Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы № 117
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
Дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:
- 2018-жылдын 3-мартындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-мартындагы иш күнүнө;
- 2018-жылдын 28-апрелиндеги дем алыш күнү 2018-жылдын 30-апрелиндеги иш күнүнө;
- 2018-жылдын 7-майындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 3-сентябрындагы иш күнүнө;
- 2018-жылдын 3-ноябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-ноябрындагы иш күнүнө;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине:
- 2018-жылдын 3-мартындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-мартындагы иш күнүнө;
- 2018-жылдын 28-апрелиндеги дем алыш күнү 2018-жылдын 30-апрелиндеги иш күнүнө;
- 2018-жылдын 7-майындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 3-сентябрындагы иш күнүнө;
- 2018-жылдын 3-ноябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-ноябрындагы иш күнүнө;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 6-мартында N 19 жарыяланды
Премьер-министри |
| С.Исаков |