптын майда тамчылары же айнектин майда сыныктары калып калбагандыгын текшерүү. Тамчылар абдан майда болгон учурда чогултууну жабышкак лентанын жардамы менен жеңилдетүүгө болот. Жабышкак лентаны колдонуудан кийин жабыла турган желим капка салуу керек;
11) сымап менен контактка кабыл болгон жылчыктарга жана жаракаларга, ошондой эле катуу тегиздик беттерине (плитка, линолеум, жыгач ж.б.) күкүрттүн порошогун себүү. Порошоктун түсү сарыдан күрөң түскө өзгөрсө жыйноону улантуу керек. Калган бардык сымапты амалгамаландыруу үчүн цинк же жездин кебегин себүү керек. Порошокту же/жана кебекти жыйноо үчүн щётка же шыпыргыны колдонуп, аларды жабыла турган желим капка салуу керек;
12) сымап менен булганган жумшак буюмдарды: килемдерди, килемдердин кабатчаларын, пардаларды, паластарды, жол килемдерин, пледдерди, шейшептерди жана оңой тазалоого болбогон башка жумшак материалдарды алып салуу керек. Килемдин, анын кабатчаларынын жана башка жумшак материалдардын сымап төгүлгөн бөлүктөрүн кесип салуу үчүн бычак пайдалануу керек. Булганган материалдарды жабыла турган желим капка салуу керек;
13) булганган канализацияны тазалоо. Эгерде сымап канализацияга, раковина же ваннага төгүлсө мекеменин инженери менен кызматташып сифондорду чыгарып, алмаштыруу керек. Төгүлүшү мүмкүн болгон сымапты кармап калуу үчүн иштөө зонасына желим планканы же желим подносту коюу керек. Сымапты жылчыксыз контейнерге которуу учурунда эски сифонду подностун үстүндө кармоо керек. Эски сифонду кооптуу калдык катары жок кылуу керек;
14) сымапты чогултууда колдонулган материалдарды тазалоо. Колдонулган материалдарды (анын ичинде желим планкалар, картон, кагаз, сүрткүч каражаттар, кебез (кагаз) шыпыргылар, кагаз сүлгүлөр, жабышкак лента, самын, щетка же шыпыргы) эч нерсе өткөрбөс жабылуучу желим капка салуу керек. Башка буюмдарды (пинцет, желим калак, поднос, пипетка, бычак ж.б.) булганган буюмдар менен бирге жабыла турган желим капта сактоо үчүн жыйноо, же тазалоочу эритме менен дыкат тазалоо керек;
15) булганган материалдарды маркировкалоо жана жабуу. Жылчыксыз идиште жана контейнерде сымапты жана сынган айнек идиштин үстүн жапканга жеткиликтүү суунун бар экендигин тактап, идишти жана контейнерди бекем жаап, маркировкалап жана ар бирин жабылуучу желим капка салуу керек. Идишти жана контейнерди андан ары колдонуу үчүн дайыма ишенимдүү сактоо зарыл. Сымаптуу калдыктар салынган жабык желим каптарды экинчи желим капка салып, кенен жабышкак лентаны колдонуу менен сырткы капты жаап, аны тиешелүү маркировка менен жабдып жана сакталгандардын кыскача сүрөттөмөсүн кошуу керек. Сымаптуу калдыктарды дарылоочу мекеменин убактылуу сактоочу атайын жайында убактылуу сактоого болот;
16) бут кийимдин каптарынан баштап жеке коргонуу каражаттарын чечип, башка жабылуучу капка салуу. Бир кол менен экинчи колдогу кол капты кармап чечүү керек, андан соң бош колдун манжаларын экинчи колдогу кол капка билектин жанынан салып туруп экинчи кол капты чечип жана экөөнү тең жабылуучу пластик капка салуу керек. Андан кийин лентаны же калканын кармоо менен көз айнекти чечүү керек. Фартук же алжапкычты өйдө жагына тийбей ичинен сыртын карай чечүү керек. Андан соң сырт жагына тийбей беттин маскасын же респираторду чечүү керек. Кол каптарды, бут кийимдин каптарын, фартук (беттин маскасын, эгерде ал атайын масканын ордуна колдонулса) сымаптуу калдыктар менен бирге сакталууга тиешелүү жабылуучу пластик капка салуу керек. Көз айнекти жана респираторлорду же беттин атайын маскасын тазалоочу суюктукту колдонуу менен тазалоо керек;
17) колду жана тобокелдикке кабылган теринин бардык участокторун самын жана суу менен жуу;
18) сымап аккан жерди тазалагандан кийин бөлмөнү желдетүү. Эгерде бул борбордук жылытуу же абаны желдетүүгө байланыштуу мүмкүн болсо сымаптын бууларынын концентрациясын азайтуу үчүн имараттагы аба алмашуу деңгээлин бир нече күнгө жогорулатуу керек.
160. Эгерде сымаптын төгүлүшүнүн натыйжасында пациент же медицина кызматкери курч жаракат алса кандын жана зааранын анализин алуу керек, дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системасынын функцияларын колдоп, зарыл болгон учурда, эгерде адамда сымап менен уулануунун курч белгилери болсо, оор металлдардан тазалоо терапиясын баштоо керек.
161. Болгон окуяны саламаттыкты сактоо мекемесинин жол-жоболоруна ылайык документтештирүү керек. Рапорт мекеменин коопсуздугун жакшыртуу үчүн пайдаланылышы керек.
162. Сымап төгүлгөн учурда төмөнкүлөргө милдеттүү түрдө тыюу салынат:
1) сымапты жана сымап менен булганган нерселерди чогултууга турмуш-тиричилик чаң соргучту пайдаланууга;
2) сымап менен булганган кийимди, кездемеден жасалган буюмдарды турмуш-тиричилик кир жуугуч машинада жууганга;
3) сымапты чогултуу үчүн шыпыргыны пайдаланууга;
4) сымапты канализацияга же жергиликтүү суу тазалоочу орнотмого куюуга;
5) бут кийимди атайын тазалоочу суюктуксуз тазалоого.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык калдыктар менен иштөө боюнча убактылуу нускамага тиркеме |
Медициналык калдыктардын кооптуулук классынын КЛАССИФИКАТОРУ
Кооптуулук классы | Морфологиялык курамынын мүнөздөмөсү |
А классы (курамы боюнча катуу турмуш тиричиликтин калдыктарына жакындатылган эпидемиологиялык коопсуз медициналык калдыктар) | Пациенттердин, инфекциялуу оорулуулардын биологиялык суюктуктары менен контактта болбогон калдыктар. Керектөө касиеттерин жоготкон канцеляриялык буюмдар, таңгак, эмерек, инвентарь. Аймакты тазалоодон чыккан шыпырынды ж.б. Борбордук тамак-аш блокторунун, ошондой эле уюмдун инфекциялык, анын ичинде фтизиатрия бөлүктөрүнөн сырткары, медициналык жана/же фармацевттик иш-аракеттерин жүргүзүүчү бардык башка бөлүктөрүнүн тамак-аш калдыктары |
Б классы (эпидемиологиялык кооптуу медициналык калдыктар) | Б1 - адамдын анатомиялык калдыктары (ткандар, органдар, дененин бөлүктөрү, кан) виварийлердин биологиялык калдыктары Б2 - курч-саюучу жана кесүүчү калдыктар (ийнелер, шприцтер, скальпелдер, скарификаторлор, микроскопия үчүн айнектер ж.б.) Б3 - потенциалдуу инфицирленгендер: кан жана дененин биологиялык суюктуктарын (кан, же дененин башка биологиялык суюктуктары менен контаминирленген материалдар) камтыган калдыктар Б4 - инфицирленгендер: инфекциялык бөлүмдөрдүн бардык калдыктары (анын ичинде тамак аш), 3-4-группадагы патогендүү микроорганизмдер менен иштеген паразитологиялык жана микробиологиялык лабораториялардын калдыктары |
В классы (эпидемиологиялык өзгөчө кооптуу медициналык калдыктар) | Өзгөчө кооптуу инфекциялуу калдыктар - саламаттык сактоо уюмдарынын өзгөчө кооптуу инфекциялардын козгогучтары же өзгөчө туруктуу микроорганизмдер менен контаминирленген, инфицирленген калдыктары. Бул класска төмөнкүлөр кирет: - өзгөчө кооптуу инфекциялуу оорулуулар менен контактта болуучу материалдар: кан жана анын туундулары, башка биологиялык суюктуктар же өзгөчө кооптуу инфекциялар менен инфицирленген пациенттердин экскременттери менен контаминирленген таңуучу материалдар жана жабдуулар; - 1-2-топтогу патогендүү микроорганизмдер менен иштеген лабораториялардын калдыктары; - фтизиатрия, микологиялык ооруканалардын, бөлүмдөрдүн калдыктары; - анаэробдуу инфекциялуу пациенттердин калдыктары |
Г классы (кооптуулуктун 1-4-класстарындагы токсикологиялык кооптуу медициналык калдыктар) | Саламаттык сактоо уюмдарынын курамы боюнча өнөр жай калдыктарына жакын, иштөө тартиби уулуу өнөр жай калдыктарынын классификаторуна жана башка колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык уулуулук даражасы менен аныкталуучу калдыктары; Г1 - фармацевттик калдыктар (жарактуулук меөнөтү бүткөн дары каражаттары, дары жана диагностикалык препараттардын калдыктары); Г2 - цитотоксикалык фармацевттик калдыктар; Г3 - жарактуулук мөөнөтү бүткөн, колдонулбай турган дезинфекциялоочу каражаттар; Г4 - сымаптуу предметтер, приборлор жана жабдуулар; Г5 - жеке эле саламаттык сактоо секторуна типтүү эмес башка кооптуу калдыктар, мисалы: эриткичтер, химикаттар, батарейкалар, фиксаторлор жана аналитикалык, клиникалык лабораториялардын ишинде колдонулуучу башка эритмелер ж.б. |
