Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры № 604
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:
- 2019-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнү 2019-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;
- 2019-жылдын 8-апрелиндеги дем алыш күнү 2019-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;
- 2019-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнү 2019-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;
- 2019-жылдын 6-майындагы дем алыш күнү 2019-жылдын 10-майындагы иш күнүнө которулсун.
2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине:
- 2019-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнүн 2019-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;
- 2019-жылдын 8-апрелиндеги дем алыш күнүн 2019-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;
- 2019-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнүн 2019-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;
- 2019-жылдын 6-майындагы дем алыш күнүн 2019-жылдын 10-майындагы иш күнүнө которуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы № 117 "Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 25-декабрындагы N 105 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |