Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-февралы № 101
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Ж.Рыспаев, Г.С.Молдобекова тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 101 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Ж.Рыспаев, Г.С.Молдобекова тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык, "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "КАЖ УАТ" ААК) учуу жана учуу-сыноо курамында иштеген жарандардын конституциялык укуктарын коргоо жана пенсиялык камсыз кылууну жогорулатуу мыйзам долбоорунун максаты болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоору менен "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесин 2-2-пункт менен толуктоо каралууда, ага ылайык "КАЖ УАТ" ААКтын учуу жана учуу-сыноо курамында эмгектенген жарандардын ишинин өзгөчө шарттарына байланыштуу курагы боюнча пенсияларына иштеген жылдарына жараша: 25 жаштан 35 жашка чейин - 20 пайыз, 35 жаштан 45 жашка чейин - 30 пайыз, 45 жаштан жогору - 50 пайыз өлчөмүндө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен кошумча акыларды белгилөө каралууда.
Ошону менен бирге мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында көрсөтүлгөн маалыматка ылайык "КАЖ УАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамында мурда иштеген пенсионерлердин саны 98 адамды түзөт, кошумча акыларды төлөөгө жылына 5,5 млн. сом кошумча керектелет, алар республикалык бюджеттин эсебинен каржыланышы керек.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 1-пунктунун "а)" пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 24-октябрындагы № 449 токтому менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пенсия дайындоого укук берүүчү авиация кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесине жана Учуу, учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарынын мөөнөтүн эсептөө тартибине ылайык ал кызматтарда эркектер - кеминде 25 жыл, аялдар - кеминде 20 жыл иштеген учуу, учуу-сыноо курамынын кызматкерлери эмгектин өзгөчө шарттарына байланыштуу курагы боюнча пенсия алууга укуктуу.
Кызматкерлерге пенсияларды дайындоо жана төлөп берүү алар жалпыга белгиленген пенсияга чыгуу курагына чыкканга чейин, иштеген жеңилдик стажына пропорционалдуу түрдө жумуш берүүчү тарабынан анын өз каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
"КАЖ УАТ" ААКы банкрот болгондугуна байланыштуу, "КАЖ УАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамында иштеген жарандардын пенсиялык камсыздоо укуктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учкуч жана учкуч-сыноочу курамынын кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия төлөө жөнүндө" 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 598 токтому кабыл алынган.
Көрсөтүлгөн токтом менен "КАЖ УАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине пенсиянын базалык, биринчи камсыздандыруу бөлүктөрүн төлөп берүүгө чыгымдар алар жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү социалдык камсыздандыруу каражатынын эсебинен төлөнөт.
2017-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан "КАЖ УАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамынын пенсионерлерине пенсия төлөп берүүгө 10182,3 миң сом каржыланган, ошону менен бирге алардын пенсиясынын орточо өлчөмү 10741 сомду түздү, бул Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан пенсия алган пенсионерлердин пенсиясынын өлчөмүнөн 2 эсе көп.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык укук ченеми - бул адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери экенин белгилөө зарыл.
Бирок Мыйзамдын долбоору менен сунушталган түзөтүүлөр башка авиакомпанияларда иштеген учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине кошумча акыларды белгилебестен "КАЖ УАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамында иштеген адамдардын белгилүү бир категориясын гана бөлүп көрсөтүүдө.
Эгерде ушул мыйзамдын долбооруна ылайык "КАЖ УАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине иштеген жылдарына пайыздарда кошумча акылар белгиленсе, кошумча акылардын өлчөмү орточо 4622 сомду түзөт, ал эми башка категориядагы адамдар (УАС майыптары, катышуучулары, Чернобыль АЭСинин майыптары жана катышуучулары, баатыр энелер ж.б.) 50 сомдон 1000 сомго чейинки өлчөмдө кошумча акыларды алышат.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ар бир камсыздандырылган адамдын пенсиясынын өлчөмү өздүк камсыздандыруу эсебинде топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнө көз каранды болгон камсыздандыруу принциптерин белгилээрин жана камсыздандырылган адамдарга камсыздандыруу учуру келгенде (курагы боюнча, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча) пенсиялык камсыздоого кепилдик берээрин белгилей кетүү керек.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат.
Ушуга байланыштуу 5,5 млн. сом суммасында "КАЖ УАТ" ААКынын учуу жана учуу-сыноо курамына кошумча акыларды белгилөө үчүн зарыл болгон каражаттар "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралбагандыгына көңүлүңүздөрдү бурмакчыбыз.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруунун алкагында пенсияларга кошумча акыларды жана компенсацияларды алып салып пенсия жогорулатуу, пенсиялык реформа баштоо каралганын маалымат иретинде кошумча билдирип кетмекчибиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Ж.Рыспаев, Г.С.Молдобекова тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.