Д классы (радиоактивдүү медициналык калдыктар) | Курамындагы радионуклиддер радиациялык коопсуздук ченемдери менен белгиленген жол берилүүчү деңгээлден жогору болгон ар кандай агрегаттык абалдагы калдыктардын бардык түрү |
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-февралындагы № 94 токтому менен бекитилген |
Медициналык багыттагы сымаптуу буюмдар менен иштөөнүн УБАКТЫЛУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Медициналык багыттагы сымаптуу буюмдар менен иштөөнүн убактылуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) сымап, анын бирикмелери жана сымап толтурулган приборлор менен иштөө тартибин аныктайт жана төмөнкү медициналык мекемелерге (мындан ары - медициналык мекемелер) арналат:
- ооруканаларга (жалпы шаардык, клиникалык, адистештирилген, ведомстволук, илимий-изилдөө, окутуу институттарынын курамындагы);
- үй-бүлөлүк медицина борборлоруна;
- стоматологиялык бейтапканаларга;
- диспансерлерге;
- медициналык тез жардам станцияларына;
- кан куюу станцияларына;
- бейтаптарга узакка кам көрүүчү мекемелерге;
- медициналык профилдеги илимий-изилдөө институттарына жана окуу жайларына;
- ветеринардык дарылоочу жайларга;
- дарыканаларга жана фармацевтикалык өндүрүштөргө;
- ден соолукту чыңдоочу мекемелерге (санаторийлерге, профилакторийлерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга);
- санитардык-профилактикалык мекемелерге,
- соттук-медициналык экспертиза уюмдарына;
- медициналык лабораторияларга (анын ичинде анатомиялык, патологиялык-анатомиялык, биохимиялык, микробиологиялык, физиологиялык);
- медициналык жардам көрсөтүү боюнча жеке менчик уюмдарга.
2. Медициналык багыттагы сымаптуу буюмдарга (мындан ары - сымаптуу буюмдар) металл сымабын же анын бирикмелерин камтыган төмөнкү буюмдар жана түзүлүштөр кирет:
- өлчөөчү приборлор;
- терморегуляторлор;
- сымаптуу барометрлер жана манометрлер;
- лабораториялык, техникалык жана медициналык сымаптуу термометрлер;
- тонометрлер;
- чыгым ченегичтер;
- деңгээл ченегичтер;
- игнитрондор - кубаттуу түздөөчү түзүлүштөрдө колдонулуучу атайын приборлор;
- сымаптуу гальваникалык элементтер;
- сымап толтурулган жогорку жана төмөнкү басымдагы люминесценттүү лампалар;
- стоматологиялык амальгама.
3. Ушул Эрежелерде колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
демеркуризация - адамдардын жана жаныбарлардын уулануусуна жол бербөө максатында сымапты жана анын кошулмаларын физикалык-химиялык же механикалык ыкмалар менен алып салуу;
киришүү инструктажы - медициналык уюмдарга ишке алынып жаткан бардык кызматкерлерге, саламаттык сактоо уюмуна иш сапарга келген кызматкерлерге, уюмга өндүрүштүк практикага жөнөтүлгөн окуу жайынын студенттерине өткөрүлө турган сымаптуу буюмдар менен иштөөнүн коопсуздук боюнча инструктажы;
атайын кийим - иш ордунда кызматкердин ден соолугу үчүн зыяндуу жана кооптуу факторлордон коргоого арналган дененин, колдун терилерин, көздүн былжыр челин, мурундун жана ооздун ичин, дем алуу органдарын жана ичеги карын жолдорун жекече коргой турган каражат;
инциденттер жана кырсыктар - ден соолукка, жабдууларга жана шаймандарга зыян келтире турган же зыян келтирилген күтүүсүз окуялар, жана башка зыяндын түрлөрү;
сымапты утилдештирүү - сымаптын калдыктарын жаңы технологиялык циклдерге, пайдалуу максаттарга колдонуу, экинчи кезектеги чийки зат катары жана башка максаттарда пайдалануу.
4. Сымаптуу буюмдар менен иштөөгө медициналык кароодон, киришүү инструктажынан, жумуш ордунда окуудан жана стажировкадан, эмгекти коргоо талаптарын билүүсүн текшерүүдөн өткөн 18 жаштан ашкан адамдарга жол берилет.
5. Медициналык уюмдун менчигинин түрүнө карабастан, сымап менен уулануудан алдын алуу иш-чараларына персоналды окутуу боюнча семинарларды жылына эки жолудан кем эмес өткөрүүгө милдеттүү.
2. Сымаптуу буюмдарды сактоо жана алар менен иштөө эрежелери
6. Сымаптуу буюмдар менен иштөөдө медициналык уюмдардын персоналы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жумушчу нускамада аныкталган жумушту гана аткарууга;
- ички эмгек тартибинин эрежелерин аткарууга;
- жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарын туура колдонууга;
- эмгекти коргоо талаптарын сактоого;
- өзүнүн түздөн-түз же жогору турган жетекчисине адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген ар кандай кырдаал жөнүндө, өндүрүштө болгон ар бир кырсыктуу окуя тууралуу же өзүнүн ден соолугунун начарлагандыгы жөнүндө, анын ичинде катуу кармаган кесиптик оорунун (уулануунун) белгилери байкалганы тууралуу токтоосуз кабарлоого;
- жумушту аткаруунун коопсуз методдоруна жана ыкмаларына, өндүрүштө жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүүгө окуудан, эмгекти коргоо боюнча инструктаждан, эмгекти коргоо талаптарын билүүсүн текшерүүдөн өтүүгө;
- мезгил-мезгили менен (эмгек ишинин жүрүшүндө) милдеттүү медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда иш берүүчүнүн жолдомосу боюнча кезексиз медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүүгө;
- электр тогунан жабыр тарткандарга жана башка кырсыктуу окуяларда биринчи жардам көрсөтүүнү билүүгө;
- өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын колдонууну билүүгө.
7. Сымаптуу буюмдар менен иштөөдө медициналык уюмдун персоналына төмөнкү кооптуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлор таасир этүүсү мүмкүн:
- жумуш зонасында уулуу чөйрөнүн пайда болушу;
- зыяндуу заттар (сымап);
- жумуш ордуна жарыктын жетишсиз берилиши.
8. Сымаптуу буюмдар менен иштөөдө медициналык уюмдун персоналы атайын кийим (резина мээлей, алжапкыч, сымаптын буусу өтпөй турган бут кийим) жана башка жеке коргонуу каражаттары (экрандар, беткаптар, респираторлор ж.б.) менен камсыз кылынышы керек.
9. Авария келип чыккан учурда, же аварияларга жана кырсыктуу окуяларга алып келиши мүмкүн болгон кырдаалдарда:
- ишти дароо токтотуу;
- авариялардын себептерин же аварияларга жана кырсыктуу окуяларга алып келиши мүмкүн болгон кырдаалдарды четтетүү боюнча чараларды көрүү зарыл.
Стоматологиялык амальгама жасоо үчүн сымапты суу алдында, жылмаланган тыгынчыктуу айнек банкада гана сактоого жол берилет.
Абасы сордурулуучу шкафтарсыз жана атайын поддондорсуз стоматологиялык амальгама жасоо боюнча иштерге тыюу салынат.
Шилекей соргуч системасы аркылуу өткөн стоматологиялык амальгама калдыктарын чогултуу үчүн стоматологиялык жабдуулар атайын чыпкалар менен жабдылышы керек. Сактоо үчүн амальгама чогултуучу чыпкалар тазаланат, ал эми сымаптуу калдыктар атайын контейнерлерге жайгаштырылат.
Стоматологиялык амальгаманы кол менен жасоо ыкмасына тыюу салынат.
10. Сымаптуу буюмдар менен иштөө жана аларды сактоо жайларында тамак-ашты, сууну кабыл алууга, тамеки тартууга жана сымаптын буулануусуна, ар нерсенин бетине топтолушуна же организмдин ичине кирип кетишине жол берген ар кандай иш-аракеттерге тыюу салынат.
11. Сымаптуу буюмдарды жыйноо жана сактоо жабык жана бекитиле турган, тарткыч-сордурма же сордурма желдетүү менен жабдылган жайларда гана жол берилет. Мындай мүмкүнчүлүк болбогон учурда аталган жайларды кадимки желдетүү керек.
12. Медициналык уюмдардын имараттарынын конструкциясы жана жасалгалары, ошондой эле эмеректери алардын беттерине сымаптын сиңип кетпөөсүн (сорбция) жана ушул Эрежелердин 1, 2-тиркемелеринин талаптарына ылайык демеркуризациялоо мүмкүнчүлүгү камсыздалышы керек.
13. Сымаптуу буюмдарды сактоо үчүн металл капкак же тыгыз материалдан (брезент ж.б.) жасалган жумшак чехол менен жабдылган стандарттуу конструкциядагы атайын металл контейнерлерди колдонууга уруксат берилет. Металл корпусунун, металл капкактын (жумшак чехолдун) бүтүндүгү бузулган контейнерлерди пайдаланууга жол берилбейт. Ошондой эле конструкциясы стандарттуу үлгүгө ылайык келбеген контейнерлерди пайдаланууга болбойт.
14. Сымаптуу буюмдардын сыныктарын чогултуунун тартиби:
- персоналды жана башка адамдарды бөлмөдөн токтоосуз эвакуациялоо;
- ички бөлмөлөрдө буулардын тарашын азайтуу, башка бөлмөлөргө кетүүчү бардык ички эшиктерди жабуу;
- аталган жайда терезе аркылуу күчөтүлгөн желдетүүнү камсыздоо, механикалык желдеткич болсо, аны иштетүү;
- бөлмөнү жаап, эшигине мөөр басуу;
- сымаптуу буюмдар ачык аянтта лампаларды ташуу процессинде сынган учурда булганган участоктун айланасына тосмо коюу жана персоналды жана башка адамдарды аталган участокто калууга болбой тургандыгы жөнүндө кабарлоо зарыл;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгын, анын адистери тарабынан авариялык кырдаал орун алган жайда же ачык аянтта демеркуризациялоону камсыз кылуу максатында кабарлоо;
- чоң эмес авариялык кырдаалда (айрым лампанын корпусу бузулганда), булганган участокту калийдин марганец кычкылдуу 1% эритмеси менен иштетүү аркылуу аварияны өз күчү менен жоюуга жол берилет.
15. Сынган жана бүтүн сымаптуу буюмдарды бир эле контейнерлерге бирге чогултууга жана сактоого жол берилбейт. Сынган сымаптуу буюмдарды чогултуу үчүн жабыла турган өзүнчө контейнерлер колдонулушу керек.
16. Лампалардын корпусу бузулгандан кийин пайда болгон айнек сыныктары жана майда-барат металл пайдаланылган сымаптуу буюмдар менен бирдикте утилдештирүүгө берилет.
3. Демеркуризациялоо
17. Учурдагы демеркуризациялоону жүзөгө ашыруучу адамдар атайын окуудан өтүшү керек, ошондой эле коопсуздук техникасы боюнча журналга кол коюшат.
18. Учурдагы демеркуризациялоону жүзөгө ашыруучу адамдар атайын кийимдер (резина мээлей, алжапкыч, сымаптын буулары өтүп кетпей турган жабык бут кийим) жана жеке коргонуу каражаттары (экрандар, маскалар, респираторлор ж.б.) менен камсыз болууга тийиш.
19. Учурдагы демеркуризациялоону жүзөгө ашыруучу адамдар аны аяктагандан кийин өздүк гигиенанын эрежелерин сактоосу керек: душ кабыл алат, ооз көңдөйүн 0,025% перманганат калий эритмеси менен чайкайт, тиштерин тазалайт.
20. Жайларды учурдагы демеркуризациялоо боюнча комплекси өзүнө төмөнкүдөй милдеттүү этаптарды камтыйт:
1) булгануу булагын табуу жана жайдын сымап менен булгануу даражасын аныктоо;
2) фазадагы (суюк) сымапты алып салуу жана ар нерсенин беттерин химиялык иштеп чыгуу үчүн даярдоо.
21. Приборлордун жылчыксыздыгы бузулуп, сымап камтыган түзүлүштөрдөн анча көп эмес сымап куюлуп кеткен учурда механикалык тазалоо жүзөгө ашырылат.
22. Төгүлүп калган сымап механикалык ыкмалар (суу менен жуу, вакуумдун жардамы менен сордуруу, амальгамаланган жез пластинкасы менен чогултуу ж.б.) аркылуу чогултулушу керек жана ал төгүлгөн жер милдеттүү түрдө кийинки химиялык иштелип чыгат.
23. Чогултулган сымап тамчылары тыгыз капкак менен жабылуучу суусу менен банкага жайгаштырылат.
24. Булганган жерлерди химиялык тазалоо механикалык тазаланбаган булганууларды жок кылуу үчүн аткарылат. Химиялык тазалоо үчүн калий перманганатынын (марганцовка) жана туз кислотасынын эритмеси (1 литр сууга - 2 г марганцовка жана 5 г туз кислотасы) же 20% хлордуу темир эритмеси (800 г сууга 200 г темир хлориди) колдонулат.
25. Сымап менен булганган беттерди тазалоо учурунда химиялык демеркуризациялоо сымапты андан ары жок кылууну жеңилдетүүчү активдүүлүгү аз же активдүү эмес абалга которуучу препараттардын жардамы менен жүргүзүлөт.
26. Сымап менен булганган жайларды демеркуризациялоодон кийин тазалоо керек.
27. Башка жайларды булганган жайларды тазалаганда пайдаланылган каражаттар менен тазалоого тыюу салынат. Тазалоо жана шаймандарды демеркуризатордун эритмелери менен иштеп чыгуу аяктагандан кийин, шаймандар тиешелүү маркировкасы менен бекем жабылуучу темир кутучага жайгаштырылат.
28. Эгерде демеркуризациялоо аяктагандан кийин жайда сымап бууларынын ченеми жол берилген чектеги концентрациядан ЖЧК=0,0003 мг/м3 ашпаса, ал натыйжалуу болуп таанылат.
29. Сымап менен иштөөдө, сымап жана анын химиялык кошулмаларын анализдөөдө колдонулуучу айнек жана фарфор идиш-аяк, ошондой эле айнек приборлор демеркуризацияланууга тийиш.
30. Сымап тазалоочу колонкаларды, сымаптуу түзүлүштөрдүн айрым деталдарын, ампулаларды, сымап менен булганган башка приборлорду бооруна жармашкан сымап тамчыларын кетирүү үчүн алгач суу же суюлтулган азот кислотасы менен жууйт. Мында сымап прибордун түбүнө чогулат жана суюктук менен бирге химиялык стаканга куюлат, ал эми приборго азыраак көлөмдөгү концентрацияланган азот кислотасы куюлат, аны бир аз ысытып жана ысык кислота менен бүт приборду жууйт. Мындан кийин приборду дистилляцияланган суу менен кылдат чайкап, 30% калий йодид эритмесиндеги 2-3% йод эритмеси, йоддуу сымапты эритүү үчүн азыраак көлөмдөгү эфир жана спирт менен жууйт, кайра суу менен чайкайт. Эгерде айнек прибордун сырты сымап менен өтө булганса, аны адегенде нымдуу кагаз менен сүртөт, жогоруда жазылгандай сода эритмеси менен чоң фарфор табак үстүндө жууйт, мында табактын түбүнө прибордун сырткы капталына жармашкан сымап тамчылары чогулат. Табактагы сууну куюп жиберип сымапты химиялык стаканга өткөрүшөт жана андан ары тазалап же туздарды алуу үчүн кайра иштетишет.
31. Приборлорду раковина үстүндө фарфор табаксыз же башка идишсиз жууганга тыюу салынат.
32. Сымап менен бирдикте силикондуу майлоочулар болгон учурда, тазалана турган айнек деталдарын метанолдун (литрге 20 грамм) жегич натр камтыган 50% эритмесинде 24 саат калтырышат, андан кийин жууйт, перманганат калий менен иштеп чыгат, кайра аккан сууга жууйт жана дистилляцияланган суу менен чайкайт. Бардык операцияларды аба сордуруучу шкафта гана жүргүзүү керек.
33. Дат баспас болоттон, ошондой оңой амальгамалануучу металлдардан (жез, латунь же коло) жасалган приборлордун бетин демеркуризациялоо үчүн күкүрттүн порошогун пайдалануу сунушталат. Булганган беттерди күкүрт менен сүрткөндө кагаз менен оңой сүрүлүүчү сымаптын сульфидин пайда кылууга жетиштүү жылуулук бөлүнүп чыгат.
34. Сымап менен булганган металлдын бетин кислоталардын эритмелери менен демеркуризациялоого болбойт, анткени мында пайда болуучу туздар металлдын бети менен цементтешип калып, сымап кайра майда дисперстүү тамчылар түрүндө түшүп калат.
35. Сактоочу табаларды, аба термостаттарын, кургатуучу шкафтарды жана башка ушул сыяктуу жабдууларды демеркуризациялоонун ыкмасы болуп аба сордуруучу шкафта мүмкүн болушунча жогорку температурада узакка ысытуучу - термикалык ыкма саналат.
36. Атайын кийимди демеркуризациялоо сымапты чоң көлөмдө кетирүү зарыл болгон учурда колдонулат, же чоң көлөмдөгү сымап жана сымаптуу калдыктар менен иштегенден кийин жүргүзүлөт.
37. Атайын кийимди жумасына жок дегенде бир жолу алмаштыруу жана жууш керек, мында үй шартында атайын кийимди жууганга тыюу салынат.
38. Сымап менен иштөөдө атайын кийимди жуу эрежелерине ылайык:
- булганган атайын кийимди чаңдан арылтып, 30 минут муздак суу менен жууйт, мында идиштин түбүндө атайын кийимде жүргөн сымаптын калдыктары жыйналып калат;
- идиштеги сууну төгүп, сымапты химиялык стаканга куюп, андан кийин тазалашат же туздарды алуу үчүн кайра иштетишет;
- атайын кийимди 1 кг кийимге 4 л эсебинде самындуу сода эритмесин куюп, 30 мүнөт аралыгында 70-80 °C жууйт;
- жуулган атайын кийимди шакарды кетирүү үчүн барабанда алгач ысык, андан кийин муздак суу менен жууйт;
- андан кийин атайын кийим 30 мүнөт ичинде 1-2% туз кислотасынын эритмеси менен иштелип чыгат;
- таза суу менен чайкагандан кийин атайын кийимди кургатат жана үтүктөйт.
39. Медициналык уюмдар медициналык багыттагы сымаптуу буюмдардын ишине өндүрүштүк контролду уюштурушат жана ишке ашырышат.
Өндүрүштүк контролго:
- демеркуризациялык каражаттардын болушун;
- персоналды жекече коргонуу каражаттары менен камсыз болушун, атайы кийимди борборлоштуруп жууп тазалоону жана аны үзгүлтүксүз алмаштырып турууну көрүү жана документалдык жактан текшерүү кирет (айына жок дегенде бир жолу).
Мамлекеттик контролдоону экологиялык коопсуздукту жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде ишке ашырат.
|
| Медициналык багыттагы сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча убактылуу эрежелерге 1-тиркеме |
Полдордун конструкцияларынын сымапты өткөрбөгүдөй кылуу боюнча ТАЛАПТАР
Полдорду жабуучу материал металлдык сымапты, анын бирикмелерин жана бууларын өткөрбөй турган, химиялык демеркуризациялоо каражаттарына, ал эми сымап жана башка агрессивдүү заттардын (кислоталардын, шакарлардын, туздарын, мунайзаттардын ж.б.) бир убакта таасир этүү шартында иштөөдө - алардын жана сымаптын биргелешкен таасирине туруктуу болуусу керек.
Бетондун жана цементтүү-кумдуу аралашмалардын сымап өткөрбөстүгү төмөнкүдөй жол менен жетишилет:
а) адегенде аларды хлордуу кальцийдин 10% эритмеси менен иштеп чыгуу - краскопульттун жардамы менен кенен сугаруу, андан кийин фтордуу натрийдин 3% эритмеси менен иштеп чыгуу;
б) аларды кремний фтордуу-суутектүү кислотасынын (флюаттар менен) туздарынын эритмелери менен иштеп чыгуу.
3. Ошондой эле акиташ камтыбаган материалдарды, мисалы кыш жана кумду флюаттар менен иштеп чыгууга болот. Бул учурда иштетиле турган материал алгач кальцийдүү туздарды камтыган эритме - аванфлюат менен сиңдирилет, ал эми андан кийин флюат менен иштетилет.
4. Эгер полдун жабуусу курама темир-бетон плиталарынан жасалса, алардын ортосундагы куралган жерлер аларды химиялык эритмелер менен иштеп чыгуу алдында кеңейүүчү цемент менен шыбайт жана ал ошол эле убакта чеканка менен тыгыздалат, андан кийин пол ошол жерлерде суу менен нымдалат жана ар бир куралган жерине жүк бастырылат. Андан кийин бир сутка бою куралган жерлер 2 саат сайын нымдалып турат, андан кийин аларды кургак абалда эки сутка кармагандан кийин пол жана куралган жерлер сымапты өткөрбөө үчүн химиялык курамдар менен жогоруда айтылгандай иштелип чыгат.
5. Сымап менен катар щелочтуу агрессивдүү каражаттар иштетилген жайларда бетондук шакарга туруктуу жабуу же курамы атайын тандалган цементтүү-кумдуу аралашмалар колдонулушу керек. Мындай жабуу кургагандан кийин анын бетин краскопульттун жардамы менен көп жолу суюк айнек эритмеси (көлөмүнүн салыштырма салмагы 1,07-1,09, модулу 2,6-2,9) менен сугаруу керек, мында пол 8 саат ичинде нымдуу болуп кала бергендей тездикте сугарылышы керек. Мындан 16 саат өткөндөн кийин полду 8 саат бою хлордуу кальций эритмеси (тыгыздыгы 1,12-1,15) менен сугарат. Суюк айнектин эритмеси жана хлордуу кальцийдин эритмеси менен 3 жолу иштеп чыгылат.
6. Кислоталык агрессивдүү каражаттар болгон учурда, полду жабуу алдында сымапты өткөрбөгүдөй кылуу үчүн кеминде 5 жолу хлордуу кальцийдин 10% эритмеси жана фтордуу натрийдин 3% эритмеси менен ырааттуу иштетилип чыккан метлах плиткасы менен же техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча окшош (керамикалык беттелүүчү же керамогранит) плитка менен жабылат. Эгерде сиңирүү 6 саат ичинде анча чоң эмес басым (0,75-1 атм.) алдында жүргүзүлсө, иштеп чыгуунун сапаты жакшырат. Плиткаларды кислотага туруктуу катмарларды колдонуу менен полдун темирбетондуу негизине тизет.
7. Кислотага туруктуу катмар суюк айнектен (салыштырма салмагы 1,36-1,38 г/см), чоңдугу 1,2 мм кем эмес чаң түрүндө толтургучу менен кварц кум жана катыруунун тездеткичи болуп саналган кремний фтордуу натрий аралашмасынан (аралашманын боштугу туруктуу көлөмгө чейин ар бир силкигенде 26% ашпоого тийиш) даярдалат. Кислотага туруктуу катмардын калыңдыгы 15 мм ашпайт. Плиткалардын ортосундагы куралган жерлерин арзами-шыбагы же 50% күкүрттөн, 32% майда-талкаланган минералдык толтургучтан, 15% битумдан жана 3% нафталинден турган мастика менен толтурат. Мастика даярдоо үчүн 160 °C чейин ысытылган битумга туруктуу аралаштыруу менен күкүрт кошулат. Андан кийин күкүрт күйүп кетпеши үчүн аралашманы жай ысытуу менен эритмеге толтургуч жана нафталин кошуп, бардык компоненттерди бир өңчөй болгонго чейин кылдаттык менен аралаштырат.
8. Сымапка туруктуу табигый тоо-кен породалары же диабазалык плиткалар менен полдорду жабуу гигиеналык талаптарга жооп бербейт: иштегендердин бутун муздатып, чарчоого же узакка турганда жалпак таманга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан алар адамдар мезгил-мезгили менен болгон кампаларга жана башка жайларга сунушталышы мүмкүн.
9. Лабораториялар үчүн эң эле гигиеналык пол болуп темир бетон саналат, ал эми сымап өткөрбөөчү жана бир эле убакта электр өткөрбөөчү материалдар: релин, винипласт, полихлорвинилдүү пластик менен капталган жыгач полдор андан дагы жакшыраак болуп эсептелет.
Релин (резина линолеуму) - релиндин барактарын бириктирүү (катмарын кесүү) резина клейинин жардамы менен кийиштирүү же барактардын кийишкен жерине чийки резинанын ичке тилкесин коюп вулканизациялоо жолу менен жүргүзүлөт.
Полихлорвинилдүү пластик орто жана төмөн концентрациядагы шакарларга жана кислоталарга, сууга карата туруктуу. Бетон негизине БФ-4 желим менен мастика ысык катокту жүргүзүп бекитилет. Пластиктин барактарынын ортосундагы куралган жерлер өзгөчө горелка же жогорку жыштыктагы ширетүүнүн жардамы менен ширетилет.
Винипласт - жакшы электроизоляциялык жана механикалык, таптакыр сымап өткөрбөөчү касиеттерге ээ, жана полдорду, лабораториялык столдорду, аба сордуруучу шкафтардын жумушчу бетин ж.б. жабуу үчүн мыкты материалдардын бири болуп саналат. Орто концентрациядагы шакарларга жана кислоталарга карата туруктуу, сууга көп туруктуу эмес. Концентрацияланган кислоталар, өзгөчө 40% азот кислотасы, олеум жана башка кислоталар менен желип кетет.
Винипласттын барактарынын ортосундагы куралган жерлер атайын горелка же жогорку жыштыктагы ширетүүнүн жардамы менен ширетилет.
Эскертүү: пол жабууларынын касиеттери, сыноолордун ыкмалары жана аларды жармаштырууга сунушталган мастикалар жана желимдер жөнүндө кыйла толук маалымат буюмдарга тийиштүү ченемдик-техникалык документтерде (МСТ, ТСТ, ТШ ж.б.) келтирилген.
|
| Медициналык багыттагы сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча убактылуу эрежелерге 2-тиркеме |
Жыгач конструкциянын элементтерин жана жумуш эмеректерин сымапты өткөрбөгүдөй кылуу боюнча ТАЛАПТАР
1. Имараттын жыгач конструкциясынын элементтери, технологиялык жабдуулардын жыгач бөлүктөрү жана жумуш эмеректеринин жыгачтары кургак болушу керек (нымдуулук 12% жогору эмес).
2. Корголуучу бети тегиз, жылмакай жана кылдат жылмаланган болууга тийиш. Чаңы жок кылынып, майлуу булгануулар Р-4 типтеги эритме же сольвент, же химиялык курамы боюнча аларга окшош эритме менен чыгарылышы керек.
3. Сымап буусунун сиңип кетишинен коргоого төмөндөгүлөр аркылуу жетишилет:
а) үстүн перхлорвинил (ХВШ-4, ПХВШ-23) атайын шыбагы же Р-4 эритмеси менен илээшкектиги 18-20 сантистокско (сСт) чейин суюлтулган перхлорвинилдүү эмаль менен бир катмар шыбоо керек. Сымап жана агрессивдүү чөйрөлөрдүн бир учурда таасир этүүсүндө перхлорвинил грунт (ХВГ-26) же химиялык курамы боюнча ошого окшош грунт колдонулушу керек;
б) шыбалган беттерди перхлорвинил (ПХВ) ар түрдүү түстөгү эмалдар менен эки катар сырдоо керек (сымап жана агрессивдүү чөйрөлөрдүн бир учурда таасир этүүсүндө винилхлорид сополимердин (ХСЭ) негизиндеги эмалдар менен);
в) үстүнкү бетине ПХВ маркасындагы перхлорвинил лак же ПХВ эмалдарынын аталган лактын 1:1 катыштыгындагы аралашма менен жабуу керек (агрессивдүү чөйрөлөр болгондо бети ХСЛ лак менен жабылат).