Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-августу № 361
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И. Бакиров, A.M. Нурбаев, И.А. Масалиев, А.С. Токторов, Э.Т. Токтошев, Б.К. Райымкулов, И.З. Сарсейитов тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 7-августундагы № 361
токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-берснесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И. Бакиров, A.M. Нурбаев, И.А. Масалиев, А.С.Токторов, Э.Т.Токтошев, Б.К. Райымкулов, И.З. Сарсейитов тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү менен "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү ушул Мыйзамдын 15 жана 16-беренелерин кошпогондо саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга жайылтылбай тургандыгы каралган.
Ошону менен аталган Мыйзам долбоору тарабынан саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгарууга мүмкүндүк берген өзгөртүүлөрдү "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизүү сунушталат.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүгунө ылайык кызматчыга класстык чени жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы иштеген жылдары үчүн үстөк белгиленет.
Андыктан Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарга алып келет, анткени саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга ыйгарылган класстык чендер үчүн үстөк төлөнүшү зарыл болуп калат.
Бул учурда "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын иши бул адамдардын статусу жөнүндө өзүнчө мыйзам менен жөнгө салынаарын белгилейбиз.
Бирок бүгүнкү күндө ушундай мыйзам жок.
Буга байланыштуу саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселеси бул адамдардын статусу жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жолу менен чечилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигин көңүлгө алуу керек.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүндө "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо" деген 29-беренесинин күчү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппараттарында административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга жайылтылбай турган ченемди белгилөө сунушталат.
Муну менен бирге, жогоруда аталган берененин 1-бөлүгүнө ылайык кызматчылардын ишин баалоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарына жана милдеттерине жана келечектеги карьералык өсүүсүнө ылайык кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжалуулугунун деңгээлин аныктоону билдиргенин белгилейбиз.
Мында кызматчылардын ишин баалоо мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө маселелерине тийиштүү.
Алсак "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
- кызматчыларга эмгек акы төлөө системасы кызмат орундарынын реестри менен аныкталуучу кызмат орундардын иерархиясына жана кызматчынын ишин баалоого негизделет (31-беренесинин 2-бөлүгү);
- класстык чендер, айрым учурларды кошпогондо, ишти баалоонун натыйжалары боюнча ыйгарылат (15-беренесинин 3-бөлүгү);
- Баалоо боюнча комиссия кызматчыны жылдык баалоону аныктайт, анын негизинде (29-беренесинин 6-бөлүгү):
1) эмгек акынын торчосунда кадамды (коэффициентти) аныктайт;
2) ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун же ылайыктуу эместигин аныктайт;
3) кызмат ордунан жогорулатуу же төмөндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
4) сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизет;
5) квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
6) кызматчыны ротациялоо жөнүндө сунуштарды киргизет;
7) класстык ченди ыйгаруу үчүн сунуштайт;
8) кадрлардын ички резервине киргизүү үчүн сунуштайт;
Ошентип, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарга ылайык кызматчылардын ишин баалоо алардын иш жүзүндө киргизген салымын чагылдырып, жүйөлөштүрүүнүн жана жалпы жонунан кызмат өтөөнүн өзөктүү элементи болуп саналат.
Жогоруда айтылгандарды эске алып, мыйзамдуулук жана жарандардын мыйзам астында тең укуктуулук прициптерин көңүлгө алуу менен Мыйзам долбоорунда сунушталган ченемдерди кабыл алуу кызматчылардын ишин баалоо сакталган башка мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасында социалдык нааразычылык туудурушу мүмкүн, бул болсо ушул категориянын укуктук баалуулугун кыйла төмөндөтөт.
Ушундан улам, бул өзгөртүүлөр аталган мамлекеттик органдарда мамлекеттик жарандык кызматты өтөө маселелерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайык эмес деп эсептейт.