ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-февралындагы № 103 «Гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорологиялык ишти жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 592 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 20-февралы № 103

Гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорологиялык ишти жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-1 жана 13-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорологиялык ишти жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

С.Исаков