Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-июлу № 340
Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңештин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 "Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары (*);";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациалык кеңеш жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Тиркеме
Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун (мындан ары - ЕС) ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыздоого карата макулдашылган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн түзүлгөн коллегиалдуу координациялык орган болуп саналат.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди (мындан ары - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери), ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңештин ишин кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри болгон Кеңештин төрагасы, ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары жетектейт.
4. Кеңештин ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоону анын Катчылыгы аткарат, Кеңештин катчылыгынын кызматкерлеринин курамын жана функционалдык милдеттерин Кеңештин төрагасы аныктайт.
2. Кеңештин максаттары, милдеттери жана функциялары
5. Кеңештин максаты болуп ЕСке карата Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын бирдиктүүлүгүн камсыздоого багытталган чараларды жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоо, ЕС тарабынан берилген жардамды координациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын ЕС менен эл аралык келишимдерин ишке ашыруу болуп саналат.
6. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын ЕС менен кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча маселелерди өз убагында жана сапаттуу чечүүнү камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын ЕС менен эл аралык келишимдерин иштеп чыгуу, кол коюу жана ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди талкуулоо жана чечүү.
7. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын ЕС менен кызматташуусун өнүктүрүү маселелерин кароо;
- Кыргыз Республикасынын ЕС менен кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана эл аралык келишимдеринин долбоорлорун кароо;
- Кыргыз Республикасы менен ЕСтин кызматташуусу жөнүндө маалыматтарды талдоо, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын ЕС менен кызматташуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу;
- ЕС тарабынан каржыланган, ЕС менен кызматташтык маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчётторун, бенефициарлардын, долбоорлордун жана программалардын аткаруучуларынын отчетторун кароо;
- ЕС тарабынан каржыланган жана Кыргыз Республикасы тарабынан ишке ашырылган программаларды жана долбоорлорду аткаруу боюнча ишти координациялоо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан аталган программалар жана долбоорлор боюнча координаторлорду жана бенефициарларды аныктоо;
- Кыргыз Республикасы жана Борбордук Азия өлкөлөрү, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, индикативдик программалар, иш-аракет программалары үчүн ЕСтин стратегиялык документтеринин долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоо;
- Кыргыз Республикасы менен ЕСтин кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдоо.
3. Кеңештин укуктары жана ыйгарым укуктары
8. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын ЕС менен эл аралык келишимдеринде каралган Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруунун алкагында чараларды көрүүнү сунуштоого;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле ЕС менен кызматташуу боюнча долбоорлорго жана программаларга катышкан жеке жана юридикалык жактардан Кыргыз Республикасынын ЕС менен кызматташуу маселелери боюнча маалыматты сурап алууга;
- мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана коомдук уюмдардын адистеринин катышуусунда туруктуу жана убактылуу жумушчу топторду түзүүгө;
- Кыргыз Республикасында ишке ашырыла турган жана ЕС тарабынан каржыланган долбоорлорго жана программаларга карата Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасында ишке ашырыла турган жана ЕС тарабынан каржыланган долбоорлорду жана программаларды аткаруу боюнча мониторинг жүргүзүү тартибин жана отчеттуулук формасын бекитүүгө;
- ЕС менен финансылык жана башка макулдашууларда каралган милдеттерди мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарбаган учурда, тийиштүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө.
4. Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары жана ыйгарым укуктары
9. Кеңештин төрагасы төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кеңештин Катчылыгынын кызматкерлеринин курамын жана функциялык милдетин аныктоого;
- Кеңештин жыйындарын чакырууга жана өткөрүүгө, аны өткөрүүнүн датасын жана болжолдуу күн тартибин аныктоого;
- Кеңештин ишине жана иш-чаралар планын аткарууга тиешелүү маселелер боюнча Кеңештин төрагасынын орун басарына жана Кеңештин мүчөлөрүнө өзүнчө тапшырмаларды берүүгө;
- себепсиз жыйындарга катышпаган жана анын чечимдерин аткарбаган Кеңештин мүчөлөрүнө карата чараларды көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизүүгө;
- Кеңештин иш-чаралар планын бекитүүгө жана Кеңештин жыйындарынын жыйынтыгы боюнча протоколдорго кол коюуга;
- Кеңештин жана Кеңештин Катчылыгынын мүчөлөрүнүн сунуштарын кароого жана эгер алар боюнча Кеңештин жыйынында талкуу талап кылынбаса, чечим кабыл алууга;
- ыкчам чечүүнү талап кылган маселелер боюнча Кеңештин мүчөлөрү менен жумушчу жыйын өткөрүүгө, ошондой эле сурамжылоо жолу менен Кеңештин чечимин кабыл алууну демилгелөөгө;
- өзүнүн ыйгарым укугунун алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана ЕС менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан макулдашууларга кол коюуга.
10. Кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде:
- Кеңештин жыйындарына катышат, күн тартиби, күн тартибинин маселелери боюнча чечимдердин долбоору, Кеңештин иш-чаралар планы боюнча сунуштарды, ошондой эле Кеңештин жана анын Катчылыгынын ишин уюштуруу жана өркүндөтүү, Кеңештин компетенциясына тиешелүү жана башка маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
- өздөрүнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун кызыкчылыктарын көрсөтөт, Кеңештин чечимдерин кабыл алууга жана улуттук артыкчылыктар боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыгууга катышат;
- Кеңештин Катчылыгына ЕС тарабынан каржыланган программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча (долбоорлордун жана программалардын бенефициарлары) Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун ишин координациялоого, ошондой эле Кеңештин ишин уюштурууга жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көмөк көрсөтүшөт;
- өздөрүнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун Кеңештин иш-чаралар планын өз убагында аткаруусун жана Кеңештин Катчылыгына аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат жөнөтүүсүн камсыздайт;
- Кеңештин Катчылыгына финансылык макулдашуулардын долбоорун даярдоо жана Кеңештин иш-чаралар планына киргизүү максатында, алардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө маалыматтарды өз убагында жөнөтөт;
- Кыргыз Республикасында ЕСтин программаларынын жана долбоорлорунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүнү жана Кеңештин Катчылыгына министрликтердин жана ведомстволордун корутундулары жана сунуштары менен отчетторун берүүсүн уюштурат;
- зарыл болгон учурда Кеңештин кароосуна жана тийиштүү чечим кабыл алуусуна киргизүү үчүн долбоордук программалардын алкагында каржылоону бөлүштүрүү маселелери боюнча тийиштүү материалдарды Кеңештин Катчылыгына жөнөтөт;
- Кеңештин Катчылыгына баардык зарыл болгон материалдарды, документтерди жана маалыматтарды, аларга суроо-талап түшкөн күндөн баштап 5 жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.
11. Улуттук координатор:
- ЕС менен кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү катары чыгат;
- Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ЕСтин региондук стратегиялык документтерин жана андан ары индикативдик программаларды иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтерине (стратегиялар, улуттук жана мамлекеттик программалар ж.б.) негизделүүчү Кыргыз Республикасы үчүн ЕСтин стратегиялык документтерин иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын атынан катышат;
- Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ЕСтин региондук стратегиялык документтеринин, Кыргызстан үчүн ЕСтин стратегиялык документтеринин, финансылык макулдашуулардын, индикативдик программалардын, иш-аракеттер программаларынын долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана талкуулайт, аларга белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан кол коёт;
- аныктоону, алдын-ала тандоону, кол коюуну жана ЕС менен талкуулоо үчүн долбоордук сунуштарды кароого берүүнү, ошондой эле иш-аракеттер программалары боюнча макулдашууларга кол коюу, жактыруу жөнүндө билдирүү жана башка документтерди кошкондо, иш-аракеттер программасынын долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын атынан талкууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- мамлекеттик органдардын, ЕС долбоорлорунун жана программаларынын, эл аралык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн, ишкер чөйрөнүн жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешмелерди (жолугушууларды, консультацияларды, талкууларды ж.б.) өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын ЕС менен эл аралык келишимдерин натыйжалуу ишке ашыруу боюнча сунуштарды Кеңештин кароосуна даярдайт;
- Кеңештин Катчылыгынын ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасы менен ЕСтин кызматташуусун өнүктүрүүгө байланышкан башка функцияларды аткарат.
5. Кеңештин катчылыгы
12. Кеңештин катчылыгы төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- Кеңештин жумушчу органынын функцияларын аткарат жана анын ишин уюштуруучулук жана мазмундук камсыздоону ишке ашырат;
- Кеңештин жыйындарын өткөрүүнү уюштурат, Кеңештин чечимдеринин ишке ашырылышына жана Кыргыз Республикасы менен ЕСтин кызматташуусунун алкагында программалардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт, анын натыйжалары жөнүндө Улуттук координаторго жана Кеңештин төрагасына дайыма билдирип турат;
- өзүнүн компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору, түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелери, Кыргыз Республикасындагы ЕСтин өкүлчүлүгү жана ЕС программаларынын региондук жана улуттук координаторлору менен өз ара байланышта иштейт;
- эксперттик-аналитикалык функцияларды аткарат, ЕСтин ишке ашырылуучу программалары жана долбоорлору боюнча, алардын натыйжалуулугу жөнүндө эксперттерди тартуу менен корутундуларды даярдайт, Кеңештин чечимдеринин долбоорлорун, жана бул багыт боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринен жана ведомстволорунан келген маалыматтарды, сунуштарды, отчетторду талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасы менен ЕСтин кызматташуу алкагындагы макулдашууларды, долбоорлорду, программаларды аткаруу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтарды жана отчетторду даярдайт;
- өзүнүн компетенциясынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун сунуштарынын, корутундуларынын негизинде Кеңештин төрагасы жана Улуттук координатор өткөргөн сүйлөшүүлөрдүн, иш сапарлардын жана эл аралык иш-чаралардын жыйынтыгында ЕС менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат даярдайт;
- министрликтер жана ведомстволор берген маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын ЕС менен кызматташуу жөнүндө макулдашуулардын, Кыргыз Республикасында ЕС тарабынан ишке ашырылып жаткан программалардын жана долбоорлордун, ЕСтин Кыргыз Республикасындагы программаларын жана долбоорлорун жана Борбордук Азиядагы региондук долбоорлорду ишке ашырууга катышуучу министрликтердин жана ведомстволордун, ЕСтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн, башка эл аралык уюмдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматкерлеринин маалымат базасын түзөт;
- этап-этабы менен маалымат базасын электрондук башкаруу жана маалыматтык алмашуу системасын киргизет.
6. Кеңештин ишин уюштуруу
13. Кеңештин иши Кеңештин мүчөлөрү тарабынан ар бир календардык жылга бекитилген Кеңештин иш-чаралар планынын негизинде уюштурулат. Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган эл аралык милдеттенмелердин негизинде Кеңеш тарабынан узак мөөнөттүү иш-чаралардын пландары же Кыргыз Республикасы менен ЕСтин стратегиялык документтери кабыл алынат.
14. Кеңештин жумушунун формасы жыйын болуп саналат, ал зарылдыгына жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес, Кеңештин төрагасынын чечими менен өткөрүлөт. Кеңештин мүчөлөрү жыйындарга өздөрү катышат. Эгерде Кеңештин мүчөсү жыйынга жүйөлүү себеп менен катыша албай калса, анда Кеңештин мүчөсү Кеңештин катчылыгына жыйынга катышпагандыгынын себебин билдирет. Бул учурда Кеңештин мүчөсү өзүнүн өкүлүн Кеңештин жыйынына катышууга жибериши мүмкүн.
15. Кеңештин жыйындарынын ортосундагы мезгилде, зарылдыгына жараша Катчылыктын же Кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде Кеңештин төрагасы Кеңештин кызыкдар мүчөлөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешмелерди өткөрөт. Кеңештин ишинин айрым багыттары жана пландалган иш-чаралар боюнча жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн. Алардын курамы, иштөө тартиби жана милдеттери Кеңештин чечими менен аныкталат.
16. Кеңештин Катчылыгы тарабынан Кеңештин жыйынынын күн тартибинин долбоору даярдалат жана ал жыйындын башталышына үч жума калгандан кечиктирилбестен Кеңештин баардык мүчөлөрүнө макулдашуу үчүн жиберилет, алар күн тартибинин долбоору түшкөндөн кийин беш жумушчу күндөн ашпаган убакыттын ичинде жооп беришет. Кеңештин катчылыгына келип түшкөн пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен, Кеңештин төрагасына Кеңештин күн тартибинин долбоорун бекитүү үчүн киргизет жана жыйындын биротоло бүткөн күн тартибин Кеңештин мүчөлөрүнө жана кызыктар министрликтерге, ведомстволорго жөнөтөт.
17. Кеңештин чечиминин долбоору менен Кеңештин катчылыгына жыйындын күн тартибинин маселелери боюнча маалымкаттар жана башка материалдар 10 жумушчу күндүн ичинде берилет, алар Кеңештин мүчөлөрүнө жана кызыктар министрликтерге жана ведомстволорго, Кеңештин жыйынында изилдөөгө жана талкуулоого даярдануу үчүн жиберилет.
18. Кеңештин жыйыны, эгер ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, укуктуу деп саналат. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Айрым маселелер же сунуштар боюнча Кеңештин чечимдери, Кеңештин Катчылыгына демилгечи тиешелүү негиздемеси жана чечим долбоору менен берген материалдардын негизинде сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
19. Кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, анда жыйындын датасы, убакыты жана жайын өтүүчү жер, катышуучулардын курамы, талкуулануучу маселелер, жыйындын төрагасынын аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлөт. Протоколдо ар бир каралуучу маселе боюнча анын аткарылышына жооптуу адамды жана ишке ашыруу мөөнөтүн аныктоо менен кабыл алынган чечим көрсөтүлөт.
Протокол Кеңештин катчылыгы тарабынан таризделет жана Кеңештин баардык мүчөлөрүнө, тийиштүү министрликтерге жана ведомстволорго, жыйын өткөрүлгөн күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт.
20. Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароого жиберилиши мүмкүн.
21. Кеңештин чечимдеринин аткарылышын жалпы контролдоо Кеңештин Катчылыгы тарабынан жүргүзүлөт, ал эми түздөн-түз контролдоо өз багыттары боюнча Кеңештин курамына кирген Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери тарабынан жүргүзүлөт. Эгерде чечим белгиленген мөөнөттө объективдүү себептер менен аткарылбай калса, аткаруучулар Кеңештин төрагасынын атына мөөнөтүн узартуу жөнүндө узартуунун себептерин жана аткаруунун пландаштырылган датасын көрсөтүү менен сунуш киргизет.
22. Кеңештин жыйынынын кол коюлган протоколу жана ага тиркелген материалдар номенклатуралык иштерге түзүлөт жана Кеңештин Катчылыгында сакталат, белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин архивине өткөрүлөт.
23. Кеңештин жыйындарынын архивдик материалдары расмий суроо-талаптардын негизинде гана берилиши мүмкүн.".