КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу № 346
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 "Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 "Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планында:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
4 | Онлайн режиминде автомашина ээлерин транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө маалыматтарды алмашуу боюнча сот органдарынын, ПМББнын жана ТКжАККДнын ортосунда өз ара байланышты күчөтүү максатында маалыматтарды алмашуу системасын автоматташтыруу | 2018-жылдын 1-августу | ИИМ, МКК, Жогорку сотко караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча) |
";
- 52-пунктунун 52.1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
52.1. Курсанттар окуган автомектептерди көрсөтүү менен айдоочулар курамы боюнча маалыматтар базасын туруктуу негизде түзүү жана колдоп туруу: - 3 жылга чейинки стажы бар айдоочулар жасаган жол-транспорт кырсыгынын анализинин негизинде айдоочу кайсы окуу жайында окугандыгы тууралуу маалыматтарды каттоо; - ЖТК катталганда - кайсы автомектептин бүтүрүүчүсү ЖТК күнөөлүү болгондугун табуу, маалымат жыйноо жана ай сайын лицензиарга ЖТК сандык жана сапаттык анализин жөнөтүү | 2018-жылдын 30-декабры | ИИМ, МКК, БИМ |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |