Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-октябрындагы № 504 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-августу № 546
Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2017-жылдын 31-июлундагы № 1 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" чечимин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана мамлекеттик бийликтин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттө кынтыксыз аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- ай сайын 15ине чейин Пландын аткарылышы тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына берип турушсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышына жеке жоопкерчилик аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.К.Жумакадыровго жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Иш-чаралардын аталышы | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу органдар |
1-блок. Жол коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө башкарууну автоматташтыруу | |||
1 | 1.1. "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу алкагында ЖКЭни бузууларды фото жана видеофиксациялоо системасын Бишкек жана Ош шаарларында, андан ары бүткүл республика боюнча орнотуу. Ал ПМББ системасы менен интеграцияланып, транспорт каражаттарынын кыймылынын белгиленген ылдамдыгынан ашып кетүүнү, жол белгилерин жана сызыктарын, ашып өтүүнүн жана маневр эрежелерин, жол кесилиштеринен өтүү эрежелерин жана жөө жүрүүчү өтмөктөн өтүү эрежелерин сактабаганын сапаттуу жана күнү-түнү белгилеши керек, айдоочуну андан ары идентификациялоо максатында автомототранспорт каражаттарынын мамлекеттик номер белгилери боюнча ЖКЭни бузуучуларды аныктоого тийиш | 2017-жылдын 30-ноябры | ИИМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
1.2. Патрулдук автомашиналарды керектүү жабдуулар менен камсыздоо: - эреже бузууларды фото жана видеого тартып алуу үчүн; - автомототранспорт каражаттарынын мамлекеттик номер белгилери боюнча эреже бузуучуларды аныктоо үчүн; - автомототранспорт каражаттарынын жана айдоочулардын маалыматтар базасына кирүүнү камсыздоочу | 2018-жылдын 28-февралы | ИИМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), Финмин, МТБМК | |
1.3. Патрулдук милициянын кенже инспекторлорун борбордук маалыматтар базасына кирүүгө жана эреже бузуу фактыларын автоматтык түрдө программага (серверге) жиберүүгө мүмкүндүк берүүчү, алдын ала орнотулган программалык камсыздоосу бар электрондук планшет менен камсыз кылуу | 2018-жылдын 28-февралы | ИИМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), Финмин, МТБМК | |
1.4. Патрулдук милициянын кызматкерлерине бекитилген жеке видеорегистраторлордон жазууларды күн сайын текшерүүнү камсыз кылуу жана укук бузууларга жол берген кызматкерлерге карата иштен бошотууга чейинки тартип жоопкерчилигинин чараларын көрүү. Видеокамерадан жазууну текшерүүдө тобокелдиктерди башкаруу системасын иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-октябры | ИИМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | |
1.5. "Таза коом" долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ЖКЭни бузгандыгы үчүн айдоочулук күбөлүктөрүн алып коюуну жокко чыгарууну караган өзгөртүүлөрдү демилгелөө | 2018-жылдын 28-февралы | ИИМ | |
2 | Бишкек жана Ош шаарларында жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган борборлошкон системасын киргизүү | 2018-жылдын 30-декабры | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ИИМ |
3 | ТКжАККДнын бардык аймактык бөлүмдөрүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматты онлайн режиминде берүү мүмкүнчүлүгү менен транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамды каттоону автоматташтырууну киргизүү | 2017-жылдын 30-сентябры | МКК |
4 | Онлайн режиминде автомашина ээлерин транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө маалыматтарды алмашуу боюнча сот органдарынын, ПМББнын жана ТКжАККДнын ортосунда өз ара байланышты күчөтүү максатында маалыматтарды алмашуу системасын автоматташтыруу | 2018-жылдын 1-августу | ИИМ, МКК, Жогорку сотко караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча) |
5 | Жасалган ЖКЭни бузуулар, ЖТК төлөнгөн айыптар жөнүндө маалыматтар камтылган чиби бар айдоочулук күбөлүктөрдүн жаңы үлгүсүн иштеп чыгуу. Айдоочулардын айыпты айдоочулук күбөлүк менен төлөө системасын киргизүү | 2018-жылдын 30-марты | МКК, ИИМ, Жогорку сотко караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча) |
6 | Төмөнкү маалыматтарды камтыган борбордук маалыматтар банкын түзүү: - ЖТКны кошкондо ЖКЭни бузуунун катталган фактылары жөнүндө; - ЖТКнын кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жөнүндө; - берилген айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө; - ЖТКга катышкан транспорт каражаттары жөнүндө; - бүтүрүүчүлөрү ЖТКга учураган автомектептер жөнүндө; - техникалык кароодон өткөн транспорт каражаттары жөнүндө | 2017-жылдын 30-ноябры | ИИМ, МКК, ЭМ (ТТС), БИМ (автомектептер), МТБМК |
2-блок. Башкаруу чаралары | |||
7 | Конкреттүү убакыт этаптарын аныктоо менен "ЖТКда нөл курмандык" индикаторуна жетүү максатында жол коопсуздугун камсыз кылуунун максаттуу көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү (ЖТКдан каза болгон адамдардын саны; ЖТКдан каза болгон балдардын саны; 100 миң калкка карата ЖТКдан каза болгон адамдардын саны) | 2017-жылдын 30-сентябры | ИИМ, ТЖМ |
8 | Республикалык жана жергиликтүү деңгээлдерде ЖККны жогорулатуу боюнча иш-чараларды максаттуу каржылоону көбөйтүү | 2018-жылдын 1-январы | Финмин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), Этностор агенттиги |
9 | Республикалык жана региондук деңгээлдерде социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда жол инфраструктурасын жакшыртуу жана ЖККнын деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды караштыруу | 2018-жылдын 1-январы | ЭМ, Этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
10 | 10.1. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин өзү менен алып жүрүүсүнө айдоочуларды милдеттендирүүчү ченемдерди киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген ЖКЭге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө | 2018-жылдын 1-январы | ИИМ, Мамфинкөзөмөл |
10.2. Жабыркагандардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын артыкчылыктарын эске алып, камсыздандыруу компанияларынын кызыкчылыктарынын үстөмдүгүн жокко чыгаруу менен Ташуучунун жүргүнчүлөр алдындагы жана кооптуу жүк ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелерин "Ташуучунун жүргүнчүлөр алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" жана "Кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келтирүү. "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ЧУАлардын иштелип чыккан долбоорлорун коомдук талкуулоого киргизүү. Аталган мыйзамга жана аны менен байланышкан ЧУАлардын долбоорлоруна коррупцияга каршы, укуктук экспертиза жүргүзүү. Милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамды бузгандыгы: камсыздандыруучу ордун толтуруу төлөөлөрүнүн мөөнөтүн сактабагандыгы жана/же жабырлануучуга камсыздандыруучу ордун толтурууларды төлөөдөн жүйөөлүү баш тартууну жиберүүнүн мөөнөтүн сактабаганы үчүн, камсыздандырылуучуга милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартканы ж.б. үчүн камсыздандыруучунун административдик жоопкерчилигин белгилөөчү ЧУАнын долбоорун иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-декабры | Мамфинкөзөмөл, ТЖМ, ИИМ | |
| 10.3. Максаттуу арналышынын түрлөрүн бөлүштүрүү менен компетенттүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга ЖККны камсыз кылууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бөлүгүн жиберүүнү караштыруу. Аталган каражаттардан ЖККны камсыз кылууга каржылоонун максаттуу дайындалышын регламенттөө, анын ичинде жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын (жолчырактар жана аларга колдонулуучу кошумча жабдуулар, жол кыймылынын белгилери, жол сызык белгилери, кооптуу жол участокторунда, жөө жүрүүчүлөр жана транспорттук каражаттар кесип өтүүчү жерлерде жол бөлүгүн тосуу, күзгү), инвентарларды жана жабдууларды сатып алуу жана монтаждоо, медициналык тез жардам станцияларынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү, жолдордун авариялык-кооптуу участокторун жоюу максатында автомобиль жолдорун реконструкциялоо ж.б. | 2017-жылдын 30-декабры | Мамфинкөзөмөл, ТЖМ, ИИМ |
| 10.4. Эреже бузуучуларга - жүргүнчүлөрдү ташуучуларга "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган материалдык жактан таасир этүүчү (регресстик доо) чараларды көрүү | 2017-жылдын 30-декабры | Мамфинкөзөмөл, ТЖМ, ИИМ |
11 | ПМББга мүнөздүү эмес функцияларды алып салуучу өзгөртүп түзүүнү киргизүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар Башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ЖККга мониторинг жүргүзүүнүн функцияларын ПМББга топтоо | 2017-жылдын 30-сентябры | ИИМ |
12 | 12.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы № 578 "Жол-транспорт кырсыктарын эсепке алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ЖТКнын болуу себептерине жана шарттарына сапаттуу талдоо жүргүзүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу бөлүгүндө өзгөртүү киргизүүнү демилгелөө | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ |
13 | 13.1. Патрулдук милициянын кызматкерлеринин бош орундарын ээлөөгө конкурстук тандоонун (маектешүүнүн) жол-жоболорун жайгаштыруу менен ачык конкурстарды өткөрүү. Конкурсанттын макулдугу менен маектешүү жол-жобосун онлайн режиминде жайгаштыруу жана тестирлөөнүн натыйжаларын Интернетке жарыялоо | 2017-жылдын 30-сентябры | ИИМ |
| 13.2. Калктын, транспорттук каражаттардын санына, облустардагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы көчө-жол түйүндөрүнүн узундугуна жана категорияларына жараша ЖККны камсыз кылуу менен иштеген кызматкерлердин штаттык санынын тийиштүүлүк ченемдерин иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-сентябры | ИИМ, Финмин |
14 | Эл аралык жана жергиликтүү эксперттерди тартуу менен ПМББнын жаңы кызматкерлерин үч айлык күчтөндүрүп окутууну жүзөгө ашыруу | 2017-жылдын 30-сентябры | ИИМ |
15 | 15.1. Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарууда ПМББнын инспекторлорунун укукка каршы иштеринин бетин ачууга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн деңгээлин жогорулатуу жана аларды жоопкерчиликке тартуу | 2017-жылдын 30-декабры жана андан ары дайыма | ИИМ, УКМК, Финполиция, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) |
15.2. Мыйзамсыз сыйакы алган фактылар аныкталган учурда кызматкерлерди ички иштер органдарындагы кызматка, мамлекеттик же муниципалдык кызматка кайра алуу укугусуз жумуштан бошотуу ченемдерин белгилеген ЧУА долбоорун демилгелөө | ИИМ, МКК (макулдашуу боюнча) | ||
15.3. ПМББ системасында аныкталган мыйзам бузуулардын саны жөнүндө маалыматтарды ЖМКларга берүү жана ПМББ сайтынын маалыматтар базасында жайгаштыруу | ИИМ | ||
16 | ЖККны камсыздаган бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдү төмөндөтүү максатында банк мекемелери, "Кыргыз почтасы" МИ менен ЖКЭни бузгандыгы үчүн административдик, анын ичинде накталай эмес эсептешүүнүн негизинде айыптарды алуу боюнча өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, ошондой эле административдик материалдарды электрондук каттоого өз убагында байкоо жүргүзүү, анын ичинде: - Кыргыз Республикасынын баардык банктарында административдик айыптарды төлөө мүмкүнчүлүгүн регламенттөө; - административдик материалдарды электрондук каттоого байкоо жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын түзүү | 2017-жылдын 30-сентябры | ИИМ, "Кыргыз почтасы" МИ, МТБМК |
17 | ЖККга мүнөздүү эмес, ага тиешеси жок ченемдерди, атап айтканда, милициянын кызматкерлери тарабынан транспорттук каражаттардын айдоочуларынан төмөнкү документтердин бар экенин текшерүү боюнча ченемдерди ЖКЭден алып салуучу ЧУАлардын долбоорлорун демилгелөө: - транспорттук каражаттын IV топтогу мүлккө салыкты төлөгөндүгүн ырастоочу же аны төлөөдөн бошотулгандыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү документти; - жеке ишкер же ыктыярдуу патент катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүн же болбосо ошол транспорттук каражат менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча ишкердикти жүзөгө ашырган учурда алардын нотариалдык жактан күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ, МСК |
18 | Соттук экспертизаны жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын бардык филиалдарында автотехникалык жана трасологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн штаттык бирдикти караштыруу | 2017-жылдын 1-ноябры | ЮМ, МСЭК |
19 | Маалыматтык кызмат көрсөтүү адистештирилген борборун жоюу, анын функцияларын, ыйгарым укуктарын жана маалыматтар базасын Мамкаттоого өткөрүп берүү жана штаттык иш-чараларынын механизмдерин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү | 2017-жылдын 30-сентябры | Мамкаттоо |
20 | ТКжАККД системасында айдоочулук күбөлүктөрдү сатуунун ортомчулук фактылары аныкталган учурларда ТКжАККДнын жетекчилигинин жеке жоопкерчиликтерин кароо | 2017-жылдын 30-сентябры | Мамкаттоо, Финполиция, УКМК |
21 | ТКжАККДнын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугуна баа берүү, анын жыйынтыгы боюнча кадрдык алмаштырууну жүргүзүү. ТКжАККДда бош кызмат орундарына кызматкерлерди конкурстук тандоонун негизинде кабыл алуу. Конкурсанттын макулдугу менен онлайн-режиминдеги маектешүү жол-жобосун жайгаштыруу жана тестирлөөнүн жыйынтыгын интернетке жарыялоо | 2017-жылдын 30-сентябры | МКК, Мамлекеттик кадр кызматы |
3-блок. Мыйзам чыгаруу чаралары | |||
3.1. Техникалык кароо | |||
22 | 22.1. Транспорт каражаттарынын ыктыярдуу техникалык кароодон өтүүсүнүн регламентин иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-декабры | ЭМ, ИИМ |
22.2. Тиешелүү диагностикалык аккредитацияланган борборлорду сертификатташтыруу/лицензиялоо | |||
22.3. Техникалык кароону сапаттуу өткөрүү үчүн ЧУАларга диагностикалык аккредитацияланган борборлордун (жетекчилеринин жана техникалык кароону жүргүзгөн инженер-механиктин) жоопкерчилиги тууралуу ченемдерди киргизүү | |||
23 | 23.1. Транспорт каражаттарын кайра жабдуу боюнча уруксат берүү процессинен ПМББ алдындагы ведомстволор аралык комиссияны алып салуу менен автотранспортту кайра жабдуу стандарттарын иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-ноябры | ИИМ, ЭМ |
23.2. Коопсуздук талаптарына жооп бербеген, кайра жабдылган транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөрдү мыйзамсыз бергендиги, ошондой эле кайра жабдуу боюнча документтерге дал келбеген диагностикалык борборлордо (ТТС) кайра жабдуу үчүн жоопкерчилик ченемдерин ЧУАга киргизүү | |||
23.3. Кайра жабдуунун шайкештигине көзөмөл жүргүзүү функцияларын ПМББга кайтарып берүү | |||
24 | Менчиктин түрүнө карабастан туруктуу каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташууга тартылган транспорт каражаттарына техникалык кароо өткөрүүнүн сапаты үчүн мамлекеттик контролду күчөтүү. Техникалык кароо өткөрүүнүн мезгилдүүлүк ченемин аныктоо | 2017-жылдын 30-сентябры | ЭМ (аккредитацияланган ТТС жоопкерчилик бөлүгүндө), ТЖМ, ИИМ |
25 | Мамлекеттик органдарды ведомстволордун балансында турган транспорт каражаттарынын техникалык кароосун аккредитацияланган тийиштүү диагностикалык борборлорунда өткөрүүнү милдеттендирүү. Аларда өтүүнүн мүмкүнчүлүгү болбогондо, техникалык кароону "Техникалык багыттагы борбор" мамлекеттик ишканасында өткөрүүгө милдеттендирүү | 2017-жылдын 30-сентябры | ИИМ |
3.2. Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндө эреже бузуулар үчүн жазаны күчөтүү | |||
26 | Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине айдоочулар тарабынан ЖКЭ бузуу үчүн жазаны күчөтүү, ошондой эле ЖКЭ бузуучуларына карата административдик таасир көрүү чараларын кеңейтүү, анын ичинде эреже бузуунун олуттуулугуна жана кооптуулугуна жараша айыптарды жана айдоочулук күбөлүктү алып коюу мөөнөттөрүн олуттуу түрдө көбөйтүү, административдик камакка алуу, транспорт каражатын башкаруу укугунан убактылуу ажыратуу, ал эми системалык түрдө одоно бузуулар (ЖТК жасоо, алкоголдук жана наркотикалык мас абалында башкаруу) орун алган учурда транспорт каражатын конфискациялоо менен өмүр бою транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган ЧУА долбоорун демилгелөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү | 2018-жылдын 30-январы | ИИМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ЮМ |
27 | Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине айдоочулар тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн (ылдамдык режимин жогорулатуу, каршылаш кыймыл тилкесине чыгып кетүү жолчырактын тыюу салган сигналына өтүп кетүү үчүн ж.б.), ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташууну, жүктөрдү ташууну, кооптуу жана жардыргыч заттарды ташууну жүзөгө ашырган, ошондой эле техникалык талаптарына ылайык келбеген транспорттук каражаттарды тилкеге чыгарган автотранспорттук ишканалардын жетекчилерине карата (менчик түрүнө карабастан) санкцияларды күчөтүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган ЧУА долбоорун демилгелөө | 2018-жылдын 30-январы | ИИМ, Башкы прокуратура, ЮМ |
28 | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Жазык-процесстик кодексине алкоголдук жана наркотикалык мас абалында ЖТК жасоо, ЖТК ордун таштап кетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен каралган жоопкерчиликти күчөтүү, анын ичинде коомдук айыптоо кылмыштарынын категориясына которуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган ЧУА долбоорун демилгелөө | 2018-жылдын 30-январы | ИИМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ЮМ |
29 | Эгерде ал адам мурда окшош административдик жазага тартылса, транспорт каражатын алкоголдук жана наркотикалык мас абалында айдоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин кароочу ЧУА долбоорун демилгелөө | 2018-жылдын 30-январы | ИИМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) |
30 | Транспорт каражатын алкоголдук жана наркотикалык мас абалында айдоо үчүн альтернативдүү жоопкерчиликти четтетүүнү жана мыйзамда белгиленген мөөнөттө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу түрүндө жаза салууну караштырган ЧУА долбоорун демилгелөө. Транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу мөөнөтү аягына чыккандан кийин жана автомектепте кайра окугандан кийин транспорт каражатын башкарууга уруксат берүү | 2018-жылдын 30-январы | ИИМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) |
31 | Айырмалоочу белгинин жоктугу үчүн жоопкерчиликти аныктоо менен стажы эки жылдан кем болгон айдоочулар үчүн белгиленген үлгүдөгү (кара түстөгү илеп белгиси тартылган сары түстөгү квадрат түрүндө) "Баштоочу айдоочу" айырмалоочу белгини автомобилдин арткы айнегине жайгаштырууну караштырган ЧУА долбоорун демилгелөө | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ, МКК |
32 | ЖТК боюнча каралган административдик жана кылмыш иштеринин саны жөнүндө статистикалык маалыматтарды даярдоо | 2018-жылдын 25-февралы, андан ары I жарым жылдык боюнча учурдагы жылдын 25-августуна чейин, II жарым жылдык боюнча кийинки жылдын 25-февралына чейин | Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), Сотторду тандоо боюнча кеңеш калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, Жогорку сот (макулдашуу боюнча) |
33 | Жүргүнчүлөр тарабынан коопсуздук курларын тагынбоо үчүн жеңил транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жоопкерчилигин күчөтүүнү караштырган ЧУА долбоорун демилгелөө | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ |
34 | ЖКЭ бузганы үчүн жөө жүрүүчүлөрдү жана велосипедисттерди жоопкерчиликке тартуу боюнча иштиктүү механизмдерди киргизүүнү караштырган ЧУА долбоорун демилгелөө | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ |
35 | Автомототранспорттук каражаттарды айдоочу балдардын каза болгонуна жана жабыркаганына алып келген айдоону жашы жетпеген балдарга берүү фактыларына байланыштуу, баланы транспорттук каражатты айдоого жол берген адамдарды АМТК айдоо уруксатынан ажыратуу, зыяндын ордун толтуруу менен аларды жазык жана материалдык жоопкерчиликке тартууга чейин жазага тартуу жоопкерчилигин күчөтүү | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ |
36 | Автомобилисттердин көчөдөгү жарышууну (стритрейсинг) уюштурганы жана катышканы үчүн мыйзам бузууну административдик жазадан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга кайра квалификациялоону караштырган ЧАУ долбоорун демилгелөө | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) |
37 | Жалпы пайдалануу жерлеринде машинаны узак убакытка кароосуз калган факты аныкталган учурда транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо уюштуруу боюнча ПМББны милдеттендирүүчү ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ |
38 | Жол кыймылы чөйрөсүндө мыйзам бузуунун көп болушу жана кайталанышы үчүн жоопкерчиликти киргизүү максатында "Таза коом" долбоорун колдонууга киргизүүнүн алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптык балл системасын колдонууга киргизүү | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ |
39 | Жол кыймылынын эрежелерин системалык түрдө бузган (1 календардык жыл ичинде 3 жолудан көп) транспорт каражаттарынын айдоочуларына карата чара көрүүнүн жиктелген механизми, анын ичинде ЖКЭ боюнча билимин текшерүү, ал эми зарыл болгон учурда - белгиленген программа боюнча автомектепте кошумча окуу курсун киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган ЧУА долбоорун демилгелөө | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ, МКК, БИМ |
40 | Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун катышуусу менен ЖТКнын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрүнүн жана ПМББ кызматкерлери менен бирдикте ЖМКны тартуу менен жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча ведомство аралык рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүү | 2017-жылдын 30-сентябры, андан ары ай сайын | ИИМ, ТЖМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЭлТР, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) |
41 | 41.1. Автомобиль жолунда тилемчилик кылган адамдардан административдик айып алынышын регламенттеген ЧУА долбоорун иштеп чыгуу. Кийин кайра кармалса - кылмыш жазасы колдонулат | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) |
| 41.2. Ички иштер органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте автомобиль жолдорунда тилемчилик кылган жана жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү адамдардын болушун четтетүү | 2017-жылдын 30-сентябры | ИИМ, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча), Мамлекеттик миграция кызматы |
| 41.3. Жолдордо жана көчөлөрдө тилемчилик кылуу менен алектенген жарандыгы жок адамдарды аныктоодо аларды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесине киргизүү менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынан депортациялоону камсыз кылуу | 2017-жылдын 30-сентябры | ИИМ, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча), Мамлекеттик миграция кызматы |
3.3. Балдардын коопсуздугун жогорулатуу | |||
42 | 42.1. Жашы жете электерге жарык чагылдыруучу шаймандарды (сырткы мектеп формасында, портфелинде) милдеттүү түрдө колдонууну регламенттеген ченемдик укуктук актыларды мындай шаймандар жок болгон учурда ата-энесине администрациялык санкцияларды салуу менен иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-декабры | БИМ, ИИМ |
42.2. Окуу жылынын башталышына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде менчигинин формасына карабастан, бардык мектептерге жашы жете электерге жарык чагылдыруучу шаймандарды (кийимдин бөлүктөрүндө же портфелинде) колдонууну сунуш кылуу жөнүндө буйрук чыгаруу, ал жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларды колдонууга киргизгенге чейин колдонулат. Мындай иш-чаралардын пайдалуулугун коомчулукка жеткирүү максатында маалыматтык компанияларды жүргүзүү | 2017-жылдын 30-августу | БИМ | |
43 | КР мыйзамдарына автомобилдерге 7 жашка чейинки балдар отургучтарынын болушунун милдеттүүлүгү тууралуу тиешелүү ченемдерди киргизүүнү караштырган ЧУА долбоорун демилгелөө. 7 жаштан 12 жашка чейин балдардын кармануу түзүлүштөрүн милдеттүү түрдө колдонууну киргизүү. Мындай отургучтарсыз жана түзүлүшсүз балдарды ташып жүрүү үчүн айдоочуларга (ата-энелерге) администрациялык жоопкерчиликти караштыруу | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ, ЮМ |
44 | 44.1. Мектептерде 1-11-класстарда окуу убагында, ошондой эле окуудан тышкары учурларда "Турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери" (ТКН) программасынын жана "Жол кыймылынын эрежелери" программасынын аткарылышына контролду күчөтүүнү жана натыйжалуулугун жогорулатууну сааттарды бөлүштүрүүнүн алкагында: 1-5-класстарга - ТКН жумасына бир сааттан, 1-7-класстарга - Жол кыймылынын эрежелери боюнча 10 сааттык программа, жогорку класстардагы ТКН маселелери окуу предметтерине интеграцияланган. Балдардын катышуусу менен болгон ЖТК учурунда жана ЖТК күнөөкөрү транспорттук каражаттын айдоочусу болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин деңгээлинде "ТКН" жана "Жол кыймылынын эрежелери" программасын киргизүүнүн сапаты боюнча өзүнчө кызматтык териштирүү жүргүзүү | 2017-жылдын 30-сентябры | БИМ |
44.2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ПМББ менен биргеликте жалпы билим берүү мекемелери үчүн методикалык окуу куралын иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-сентябры | БИМ, ИИМ | |
44.3. Кыргыз билим берүү академиясынын базасында ПМББ жана ЖОЖдордун окутуучуларын тартуу менен мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуулугун көтөрүү | 2017-жылдын 30-сентябры | БИМ, ИИМ | |
44.4. Бардык жалпы билим берүү уюмдарында "Жол кыймылынын коопсуздугу бурчун" окуучулардын ЖЖК боюнча билимин жогорулатуу максатында, жол кыймылынын коопсуздугунун бурчун жана башка иш-чараларды уюштуруу | 2017-жылдын 30-сентябры | БИМ, ИИМ | |
45 | ПМББ менен биргеликте мектепке жакын жолдор аркылуу окуучулардын коопсуз өтүүсүн (сабактардын башталышы жана аягында жана сменалардын ортосунда) камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу дружиналарды (волонтерлор, студенттер, автомектептин курсанттары, мектептин коопсуздук кызматынын кызматчылары) тартуу механизмин иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-декабры | БИМ, Жаштар иштери, дене тарбия боюнча мамагенттик, ИИМ |
3.4. Сынактарды даярдоо жана аларды тапшыруу чөйрөсүндө | |||
46 | "А", "А1", "В", "В1" категориялары боюнча айдоочунун күбөлүгүн биринчи жолу алууга жаш курагын чектөөнү 18 жашка чейин жогорулатуу | 2017-жылдын 31-декабры | МКК, ЮМ |
47 | Автомектептерде окутуунун сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттик контролдук функцияларды күчөтүү максатында автомектептерди ведомстволор аралык текшерүү (ар бир жарым жылда) графигин иштеп чыгуу жана аны туруктуу негизде аткаруу. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча начар окуткан автомектептер табылган учурда, лицензияларды жокко чыгаруу үчүн сот органдарына материалдарды берүүнү камсыз кылуу | 2017-жылдын 30-сентябры | БИМ, ИИМ, МКК |
48 | Автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу жана кайра даярдоо программаларынын ЖКЭ боюнча сааттардын санын көбөйтүү бөлүгүн кайра карап чыгуу. Айдоочулар курамын окутуу программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү: автотранспорт каражаттарынын материалдык бөлүгүн окуп үйрөнүүгө багытталган сааттардын санын кыскартуу жана автомобилди практикалык айдоо сааттарынын санын көбөйтүү. Автомектептердеги окуу программасынын алкагында инструменттердин бири катары сабактын ар бир темасы боюнча ЖКЭ бузуп авариялык жагдайды түзүү жөнүндө видеороликтерди милдеттүү түрдө көрүүнү киргизүү | 2017-жылдын 30-сентябры | БИМ, МКК, ИИМ |
49 | Транспорт каражатын айдоонун практикалык ыктарынын сапатын жогорулатуу жана теориялык ыктарды гана окуу жагдайларын болтурбоо максатында, автомектеп үчүн окутуунун жалпы баасына практикалык окутуу үчүн чыгымдарды кошууну автомектептерге милдеттендирүү | 2017-жылдын 30-сентябры | БИМ |
50 | Автомектептерге лицензиялык талаптарды күчөтүү, атап айтканда автомектептерде сапаттуу жана натыйжалуу окутуу максатында төмөнкүлөр зарыл: |
|
|
| 50.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2017-жылдын 30-сентябры | БИМ |
| 50.2. Лицензиялоо ченемдеринин талаптарын бузган автомектептерге карата чараларды, атап айтканда мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда жазаны күчөтүү | 2017-жылдын 30-ноябры | БИМ |
| 50.3. "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына лицензиялык контролдоону өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербеген коллизияларды жоюу боюнча өзгөртүү киргизүү | 2018-жылдын 30-январы | ЭМ |
| 50.4. Тестти тапшыра албагандардын саны көп болгон учурда лицензияларын кайра чакыртып алууну жана ажыратууну караштырган, автомектептер үчүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн аналогун иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-ноябры | БИМ, МКК |
51 | Теориялык экзамендердин жол-жобосун онлайн-трансляцияга, андан кийин практикалык экзамендерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтына жайгаштыруу менен айдоочунун күбөлүктөрүн берүүгө коомдук көзөмөлдү камсыз кылуу | 2017-жылдын 30-сентябры | МКК |
52 | Жол-транспорт кырсыгы менен автомектептердеги окутуунун сапатынын ортосундагы өз ара байланышты белгилөө механизмин иштеп чыгуу: |
|
|
| 52.1. Курсанттар окуган автомектептерди көрсөтүү менен айдоочулар курамы боюнча маалыматтар базасын туруктуу негизде түзүү жана колдоп туруу: - 3 жылга чейинки стажы бар айдоочулар жасаган жол-транспорт кырсыгынын анализинин негизинде айдоочу кайсы окуу жайында окугандыгы тууралуу маалыматтарды каттоо; - ЖТК катталганда - кайсы автомектептин бүтүрүүчүсү ЖТК күнөөлүү болгондугун табуу, маалымат жыйноо жана ай сайын лицензиарга ЖТК сандык жана сапаттык анализин жөнөтүү | 2018-жылдын 30-декабры | ИИМ, МКК, БИМ |
| 52.2. Бул маалыматтарды сайтка коюуга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигин милдеттендирүү. Белгиленген пайызга жеткенде, бул автомектепке таасир көрүү чарасы колдонулушу керек - лицензияны жокко чыгаруу. Ушул автомектептин окуучулары 60% жана андан жогору биринчи-экинчи-үчүнчү айдоо жылдарында ЖТК жасагандыгы аныкталган учурда, лицензия жокко чыгарылып, кийин лицензия берилбейт | 2017-жылдын 30-сентябры жана дайыма | БИМ, МКК, ИИМ |
3.5. Жүргүнчүлөрдү коммерциялык ташуулар | |||
53 | Жүргүнчүлөр транспорту боюнча лицензиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн лицензияларды жокко чыгарууну камсыз кылуу. Жүргүнчүлөр транспортун лицензиялык контролдоо механизмин иштеп чыгуу жана аны туруктуу негизде жүргүзүү | 2018-жылдын 30-январы | ТЖМ,ЭМ |
54 | Жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген уюмдарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган инженерлердин болуусу үчүн тийиштүү ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-жылдын 30-январы | ТЖМ |
55 | Кыргыз Республикасынын "Автомобиль транспорту жөнүндө", "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдарына 5 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы жана тийиштүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү бар, автобустар жана кичи автобустар менен жүргүнчүлөрдү ташыган транспорт каражаттарына жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берүү жана "Такси" кызматын көрсөтүүдө жеңил такси менен ташуу үчүн үзгүлтүксүз стажы 3 жылдан кем болбошу тууралуу ЧУА долбоорун демилгелөө | 2018-жылдын 30-январы | ТЖМ, ЭМ |
56 | 56.1. Жүргүнчүлөр транспортунун ташуучуларын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча милдеттүү түрдө инструктаж өткөрүү боюнча тийиштүү ЧУА долбоорун демилгелөө | 2018-жылдын 30-январы | ЭМ, ТЖМ |
56.2. Жүргүнчүлөр транспортунун ташуучуларына лицензия берүү үчүн жол кыймылынын эрежелери боюнча сынактарды өткөрүү учурунда ЖКК менен байланышкан мыйзамдар боюнча билим деңгээлин текшерүү | 2018-жылдын 30-январы | ЭМ, ТЖМ | |
57 | Ташуучулардын күнөөсү боюнча адам өлүмүнө, жарадар болууга жана оор кесепеттерге алып келген ЖТК жасаганы үчүн лицензияларынын жана (же) уруксаттарынын колдонулушун токтотуу боюнча ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө | 2018-жылдын 30-январы | ЭМ, ТЖМ, ИИМ |
58 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жана өксүктөрдү жоюу: | 2018-жылдын 30-январы | ТЖМ, ЭМ, ЮМ |
58.1. Ташуучу-юридикалык жактардын, ташуучу-айдоочулардын жана автотранспорт каражаттарынын менчик ээлеринин жоопкерчилигин бөлүштүрүү боюнча ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө | |||
58.2. "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн колдонулуучу автомототранспорт каражаттарынын ээлери менен ишенимдүү башкаруу келишимдерин түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине каршы келген жоболорду четтетүү боюнча өзгөртүү киргизүүнү демилгелөө | |||
59 | Жүргүнчүлөрдү ташууга жана кооптуу жүктөрдү ташууга лицензиялык талаптар боюнча документтердин толук тизмеси менен лицензия алган адам жөнүндө толук маалыматты лицензиардын сайтына жайгаштыруу. Жарандардын арыздары жана даттануулары үчүн лицензиардын байланыш маалыматтары бар маалыматты жүргүнчү автотранспорттун ичине жайгаштыруу | 2017-жылдын 30-сентябры жана дайыма | ТЖМ, ЭМ, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) |
60 | Адамдардын өлүмүнө жана жарадар болуусуна алып келген ЖТК жасап соттолгон айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууга лицензия берүүдөн баш тартуу боюнча ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө | 2018-жылдын 30-январы | ТЖМ, ЭМ, ИИМ |
61 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерине айдоочулардын күнөөсү тергөө органдары же соттун чечими менен белгиленген учурда бир же андан көп өлүмгө, ЖТК катышуучуларынын үч жана андан көп ар түрдүү оордуктагы жаракаттарына алып келген ЖТК себепкер айдоочулары бар ташуучулардын автобустук каттамдарды тейлөөгө түзүлгөн контракттарын бузуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-жылдын 30-январы | ТЖМ, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) |
62 | Жарандарды ташуу коопсуздугун камсыздоо предметине жүргүнчүлөрдү ташуучуларды текшерүү, ал эми шайкеш келбеген учурда кемчиликтерди жойгонго чейин ташууга уруксат бербөө (кармагычтардын, коопсуздук курларынын, отургучтардын болушу, эшиктердин бекем жабылышы) | 2017-жылдын 30-сентябры жана дайыма | ТЖМ, ИИМ, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) |
63 | Жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө лицензиялардын колдонуу мөөнөтүн токтотуу жана жокко чыгаруу үчүн негиз болгон лицензиялык талаптарды одоно бузуулардын тизмесин кайрадан карап чыгып, тийиштүү ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-жылдын 30-январы | ТЖМ, ЭМ |
64 | Таксинин айдоочуларын ЖКК сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аткарууга аргасыз кылуу жана жалпы ташуу процессин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу максатында, КР мыйзамдарына окутууну, даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациялык экзамендерди тапшырууну милдеттүү өтүүнүн алдын ала шарттары менен такси кызматы катары жеңил автотранспорттун түрү менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти лицензиялоону караган өзгөртүү киргизүү. Тийиштүү ченемдик укуктук актыларда төмөнкүлөрдү кароо: - жеңил таксиде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулуучу транспорт каражаттарына талаптарды; - жеңил таксинин айдоочусуна, анын ичинде үзгүлтүксүз айдоочулук таксиге - үч жылдан кем эмес талаптарды | 2018-жылдын 30-январы | ТЖМ, ЭМ |
65 | Шаар аралык, эл аралык жана шаар сыртындагы жолдордо жеңил таксилер менен жүргүнчүлөрдү коммерциялык ташуу үчүн рулу оң жагында жайгашкан автомобилдерди колдонууга тыюу салуу максатында "Автомобилдик транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | 2018-жылдын 30-январы | 1ЖМ, ЭМ, ИИМ |
66 | Каттам боюнча жүрүүнү жана айдоочулардын иштөө режимин сактоосун контролдоо үчүн автоташуучу ишканалардын (уюмдардын) жетекчилерин менчик формасына карабастан, транспорт каражаттарын видеорегистраторлор, GPS-навигаторлор менен жабдууга милдеттендирүү. Борборлоштурулган маалыматтар базасында жогоруда аталган жабдуудан маалыматтарды жиберүүнү уюштуруу механизмин иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-декабры | ТЖМ, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) |
3.6. Транспорт каражаттарын каттоо | |||
67 | Жол-транспорт кырсыгынын ордунан айдоочулардын качып кеткен санын азайтуу максатында, ЭАЭБ аймагынан Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) күчү менен киргизилген транспорт каражаттары үчүн чек ара көзөмөлдөп-өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарын жеңилдетилген убактылуу каттоону жана күн сайын тийиштүү маалыматты ТКжАККД жана ПМББ берүү зарылчылыгы жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү. Бардык көзөмөлдөп-өткөрүү пункттарында Тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасын (ТМКБС) толук масштабдуу киргизүүгө чейин ишке ашыруунун альтернативдүү механизмдерин иштеп чыгуу | 2018-жылдын 30-январы | МЧК, МКК, ИИМ, УКМК |
68 | ТКжАККД транспорт каражаттарын милдеттүү каттоону камсыздоо максатында: |
|
|
68.1. МККда транспорт каражатын каттоо баасы менен нотариалдык конторада ишеним катты тариздөөнүн ортосундагы финансылык катышты транспорт каражатына ишеним катты тариздегенге караганда, өзүнө каттатуу финансылык жактан жарандарга пайдалуу болгондой кылып жөнгө салуу | 2017-жылдын 30-ноябры | МКК, ЮМ, ЭМ, Финансы министрлиги | |
68.2. Белгилүү убакыттын ичинде транспорт каражатын жеңилдетилген тартипте кайра каттатуу механизмин иштеп чыгуу (транспорт каражатын кайра каттоо үчүн бааны максималдуу төмөндөтүү), ал убакыт аяктагандан кийин транспорт каражатын ТКжАККД каттатпастан айдоо жоопкерчилиги киргизилет | 2017-жылдын 30-ноябры | МКК | |
69 | "Транспортту каттоо" АМСте ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы боюнча "Электрондук нотариус" АМСте ишеним катты бир эле убакта каттоону камсыздоо ("Электрондук нотариус" АМС колдонууга киргизилгенге чейин маалыматтарды/документтерди кагаз жана электрондук түрдө жиберүүнү регламенттөө) | 2017-жылдын 30-декабры | ЮМ, МКК |
70 | Транспорт каражатын сатуу-сатып алуу бүтүмүн жүргүзүүдө транспорт каражатын милдеттүү кайра каттоо жөнүндө калк арасында маалыматтык компания жүргүзүү | 2017-жылдын 30-сентябры | ИИМ, МКК |
71 | Транспорт каражаттарын оңдоо-калыбына келтирүү иштери менен алектенген жана ЖТКга мүнөздүү бузуктары бар транспорт каражаттарын оңдоо-калыбына келтирүү ишине кабыл алуу эрежелерин бузган юридикалык жана жеке жактарга карата административдик таасир этүү чараларын катуулатуу боюнча ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ |
4-блок. Жол инфраструктурасы | |||
72 | 72.1. Автомобиль жолдору жана көчөлөрү боюнча курулуш ченемдерин жана эрежелерин, мамлекеттик стандарттарды (жергиликтүү шарттарды эске алуу менен) иштеп чыгуу жана бекитүү. КЧЖ иштеп чыгууда "Жөө жүрүүчүлөргө артыкчылык" саясатын, коопсуздук аралчалары үчүн стандарттарды, жөө жүрүүчүлөр өтмөгүнүн бийик жолун, автомобилдердин жана жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуучу жол инфраструктурасынын башка элементтерин эске алуу | 2017-жылдын 30-сентябры | Мамкурулуш, ТЖМ |
72.2. Жүрүү тилкесинин туурасын тартуунун максаттуулугун изилдөө | |||
72.3. Жол белгилерин, кенендигин азайтуунун жана жол чийиндерин текшерүү жана зарылчылык болсо, Кыргыз Республикасы тарабынан 1968-жылы ратификациялаган "Жол кыймылы жөнүндө" жана "Жол белгилери жана сигналдар жөнүндө" БУУнун Конвенцияларына ылайык келтирүү | |||
73 | Республиканын бүткүл аймагы боюнча көчө-жол түйүнүнүн Бирдиктүү коомдук маалыматтар базасын (паспортизациялоо менен) киргизүү зарылчылыгы регламенттелген ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу. Республиканын бүткүл аймагы боюнча көчө-жол түйүнүн (жол чийиндерин, жол белгилерин ж.б. көрсөтүү менен) этап-этабы менен паспортизациялоого киришүү (I этап - 2018-жылдын 1-июнуна чейин, II этап - 2019-жылдын 1-июнуна чейин, III этап 2020-жылдын 1-июнуна чейин, IV этап - 2021-жылдын 1-июнуна чейин, V этап - 2022-жылдын 1-июнуна чейин) | 2017-жылдын 30-декабры | ТЖМ, ЖӨБО, ИИМ |
74 | Калктуу конуштардын аймагында көчө-жол түйүнүн жана жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттарын текшерүү. Люктардын бийиктигинин/жерге кирүүсүнүн ылайыктыгына, ылдамдыкты төмөндөтүү үчүн жасалма тоскоолдуктарга ("жаткан полицейлерге") ж.б. өзгөчө көңүл буруу. Жыйынтыгы боюнча кемчиликтерди жоюуга көрсөтмөлөрдү берүү жана аныкталган шайкеш келбестиктер үчүн тийиштүү түзүмдөрдүн кызмат адамдарын тартип жоопкерчилигине тартуу. Текшерүү графигин иштеп чыгуу (ар бир 6 айда) | 2017-жылдын 30-сентябры | ИИМ, ТЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
75 | 75.1. Көчө-жол түйүнүнүн канааттандырбаган абалынан улам болгон ЖТК үчүн жол-коммуналдык органдарынын кызмат адамдарын административдик жана тартиптик жоопкерчиликке тартууну караштырган ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ, ТЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
75.2. Автомобиль жолдорун алдын ала долбоорлоо, жумушчу долбоорлоо, баланска кабыл алуу стадиясында жана жүрүү үчүн жолду ачуудан кийин жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча милдеттүү көз карандысыз аудитти өткөрүүнү милдеттендирген ЧУАларды демилгелөө | 2017-жылдын 30-декабры | Мамкурулуш, ТЖМ | |
75.3. Автомобиль жолдорун колдонууга кабыл алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин регламентин, ошондой эле коомдук уюмдардын, ЖМК өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусунда автомобиль жолдорун колдонууга кабыл алуу тартибин иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-сентябры | ТЖМ | |
75.4. ЖТКны камсыз кылуу максатында, илимий институттарды жана чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеген адистерди тартуу менен жумушчу топ түзүү | 2017-жылдын 30-сентябры | ИИМ, ТЖМ, Мамкурулуш, БИМ | |
76 | 76.1. Жолчырактарын жана жол белгилерин орнотуунун ачык системасын иштеп чыгуу, белгилерди орнотууну каржылаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын интернет-сайтына Титулдук тизмелердин долбоорлорун жайгаштыруу менен жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу | 2017-жылдын 30-сентябры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИИМ, ТЖМ |
76.2. Бишкек шаарынын мэриясына жолчырак чарбасы чөйрөсүндөгү муниципалдык ишкана түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо | 2017-жылдын 30-сентябры | Бишкек шаардык мэриясы, ИИМ | |
76.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосунда жол белгилерин орнотуу жана жол сызыктарын белгилөө боюнча жоопкерчиликти бөлүштүрүү | 2017-жылдын 30-сентябры | Өкмөттүн аппараты, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ИИМ | |
77 | 77.1. Биринчи жана экинчи категориядагы (4 тилке болгондо) автомобиль жолдорун курууда жана реконструкциялоодо долбоорлорго бөлүүчү тосмолорду орнотуу жөнүндө талаптарды милдеттүү тартипте киргизүү | 2017-жылдын 30-сентябры | Мамкурулуш, ТЖМ |
77.2. Бишкек-Нарын-Торугарт, Ысык-Көл айланпасы, Бишкек-Ош трассаларында жана Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда артыкчылыктуу тартипте, ченемдер жол берген жерлерде өзөктүү ок тилкеси боюнча бөлүүчү тосмолорду коюу | 2017-жылдын 30-октябры | ТЖМ, ИИМ | |
77.3. Автомобиль жолдорун долбоорлоодо мал коопсуз өтө турган жерлерди жана өтүү убактысын аныктап, ал жерлерге тийиштүү белгилерди орнотууну жана мал өтүүчү жерлерге жасалма жол менен жарык берүүнү карап чыгуу | 2017-жылдын 30-октябры | ТЖМ, ИИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
78 | Аварияга кооптуу жол участокторун жана мыкты практикаларды талдоонун негизинде ылдамдыкты чектөө белгилерин орнотуу тартибин бекитүү | 2017-жылдын 30-сентябры | ИИМ, ТЖМ |
79 | Жол чийиндерин сызуу жана кепилдик талаптарын, пайдалануу мөөнөтүн жогорулатуу менен сапаттуу материалдарды колдонуу боюнча стандарттарды бекитүү | 2017-жылдын 30-сентябры | ТЖМ, ИИМ |
80 | 80.1. ЧУАга ылдамдык режими: калктуу конуштарда жүрүү ылдамдыгын 60 км/сааттан 50 км/саатка, мектептердин аймагында 30 км/саатка чейин кыскартуу боюнча өзгөртүү киргизүү | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ |
80.2. Жалпы билим берүү окуу жайларына жана мектепке чейинки мекемелерге жакын жайгашкан жолдордо жана көчөлөрдө транспорт каражатынын ылдамдыгын азайтууга аргасыз кылган стандарттык жасалма тоскоолдуктарды орнотуу | 2017-жылдын 30-сентябры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), БИМ, ИИМ | |
80.3. Автомобиль жолдорунун жана көчөлөрдүн жээгинде жалпы билим берүү мекемелеринин жайгашуусун эске алуу менен үч жерге жасалма тоскоолдуктарды түзүү боюнча милдеттүү ченемдерди киргизүү | 2017-жылдын 30-сентябры | ТЖМ, ИИМ, Финансы министрлиги | |
80.4. Калктуу конуштарда, мектептер жана мектепке чейинки мекемелер жайгашкан жерлерде жана кырсык-кооптуу жерлерде ПМББ менен макулдашуу боюнча жол жээгиндеги тосмолорду орнотууну камсыз кылуу | 2018-жылдын 30-сентябры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ТЖМ, ИИМ | |
81 | Ири калктуу конуштарда кичи автобустары менен жүргүнчүлөр автопаркын: транспорттун агымын, ЖТК болуу коркунучун олуттуу азайтуучу, сыйымдуулугу чоң транспорт каражаттарына (автобустарга, троллейбустарга) акырындап алмаштыруу планын даярдоо (программа) | 2017-жылдын 30-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
82 | Чүй-Ибраимов-Бөкөнбаев-Жаш Гвардия жолдору квадраты боюнча жеңил транспортко жана коомдук муниципалдык транспортко гана уруксат берүү менен Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн бошотуу | 2017-жылдын 30-сентябры | Бишкек шаарынын мэриясы |
83 | Бишкек шаарында Байтик баатыр көчөсү жана Манас проспекти боюнча жол агымы күчөгөндө жол кыймылынын интенсивдүүлүгүн эске алуу менен реверсивдүү жүрүүнү колдонууга киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун карап чыгуу | 2017-жылдын 30-сентябры | Бишкек шаарынын мэриясы, ИИМ |
84 | Калктуу конуштардын көчө-жол түйүнүнө жасалма жарык берүү, тротуарлар, жөө жүрүүчүлөрдүн жолу менен жабдуу | 2017-жылдын 30-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ТЖМ |
85 | Ири шаарларда, эң оболу Бишкек жана Ош шаарларында коомдук транспорттун тыгынын кыскартуу жана коопсуз жүрүү үчүн негизги жүрүүчү бөлүктөн чыгаруу ("чөнтөктөрдү" караштыруу жолу) менен аялдамаларды жабдуу | 2017-жылдын 30-декабры | Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ТЖМ, Мамкурулуш |
86 | Ири шаарларда жөө жүрүүчүлөрдүн агымы интенсивдүү жүргөн жерлерде жөө жүрүүчүлөрдүн жер үстүндөгү (жер астындагы) өтүүчү жолдорун милдеттүү түрдө курууну камсыз кылуу | 2018-жылдын 28-февралы | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ТЖМ |
87 | Республиканын автомобиль жолдорунда жана ЖТК тобокелдиги бар жерлерде ЖТКга талдоо жүргүзүү, айдоочулардын уктап кетүү коркунучун төмөндөтүү үчүн ызы-чуу тилкелерин орнотуу | 2017-жылдын 30-декабры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ТЖМ |
88 | Айдоочулардын жакшы багыт алуусу үчүн жолдорду долбоорлоодо жана реконструкциялоодо (жол жээгиндеги) жарык берүүчү бетон таянычтардын ордуна металл жана башка конструкцияларды караштыруу | 2017-жылдын 30-ноябры | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ТЖМ, ИИМ |
5-блок. Жол кыймылынын коопсуздугун медициналык жактан камсыз кылуу | |||
89 | Автомектептерде айдоочуларды даярдоо боюнча окуу программасын жакшыртуунун алкагында дарыгерге чейинки жардам көрсөтүү боюнча 16 сааттык курсту өткөрүүгө алгачкы медициналык кызмат көрсөтүүгө сертификаты бар гана дарыгерлер тартылаары жөнүндө пункт киргизүү | 2017-жылдын 30-сентябры | БИМ, ССМ, автомектептер |
90 | 90.1. ЖТК анализинин негизинде эл аралык жана мамлекеттер аралык маанидеги автомобиль жолдорунда кечиктирилгис тез жардам көрсөтүүнүн бирдиктүү пункттарынын санын көбөйтүү. Бул пункттарда тез жардам, КМББ, ӨКМ кызматкерлери болушу керек | 2017-жылдын 30-сентябры | ССМ, ИИМ, ӨКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
90.2. Тез жардам машиналарынын жана подстанциялардын санын көбөйтүү | 2017-жылдын 30-сентябры | ССМ | |
90.3. Аймакты эске алуу менен ЖТК болгон жерге чейин тез жардамдын келүү убактысынын ченемдерин иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-сентябры | ССМ, ӨКМ, ИИМ | |
90.4. ЖТК болгон жерден каза болгон адамдын сөөгүн атайын транспорт каражаттары менен жеткирүү механизмин иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-сентябры | ӨКМ, ССМ, ИИМ | |
91 | Менчигинин түрүнө карабастан, кароолорду жүргүзүү укугуна лицензияларды алуу менен ортоңку звенодогу медициналык кызматкерлер тарабынан транспорт каражаттарынын айдоочуларын рейстин алдында, рейстен кийин жана учурдагы медициналык кароону караштырган ЧУАга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөө | 2017-жылдын 30-декабры | ССМ |
92 | 92.1. Ичимдиктин бар же жогу жөнүндө протоколдорду берүү менен айдоочунун мас абалын аныктоо предметине алкотестерди ПМББ кызматкерлеринин колдонуусуна мүмкүндүк берген ЧУАны иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ, ССМ |
92.2. Айдоочуларды медициналык кароо үчүн организмдин биологиялык чөйрөсүндөгү психоактивдүү заттарды сандык жана сапаттык жактан аныктоо үчүн керектүү жабдуулар менен (алкотестер, газ хроматографтары ж.б.) ПМББ кызматкерлерин жана медициналык кызматкерлерди камсыз кылуу | 2017-жылдын 30-декабры | ССМ, ИИМ | |
93 | Айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн медициналык кароо өткөрүү функциясын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик медициналык мекемелерине гана берүү. Актуалдаштыруу максатында 083 формасынын бланкын жана мазмунун карап чыгуу. Медициналык 083 формасы боюнча маалымкат катуу отчеттуулук документи экендиги белгиленсин. Аларды эсепке алуу, берүү, сактоо тартибин иштеп чыгуу. Айдоочуларды медициналык кароону өткөрүү тартибин бузгандыгы үчүн аткаруучулардын жана медициналык мекемелердин жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин күчөтүү | 2017-жылдын 30-сентябры | ССМ |
94 | Төмөнкү ЧУАларды иштеп чыгуу: - Транспорт каражаттарынын айдоочуларын (транспорт каражатынын айдоочусуна талапкерлерди) милдеттүү медициналык кароонун тартиби; - Транспорт каражаттарынын айдоочусунда (транспорттук каражаттын айдоочусуна талапкерлерде) транспортту башкарууга медициналык каршы көрсөткүчтөрдүн, медициналык көрсөткүчтөрдүн же медициналык чектөөлөрдүн болушу (же жок болушу) жөнүндө медициналык корутундуларды берүү тартиби; - Медициналык мекемелерге медициналык маалымкаттарды жана медициналык корутундуларды берүү тартиби; - Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын милдеттүү психиатриялык медициналык кароодон (күбөлөндүрүүдөн) өтүү эрежеси; - Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын милдеттүү наркологиялык медициналык кароодон (күбөлөндүрүүнү) өтүү эрежеси | 2017-жылдын 30-декабры | ССМ |
6-блок. Маалыматтык компанияларды өткөрүү жана калктын кабардар болуусун жогорулатуу | |||
95 | Жол-транспорт кырсыгы жөнүндө маалыматты чагылдыруу мүмкүнчүлүгү менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтын түзүү. Сайтты күн сайын жаңыртып туруу. Сайтта ЖТК жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды жоюу үчүн көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматты жайгаштыруу. Сайтта ЖТК жасалган орду, курман болгондордун жана жабыркаган адамдардын саны жөнүндө маалыматты күн сайын жаңылоо менен ЖТК электрондук эсепке алуу менен интерактивдүү картаны жайгаштыруу | 2017-жылдын 30-сентябры | ИИМ |
96 | Айдоочулар, милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү онлайн же мобилдик тиркеме аркылуу жиберүү механизмин киргизүү мүмкүндүгүн карап чыгуу, ошоңдой эле укук бузуу жөнүндө кабарлаган адамдын жекече банк эсебине айып төлөмүнүн белгилүү бир пайыздарын чегерүү. Толук ачык-айкындуулукту жана коомчулук, ЖМК ("Таза коом" программасынын алкагында) үчүн фото жана видеоматериалдарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу. ЖТК эрежелерин бузуулардын (мисалы, токтотуучу жайлардагы эреже бузуулар ж.б.) фото жана видеофиксациясын уюштуруу жолу аркылуу муниципалдык кызматтар тарабынан аларды жарыялоонун механизмдерин иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ, МТБМК |
97 | Коомчулук жана ЖМК менен кызматташтыкта айдоочуларды жана жөө жүрүүлөрдү ЖТК коркунучтарынан алдын алуучу социалдык роликтерди жана башка демонстрациялык долбоорлорду түзүү, ошондой эле мас абалында айдоого жол берилбегендигин жайылтуу | 2017-жылдын 30-сентябры жана дайыма | ИИМ, ММТМ |
98 | 98.1. Телекөрсөтүү эфиринде жол-транспорттук жаракаттын алдын алууга, укуктук аң-сезимди жогорулатууга жана жол кыймылынын катышуучуларынын мыйзамды сактоочу жүрүш-турушун калыптандырууга багытталган, анын ичинде балдарга арналган көрсөтүүлөрдүн туруктуу циклинин өндүрүшүн жана берилишин камсыз кылуу | 2017-жылдын 30-сентябры жана дайыма | ММТМ, ИИМ, КТРК, ЭлТР, ТРК Пирамида (макулдашуу боюнча), ИИМ |
98.2. Телекөрсөтүүдө "прайм-тайм" убактысында ЖТК боюнча социалдык роликтерди көрсөтүүнү уюштуруу | ИИМ, ММТМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
99 | Жол кыймылы коопсуздугу маселелери боюнча социалдык жарнамаларды даярдоо жана жайгаштыруу | 2017-жылдын 30-декабры | ИИМ, ММТМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
100 | Эл аралык маанидеги жолдордо кемчиликтерди жоюуга жооп кайтаруунун ыкчамдыгын, жол органдарынын жол пайдалануучуларын кабарлоо жоопкерчилигин жогорулатуу максатында "Жолдор-kg" мобилдик тиркемесин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароо | 2017-жылдын 30-сентябры | ТЖМ |
101 | Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иште жаштардын (анын ичинде волонтерлордун) катышуу механизмин иштеп чыгуу, аларды семинарларды жана конкурстарды өткөрүү жолу менен үгүттөөчү иш-чараларды жана социалдык жарнаманы иштеп чыгууга, ошондой эле бул чөйрөдө атайын акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө тартуу | 2017-жылдын 30-сентябры | БИМ, ИИМ, Жаштар жана спорт агенттиги, ММТМ |
102 | Балдардын жол-транспорттук жаракат алуусун төмөндөтүүгө багытталган алдын алуу иш-чараларын мезгили менен уюштуруу жана өткөрүү: "Абайла, балдар!", "Автобус", "Коопсуз жол", "Жаш жол жүрүүчү", "Жаш жүргүнчүлөрдүн өмүрүн сактайлы", "Балдар - биздин келечегибиз!" ж.б. | 2017-жылдын 30-сентябры | БИМ, ИИМ, ММТМ |
Кыргыз Республикасынын жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырууга багытталган кошумча иш-чаралар | |||
103 | Комплекстүү чараларды ишке ашыруу боюнча финансылык-уюштуруу процесстерин жүргүзүү максатында экономикалык эсептерди иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-сентябры | Финмин, ИИМ, ЭМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, Жаштар жана спорт агенттиги, ССМ, БИМ, МТБМК, ММТМ |
Кыскартылган аталыштардын тизмеси:
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
Финмин | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ТЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
МТБМК | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
Этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
Жаштар жана спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
Мамфинкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
Финполиция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы |
Чек ара кызматы | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
МСЭК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат |
Миграция кызматы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
Жогорку сот | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
Башкы прокуратура | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
"Кыргыз почтасы" МИ | - | "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы |
ПМББ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы |
ТКАКД | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти |
ЖКЭ | - | Жол кыймылынын эрежеси |
ЖКБАС | - | Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы |
ЖТК | - | жол-транспорт кырсыгы |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт |
ЖМА | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
МКАБ | - | Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору |
ТТС | - | техникалык тейлөө станциясы |
ТАКН | - | тиричилик аракетинин коопсуздук негиздери |
ЖКК | - | жол кыймылынын коопсуздугу |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
АМС | - | автоматташтырылган маалыматтык система |
КНжЭ | - | курулуш нормалары жана эрежелери |