Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын «25» 07 № 347 токтому менен бекитилген |
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды индексациялоо тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды индексациялоо тартиби пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо тартибин аныктайт.
2. Пенсияларды индексациялоонун максаты – индексациядан мурунку календардык жылда түзүлгөн керектөө бааларынын индексинин жана орточо эмгек акынын өсүшүнө байланыштуу пенсиялардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо.
3. Пенсионердин жашоо минимумунун, мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине карата процент менен керектөө бааларынын индексинин жана орточо айлык эмгек акынын көрсөткүчтөрү - өткөн календардык жылда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан түзүлгөн жана жарыяланган көрсөткүчтөр.
4. Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча жалпы пенсия бириктирилген (базалык жана камсыздандыруу пенсиялары) жана топтолуучу бөлүктөрдөн турат, багуучусунан айрылган учур боюнча пенсияны кошпогондо, ал базалык жана камсыздандыруу пенсияларынан турат.
5. Пенсиянын жалпы өлчөмү «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык белгиленген кошумча төлөөлөрдү жана компенсациялык төлөмдөрдү эске албастан аныкталат.
6. Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун кабыл алуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын чектеринде жыл сайын индексацияланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоонун каржылоо булагы болуп эсептелет. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоону каржылоо булагы болуп Пенсиялык фонддун бюджетинин каражаттары эсептелет. Текстиль өндүрүшүндө иштеген кызматкерлерге, № 2 тизме боюнча, жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия алган адамдарга пенсиянын базалык бөлүгүн жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн ЖЭ1 индексациялоону каржылоо булагы болуп иш берүүчүнүн каражаттары эсептелет.
8. Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексация бир учурда жүргүзүлсө, биринчи пенсиянын базалык бөлүгү андан соң пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланат.
2. Пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо
9. Индексациянын алдындагы өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын көлөмүнүн көбөйүшү пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү үчүн шарт болуп саналат.
10. Пенсиянын базалык бөлүгүн индексация жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынган учурда «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык бөлүгү индексациялоого жатат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат.
12. Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун көлөмүнө барабар же чоң болсо пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланбайт.
13. Индексацияны эске алганда пенсиянын базалык бөлүгү индексациянын алдындагы өткөн жылда түзүлгөн пенсионерлердин пенсиясынын базалык бөлүгүнүн көлөмүн тоголок санга чейин тегеректелип, индексацияга алып келген өткөн жылдагы орточо эмгек акынын пайыздарда өсүшүнө көбөйтүндүсүн түзөт.
Бинд = Бөткөн. жыл х ОАЭөсүшү %
мында, Бинд - тоголок санга чейин тегеректелип, тийиштүү жылга индекстөөнү эске алгандагы пенсиянын базалык бөлүгү;
Бөткөн. жыл - индекстөөнүн алдындагы өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин пенсиясынын базалык бөлүгүнүн көлөмү;
ОАЭөсүшү % - индекстөөнүн алдындагы өткөн жылдагы орточо эмгек акынын пайыздык өсүшү.
2018-жылга индекстөөнү эске алып пенсиянын базалык бөлүгүн эсептөөнүн мисалы 1-таблицада келтирилген:
1-таблица
Бинд =1780 х 103,7% =1846 сом мында Бинд – 2018-жылга индексацияны эске алганда пенсиянын базалык бөлүгү; 1780 – 2017-жылга пенсионердин пенсиясынын базалык бөлүгүнүн көлөмү; 103,7% - 2017-жылы орточо эмгек акынын 2016-жылдагы орточо эмгек акыга карата пайыздарда өсүшү.
|
14. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 4-пунктуна ылайык эсептелген I топтогу майыптыгы боюнча пенсия алган адамдарга пенсиянын базалык бөлүгү индексациянын алдындагы өткөн жылдагы орточо эмгек акынын пайыздарда өсүшүнө индексацияланат, пенсиясынын жалпы өлчөмү өткөн жылдагы иш жүзүндө түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумуна барабар же ашкан адамдарды кошпогондо.
15. Майыптыгынын тобу өзгөргөндө, пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо максатында пенсиянын жалпы өлчөмү «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык аталган мыйзамдын 26-1-беренесинин 3-пунктунда белгиленген мөөнөттөргө ылайык кайра каралат.
16. Жалпы өлчөмү өткөн календардык жылдагы иш жүзүндө түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун көлөмүнөн төмөн болгон кийинки пенсиялар үчүн пенсиянын базалык бөлүгү индексациянын алдындагы өткөн жылдагы орточо эмгек акынын пайыздарда өсүшүнө индексацияланат:
- «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык эсептелген, камсыздандыруу стажы толук эмес пенсиялар;
- «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык эсептелген II жана III топтогу майыптык боюнча пенсиялар;
- «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык эсептелген баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялар.
17. Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык эсептелген ата-энесинин экөөнөн тең айрылган баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алган балдарга каза болгон ар бир ата-энесинин пенсиясынын ыктымалдуу базалык бөлүгү индексациянын алдындагы өткөн жылдын орточо эмгек акынын пайыздарда өсүшүнө өз өзүнчө индексацияланат, ар бир ата-энесинин ала турган пенсиясынын ыктымалдуу жалпы өлчөмү өз өзүнчө өткөн жылдагы иш жүзүндө түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумуна барабар же ашык адамдарды кошпогондо.
18. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык эсептелген текстиль өндүрүшүндө иштеген кызматкерлерге, N 2 тизме боюнча жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия алган адамдарга пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо алар жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин иш берүүчү тарабынан пенсиясынын жалпы өлчөмү өткөн жылдагы иш жүзүндө түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумуна барабар же андан ашкан адамдарды кошпогондо ушул Тартипке ылайык анын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо
19. Индексациянын алдындыгы өткөн календардык жылда түзүлгөн орточо эмгек акынын көлөмүнүн жана керектөө бааларынын индексинин өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүү үчүн шарт болуп эсептелет.
20. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексация жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынган учурда «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү индексациялоого жатат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексациялоо коэффициенти өткөн календардык жылда түзүлгөн керектөө бааларынын индексинин жана орточо эмгек акынын өсүшүнүн суммасынын орточо маанисинен кем эмес көлөмүн түзөт жана үтүрдөн кийин экинчи белгиге чейин кошуп так эсептелет. Мында индексациянын өлчөмү өткөн календардык жыл үчүн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнүн кем эмесин түзөт.
Кинд= ∑[(КБИ% + ОАЭ өсүшү%)]/100/2
мында, Кинд - тийиштүү жылга пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти;
КБИ% - пайыздарда индексациянын алдындагы календардык жылы калыптанган керектөө бааларынын индекси;
ОАЭ өсүшү %- индексациянын алдындагы өткөн жылдагы орточо эмгек акынын пайыздарда өсүшү.
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2018-жылга пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентин эсептөө мисалы 2-таблицада келтирилген:
2-таблица
Кинд = ∑[(103,2% + 103,7%)]/100/2=1,04 мында Кинд - 2018-жылга пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексациялоо коэффициенти; 103,2% - пайыздарда 2017-жылга керектөө бааларынын индекси; 103,7% – 2017-жылы орточо эмгек акынын 2016-жылдагы орточо эмгек акыга карата пайыздарда өсүшү.
|
22. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексациялоо коэффициенти Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын алкагында пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексация жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынган учурдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү төмөнкүдөй тартипте индекстелет:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индекстөө жөнүндө токтому кабыл алынган датага карата пенсиянын жалпы өлчөмү аныкталат;
- пенсионер индекстөөгө чейин алып жаткан пенсиясынын базалык бөлүгү пенсиянын жалпы өлчөмүнөн чыгарып салынат;
- пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү аныкталат, алар пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индекстөө коэффициентине индекстелет, мында индекстөөнүн өлчөмү пенсионердин өткөн календардык жылдагы жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнөн кем болбойт;
- пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө жүргүзүлгөн индекстөөнүн жыйынтыгы боюнча пенсиянын өлчөмү кайрадан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
24. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык эсептелген майыптыгы боюнча пенсия алган адамдарга пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү индексациялоо коэффициентине индексацияланат, мында индексациянын өлчөмү өткөн календардык жыл үчүн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнүн кем эмесин түзөт.
25. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык эсептелген баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алган адамдарга пенсиянын ыктымалдуу камсыздандыруу бөлүгү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн индексациялоо коэффициентине индексацияланат, мында индексациянын өлчөмү өткөн календардык жыл үчүн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнүн кем эмесин түзөт.
26. Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык эсептелген ата-энесинин экөөнөн тең айрылган баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алган балдарга каза болгон ар бир ата-энесинин пенсиясынын ыктымалдуу камсыздандыруу бөлүктөрү өз өзүнчө пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентине индексацияланат, мында индексациянын өлчөмү өткөн календардык жыл үчүн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнүн кем эмесин түзөт.
27. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашаган адамдардын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүктөрү райондук коэффициенттерди колдонбостон индексацияланат.
IV. Корутунду жобо
28. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-1-беренесинде каралган негиздер боюнча пенсияны кайра эсептөөгө жана пенсияларды индексациялоого укугу бир убакта пайда болсо биринчи ошол негиздер боюнча кайра эсептелет, андан соң пенсияларды индексациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору кабыл алынган датадан баштап, пенсиянын бөлүктөрү ушул Тартипке ылайык индексацияланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)