Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июлу № 349
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1- берене
«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1- главасы төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-берене менен толукталсын:
«19-1-берене. Чыгарып жиберүү
Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздери болбосо, алар жазасын өтөгөндөн кийин Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарылууга тийиш.
Жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин, миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер, чек ара кызматынын органдарынын соттолгондорду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча өз ара аракеттенүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.».
2- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет жана 2019-жылдын 1 -январынан тартып колдонууга киргизилет.
3- берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти