Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-июлу № 343
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Айыл чарба тармагындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркия тарапка жогоруда аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-июлундагы
№ 343 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Айыл чарба тармагындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү МЕМОРАНДУМУ
Анкара шаары, 2018-жылдын 9-апрели
Мындан ары "Келишим түзүүчү тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтү,
айыл чарба тармагындагы кызматташууну чыңдоо аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени бекемдөөнү каалап, эки өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Өз компетенциясынын алкагында, Келишим түзүүчү тараптар чарба субъекттеринин, илимий-изилдөө институттарынын жана айыл чарба багытындагы башка уюмдардын ортосунда кызматташууну өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт.
Ушул Өз ара түшүнүшүү Меморандумунун алкагындагы кызматташуу Келишим түзүүчү тараптардын эл аралык милдеттенмелерине жана улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2-берене.
Өз ара түшүнүшүү Меморандумунун алкагында Келишим түзүүчү алардын ортосундагы кызматташуу төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
- мал чарбачылык;
- балык чарба жана ички көлмөлөрдө аквакультураны өстүрүү жана суу ресурстарын башкаруу;
- өсүмдүк өстүрүү жана өсүмдүктөрдү коргоо;
- айыл чарба өндүрүшүн механикалаштыруу жана автоматташтыруу;
- мелиорациялоо методдору жана ирригациялык системаларды модернизациялоо;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү;
- өндүрүштү уюштуруу;
- биргелешип изилдөө жана иштеп чыгуу.
3-берене.
Өз ара түшүнүшүү Меморандумунун алкагында Келишим түзүүчү тараптардын ортосундагы кызматташуу төмөнкүдөй ишке ашырылат:
- Тажрыйба, маалымат, адистер жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен алмашып туруу;
Өз ара иш сапарларын, изилдөөлөрдү жана тренингдерди уюштуруу;
- Семинарларды, симпозиумдарды, көргөзмөлөрдү жана конференцияларды уюштуруу.
4-берене.
Өз ара түшүнүшүү Меморандумун ишке ашырууга жооптуу Келишим түзүүчү тараптардын аткаруучу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги.
2. Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Түркия Республикасынын Азык-түлүк, айыл чарба жана мал чарбачылык министрлиги.
5-берене.
1. Келишим түзүүчү тараптар, Өз ара түшүнүшүү Меморандумунун алкагында кызматташтыкты ишке ашырууну контролдоо жана талдоо үчүн чарбанын жетектөөчү комитетин (мындан ары "Комитет") түзүүгө ээ болушту.
2. Комитет 10 мүчөдөн турат, ар бир Өлкөдөн бештен (5) мүчө, анын ичинде жогорку деңгээлдеги делегациялар жетекчилери. Келишим түзүүчү жактар эки айлык мөөнөттө жетектөөчү Комитеттин курамы жөнүндө жазуу түрүндө бири бирине өз ара маалымдашат. Комитеттин өз аракеттенүүсү Келишим түзүүчү эки Тараптын тең кызматтагы адамдарынын төрагалыгында, тең төрагалыкта ишке ашырылат.
3. Комитет жылына бир жолу же өз ара макулдашуу боюнча башка калган учурда кезектешип Кыргызстанда жана Туркияда чогулат.
6-берене.
Ушул Меморандумдун 5-беренесинде каралган турак-жай, тамак-аш жана эл аралык жол чыгымдары, жиберип жаткан Келишим түзүүчү тарап аркылуу жабылат, ал эми делегаттарды ташуу үчүн жергиликтүү транспорттук чыгымдар кабыл алуучу Келишим түзүүчү тараптын өкүлдөрү менен жабылат, эгерде башкача макулдашуу жазуу жүзүндө каралбаса.
Кабыл алуучу өлкө эки ай мурда келүү ниети тууралуу маалымдалышы керек.
7-берене.
Өз ара түшүнүшүү Меморандуму, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан кол коюлган башка эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык макулдашуулардан келип чыккан келишим түзүүчү тараптардын кайсы бири укуктарына жана милдеттерине зыян келтирилбейт.
8-берене.
Өз ара түшүнүшүү Меморандумун чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу келип чыккан ар түрдүү пикир келишпестиктер Келишим түзүүчү Тараптардын ортосунда консультацияларды же сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен жөнгө салынууга тийиш.
9-берене.
1. Ушул өз ара түшүнүшүү меморандуму Келишим түзүүчү тараптардын Меморандумдун күчүнө кирүүсү үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Өз ара түшүнүү Меморандум күчүнө кирген күндөн тартып 5 (беш) жыл бою күчүндө болот жана 5 (беш) жылдан кийинки мөөнөткө дароо узартылат.
3. Эгерде Келишим түзүүчү тараптардын бирөөсү 6 (алты) айдын ичинде өз ара түшүнүшүү Меморандумунун күчүн токтотуу жөнүндө ниетин жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Келишим түзүүчү тарапка билдирбесе, анда бул өз ара түшүнүшүү меморандумун аракети беш (5) жылдык мөөнөткө кала берет.
4. Өз ара түшүнүшүү Меморандумунун күчүн токтотуу, эгерде келишим түзүүчү тараптар башка чечим кабыл алышпаса, ушул Өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында ишке ашырылуучу ар түрдүү программаларды жана долбоорлорду бүтүрүүгө таасирин тийгизбейт.
5. Бул Өз ара түшүнүшүү Меморандумун Келишим түзүүчү тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен каалаган учурда өзгөртүүгө болот. Өзгөртүүлөр Өз ара түшүнүшүү Меморандумунун 9-беренесинин 1-пунктунда жазылган юридикалык жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
Тиешелүү өкмөттөрдүн ыйгарым укуктуу төмөндө кол койгондор адамдары күбөлөндүрүп, ушул Өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюшту.
Анкара шаарында 2018-жылдын 9-апрелинде эки түп нускада, кыргыз, түрк, англис жана орус тилдеринде даярдалган, ар бири бирдей күчкө ээ. Бул Өз ара түшүнүшүү Меморандумун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, англис тилиндеги тексти артыкча күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация Министри Нурбек Мурашев |
| Түркия Республикасынын Азык-түлүк, айыл чарба жана мал чарбачылык Министри Ахмет Факыбаба |