Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-июлу № 350
"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 10-июлу, № 63) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-беренеси менен толукталсын:
"1-1. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, аларды ишке ашыруудагы мамлекеттин кепилдиктерин аныктайт жана репродуктивдик ден соолукту коргоого жарандардын, мамлекеттин, уюмдардын таламдаш жана жоопкерчиликтүү мамилесин күчөтүүгө багытталат.
3) 2-беренесинин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 7-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 22-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти