Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 326 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Механизациялаштырылган көчмө колонна" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Механизациялаштырылган көчмө колонна" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - уюштуруучу) саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (мындан ары - башкаруу органы) эсептелет.
5. Ишкана өзүнүн төмөнкүдөй аталышына ээ:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Механизациялаштырылган көчмө колонна" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Передвижная механизированная колонна" при Государственной службе исполнения наказаний при Правительстве Кыргызской Республики".
6. Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "МКК" МИ;
2) расмий тилде: ГП "ПМК".
7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, мыйзамдарда жана ушул Уставда каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын финансылык-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкана өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы менен мөөргө, штамптарга, белгиленген үлгүдөгү бланктарга, логотип, эмблема түрүндөгү атрибуттарга ээ болушу мүмкүн.
10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантияны) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Молдовановка айылы.
12. Ишкана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын объекттеринде жана Кыргыз Республикасынын башка ведомстволорунун, уюмдарынын жана мекемелеринин объекттеринде куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин уюштурууну, долбоордук-сметалык документтерди аткарууну ишке ашырат.
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
13. Ишкананын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Ишкананын Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын муктаждыктары үчүн товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча мамлекеттик түз заказды аткаруусу;
2) мамлекеттик программаларды жана жалпы республикалык маанидеги социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
3) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын инфраструктурасынын жаңы объекттерин түзүү жана иштеп жаткан объекттерин оң техникалык абалда кармоо.
14. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын объекттеринде куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин уюштуруу.
15. Ишкананын функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) аймактык архитектура жана курулуш органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте уруксат берүү документтерин, куруунун, реконструкциялоонун жана капиталдык оңдоонун курулуш аянттарын жана объекттерин даярдоо, долбоордук-сметалык документтерди аткаруу;
2) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын объекттеринде, ошондой эле башка ведомстволордун, уюмдардын жана мекемелердин объекттеринде куруучунун, подрядчынын жана заказчынын функциялары менен куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин жүргүзүү;
3) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тизмегинде каралган өндүрүштүк, турак жай-коммуналдык жаңы кубаттуулуктарды жана башка багыттагы капиталдык оңдоо иштери аяктаган объекттерди Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонууга киргизүү жана эксплуатациялоочу уюмдарга жана мекемелерге өткөрүп берүү.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
2) Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш болгон товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте базар конъюктурасына жараша өз алдынча аныктоого;
3) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөөчү топторду түзүүгө;
4) өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын, демөөрчүлүк жардамдарын жана каражаттарын тартууга;
5) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарына жана мекемелерине демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүүгө;
6) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
7) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
8) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин негизинде Ишканадагы иштерди аткарууга белгиленген тартипте жеке жактарды тартууга;
9) Ишкананын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинде кызматтык зарылчылыкка байланыштуу жана эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн чет өлкөгө жиберүүгө;
10) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;
11) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
12) келишимдик негизде чарба жүргүзүү укугунда ага тиешелүү болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана материалдык баалуулуктарды жарандык мыйзамдарга ылайык менчик ээсинин макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
17. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерин так аткарууга;
2) жеке каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди каржылоону камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлерине эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна, эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык милдеттүү камсыздандырууну камсыздоого;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын отчётторун, статистикалык маалыматтарын өз убагында берүүгө, салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү салык салуу жана социалдык чегерүүлөр чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө;
6) чарба жүргүзүүгө өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого;
7) аткарылып жаткан иштин сапатын жана курулуш объекттерин эксплуатацияга берүүнүн мөөнөттөрүн камсыздоого;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жетекчиликке алууга;
9) Ишкананын чарба жүргүзүүсүндө турган мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга жана аны колдонуудан пайда табууга;
10) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын объекттеринде куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу, долбоорлоо, изилдөө жана реконструкциялоо иштерин аткарууга;
11) белгиленген тартипте башкаруу органына реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого тийиш болгон объекттерди Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын объекттеринин тизмесине киргизүү жөнүндө сунуштарды берүүгө.
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, намысына жана кадыр-баркына тийиштүү маалыматтарды сактоого милдеттүү.
4-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
19. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирип берүүчүлөр, ижарага берүүчүлөр жана керектөөчүлөр менен мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
20. Ишкана келишимдин предметин, милдеттенмелерди аныктоону жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин бардык башка шарттарын эркин тандайт.
21. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчётторду түзөт. Ишкананын финансылык отчёттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
22. Ишкана квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышы жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчёт берет:
1) ички аудиторго (ички аудит кызматы болсо, ички аудит кызматына);
2) башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
23. Ишкана финансылык-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана башкаруу органы тарабынан бекитилет.
24. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) Ишкананын максаттары жана ишинин негизги багыттары;
2) тармакты жана рынокту сыпаттоо, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
4) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
5) уюштуруу планы;
6) финансылык план;
7) тобокелдиктерди талдоо.
25. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө, Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын алдыдагы жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктарын, анын ичинде өткөн жылдагы Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту берет.
26. Ишкананын тышкы жана ички аудити "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" жана "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
5-глава. Ишкананын мүлкү жана финансы каражаты
27. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык башкаруу укугуна негизделген жана ага бекитилген мүлккө карата менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү колдонуунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттик менчик болуп саналган, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлктү чарбалык жүргүзүү укугу эсептелет.
28. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылуучу башка баалуулуктар түзөт. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилген мүлк;
2) ага бекитилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, түшүмдөр жана продукциялар;
3) чарбалык ишинин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, кредиттер;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бардык башка булактар.
29. Жеке финансылык-чарбалык ишинин кирешелеринин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен Ишкана тарабынан кайрадан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишкананын уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун ишке ашырат.
30. Жылдык финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары боюнча алынган таза кирешесин Ишкана толук өлчөмдө стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планды) ишке ашырууга жумшайт.
31. Ишкананын кирешеси төмөнкүлөргө колдонулушу мүмкүн:
1) соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга;
2) чарбалык-финансылык ишти өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө;
3) Ишкананын кызматкерлерине материалдык дем берүүгө, окутууга жана квалификациясын жогорулатууга;
4) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык иш-чараларга.
32. Ишкананын мүлкүн ажыратууга, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
33. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоону жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун натыйжаларын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
6-глава. Ишкананын ишиндеги уюштуруучунун компетенциясы
34. Ишкананын ишиндеги уюштуруучунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананы түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, анын ишинин предметин жана максаттарын аныктоо;
2) Ишкананы менчиктештирүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
3) Ишкананы жоюу комиссиясынын курамын жана жоюу балансын бекитүү;
4) Ишкананы өткөрүү актысын же бөлүү балансын бекитүү.
5) Ишкананы муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
6) ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү.
7-глава. Ишкананын ишиндеги башкаруу органынын компетенциясы
35. Ишкананын ишиндеги башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кийин Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине берүү үчүн Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна талапкерлерин киргизүү;
9) фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Ишканага тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүү;
11) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчёттук документтерин, ошондой эле финансылык-чарбалык ишине жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн керектүү болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроо жана алуу;
12) Ишкананын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн анын аймагына келүү;
13) Ишкананын отчётторун угуу;
14) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага тартиптик жаза чарасын колдонуу жана сыйлоо жөнүндө сунушту киргизүү;
15) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыздоо;
16) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыздоо;
17) ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан укук бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоо;
18) коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырлар болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоо;
19) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроосу боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүү.
8-глава. Ишкананын ишиндеги мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
36. Ишкананын ишиндеги мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчётун бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын директорунун жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын директорунун жана анын орун басарынын ишин баалоо;
7) Ишкананын директоруна жана анын орун басарына сыйакы төлөө тартибин бекитүү;
8) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Ишкананын директорун кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүү;
9) Ишкананын директорунун сунушу боюнча Ишкананын директорунун орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын директору жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
11) Ишканага бекитилген мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо.
9-глава. Ишкананын аткаруу органы
37. Ишкананын аткаруу органы болуп Ишкананын директору эсептелет.
38. Директор башкаруу органынын жетекчисинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
39. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
40. Ишкананын директору төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын ишине канааттандырарлык эмес баа алганда жана Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары тууралуу отчётту кароонун жыйынтыктары боюнча;
2) ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаган учурда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттери аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер болгондо;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
41. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) алдыдагы жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчётторду даярдоо жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча башкаруу органынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) жумушчуларды жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу.
42. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Ишкананын мүлкүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте тескөөгө;
4) Ишкананын алдына коюлган максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
43. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроосу боюнча Ишкананын отчётторун, финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчёттук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечимдерди кабыл алууну талап кылган маселелерди башкаруу органынын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле Ишкананын бардык иш чөйрөсүнө байланышкан маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
4) ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлери тарабынан укук бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырлар болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого.
44. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар формасында кабыл алынат.
45. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат;
4) Ишкананын кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын колдонот жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) финансылык (бухгалтердик) отчёттун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлктөрүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
46. Ишкананын директору ага жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
47. Ишканада директордун бир орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
48. Ишкананын директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат орду ээленген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарына жүктөлөт.
49. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Ишкананын түзүмүндө ички аудитор кызмат орду каралышы мүмкүн.
10-глава. Ишкананын жетекчилик курамы
50. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар төмөнкүлөр болуп саналат:
- директор, директордун орун басары;
- башкы бухгалтер.
51. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында иш жүргүзүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырлар болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
52. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире албайт:
1) чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап туруу укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) канааттандырарлыксыз иши үчүн Ишкананын жетекчиси кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) мурда менчигинин түрүнө карабастан чарба субъектисинде аны банкроттукка алып келген жетекчилик кызмат орундарын ээлеген адамдар;
5) мамлекеттик, административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
11-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
53. Ишкана бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу же кайра түзүү формасында кайра уюштурулат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же ажыратуу формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
54. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго кайра түзүлүшү мүмкүн.
55. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан;
2) соттун чечиминин негизинде.
56. Ишкананы жоюу үчүн уюштуруучу тарабынан жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн арасынан жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясына жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башчылык кылат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот.
Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
57. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.