Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июлу № 328
Гидрометеорология жаатында маалымат берүү системасын иретке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги боюнча маалымат берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги жаатындагы маалыматтардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
2-тиркеме
Гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги жаатындагы маалыматтардын ТИЗМЕГИ
Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр | Мазмуну |
I. Болжолдоо маалыматтары | |
Табигый гидрометеорологиялык кубулуштардын пайда болушу жөнүндө 1-5 суткага болжолдоо | Кара нөшөр, катуу шамал, суу ташкындары, кардын жаашы, кургакчылык, чаңдуу бороон, катуу суук жана ысык мезгил жөнүндө маалыматтар |
Табигый кырсыктар, авариялар жана кыйроолор болгон аймактар боюнча 1-5 суткага аба ырайын болжолдоо | Өзгөчө кырдаалдар аймактарындагы авариялык-куткаруучу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү мезгилиндеги болжолдоолордун мазмуну ар бир учур боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашылат |
Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча 1-5 суткага аба ырайын болжолдоо | Аба ырайынын түн ичиндеги минималдуу температурасы жана абанын күндүзгү максималдуу температурасы, атмосфералык жаан-чачын, кар аралаш бурганак, туман, үшүк, чагылгандуу жаан, мөндүр, шамалдын багыты жана ылдамдыгы, күндүн бүркөктүгү |
Бишкек жана Ош шаарлары боюнча 1-3 суткага аба ырайын болжолдоо | Аба ырайынын түн ичиндеги минималдуу температурасы жана абанын күндүзгү максималдуу температурасы, атмосфералык жаан-чачын, кар аралаш бурганак, туман, үшүк, чагылгандуу жаан, мөндүр, шамалдын багыты жана ылдамдыгы, күндүн бүркөктүгү |
Вегетациянын башталышына карата күздүк дан эгиндеринин күтүлүүчү абалын болжолдоо | Облустар жана жалпы Кыргыз Республикасы боюнча вегетациянын башталышына карата ар түрдүү абалдагы дан эгиндеринин аянттары |
Вегетациянын башталышына карата топурактын өндүрүмдүү нымдуулугунун күтүлүүчү запасын болжолдоо | Күздүк дан эгиндеринин астындагы топурактын бир метр катмарындагы өндүрүмдүү нымдуулуктун жетиштүү же жетишсиз запастары күтүлгөн райондор |
Күздүк буудайдын түшүмдүүлүгүн жана дүң жыйымын болжолдоо | Күздүк дан эгиндеринин республика боюнча күтүлүүчү түшүмдүүлүгү жана дүң жыйымы |
Кышкы суук түшкөнгө чейинки күздүк кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымын болжолдоо | Кышкы суук түшкөнгө чейинки республика боюнча күздүк дан эгиндеринин ар кандай абалдагы аянттары |
Вегетативдик мезгилге (апрель-сентябрь) жана вегетация айларына дарыядагы суулардын деңгээлин болжолдоо | Вегетативдик мезгилге (апрель-сентябрь) жана вегетация айларына дарыялардагы күтүлүүчү суунун чыгымы (м3/с) |
Токтогул, Орто-Токой, Киров суу сактагычтарына вегетативдик мезгилге (апрель-сентябрь) суунун агып киришин болжолдоо | Токтогул, Орто-Токой, Киров суу сактагычтарындагы күтүлүүчү суунун чыгымы (м3/с) жана суунун агып кириши (млн. м3) |
Вегетативдик мезгилдеги пентадада дарыядагы суулардын деңгээлин болжолдоо | Вегетативдик мезгилдеги пентадада күтүлүүчү суунун чыгымы (м3/с) |
Күтүлүүчү табигый гидрологиялык кубулуштар, аба ырайынын бузулушу жөнүндө шашылыш эскертүүлөрдү түзүү | Аба ырайынын бузулушу жөнүндө шашылыш эскертүүлөрдү чыгаруунун зарылдыгына жараша түзүлөт |
Жаратылыш чөйрөсүнүн экстремалдуу жогору булганышы жөнүндө маалымат | Жаратылыш чөйрөсүнүн экстремалдуу жогору булганышы аныкталган учурлар жөнүндө иш жүзүндөгү маалымат |
II. Аналитикалык жана режимдик-маалымдама маалыматтар | |
Кыргыз Республикасынын Суу кадастрына киргизүү үчүн материалдар | Кыргыз Республикасындагы суу объекттери жана алардын суу ресурстары жөнүндө маалыматтар |
Кыргыз Республикасынын аймагында агрометеорологиялык шарттарга декада үчүн сереп | Аба ырайынын шарттарына мүнөздөмө, агрометеорологиялык шарттардын талаа иштерин жүргүзүүгө тийгизген таасирин баалоо, негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшү, өнүгүшү жана түшүм бериши |
Агрометеорологиялык жылдык жыйнак | Агрометеорологиялык байкоолордун бир жылга жыйынтыкталган маалыматтары |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы байкалган кооптуу (табигый) гидрометеорологиялык кубулуштарга жана аба ырайынын чукул өзгөрүшүнө бир жылдык сереп | Кыргыз Республикасынын аймагындагы аба ырайынын табигый кубулуштарынын саны, табигый гидрометеорологиялык кубулуштардын интенсивдүүлүгү жана узактыгы жөнүндө маалыматтар |
Кыргыз Республикасында жаратылыш чөйрөсүнүн булганышына сереп жана "Кыргыз Республикасынын жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жөнүндө" улуттук баяндамага киргизүү үчүн материалдар | Кыргыз Республикасынын жаратылыш чөйрөсүнүн булганышы жөнүндө жыйынтыкталган маалыматтар |
Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларынын сапатынын жылдык жыйнагы | Жер үстүндөгү суулардын булганышы жөнүндө жыйынтыкталган маалыматтар |
Кыргыз Республикасынын шаарларында атмосферанын булганышынын абалынын жылдык жыйнагы | Кыргыз Республикасынын шаарларындагы атмосфералык абанын булганышы жөнүндө жыйынтыкталган маалыматтар |
"Кыргыз Республикасынын аймагындагы радиациялык жагдай" жылдык жыйнагы | Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаратылыш чөйрөсүнүн радиоактивдүү булганышы жөнүндө жыйынтыкталган маалыматтар |
Керектөөчүлөрдүн суроо-талаптары боюнча жаратылыш чөйрөсүнүн булганышынын абалы жөнүндө маалымат | Керектөөчүлөрдүн суроо-талаптары боюнча жаратылыш чөйрөсүнүн сапаты жөнүндө маалыматтар |