Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-февралы № 109
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-жыл, № 8, 323-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 40-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Орто жалпы билим берүүнүн жана кесиптик орто билим берүүнүн базасында жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырган билим берүү уюмдарына кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжаларынын негизинде ишке ашырылат.
Негизги жалпы билим берүүнүн базасында кесиптик орто билим берүү программаларын ишке ашырган билим берүү уюмдарына кабыл алуу кирүү сыноолорунун негизинде ишке ашырылат.
Адистиктердин багыттарына жараша орто жалпы билим берүүнүн базасында кесиптик орто билим берүү программаларын ишке ашырган билим берүү уюмдарына кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжаларынын негизинде же кирүү сыноолорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ишке ашырылат.
Жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо жалпы республикалык тестирлөө менен айкалыштырылышы мүмкүн.";
2) 44-беренесинин 12-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Республикалык бюджеттен каржылануучу кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында окууга адистиктердин тизмеси жана бюджеттик орундардын жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын саны жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өз ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти