Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 328 токтому менен бекитилген |
Гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги боюнча маалымат берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Жобо Гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - Кыргызгидромет) гидрологиялык, метеорологиялык, агрометеорологиялык маалыматтарды берүү жана мамлекеттик органдардын тапшырыктары (суроо-талаптары) боюнча аткарылуучу атайын багыттагы иштерди көрсөтүү тартибин аныктайт.
Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
ыкчам-болжолдоо маалыматы - белгилүү учурдагы жана белгилүү аймактагы метеорологиялык элементтердин жана атмосфералык кубулуштардын байкалуучу күнүмдүк маанилери жөнүндө маалымат (иш жүзүндөгү маалыматтар), анда шамалдын ылдамдыгы жана багыты, көрүнгөн аралыктын алыстыгы, аба ырайынын кубулушу, күндүн бүркөлүшү, абанын температурасы, шүүдүрүм чеги, атмосфералык басым, өтүп кеткен 6-12 саат ичиндеги жаан-чачындын саны, өтүп кеткен 12 саат ичиндеги абанын максималдуу же минималдуу температурасы, жер кыртышынын абалы жана кардын калыңдыгы ж.б. байкоолор жөнүндө маалыматтар, ошондой эле белгиленген пунктта же аймакта бирден он суткага чейинки мезгилге метеорологиялык элементтердин жана атмосфералык кубулуштардын күтүлүүчү маанилеринин илимий негизделген сунуштары (болжолу);
режимдик-маалымдама маалымат - жылдык жыйнак, көп жылдык маалыматтар, бир айлык жыйнак жана башка ушул сыяктуу документтер түрүндө таризделген мониторингдин жыйынтыктарын камтыган документтер;
климаттык маалымат - белгилүү аймакта жана гидрометеорологиялык станцияларда гидрометеорологиялык элементтерге жүргүзүлгөн көп жылдык байкоолор;
атмосфералык абанын булганышы жөнүндө маалымат - белгилүү мезгилде атмосфералык абанын сапатынын өзгөрүшү жөнүндө иш жүзүндөгү маалымат;
жердин үстүндөгү суулардын булганышы жөнүндө маалымат - белгилүү мезгилде жер бетиндеги суулардын сапатынын өзгөрүшү жөнүндө иш жүзүндөгү маалымат.
2. Гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги жаатындагы маалыматтарга ыкчам-болжолдоо, режимдик-маалымдама, климаттык, жалпы багыттагы жана адистештирилген маалыматтар кирет.
3. Гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги жаатындагы жалпы багыттагы маалыматтар: аба ырайын болжолдоо, аба ырайынын бузулушу жөнүндө шашылыш маалымат, атмосфералык абанын, жердин үстүндөгү суулардын булганышы жөнүндө маалыматтар пайдалануучуларга (керектөөчүлөргө) акысыз берилет.
Гидрометеорологиялык камсыздоону жакшыртууга багытталган макулдашуулардын, меморандумдардын, же келишимдердин жыйынтыгында түзүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу мезгилинде керектүү маалыматтар акысыз берилет.
“Адистештирилген метеорологиялык, агрометеорологиялык, гидрологиялык маалымат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык акы төлөө негизинде берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Иштерди, анын ичинде кылмыш иштерин кароо жана териштирүү үчүн зарыл болгон бир күндөн үч күнгө чейинки мезгил үчүн адистештирилген гидрометеорологиялык жана экологиялык маалыматтар мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларына ылайык акысыз негизде берилет.
Гидрометеорология жаатындагы маалыматтарды алуу максатында кызыкдар болгон мамлекеттик орган Кыргызгидрометке жазуу жүзүндөгү суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп эки жумалык мөөнөттө даярдалат.
Эгерде эки жуманын ичинде суроо-талапка жооп даярдалбаса, мөөнөтүн жылдыруунун себептери көрсөтүлүп, суроо-талапты жиберген адамга ал жөнүндө билдирилет. Мөөнөтүн жылдыруу мезгили эки жумадан ашпоого тийиш.
5. Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюмунун (мындан ары - БМУ) эл аралык байкоо тармагына кошулган Кыргызгидрометтин негизги мамлекеттик байкоо тармактарынын пункттарынан БМУнун теле байланыш глобалдык системасына гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги боюнча маалыматтар БМУнун Конвенциясына ылайык Кыргызгидромет тарабынан берилет.
6. Кыргызгидрометтен алынган гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги жаатындагы маалыматтарды жайылтууда (кайрадан басып чыгарууда) маалыматты алуу булагына милдеттүү түрдө шилтеме жасалат.
7. Суроо-талапка төмөнкү негиздер боюнча маалымат берүүдөн баш тартылышы мүмкүн:
- суралган маалыматтар мыйзамдарга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген категорияга кирген документтердин бөлүктөрүндө камтылган;
- суроо-талап “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарды бузуу менен түзүлгөн;
- жаңы жагдайлардан сырткары, бир эле маселе боюнча кайталап суралган учурда Кыргызгидромет суроо-талапка маалымат берүүдөн баш тартууга укуктуу.
Маалыматтарды берүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине конкреттүү шилтемелерди көрсөтүү менен маалыматтарды берүүдөн баш тартуунун себептерин;
- маалыматтарды берүүдөн баш тартууга даттануунун ыкмаларын жана тартибин.
Кыргызгидрометтен акысыз жана акы төлөө негизинде алынган баштапкы гидрометеорологиялык маалыматтарды (байкоо маалыматтарын) үчүнчү тараптарга берүүгө жол берилбейт, бул маалыматтар алуучулар тарабынан кызматтык пайдалануу үчүн гана колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)